Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

Сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

«Cүйүүңөр уламдан улам өсө берсе экен деп дайыма тиленем» (ФЛП. 1:9).

106-ЫР: Сүйүү өрчүтөлү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Филипидеги жыйналышты уюштурууга кимдер жардам берген?

ЭЛЧИ ПАБЫЛ, Сылас, Лука жана Тиметейлер Римдин карамагындагы Филипи шаарына барышканда Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыккан көптөгөн адамдарды жолуктурушкан. Ал ынталуу бир туугандар ошол шаарда жаңы жыйналышты уюштурууга жардам беришкен. Анын мүчөлөрү, кыязы, Лидия аттуу меймандос бир туугандын үйүндө чогула башташкан (Элч. 16:40).

2. Көп өтпөй Филипидеги жыйналыш кандай кыйынчылыкка туш болгон?

2 Көп өтпөй жаңы жыйналыш чоң кыйынчылыктарга туш болгон. Шайтандын тукуругу менен чындыкты жек көргөн адамдар Пабыл менен анын шериктеринин кабар айтышына катуу каршылык көрсөтүшкөн. Алар Пабыл менен Сыласты кармап, таяк менен сабап, түрмөгө камап коюшкан. Бирок бошотулгандан кийин экөө жаңы шакирттерге барып, аларды бекемдеген. Андан соң Пабыл, Сылас жана Тиметей башка жакка кетишкен. Ал эми Лука, сыягы, Филипиде калган. Жаңы уюшулган жыйналыштагы бир туугандар андан ары эмне кылышкан? Алар Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен жигердүү кызмат кыла беришкен (Флп. 2:12). Андыктан Пабылдын ал ишенимдештери менен сыймыктанганы таң калыштуу эмес.

3. Филипиликтер 1:9—11-аяттарга ылайык, Пабыл эмне жөнүндө тиленген?

3 Филипидеги жыйналыш уюшулгандан он жылдай өткөндөн кийин, Пабыл ал жактагы бир туугандарга кат жазган. Аны окуганыңарда Пабылдын ишенимдештерин канчалык жакшы көргөнүн дароо эле байкайсыңар. Ал: «Силерди ушунчалык сагынып жатканыма Кудай өзү күбө, анткени мен баарыңарды Машаяк Иса жакшы көргөндөй жакшы көрөм»,— деп жазган (Флп. 1:8). Ошондой эле алар үчүн тиленип жатканын да жазган. Ооба, ал Жахабадан аларга сүйүүсүн уламдан улам өстүрө берүүгө, маанилүү нерселерди баамдоого, кемчиликсиз болууга, башкаларды мүдүрүлтпөөгө жана адилдиктин жемишине бай болууга жардам беришин сурап тиленчү. Анын чын ыкластан айткан ошол сөздөрүн карап чыгуудан биз да көп нерсени үйрөнө алабыз. (Окугула: Филипиликтер 1:9—11.) Бул макалада ал жазган ойлорду жана аларды иш жүзүндө кантип колдонсок болорун талкуулайбыз.

СҮЙҮҮҢӨР АРТА БЕРСИН

4. а) 1 Жакан 4:9, 10до жазылгандай, Жахаба бизди жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн? б) Кудайды канчалык жакшы көрүшүбүз керек?

4 Жахаба өзүнүн Уулун жерге жиберип, күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка берүү менен бизди абдан жакшы көрөрүн айкын кылган. (Окугула: 1 Жакан 4:9, 10.) Анын жан аябастык менен көрсөткөн сүйүүсү бизге аны сүйүүгө түрткү берет (Рим. 5:8). Биз Кудайды канчалык жакшы көрүшүбүз керек? Бул суроонун жообу Исанын бир фарисейге айткан сөздөрүндө камтылат. Ал ага: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деген (Мт. 22:36, 37). Биз Кудайды бүт жүрөгүбүз менен сүйүүнү жана ага болгон сүйүүбүздүн күндөн күнгө тереңдей беришин каалайбыз. Пабыл Филипидегилерге алардын сүйүүсү «уламдан улам өсө бериши» керектигин айткан. Анда Кудайга болгон сүйүүбүз арта бериши үчүн, эмне кылсак болот?

5. Канткенде Кудайга болгон сүйүүбүз өсө берет?

5 Кудайды сүйүш үчүн ал жөнүндө билим алышыбыз керек. Ыйык Китепте: «Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жкн. 4:8). Элчи Пабыл Кудайга болгон сүйүүбүз ал жөнүндөгү чындыкты таанып-билип, анын бардык нерсеге карата болгон көз карашын түшүнгөн сайын өсө берерин айткан (Флп. 1:9). Мисалы, Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштаган учурубузду эстеп көрөлү. Жахаба жөнүндө көп нерсе биле элек болсок да, анын кереметтүү сапаттарын билүүнүн аркасында аны жакшы көрө баштаганбыз. Ал эми аны көбүрөөк билген сайын, сүйүүбүз өсө берген. Ошондуктан биз Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөнү, окуп-билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүүнү жашообуздагы эң маанилүү нерсе деп эсептейбиз (Флп. 2:16).

6. 1 Жакан 4:11, 20, 21-аяттардан сүйүүбүздү арттырууга байланыштуу эмнени биле алабыз?

6 Кудайдын бизге көрсөткөн зор сүйүүсү бир туугандарыбызды сүйүүгө түрткү берет. (Окугула: 1 Жакан 4:11, 20, 21.) Бир караганда, ишенимдештерибизди сүйүү кыйын эместей көрүнүшү мүмкүн. Анткени баарыбыз Жахабага сыйынабыз жана андан үлгү алууга умтулабыз. Ошондой эле бизди ушунчалык сүйгөндүктөн өз өмүрүн берген Исаны туурайбыз. Анткен менен бири-бирибизди сүйүүгө карата берилген осуятты аткаруу кээде оңойго турбашы ыктымал. Мисалга Филипидеги жыйналышта болгон бир жагдайды алалы.

7. Пабылдын Эйдия менен Синтихеге берген кеңеши бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

7 Эйдия менен Синтихе элчи Пабыл менен «ийиндеш туруп» кызмат кылган ынталуу бир туугандардан болушкан. Бирок кийин кайсы бир нерседен улам алардын мамилеси мурдагыдай болбой калган. Балким, буга өз ара келишпестиктер себеп болгондур. Алар кызмат кылган жыйналышка жазган катында Пабыл экөөнү атынан атап, «бир ойдо болууга» чакырган (Флп. 4:2, 3). Андан тышкары, бүт жыйналышка: «Бардык нерсени наалыбай, талашып-тартышпай кылгыла»,— деп кеңеш берүүнү туура көргөн (Флп. 2:14). Анын ачык айткан ошол кеңеши ал экөөнө эле эмес, бүтүндөй жыйналышка бири-бирине болгон сүйүүсүн арттыра берүүгө түрткү бергени күмөнсүз.

Эмне үчүн ишенимдештерибиздин жакшы жактарына көңүл топтошубуз керек? (8-абзацты карагыла) *

8. Бир туугандарды сүйгөнгө эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн жана аны кантип жеңе алабыз?

8 Эйдия менен Синтихе сыяктуу эле, кээде биз да ишенимдештерибиздин ката-кемчиликтерине көңүл топтоп алгандыктан аларды сүйүү кыйын болуп калышы мүмкүн. Баарыбыз эле күнүгө ката кетиребиз. Башкалардын жеткилеңсиздигине көңүл топтой берсек, аларга болгон сүйүүбүз сууп калат. Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз бизге Падышалык залын жууп-тазалоого жардам бергенди унутуп калса, ага кыжырданышыбыз мүмкүн. Эгер ошондон улам анын башка туура эмес иштерин да эстей баштасак, кыжырыбыз ого бетер кайнайт, ал эми сүйүүбүз өчө баштайт. Балким, силер да ушундай жагдайга кабылгандырсыңар. Ошондой болсо, бул тууралуу ойлонуп көргүлө: Жахаба силердин да, ал бир туугандын да ката-кемчиликтерин көрүп турат. Бирок ошого карабай экөөңөрдү тең жакшы көрөт. Ошол себептен Жахабадан үлгү алып, бир туугандарды сүйгөнүбүз жана алардын жакшы жактарына көңүл топтогонубуз маанилүү. Ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүүгө колубуздан келишинче аракет кыла берсек, ортодогу биримдигибиз чыңдала берет (Флп. 2:1, 2).

«ЭМНЕ МААНИЛҮҮРӨӨК ЭКЕНИН БААМДАГЫЛА»

9. Пабылдын филипиликтерге жазган катындагы «маанилүү» нерселерге эмнелер кирет?

9 Пабыл ыйык рухтун жетеги менен филипиликтерди, деги эле Исанын бардык жолдоочуларын «эмне маанилүүрөөк экенин баамдоого» үндөгөн (Флп. 1:10). Маанилүү нерселерге Кудайдын ысмынын ыйыкталышы, ой-ниетинин аткарылышы жана жыйналыштагы тынчтык менен биримдик кирет (Мт. 6:9, 10; Жкн. 13:35). Жашообузда ушул нерселерди башкы орунга койсок, Жахабаны сүйөрүбүздү айгинелейбиз.

10. Жахаба бизди кемчиликсиз деп эсептеши үчүн, эмне кылышыбыз зарыл?

10 Элчи Пабыл «кемчиликсиз» болушубуз керектигин да айткан. Бул жеткилең болушубуз керектигин билдирбейт. Албетте, биз Жахабадай кемчиликсиз боло албайбыз. Бирок сүйүүбүздү тереңдетиш үчүн бүт күчүбүздү жумшай берсек жана эмне маанилүүрөөк экенин баамдай билсек, Жахаба бизди кемчиликсиз деп эсептейт. Сүйүүбүздү көрсөтүүнүн бир жолу — башкаларды мүдүрүлтпөө үчүн колубуздан келгендин баарын кылуу.

11. Башкаларды мүдүрүлтүүдөн эмне үчүн качышыбыз керек?

11 Башкаларды мүдүрүлтпөө жөнүндөгү кеңешке олуттуу көңүл бурушубуз зарыл. Кимдир бирөөнү кантип мүдүрүлтүп алышыбыз мүмкүн? Буга көңүл ачууга, сырткы көрүнүшкө, атүгүл жумушка байланыштуу чыгарган чечимибиз себеп болуп калышы ыктымал. Балким, Жахаба айыптагыдай эч нерсе деле кылган жоктурбуз. Бирок чечимдерибиз кимдир бирөөнүн абийирине терс таасир этип, ошондон улам анын ишеними алсырап кетсе, кандай гана өкүнүчтүү болмок! Иса анын коюн мүдүрүлткөндөн көрө, мойнубузга «тегирмен ташын байлап, деңиздин терең жерине чөктүрүп жиберишсе жакшы болмоктугун» айткан (Мт. 18:6).

12. Пионер болуп кызмат кылган жубайлардан эмнени үйрөнсөк болот?

12 Пионер болуп кызмат кылган бир жубайлардын Исанын айткандарын кантип колдонгонун карап көрөлү. Алардын жыйналышында жаңы чөмүлгөн жубайлар бар эле. Алар көп нерсеге тыюу салынган үй-бүлөдө чоңоюп-өскөндүктөн, Исанын жолдоочуларына көркөм тасмаларды, атүгүл эч кандай жаман нерсе камтылбаса да, көргөнгө болбойт деп эсептешчү. Ошондуктан пионер болуп кызмат кылган жубайлардын кино көргөнүн укканда аябай жаман болушкан. Муну билгенде пионер жубайлар жаңы чөмүлгөн ал ишенимдештеринин абийири курчуп, туураны туура эместен жакшыраак ажыратып калганга чейин кинотеатрга барбай турууну чечишкен (Евр. 5:14). Өз кызыкчылыгынан баш тартуу менен алар ишенимдештерин жакшы көрөрүн сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө да көрсөтүшкөн (Рим. 14:19—21; 1 Жкн. 3:18).

13. Кимдир бирөөнү күнөө кылууга кантип түртүп коюшубуз мүмкүн?

13 Кимдир бирөөнү күнөө кылууга түртүү менен да анын мүдүрүлүшүнө себепкер болуп калышыбыз мүмкүн. Кандайча? Бир жагдайды элестетип көрөлү. Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши көп күрөш жүргүзүп, акыры, ичкилигин таштайт. Ал мындан ары такыр эле оозго албашы керектигин түшүнөт. Ошентип, рухий жактан өсүп, чөмүлөт. Кийинчерээк бир ишенимдешибиз аны конокко чакырып, жаман ою жок эле ичимдик сунуштайт. Ал: «Сен эми чөмүлбөдүңбү. Жахаба сага ыйык руху аркылуу жардам берет. Ал эми ыйык рухтун жемишине кирген сапаттардын бири өзүн-өзү кармай билүү да. Өзүңдү кармай билсең, ченеми менен ичесиң»,— дейт. Эгер жаңы чөмүлгөн бир тууган ал айткан туура эмес сөздөргө ылайык иш кылса, арты канчалык кесепеттүү болмоктугун элестетсеңер!

14. Жыйналыш жолугушуулары Филипиликтер 1:10догу кеңештерди колдонууга кантип жардам берет?

14 Жыйналыш жолугушуулары бизге Филипиликтер 1:10до жазылган кеңештерди колдонууга көп жагынан жардам берет. Биринчиден, ал жактан алган мол рухий тамак Жахабанын эмнелерди баарынан маанилүү деп эсептээрин эсибизге салып турат. Экинчиден, кемчиликсиз болуш үчүн окуп-билгендерибизди кантип колдонсок болорун үйрөнөбүз. Үчүнчүдөн, «сүйүүгө жана жакшы иштерге» умтулууга түрткү алабыз (Евр. 10:24, 25). Бир туугандар бизди канчалык бекемдеген сайын, Кудайга жана аларга болгон сүйүүбүз ошончолук арта берет. Ал эми жүрөгүбүз Жахабага жана ишенимдештерибизге болгон сүйүүгө толгондо, эч кимди мүдүрүлтпөөгө бүт күчүбүз менен аракет кылабыз.

МЫНДАН АРЫ ДА «АДИЛДИКТИН ЖЕМИШИНЕ БАЙ БОЛГУЛА»

15. «Адилдиктин жемишине бай болуу» деген эмнени билдирет?

15 Пабыл Кудайдан Филипидеги ишенимдештеринин «адилдиктин жемишине бай болушун» сурап, жалындуу тиленген (Флп. 1:11). «Адилдиктин жемишине» алардын Жахабага жана анын элине болгон сүйүүсү киргени шексиз. Ошондой эле ал жемишке алардын Исага болгон ишеними жана келечекке болгон кереметтүү үмүтү жөнүндө башкаларга жарыялаганы да кирген. Пабыл Филипиликтер 2:15те дагы бир салыштырууну колдонгон, тактап айтканда, ишенимдештеринин «дүйнөдө чырактай жаркырап турарын» айткан. Бул абдан ылайыктуу болгон, себеби Иса да шакирттерине: «Силер дүйнөнүн жарыгысыңар»,— деген (Мт. 5:14—16). Ошондой эле ал жолдоочуларына «шакирт даярдоону» буйруган жана алардын «жердин учу-кыйырына чейин» күбөлөндүрөрүн айткан (Мт. 28:18—20; Элч. 1:8). Ошол маанилүү ишке жигердүү катышсак, «адилдиктин жемишин» алып келген болобуз.

Римде үй камакта отурганда Пабыл Филипидеги жыйналышка кат жазган. Ошондой эле өзүн кайтарган сакчыларга жана келип-кеткендерге кабар айткан (16-абзацты карагыла)

16. Филипиликтер 1:12—14-аяттар жагдай-шартыбыз оор болгонуна карабай «чырактай жаркырай» аларыбызды кандайча көрсөтүп турат? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

16 Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, ар бирибиз «чырактай жаркырай» алабыз. Кээде жакшы кабарды айтууга тоскоолдук кылгандай көрүнгөн нерселер, тескерисинче, анын жарыяланышына шарт түзүп коюшу ыктымал. Маселен, элчи Пабыл филипиликтерге кат жазганда Римде үй камакта отурган болчу. Бирок колу-бутунун кишенделгени сакчыларга жана келип-кеткендерге кабар айтышына жолтоо боло алган эмес. Анын ошондой жагдайда да жигердүү кабар айтканы бир туугандарга өздөрүн ишенимдүү сезүүгө жана «Кудайдын сөзүн... кайраттуулук менен коркпой» айтууга түрткү берген. (Окугула: Филипиликтер 1:12—14; 4:22.)

Көбүрөөк кызмат кылуунун жолдорун дайыма издегиле (17-абзацты карагыла) *

17. Айрым бир туугандар оор жагдайларда да кантип «жемиш» берип жатышат?

17 Бүгүнкү күндө да көптөгөн бир туугандар, Пабылдан үлгү алып, кайраттуулук көрсөтүп жатышат. Алар жашаган өлкөдө ишибизге чектөө коюлгандыктан, үймө-үй кыдыра алышпайт же дагы башка жерлерде ачык күбөлөндүрө алышпайт. Ошондуктан кабар айтуунун башка жолдорун табышууда (Мт. 10:16—20). Ошондой өлкөлөрдүн биринде кызмат кылган бир райондук көзөмөлчү жарчыларга ар бири өзүнүн жеке «аймагын» иштетсе болорун айткан. Ал аймакка туугандары, кошуналары, чогуу окугандары, чогуу иштегендери, тааныштары кирген. Натыйжада эки эле жылдын ичинде ал райондогу жыйналыштардын саны кыйла өскөн. Балким, биз андай өлкөдө жашабайттырбыз. Ошентсе да ал тапкыч бир туугандардан маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз: Жахабанын тоскоолдуктардын баарын ашып өтүүгө күч берерине бекем ишенип, көбүрөөк кызмат кылуунун жолдорун дайыма издей беришибиз керек (Флп. 2:13).

18. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен филипиликтерге жазган катындагы кеңештерди колдонууга чечкиндүү болгонубуз азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү. Келгиле, мындан ары да эмне маанилүүрөөк экенин баамдай берели, кемчиликсиз бололу, башкаларды мүдүрүлтпөйлү жана адилдиктин жемишин алып келе берели. Ошондо сүйүүбүз өсүп, мээримдүү Атабыз Жахабага даңк алып келебиз.

17-ЫР: «Каалайм»

^ 5-абз. Ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздү чыңдоо азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү. Филипиликтерге жазылган каттагы ойлор бизге атүгүл кыйын болгон учурларда да сүйүүбүздү өстүрүп, чагылдыра бергенге жардам берет.

^ 54-абз. СҮРӨТ. Падышалык залын жууп-тазалоо учурунда Жон бир ишенимдеши жана анын уулу менен сүйлөшүп туруп калат. Чаң сордуруп жаткан Майк ичинен ага: «Сүйлөшүп тура бербей, жардам бербейби»,— деп кыжырданат. Кийин ал Жондун кары ишенимдешине камкордук менен жардам берип жатканын көрүп, ичи жылый түшөт. Ошондо Майк анын жакшы сапаттарына көңүл топтогону туура болорун түшүнөт.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Ишибизге чектөө коюлган өлкөдө бир ишенимдешибиз башкаларга байкатпай таанышына кабар айтууда. Ошол эле бир тууган кийинчерээк түшкү тыныгуу учурунда кесиптешине кабар айтууда.