Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

34-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын канчалык жакшы экенин кантип «татып көрө» алабыз?

Жахабанын канчалык жакшы экенин кантип «татып көрө» алабыз?

«Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер» (ЗАБ. 34:8).

117-ЫР: Жакшылык кылуу

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Забур 34:8ге ылайык, Жахабанын жакшы экенин кантип биле алабыз?

КИМДИР БИРӨӨ силерге өмүрү жеп көрбөгөн нерсени берип жатат деп элестетсеңер. Анын кандай тамак экенин сыртынан карап, жыттап көрүп же эмнеден жасаларын окуп, же башкалардан сурап билсеңер болот. Бирок аны өзүңөр татып көргөндө гана даамы кандай экенин биле аласыңар.

2 Анын сыңарындай, Жахабанын канчалык жакшы экенин Ыйык Китепти, ага негизделген адабияттарды окуп же болбосо Жахабанын батасын алгандардын айткандарынан биле алабыз. Бирок канчалык жакшы экенин анын жакшылыгын өзүбүз «татып» көргөндө гана чындап түшүнөбүз. (Окугула: Забур 34:8.) Кантип татып көрсө болот? Мисалы, толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүн аркалагыбыз келет дейли. Бирок ал максатыбызга жетиш үчүн жашообузду жөнөкөйлөтүшүбүз керек. Балким, биз Исанын Падышалыкты биринчи орунга койгондорго берген убадасын көп эле жолу окугандырбыз. Ал Жахаба аларды чындап зарыл болгон нерсесинен кем кылбай турганын айткан. Бирок Жахабанын чынында эле ошентерин эч качан сезип көргөн эместирбиз (Мт. 6:33). Ошентсе да Исанын убадасына ишенип, чыгымдарыбызды азайтып, жумушубузду кыскартып, Кудайга көбүрөөк кызмат кыла баштайбыз. Ошондо Жахабанын бизге чындап кам көрөрүнө өз тажрыйбабыздан ынанабыз. Ошентип, Жахабанын канчалык жакшы экенин «татып» көргөн болобуз.

3. Забур 31:19га ылайык, Жахабанын жакшы экенин кимдер сезип көрө алышат?

3 Жахаба баарына, атүгүл аны билбегендерге да жакшылык кылат (Заб. 145:9; Мт. 5:45). Бирок айрыкча, аны сүйүп, жан-дили менен кызмат кылгандар батасына көмүлүшөт. (Окугула: Забур 31:19.) Анда Жахабанын бизге кылган жакшылыктарынын айрымдарына токтололу.

4. Жахаба ага жакындай баштагандарга кантип жакшылык кылат?

4 Жахабадан алган билимибизди жашоодо колдонгон сайын анын пайдасын көрөбүз. Аны таанып-билип, жакшы көрө баштагандан кийин, ал бизге андан алыстата турган туура эмес көз караштан, туура эмес адаттардан арылганга жардам берген (Кол. 1:21). Ал эми өмүрүбүздү ага арнап, чөмүлгөндө анын жакшылыгын ого бетер сезгенбиз. Абийирибиз тазарып, аны менен жакын мамиле өрчүткөнгө жол ачылган (1 Пет. 3:21).

5. Жахабанын жакшылыгын кызматтан кантип сезебиз?

5 Жахабага кызмат кыла баштаганда да анын жакшылыгын сезебиз. Силер тартынчааксыңарбы? Жахабанын элинин арасында мындай кишилер көп. Балким, Жахабанын Күбөсү болгонго чейин тааныбаган бирөөнүн эшигин кагып, көпчүлүккө жакпаган кабар менен бөлүшөм деп ойлогон да эмес чыгарсыңар. Азыр болсо муну дайыма кыласыңар. Болгондо да, Жахабанын жардамы менен ал иштен рахат алып жатасыңар. Жахаба силерге дагы башка көптөгөн жолдор менен жардам берип келсе керек. Мисалы, кызматтан каршы болгондорго жолукканда сабырдуу болгонго жардам бергендир. Же кабар айтып жатканыңарда керектүү аятты эсиңерге салгандыр. Ошондой эле көптөрдүн кабарыбызга кайдыгер караганына карабай, кызматты уланта бергенге күч бергендир (Жер. 20:7—9).

6. Эмне үчүн Жахабанын бизди окутуп-үйрөткөнү бизге кылган жакшылыгы деп айта алабыз?

6 Жахаба окутуп-үйрөтүп да жакшылык кылат (Жкн. 6:45). Алсак, иш күндөрүндөгү жолугушууда жакшы ойлонуштурулган үлгү иретиндеги маектерди угуп, кызматта колдонгонго үндөлөбүз. Жаңы ыкманы колдонгондо башында тынчсызданаттырбыз. Бирок ошого карабай колдоно берсек, анын биз кабар айткан аймакка ылайык келерин байкашыбыз мүмкүн. Ошондой эле жыйналыштардан жана жыйындардан кабар айтуунун буга чейин эч качан колдонуп көрбөгөн ыкмаларын колдонуп көргөнгө чакырылабыз. Албетте, башында кандай болот деп тынчсызданышыбыз мүмкүн. Анткен менен аракет кыла берсек, Жахаба буга батасын берет. Эмесе, жагдайыбыз кандай болбосун, Жахабага кызмат кылуунун жаңы жолдорун колдонуп көрсөк, кандай бата аларыбызга токтололу. Андан соң ошол максатыбызга кантип жетсек болорун карап чыгабыз.

ЖАХАБА АГА ТАЯНГАНДАРГА БАТАСЫН БЕРЕТ

7. Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга умтулсак, андан кандай бата алабыз?

7Жахабага мурункудан да жакын болобуз. Жубайы экөө Колумбияда кызмат кылган Семуел * деген аксакалды мисал кылалы. Алар өзүнүн жыйналышында пионер болуп кызмат кылчу экен. Бирок жарчыларга муктаж болгон жыйналышка жардам берип, көбүрөөк кызмат кылгысы келчү экен. Максатына жетиш үчүн аларга айрым нерселерден кечкенге туура келген. Семуел мындай дейт: «Биз Матай 6:33тө жазылгандарга ылайык иш кылып, кереги жок нерселерди сатып албай калдык. Баарынан да, бизге үйүбүздү калтырып көчүп кетиш кыйын болду. Анткени үйүбүз биз каалагандай үй болчу. Анын үстүнө, бекер жашачубуз». Жаңы жерге көчүп барышканда мурунку маянасынын алтыдан бир бөлүгүнө эле жашаса болорун түшүнүшкөн. Семуел: «Жахаба кадамыбызды кантип багыттап жатканын, тилегибизге кантип жооп берип жатканын даана көрүп жаттык. Ошондой эле анын ыраазы болуп жатканын, сүйүүсүн буга чейин болуп көрбөгөндөй сезип жаттык»,— дейт. Силер да Жахабага көбүрөөк кызмат кыла аласыңарбы? Ошентсеңер, Жахабанын силерге ого бетер жакындаарынан жана кам көрөрүнөн шектенбесеңер болот (Заб. 18:25).

8. Иван менен Викториянын айткандарынан эмнени түшүнсөк болот?

8Кубанычтуу кызмат кылабыз. Кыргызстанда пионер болуп кызмат кылган Иван менен Виктория деген жубайлардын айткандарына көңүл бурсаңар. Кызматтын кайсы түрүнө болбосун, анын ичинде курулушка да катышыш үчүн жөнөкөй жашашкан. Иван мындай дейт: «Бизге кандай иш тапшырылбасын, бүт жан-дилибиз менен аткарчубуз. Кечинде суй жыгыла чарчасак да, күчүбүздүн баарын Падышалыктын ишине жумшагандыктан жан дүйнөбүздө тынчтык жана канааттануу сезими уялачу. Ошондой эле көптөгөн жаңы досторду таап, көптөгөн кызыктуу окуяларды башыбыздан өктөргөнбүз. Ошого да аябай сүйүнөбүз» (Мр. 10:29, 30).

9. Кыйынчылыктары бар ишенимдешибиз көбүрөөк кызмат кылыш үчүн эмне кылган жана анын натыйжасы кандай болгон?

9 Жахабага кызмат кылсак, атүгүл кыйын жагдайларда да кубанычтан өксүбөйбүз. Батыш Африкада жашаган, жашы өр тартып калган Мире деген ишенимдешибиздин мисалына токтололу. Ал доктур болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккандан кийин пионердик кызматты баштаган. Миренин муундары какшап ооругандыктан үйдөн үйгө бир эле саат кыдыра алат. Ошондуктан эл көп жерде отуруп, көбүрөөк кабар айтат. Жакшы кабарга кызыгып, аны менен Ыйык Китепти изилдегендер аябай көп. Айрымдары менен телефон аркылуу байланышып турат. Ушунун баарын кылганга Миреге эмне түрткү берет? Ал: «Жүрөгүмдө Жахабага жана Иса Машаякка болгон сүйүү ашып-ташып турат. Мен Жахабадан мүмкүн болушунча көп кызмат кылганга жардам берчи деп көп суранам»,— дейт (Мт. 22:36, 37).

10. 1 Петир 5:10до айтылганга ылайык, Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга умтулгандар эмнеге ээ болушат?

10Жахабадан кошумча билим алабыз. Маврикийде жашаган Кени деген пионер ушул сөздөрдүн калетсиздигине ынанган. Ал чындык жолуна түшкөндөн кийин университетти таштап, чөмүлүп, толук убакыт кызмат кыла баштаган. «Мен: „Мен барам! Мени жибер”,— деп айткан Ышая пайгамбардай болуп жашаганга аракет кылам»,— дейт Кени (Ыш. 6:8). Ал көптөгөн курулуш долбоорлоруна катышып, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды өз эне тилине которгонго да жардам берген. «Жахаба мени тапшырылган ишти аткарганга окутуп-үйрөттү»,— дейт ал. Бирок ал тек гана ишти кантип аткарышты үйрөнгөн эмес. Ал мындай дейт: «Мен өзүмдүн алым эмнеге жетерин жана Жахабага, ишенимдештериме көбүрөөк пайдам тийиши үчүн кандай сапаттарды өрчүтүшүм керектигин түшүндүм». (Окугула: 1 Петир 5:10.) Балким, силер да жагдай-шартыңарды таразалап көрүп, Жахаба силерди кошумча үйрөтүшү үчүн, эмнелерди кылсаңар болору жөнүндө ойлонуп көрөттүрсүңөр.

Падышалыктын жарчылары жетишпеген жерге барып кабар айтып жүргөн түгөйлөр. Падышалык залын курганга жардам берип жаткан карындашыбыз. Телефон аркылуу кабар айтып жаткан ата менен апа. Баарына кылган кызматы кубаныч тартуулап жатат. (11-абзацты карагыла)

11. Түштүк Кореядагы ишенимдештерибиз кызматка катышыш үчүн кандай аракеттерди кылган жана натыйжасы кандай болгон? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

11 Атүгүл тажрыйбалуу Жахабанын Күбөлөрү да кызматтын жаңы түрүнөн көп нерсеге үйрөнө алышат. Мисалы, COVID-19 пандемиясы учурунда Түштүк Кореядагы аксакалдар мындай деп жазган: «Ден соолугунун айынан мурун көп кабар айта албагандар азыр үзгүлтүккө учуратпай видеоконференция аркылуу кабар айтып жатышат. 80 жаштан ашып калган үч ишенимдешибиз жаңы техниканы өздөштүрүп, азыр кызматка дээрлик күнүгө катышышат» (Заб. 92:14, 15). Силер да көбүрөөк кызмат кылып, Жахабанын жакшы экенин көбүрөөк татып көргүңөр келеби? Ушул максатка жеткенге жардам бере турган бир нече кадамга токтололу.

МАКСАТЫҢАРГА КАНТИП ЖЕТСЕҢЕР БОЛОТ?

12. Жахаба ага таянгандарга эмне деп убада кылган?

12Жахабага таянганды үйрөнгүлө. Жахаба ага таянгандарга жана ага бүт күчүн жумшап кызмат кылгандарга батасын төгөрүн убада кылган (Мал. 3:10). Колумбияда жашаган Фабиола деген ишенимдешибиз ушуга ынанган. Ал чөмүлгөнүнөн көп өтпөй эле үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылгысы келген. Бирок күйөөсү менен үч баласы анын тапкан акчасына жашачу экен. Ошондуктан ардактуу эс алууга чыгардын алдында Жахабага жалбарып кайрылыптыр. «Биздин өлкөдө бардык документтерди бүтүрүп, ардактуу эс алууга чыгыш үчүн көп убакыт кетет. Бирок мен документтерди тапшыргандан кийин бир айдан кийин эле чыгып калдым. Бул чынында эле керемет болду!» — дейт ал. Эки ай өткөндөн кийин ал пионер болуп кызмат кыла баштаган. Азыр 70тен ашып калды жана пионер болуп кызмат кылганына 20 жылдан ашты. Ошол убакыт аралыгында сегиз кишиге чөмүлгөнгө жардам берген. Ал мындай дейт: «Кээде чарчап-чаалыксам да, Жахаба күн тартибиме карманганга күнүгө жардам берип келет».

Ыбрайым пайгамбар, Саара, Жакып жана Иордан дарыясын кечип өткөн дин кызматчылар Жахабага таянарын кантип көрсөтүшкөн? (13-абзацты карагыла)

13, 14. Жахабага таянганга жана ага көбүрөөк кызмат кылганга кимдин үлгүсү жардам бере алат?

13Жахабага таянгандардан үйрөнгүлө. Ыйык Китепте Жахабага жан-жигерин төшөп кызмат кылгандар жөнүндө көп айтылат. Бирок Жахабадан өзгөчө бата алыш үчүн көп учурда алар биринчи болуп кадам шилтеши керек болгон. Мисалы, Ыбрайым пайгамбар «каякка баратканын билбесе да», өз үйүн калтырып кеткенден кийин гана Жахаба ага батасын берген (Евр. 11:8). Жакып пайгамбар болсо периште менен күрөшкөндөн кийин гана өзгөчө бата алган (Башт. 32:24—30). Ал эми убадаланган жердин босогосунда турган ысрайыл эли дин кызматчылар буркан-шаркан түшкөн Иордан дарыясын кечкенден кийин гана дарыядан өтө алышкан (Жаш. 3:14—16).

14 Бүгүнкү күндө Жахабага таянып, ага көбүрөөк кызмат кылып жаткандардан да үйрөнсөңөр болот. Мисалы, Пейтон менен анын жубайы Диана Жахабага көбүрөөк кызмат кылгандар жөнүндө, алсак, «Жан аябас кызматчылар» * деген рубрикадагы ишенимдештерибиздин окуяларын окуганды жакшы көрчү экен. Пейтон мындай дейт: «Алардын окуяларын окуп жатканда даамдуу тамак жеп жаткан бирөөнү карап тургандай эле болчубуз. Анан канчалык караган сайын, ошончолук Жахабанын жакшы экенин татып көргүбүз келчү». Ошентип жүрүп экөө жарчылар көбүрөөк керек болгон жерге көчүп кетишкен. Силер да ошол рубриканы окудуңар беле? Сайтыбызга чыккан «Алыскы аймакта кабар айтуу. Австралия» жана «Алыскы аймакта кабар айтуу. Ирландия» (ор.) деген видеолорду да көрдүңөр беле? Бул макалалардан жана видеолордон кызмат кылуунун дагы кандай жолдору бар экенин биле аласыңар.

15. Башкалар менен болгон мамилебиз кызматыбызга кандай таасир этет?

15Падышалыкты биринчи орунга койгондор менен көбүрөөк аралашкыла. Эч качан жеп көрбөгөн нерсени аны жакшы көргөндөр менен бирге отуруп даамдап көрүш оңоюраак болот. Анын сыңарындай, бүт жашоосун Жахабанын кызматына арнагандар менен көбүрөөк аралашсак, Жахабага көбүрөөк кызмат кылуунун жолдорун биз да издей баштайбыз. Кент менен Вероника деген жубайлар да так ушундай кылышкан. «Досторубуз менен үй-бүлөбүз бизди кызматтын жаңы түрлөрүн татып көргөнгө үндөй берчү. Падышалыкты биринчи орунга койгондор менен жакын мамиледе болсоң, жаңы нерсени кылып көргөндөн коркпойт экенсиң»,— дейт Кент. Азыр ал экөө Сербияда атайын пионер болуп кызмат кылып жатышат.

16. Исанын Лука 12:16—21-аяттарда жазылган мисалынан көрүнүп тургандай, бир нерселерден кечкенге эмне үчүн даяр болушубуз керек?

16Жахаба үчүн бир нерселерден баш тартканга даяр болгула. Жахабага жагыш үчүн сөзсүз эле жашоонун бардык кызыгынан кечиш керек эмес (Нас. 5:19, 20). Бирок өзүбүзгө жаккан бир нерселерден баш тарткыбыз келбегени үчүн эле Кудайга көбүрөөк кызмат кылгыбыз келбей жатса, анда Исанын мисалындагы бир кишидей болуп катуу жаңылып калабыз. Ал майлуу-сүттүү жашоону көздөп Кудайды унутуп койгон. (Окугула: Лука 12:16—21.) Францияда жашаган Кристиан: «Убактымдын, күчүмдүн көбүн жумуш алып койчу. Жахаба менен үй-бүлөм четте эле калган»,— дейт. Анан жубайы экөө пионер болуп кызмат кылабыз деп чечишкен. Бирок ал максатына жетиш үчүн жумушун ташташ керек болчу. Жан багыш үчүн алар үйлөрдү, кеңселерди жууп-тазалап иштей башташкан. Ошентип, аз нерсеге топук кылганды үйрөнүшкөн. Алардын аракетинин акыбети кайтканбы? Кристиан мындай дейт: «Азыр кызматыбыз алда канча кызыктуураак болуп калды. Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын, жакшы кабарга кызыккандардын Жахаба жөнүндө билип жатканын көрүп аябай кубанабыз».

17. Кызматтын жаңы түрүнө катышканга бир ишенимдешибизге эмне жардам берген?

17Кызматтын жаңы түрлөрүнө катышканга даяр болгула (Элч. 17:16, 17; 20:20, 21). Кошмо Штаттардагы Ширли деген пионерге COVID-19 пандемиясына байланыштуу кызматын жаңы шарттарга ылайыкташтырууга туура келген. Башында ал телефон менен кабар айткандан коркчу экен. Анан райондук көзөмөлчү келип үйрөтүп кеткенден кийин, ал телефон менен кабар айта баштаган. «Башында коркуп жаттым. Анан болсо аябай жагып калды. Телефон менен кабар айтканда үймө-үй кабар айткандан да көбүрөөк киши менен сүйлөшө алат экенсиң»,— дейт ал.

18. Көбүрөөк кызмат кылганга кандайдыр бир тоскоолдуктар болгондо эмне жардам берет?

18Максат коюп, аны ишке ашырганга аракет кылгыла. Адатта, биз кыйынчылыктарга туш болгондо Жахабадан жардам сурап, анан эмне кылышты кылдат ойлонуштурабыз (Накыл 3:21). Европада цыган тилиндеги бир топто үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган Соня мындай дейт: «Мен максаттарымды кагазга жазып, көзгө көрүнгөн жерге коюп койгонду жакшы көрөм. Үстөлүмө эки айрылыш жолдун сүрөтүн коюп койгом. Анан чечим чыгарарда: „Менин чечимим каякка алып барат“,— деп ойлоном». Соня кыйынчылыктардын жакшы жагын көрө билгенге да аракет кылат. «Ар бир жагдайды жолду тоскон дубалдай же максатка жеткире турган көпүрөдөй көрсө болот. Бул маанайдан көз каранды»,— дейт ал.

19. Баарыбыз эмне кылгыбыз келет?

19 Жахаба бизге көптөгөн жолдор менен батасын берип жатат. Ага ыраазы экенибизди аны даңкташ үчүн бүт аракетибизди жумшап көрсөтөбүз (Евр. 13:15). Мисалы, кызмат кылуунун жаңы ыкмаларын колдонуп көрсөк болот. Ошонун аркасында Жахабадан мурункудан да көбүрөөк бата алышыбыз мүмкүн. Келгиле эмесе, күнүгө Жахабанын канчалык жакшы экенин татып көрүүнүн жаңы жолдорун издей берели. Ошондо: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деп айткан Исанын сезимдерин туя алабыз (Жкн. 4:34).

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

^ 5-абз. Жахаба — бүт жакшылыктын булагы. Ал баарына, атүгүл жаман адамдарга да жакшылык кылат. Бирок өзгөчө ишенимдүү кызматчыларынан жакшылыгын аябайт. Бул макаладан анын кызматчыларына кантип жакшылык кыларын билебиз. Ошондой эле Жахаба үчүн көбүрөөк кылганга умтулгандар кандайча анын жакшылыгын өзгөчө жол менен сезерин талкуулайбыз.

^ 7-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 14-абз. Мурда «Күзөт мунарасына» чыккан бул рубрика азыр jw.org сайтына чыгып калды. Аны БИЗ ЖӨНҮНДӨ > ОКУЯЛАР > РУХИЙ МАКСАТТАРГА УМТУЛУУ деген жерден таба аласыңар.