Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Колдо бар алтынды баалагыла

Колдо бар алтынды баалагыла

«Жандын каалоолоруна жетеленгенден көрө, көз менен көргөн артык» (НАС. 6:9).

111-ЫР: Кубанууга себептер

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабага кызмат кылыш үчүн көптөр кандай аракеттерди жасап жатат?

 БУЛ дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келаткандыктан, аткарчу иш аябай көп (Мт. 24:14; Лк. 10:2; 1 Пет. 5:2). Андыктан баарыбыз эле Жахабага бүт күчүбүздү жумшап кызмат кылгыбыз келет. Ушинтип жаткандар абдан көп. Айрымдар пионер болуп кызмат кылгысы келет. Башкалар Бейтелде кызмат кылгысы келет же уюмдун имараттарын курганга кол кабыш кылгысы келет. Ал эми көптөгөн эркектер кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылганга умтулуп жатышат (1 Тим. 3:1, 8). Элинин ушундай ынтызарлыгын көрүп Жахаба аябай кубанып жатса керек (Заб. 110:3; Ыш. 6:8).

2. Айрым рухий максаттарга жетпей калсак, кандай сезимде болушубуз мүмкүн?

2 Бирок бир топ убакыт өтсө да, максаттарыбыз ишке ашпай жатса, көңүлүбүз чөгө башташы ыктымал. Курагыбыздан же жагдай-шартыбыздан улам айрым сыймыктуу жоопкерчиликтер кол жеткис болуп жатса, шаабайыбыз суушу мүмкүн (Накыл 13:12). Мелисаны * мисал кылалы. Ал Бейтелде кызмат кылгысы келет же Падышалыктын жарчыларынын мектебинде окугусу келет. Бирок ал: «Жашым өтүп калгандыктан бул максаттар мен үчүн орундалбай турган кыял. Ошон үчүн кээде көңүлүм чөгүп калат»,— дейт.

3. Белгилүү бир сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалаганга жарактуу болуш үчүн эмне кылыш керек?

3 Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган айрым жаштар жыйналыштагы кайсы бир милдеттерди аркалаш үчүн рухий жактан жетилип, кээ бир сапаттарды өрчүтүшү керек болот. Мисалы, алар акылдуу, чечкиндүү, ынталуу болушу мүмкүн. Анткен менен көбүрөөк чыдамкай болгонго, ишти майын чыгара аткарганга, башкаларды урматтап-сыйлаганга үйрөнүшү керектир. Эгер керектүү сапаттарды өрчүткөнгө аракет кыла берсеңер, сыймыктуу жоопкерчиликтер силер күтпөгөн учурда тапшырылып калышы мүмкүн. Никтин мисалына токтололу. Ал 20 жашында кызмат жардамчысы болуп дайындалбаганына катуу көңүлү чөгүптүр. Ал: «Мен жараксыз окшойм деп ойлогом»,— дейт. Бирок багынып калган эмес. Жыйналышта болобу, кабар айтуу ишинде болобу, бар күчүн жумшап кызмат кыла берген. Азыр ал — филиалдын комитетинин мүчөсү.

4. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

4 Кайсы бир рухий максаттарга жете албаган үчүн көңүлүңөр чөгүп жүрөбү? Эгер ошондой болсо, бүт сезимдериңерди Жахабага айткыла (Заб. 37:5—7). Ошондой эле тажрыйбалуу ага-инилерден кызматыңарды кантип жакшыртсаңар болорун сурагыла. Анан кеңешин колдонгула. Ошондо максатыңарга жетишиңер мүмкүн. Анткен менен, жогоруда сөз кылынган Мелисадай болуп, кээ бир максаттарга учурда жете албашыңар мүмкүн. Андайда эмне кылса болот? Канткенде кубанычыңар бөксөрбөйт? Келгиле эмесе, ушул суроолорго жооп алалы. Бул макалада төмөнкү суроолорду талкуулайбыз: 1) Бизге эмне кубаныч тартуулайт? 2) Кубанычыбызды кантип арттыра алабыз? 3) Кубанычыбызга кубаныч кошулушу үчүн, кандай максаттарды койсок болот?

БИЗГЕ ЭМНЕ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙТ?

5. Кубанычтан өксүбөш үчүн эмнеге көңүл топтошубуз керек? (Насаатчы 6:9)

5 Насаатчы 6:9да жазылгандарга ылайык, кубанычты туура жактардан издешибиз керек. (Аятты окугула.) «Көз менен көргөн» нерсесине кубанган киши колунда болгон нерсесине, мисалы, азыркы жагдай-шартына ыраазы болуп, баалайт. Андан айырмаланып, кыялына жетеленген киши кол жеткис нерсени эңсеп туруп алат. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Жашоодон канааттануу алыш үчүн колдо бар нерсеге топук кылып, жете алчу максаттарга умтулушубуз керек.

6. Кайсы мисалга токтолобуз жана андан эмнени үйрөнсөк болот?

6 Колдо бар нерсеге каниет кылып, ошого канааттануу мүмкүнбү? Баарыбыз эле убакыттын өтүшү менен жаңы нерсеге умтулуп, жаңы нерсе үйрөнгүбүз келгендиктен көптөр бул мүмкүн эмес деп ойлойт. Бирок «көз менен көргөн» нерсеге чынында эле канааттанса болот. Муну жакшыраак түшүнүш үчүн Матай 25:14—30-аяттарда жазылган Исанын таланттар жөнүндөгү мисалына токтололу. Бул мисалдан колубузда бар нерседен канткенде рахат ала аларыбызды, атүгүл кубанычыбызды арттыра аларыбызды билебиз.

КАНТКЕНДЕ КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРА АЛАСЫҢАР?

7. Исанын таланттар жөнүндөгү мисалын кыскача баяндап бергиле.

7 Мисалдагы бир киши узак сапарга аттанмакчы болот. Жолго чыгарда кулдарын чакырып, ар бирине иштетсин деп таланттарды тапшырат *. Жөндөмүнө жараша бирөөнө беш талант, экинчисине эки жана үчүнчүсүнө бир талант берет. Биринчи эки кул акчаны айландырып-көбөйтүш үчүн катуу эмгектенет. Үчүнчүсү болсо акчаны айландырбай койгондуктан кызматынан кол жууп калат.

8. Биринчи кулдун сыймыктанып сүйүнүшүнө кандай себеп бар эле?

8 Биринчи кул кожоюну ага ишенип беш талант тапшырганына абдан сыймыктанса керек. Бул чын эле чоң акча болчу. Эгер кожоюну ишенбесе, колуна мынча акча бермек эмес. Ал эми экинчи кул жөнүндө эмне дешке болот? Ал ага анчалык көп тапшырылбаганын ойлоп көңүлү чөгүшү мүмкүн эле. Бирок ал ошенткенби?

Исанын мисалындагы экинчи кулдан эмнени үйрөнсөк болот? 1) Ал кожоюнунан эки талант алган. 2) Кожоюнунун кирешесин көбөйтүш үчүн көп эмгектенген. 3) Кожоюнунун таланттарын эки эсе көбөйткөн (9—11-абзацтарды карагыла)

9. Иса экинчи кул жөнүндө эмне деп айткан эмес? (Матай 25:22, 23)

9 Окугула: Матай 25:22, 23. Иса экинчи кулдун эки эле талант алганына нааразы болуп, кыжырданганын айткан эмес. Ошондой эле ал кулдун: «Ушул элеби? Мен тиги беш талант алган кулдан эмнем кем? Эгер кожоюнум эмгегимди баалабаса, анда берген талантын көмүп салып, өзүмдүн ишимди эле бүтүрө берейин»,— деп наалыганыны тууралуу да эч нерсе айткан эмес.

10. Экинчи кул ага тапшырылган талантты эмне кылган?

10 Биринчи кулга окшоп, экинчиси да тапшырылган ишке жооптуу карап, кожоюнунун кызматын аткарыш үчүн күжүрмөн эмгектенген. Ошонун натыйжасында эки эсе киреше тапкан. Анын талыкпаган эмгегинин акыбети кайткан. Кожоюну кубанып эле тим болбой, андан да чоң иш тапшырарын айткан.

11. Кубанычыбызды кантип арттырсак болот?

11 Ушул сыяктуу эле, биз да Жахаба тапшырган нерсени бүт жаныбызды берип аткарсак, кубанычыбызды арттыра алабыз. Ошондуктан кабар айтуу ишине өзүңөрдү «толугу менен... арнагыла», жыйналыштын иштерине толук кандуу катышкыла (Элч. 18:5; Евр. 10:24, 25). Жыйналышта талкуулана турган материал боюнча башкаларды кубаттай турган жоопторду бериш үчүн жакшылап даярдангыла. Иш күндөрүндөгү жолугушууда кандай тапшырма берилбесин, олуттуу карагыла. Жыйналышта кайсы бир иш тапшырылса, ишеничтүү болуп, так аткаргыла. Андай ишке олуттуу карап, жетиштүү убакыт бөлгүлө. Ишти майын чыгара аткарганга үйрөнгүлө (Накыл 22:29). Рухий иштерди канчалык берилип аткарсаңар, ошончолук батыраак ийгилик кыласыңар жана өзүңөр да сүйүнүп көбүрөөк канааттанасыңар (Гал. 6:4). Ошондой эле өзүңөр эңсеген сыймыктуу жоопкерчиликке башкалар ээ болгондо алар менен бирге кубаныш да оңой болот (Рим. 12:15; Гал. 5:26).

12. Эки ишенимдешибиз кубанычын кантип арттырышкан?

12 Бейтелде кызмат кылгысы жана Падышалыктын жарчыларынын мектебинен окугусу келген Мелисаны эстесеңер. Каалоосун орундатыш мүмкүн эмес болсо да, ал мындай дейт: «Мен пионердик кызматты толук кандуу аткарып, кабар айтуунун бардык ыкмаларын колдонгонго аракет кылам. Ушул нерсе мага кубаныч тартуулайт». Ал эми күткөн учурда кызмат жардамчысы болуп дайындалбай калган Ник сезимдери менен кантип күрөшкөн? «Ошол учурда кыла алган нерсеге көңүл топточумун. Кабар айтуу ишине катышып, жыйналыштан жакшы жооп бергенге аракет кылчумун. Анан Бейтелге арыз толтуруп, бир жылдан кийин эле чакырылдым»,— дейт ал.

13. Эгер учурда кызматыңарды бүт дитиңерди коюп аткарсаңар, натыйжасы кандай болот? (Насаатчы 2:24)

13 Эгер учурдагы кызматыңарды бүт дитиңерди коюп аткарсаңар, келечекте андан да көп жоопкерчиликтер артылышы мүмкүнбү? Ооба, Никтикиндей болуп ошондой болушу ыктымал. Бирок Мелисанын жагдайындай болуп бул мүмкүн эмес да болушу ыктымал. Ошентсе да кубанычыңарды арттыра аласыңар жана кылган кызматыңарга толук канааттанасыңар. (Окугула: Насаатчы 2:24.) Мындан тышкары, кылган аракетиңер Мырзабыз Иса Машаякка жагарын билип, абдан сүйүнөсүңөр.

КУБАНЫЧКА КУБАНЫЧ КОШКОН МАКСАТТАР

14. Алдыга рухий максаттарды койгондо эмнени эске алышыбыз керек?

14 Учурдагы кызматыбызга көңүл топтоо деген ошону менен эле чектелип, көбүрөөк кызмат кылганга умтулбашыбыз керектигин билдиреби? Албетте жок! Биз кызматыбызды жемиштүү аткарганга жана ишенимдештерибиздин керегине жараган адам болгонго жардам бере турган рухий максаттарды коё алабыз жана коюшубуз керек. Ан үчүн өзүбүздүн алыбызды билип, момун болуп, өзүбүздү эмес, башкаларга жардам бергенди көбүрөөк ойлошубуз керек. Ушундай ниет менен максат койсок, ага жетебиз (Накыл 11:2; Элч. 20:35).

15. Кубанычыңарды арттыра турган максаттардын айрымдары кайсылар?

15 Анда кандай максаттарды коё аласыңар? Кайсы максаттарга жете аларыңарды түшүнгөнгө Жахабадан жардам сурагыла (Накыл 16:3; Жкп. 1:5). Мисалы  1-абзацта айтылган максаттарды коё аласыңарбы? Балким, көмөкчү же үзгүлтүксүз пионер боло алаттырсыңар. Же Бейтелде, курулушта кызмат кыла алаттырсыңар. Балким, жакшы кабарды таратыш үчүн жаңы тил үйрөнөттүрсүңөр. Же атүгүл башка тилдеги аймакта кызмат кыла алаттырсыңар. Дагы кандай рухий максат койсо болору жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» деген китептин 10-бөлүмүн карап чыгып, аксакалдардын бири менен сүйлөшсөңөр болот *. Ушундай максаттарга умтулсаңар, ийгилигиңер баарына айкын болуп, кубанычыңарды арттыра аласыңар.

16. Белгилүү бир максаттарга жетиш силер үчүн мүмкүн эмес болсо, эмне кылсаңар болот?

16 Ал эми жогорудагы максаттарга жетиш силер үчүн мүмкүн эмес болсочу? Анда өзүңөр жете ала турган башка максат койгула. Кандай максаттарды койсоңор болот?

Кандай максаттарды койсоңор болот? (17-абзацты карагыла) *

17. 1 Тиметей 4:13, 15ке ылайык, канткенде эркектер жакшы окутуучу боло алат?

17 Окугула: 1 Тиметей 4:13, 15. Эгер чөмүлгөн эркек болсоңор, сүйлөө жана окутуу жөндөмүн өрчүтсөңөр болот. Себеби ушул жактардан чебер болсоңор, башкаларга көп жардам бере аласыңар. «Окууга жана үйрөтүүгө дилгир бол» деген китепчедеги ар бир сабакты кылдат изилдеп, колдонгонго аракет кылгыла. Улам бир жөндөмдү тандап алып, үйдөн жакшылап машыгып, анан сөз сүйлөгөндө ошону колдонуп көргүлө. Кошумча кеңешчиден же «насаат айтып, окутуп, талыкпай кызмат кылган» башка аксакалдардан кеңеш сурагыла * (1 Тим. 5:17). Бирок ошол жөндөмдү өрчүтүүнүн өзүнө эле көңүл топтоп албагыла. «Канткенде угармандардын ишенимин чыңдай алам? Кайсы бир ишке кантип түрткү бере алам?» — деп ойлонгула. Ошондо өзүңөрдүн да, башкалардын да кубанычына кубаныч кошосуңар.

Кандай максаттарды койсоңор болот? (18-абзацты карагыла) *

18. Кызматыбызга байланыштуу максаттарга жеткенге эмне жардам берет?

18 Кабар айтуу жана шакирт даярдоо — баарыбызга тапшырылган иш (Мт. 28:19, 20; Рим. 10:14). Ушул маанилүү ишти мыкты аткаргыңар келеби? Анда «Үйрөтүү» деген китепчени окуп-изилдеп, билгендериңерди колдонгонго жардам бере турган белгилүү бир максаттарды койгула. Керектүү кеңешти «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралынан» жана иш күндөрүндөгү жолугушууда көрсөтүлгөн үлгү иретиндеги маектин видеолорунан тапсаңар болот. Анан аймагыңарга эң ылайыктуу келгенин колдонуп көргүлө. Ошондо Кудайдын кызматчысы катары чеберчилигиңер артып жатканына төбөңөр көккө жете сүйүнөсүңөр (2 Тим. 4:5).

Кандай максаттарды койсоңор болот? (19-абзацты карагыла) *

19. Кудайга жаккан сапаттарды кантип өрчүтсө болот?

19 Максат коюп жатканда эң маанилүү нерселердин бирин — Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүнү — унутпагыла (Гал. 5:22, 23; Кол. 3:12; 2 Пет. 1:5—8). Андай максатка жетиш үчүн эмне кылса болот? Мисалы, ишенимиңерди чыңдагыңар келип жатат дейли. Анда ушуга байланыштуу адабияттарыбыздагы макалаларды окусаңар болот. Ошондой эле JW телеберүүсүнөн ар кандай кыйын жагдайларга туш болгондо күчтүү ишеним көрсөткөн боордошторубуз жөнүндөгү видеолорду көрсөңөр болот. Анан алардан кантип үлгү алса болору жөнүндө ойлонуп көргүлө.

20. Канткенде кубанычыбыз артат жана көңүлүбүз чөкпөйт?

20 Баарыбыз эле Жахабага азыркыдан да көбүрөөк кызмат кылгыбыз келет. Жаңы дүйнөдө ошол максатыбыз толугу менен ишке ашат. Ага чейин болсо азыр бар мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалансак, кубанычыбызга кубаныч кошулат жана көңүлүбүз да чөкпөйт. Баарынан маанилүүсү, ошонун аркасында «бактылуу Кудайыбыз» Жахабаны мактап, алкай алабыз (1 Тим. 1:11). Келгиле эмесе, колдо бар алтынды баалап, кубанычыбызды арттыра берели!

82-ЫР: Жарыгыңар жаркырап турсун

^ 5-абз. Биз Жахабаны аябай жакшы көрөбүз жана ага бүт жан-дилибиз менен кызмат кылгыбыз келет. Ошондуктан көбүрөөк кызмат кылуунун жолдорун издешибиз же жыйналышта кошумча сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалаганга аракет кылышыбыз мүмкүн. Бирок канча аракет кылсак да айрым максаттарга жете албай жатсакчы? Канткенде кубанычыбызды кемитпей жемиштүү кызмат кыла бере алабыз? Ушул суроолорго Исанын таланттар жөнүндөгү мисалынан жооп табабыз.

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 7-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Бир талант орто жумушчунун болжол менен 20 жылдык эмгек акысына барабар болгон.

^ 15-абз. Чөмүлгөн эркектер кызмат жардамчысы жана аксакал болгонго үндөлөт. Буга кандай талаптар коюларын билиш үчүн «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 56-бөлүмдөрүн карагыла.

^ 17-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Кошумча кеңешчи деген — бул аксакалдар менен кызмат жардамчыларына баяндама айтуу, жыйналыштын бөлүктөрүн алып баруу жана жыйналыштан окуп берүү жагынан кеңеш бергенге дайындалган аксакал.

^ 64-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Бир ишенимдешибиз окутуу чеберчилигин жакшыртыш үчүн биздин адабияттарды окуп-изилдеп жатат.

^ 66-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Өз иштери менен жүргөндө да кабар айтам деп максат койгон ишенимдешибиз кафедеги тейлөөчүгө байланыш карточкасын берип жатат.

^ 68-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Берешендик сапатын өрчүтүүнү максат кылып койгон бир тууганыбыз ишенимдешине белек берип жатат.