Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Даниелден үлгү алгыла!

Даниелден үлгү алгыла!

«Сен абдан сүйүктүү кишисиң» (ДАН. 9:23).

73-ЫР: Кайраттуу кыла көр

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Даниел эмне себептен бабылдыктардын купулуна толгон?

 БАБЫЛДЫКТАР Даниелди Иерусалимден алыскы Бабылга туткундап кеткенде, ал өспүрүм бала болчу. Анткен менен Даниел жаш болсо да, Бабыл төрөлөрүнүн купулуна толгон. Алар ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан Даниелдин «эч кандай кемтиги жок, келбеттүү» экенин көрүшкөн (1 Шем. 16:7). Ошол себептен аны ак сарайда кызмат кылганга үйрөтүшкөн (Дан. 1:3, 4, 6).

2. Жахаба Даниелге кандай сезимдерди туйган? (Жезекиел 14:14).

2 Жахаба Даниелди келбеттүү болгону үчүн же ак сарайда жогорку абалды ээлегени үчүн жакшы көргөн эмес. Ал аны ага берилгендик сактаганга чечкиндүү болгону үчүн жакшы көргөн. Жахаба Даниелди Нух менен Аюп пайгамбарга кошуп айтканда, ал 20 жаштарда эле болсо керек. Мындайча айтканда, Жахаба жаш Даниелди көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылган Нух менен Аюптай эле көргөн. (Башт. 5:32; 6:9, 10; Аюп 42:16, 17; окугула: Жезекиел 14:14.) Жахаба жашоосу кызыктуу окуяларга бай, узак жашаган Даниелди ал көз жумганга чейин жакшы көрө берген (Дан. 10:11, 19).

3. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

3 Бул макалада кайсы эки сапаттын аркасында Даниел Жахабанын алдында сүйүктүү адам болгонун карайбыз. Алгач аларга өз-өзүнчө токтолобуз. Ошондой эле Даниелдин аларды кайсы учурларда чагылдырганын карап чыгабыз. Андан соң Даниелге ошол сапаттарды өрчүткөнгө эмне жардам бергенин окуйбуз. Акырында аны кантип туурасак болоруна токтолобуз. Бул макала негизинен жаштарга арналса да, Даниелдин үлгүсү баарыбыз үчүн пайдалуу болот.

ДАНИЕЛДЕЙ КАЙРАТТУУ БОЛ

4. Даниелдин кайраттуулугу эмнеден көрүнгөн? Мисал келтиргиле.

4 Кайраттуу адамдар деле коркушу мүмкүн. Бирок алар коркунучтун айынан туура иш кылбай калбайт. Алсак, Даниел кайраты таш жарган жаш жигит болгон. Анын кайраттуулугун көрсөткөн эки жагдайга токтололу. Биринчи окуя, сыягы, бабылдыктар Иерусалимди талкалаганына эки жыл болуп калганда болгон. Ошол учурда Бабыл падышасы Небухаданасар килейген айкел жөнүндө түш көрүп, тынчы кеткен. Эгер ак сарайдагы акылмандар анын түшүн жана чечмеленишин айтып бербесе, алардын баарын, анын ичинде Даниелди жок кыларын айткан (Дан. 2:3—5). Даниел тез аранын ичинде иш-аракет кылышы керек болчу. Антпесе көптөр өмүрүнөн айрылмак. Андыктан ал «падышага кирип, түшүн жоруш үчүн убакыт берүүнү өтүнгөн» (Дан. 2:16). Буга кайраттуулук, ишеним талап кылынмак. Айта кетчү нерсе, ошого чейин Даниелдин түш жоруганы жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Андан тышкары, бабылдыктарча аталып калган Шадрах, Мешах, Абетнего деген досторунан «асман Кудайына кайрылууну, бул сырды ачып берип кайрымдуулук кылышын өтүнүүнү суранган» (Дан. 2:18). Жахаба алардын тилегин кабыл кылган. Даниел Кудайдын жардамы менен Небухаданасар падышанын түшүн жоруп берген. Ошентип, ал өзүнүн да, досторунун да өмүрүн сактап калган.

5. Даниел кайраттуулукту талап кылган дагы кандай жагдайга кабылган?

5 Килейген айкел жөнүндөгү түштү чечмелеп бергенден көп өтпөй Даниел кайраттуулукту талап кылган дагы бир жагдайга туш болгон. Небухаданасар анын үрөйүн учурган дагы бир түш көргөн. Бул жолу түшүндө бийик бакты көргөн. Даниел падышанын түшүн чечмелеп берип, анын акылынан да, бийлигинен да бир канча убакытка чейин ажырай турганын айткан (Дан. 4:25). Муну укканда Небухаданасар Даниелди душман катары көрүп, өлүм жазасына тартып коё алмак. Ошентсе да Даниел кайраттуулук менен эч нерсени жашырбай айтып берген.

6. Даниелге кайраттуу болгонго эмне жардам бериши мүмкүн эле?

6 Даниелге өмүр бою кайраттуулугунан жазбаганга эмне жардам бериши мүмкүн эле? Даниелдин атасы менен апасы ага кичинекей кезинен эле жакшы үлгү көрсөткөнү шексиз. Алар Жахабанын ысрайылдык ата-энелерге берген көрсөтмөлөрүнө баш ийип, баласынын жүрөгүнө Кудайдын мыйзамын сиңиришкен (Мыйз. 6:6—9). Даниел Он осуяттан тышкары, Мыйзамды ийне-жибине чейин билген. Мисалы, ысрайылдыктарга эмнени жесе болорун, эмнени жегенге болбой турганын жакшы түшүнгөн b (Леб. 11:4—8; Дан. 1:8, 11—13). Ал Кудайдын элинин тарыхын да, алардын Кудайга баш ийбей койгондо эмне болушканын да жакшы билген (Дан. 9:10, 11). Мындан тышкары, Даниел башынан өткөндөрдөн улам Жахабанын жана анын кубаттуу периштелеринин ага жардам берерине бекем ишенген (Дан. 2:19—24; 10:12, 18, 19).

Даниел пайгамбарлык сөздөрдү изилдеп, тиленип жана Жахабага таянганынын аркасында кайраттуулук өрчүткөн (7-абзацты карагыла)

7. Даниелге кайраттуу болгонго дагы эмне жардам берген? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Даниел Кудайдын Жеремия сыяктуу пайгамбарлары жазган сөздөрдү изилдеген. Ошонун аркасында ал жүйүттөрдүн жакында Бабыл кулчулугунан азаттыкка чыгарын түшүнгөн (Дан. 9:2). Пайгамбарлыктардын аткарылганын көргөндө Жахабага ого бетер таянып калган жана ага таянгандардын кайратына кайрат кошуларын түшүнгөн. (Салыштыргыла: Римдиктер 8:31, 32, 37—39.) Эң маанилүүсү, Даниел асмандагы Атасынан кайра-кайра тиленип турган (Дан. 6:10). Ал күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, канчалык кейигенин айткан. Ошондой эле Жахабадан жардам сураган (Дан. 9:4, 5, 19). Ал бизге окшогон эле пенде болгон, төрөлгөнүнөн кайраттуу болгон эмес. Даниел изилдеп, тиленип, Жахабага таянып ошол сапатты өрчүткөн.

8. Канткенде кайраттуулук өрчүтө аласың?

8 Кайраттуулук сапатын өрчүтүш үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Ата-энебиз бизди кайраттуу болгонго үндөшү мүмкүн. Бирок бул сапат алардан бизге тукум кууп өтпөйт. Бул жаңы өнөрдү өрчүткөнгө окшош. Жаңы өнөр үйрөнүш үчүн бизди үйрөтүп жаткан кишинин аны кантип кылып жатканын жакшылап байкап, аны туурашыбыз керек. Ушул сыңары, кайраттуу болуш үчүн башкалардын аны кантип чагылдырып жатканын жакшылап байкашыбыз жана аларды туурашыбыз зарыл. Анда Даниелден эмнени үйрөнө аласың? Ага окшоп, Кудайдын Сөзүн жакшы билишиң керек. Жахабага баарын айтып, андан тез-тез тиленип, аны менен ынак мамиле өрчүтүшүң абзел. Ошондой эле Жахабага таянып, сени дайыма колдой турганына бекем ишенишиң керек. Ушуларды кылсаң, ишенимиң сыналганда, кайраттуу боло аласың.

9. Кайраттуу болуунун кандай пайдасы бар?

9 Кайраттуу болгондун көп пайдасы бар. Германияда жашаган Бэндин окуясына токтололу. Анын мектебиндегилер эволюцияга ишенишчү жана Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндө айтылгандарды жомок деп эсептешчү. Бир жолу анда классташтарынын алдына чыгып, баарын Кудай жаратканына эмне үчүн ишенерин айтып бергенге мүмкүнчүлүк болгон. Ошондо ал ишенген нерселерин кайраттуулук менен айтып берген. Мунун натыйжасы кандай болгон? «Мугалимим кунт коюп укту,— дейт Бэн.— Анан мен ишенген нерселеримди далилдеш үчүн колдонгон макаланын көчүрмөсүн классташтарымдын ар бирине берип чыкты». Ошондо алар эмне кылган? Ал мындай дейт: «Классташтарымдын көбү айткандарымды жакшы угушту жана таасирленип калганын айтышты». Бэндин окуясынан көрүнүп тургандай, кайраттуу кишилерди көп учурда башкалар урматтап калышат. Аларды көрүп жүрөгү таза адамдар Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгиси келип калышы ыктымал. Ооба, кайраттуулук сапатын өрчүткөнгө көптөгөн жакшы себептер бар.

ДАНИЕЛДЕЙ БОЛУП, БЕРИЛГЕНДИК САКТА

10. Берилгендик деген эмне?

10 Ыйык Китептеги «берилгендик» же «туруктуу сүйүү» деген еврей тилиндеги сөз көп учурда Кудайдын өзүнүн досторуна карата туйган жылуу, ынак сезимдерин сүрөттөш үчүн колдонулат. Ошол эле сөз Кудайдын кызматчыларынын бири-бирине туйган сезимдерине карата да колдонулат (2 Шем. 9:6, 7). Берилгендик убакыттын өтүшү менен чыңдала берген сапат. Келгиле анда, мунун калетсиз экенин Даниелдин окуясынан көрөлү.

Даниел Жахабага берилгендигин сактаганы үчүн, Жахаба периштесин жөнөтүп, арстандардын оозун жаап койгон (11-абзацты карагыла)

11. Даниелдин берилгендиги карып калган кезинде кантип сыналган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

11 Даниелдин Жахабага болгон берилгендиги көп жолу сыналган. Бирок ал 90дон өтүп калган кезинде өзгөчө бир сыноого туш болгон. Ал кезде Бабылды мадайлыктар менен персиялыктар басып алып, Дарий падыша башкарып жаткан. Ак сарайда кызмат кылгандар Даниелди жек көрүшчү, Жахабаны да урматташчу эмес. Ошондуктан Даниелди өлтүрүш үчүн бир иш ойлонуштурушкан. Алар падышаны Даниелдин кимге берилгендик көрсөтүшү керектигин сынай турган буйрук чыгарганга түртүшкөн. Ал башкалардай болуп падышага берилгендик көрсөтүшү жана Жахабадан 30 күн тиленбей турушу керек болчу. Бирок Даниел ал буйрукка баш ийген эмес. Ошон үчүн аны арстандар жаткан орго ыргытышкан. Ошондо Жахаба Даниелди берилгендиги үчүн арстандардын оозунан куткарып алган (Дан. 6:12—15, 20—22). Канткенде сен да Даниелдикиндей берилгендик өрчүтө аласың?

12. Даниелге Жахабага болгон берилгендигинен такыр жазбаганга эмне жардам берген?

12 Жогоруда айтылгандай, берилгендик көрсөткөнгө күчтүү сүйүү түрткү берет. Даниел асмандагы Атасына, Жахабага, болгон берилгендигинен такыр жазган эмес, анткени аны бүт жүрөгү менен сүйгөн. Ага ошондой сүйүү өрчүткөнгө Жахабанын сапаттары, анын аларды кантип чагылдырганы жөнүндө ой жүгүрткөнү түрткү бергени шексиз (Дан. 9:4). Ошондой эле ал Жахабанын ага жана ысрайыл элине кылган бардык жакшылыктары жөнүндө ойлонуп, жүрөгү ыраазычылыкка толгон (Дан. 2:20—23; 9:15, 16).

Даниелдей болуп, Жахабаны жан-дилиңер менен сүйсөңөр, ага болгон берилгендигиңерден жазбайсыңар (13-абзацты карагыла)

13. а) Жаштар берилгендиги сыналган кандай жагдайларга кабылат? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.) б) Видеодо көрсөтүлгөндөй, башкалар гомосексуалдарды колдоор-колдобосубузду сураганда, кантип жооп берсек болот?

13 Даниелге окшоп, жаш ишенимдештерибиз Жахабаны жана анын осуяттарын урматтабагандардын арасында жашашат. Алар туткан дини же көз карашы башкалардыкынан айырмаланганы үчүн жаман көрүнүшү мүмкүн. Атүгүл айрымдар жаштарыбызды Жахабага болгон берилгендигинен тайдырыш үчүн, кысым көрсөтөт. Буга Австралияда жашаган Грэмдин окуясы мисал боло алат. Ал жогорку класста окуп жүргөндө бир кыйынчылыкка кабылган. Мугалими окуучулардан классташы гомосексуал экенин айтса эмне кылышмактыгын сураган. Мугалим: «Досумдун гомосексуал болгонуна каршы эмесмин дегендер бир тарапка, каршымын дегендер экинчи тарапка тургула»,— деген. «Ошондо Жахабанын Күбөсү болгон классташым экөөбүз бир тарапка, калганынын баары тиги тарапка турушту»,— дейт ал. Анан Грэмдин Жахабага болгон берилгендиги катуу сыналган. Ал мындай дейт: «Классташтарым да, атүгүл мугалимим да бир саат бою шылдыңдашты. Ошондо мен көз карашымды жумшактык менен түшүндүрүп бергенге колуман келишинче аракет кылдым. Бирок алар бир да сөзүмдү угушкан жок». Ал окуядан кийин Грэм кандай сезимде болгон? Ал мындай дейт: «Албетте, мени шылдыңдашканда жаман болдум. Бирок Жахабага берилгендик сактап, ишенимимди коргой алганым үчүн аябай кубандым» c.

14. Жахабага болгон берилгендигиңди чыңдоонун бир жолу кайсы?

14 Даниелге окшоп, Жахабаны абдан жакшы көрсөң, болоттой берилгендик өрчүтөсүң. Ан үчүн Жахабанын сапаттарын изилдей бер. Мисалы, ал жараткан нерселер жөнүндө көбүрөөк билсең болот (Рим. 1:20). Жахабага болгон сүйүүңдү өстүрүп, аны тереңирээк урматтагың келсе, «Өзү жаралганбы?» деген рубрикадагы макалаларды окусаң же видеолорду көрсөң болот. «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?», «Тиричиликтин башаты. Маанилүү беш суроо» деген китепчелерди да карасаң болот. Алар жөнүндө Даниядан болгон Эстер мындай дейт: «Ал китепчелерде укмуштуудай далилдер келтирилиптир. Ал жакта эмнеге ишенишиң керектиги айтылбайт. Жөн гана фактылар келтирилет. Ошонун аркасында өзүң жыйынтык чыгара аласың». Буга чейин айтылган Бэн мындай деп кошумчалайт: «Ал макалалар менен китепчелер ишенимимди аябай бекемдеди. Аларды окуп-изилдеп, тиричиликти Кудай жаратканына ого бетер ынандым». Ошол адабияттарды карап чыккандан кийин сен да Ыйык Китептеги бул сөздөргө кошулат чыгарсың: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат» (Аян 4:11) d.

15. Жахаба менен болгон достугубузду чыңдоонун дагы бир жолу кайсы?

15 Жахабага болгон сүйүүбүздү өстүрүүнүн дагы бир жолу — анын Уулу Исанын жашоосу жөнүндө кылдат изилдөө. Германиядан болгон Самира деген карындашыбыз ушундай кылган. Ал мындай дейт: «Мен Иса жөнүндө изилдегендин аркасында Жахабаны мурдагыдан да жакшыраак таанып-билдим». Самира кичинекей кезинде Жахаба анын досу боло аларын жана аны жакшы көрөрүн түшүнө алчу эмес. Бирок Иса жөнүндө ой жүгүрткөн. «Исанын башкаларга жакшы мамиле кылганы, балдарды жакшы көргөнү аябай жаккан»,— дейт ал. Иса жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, Жахабага болгон сүйүүсү ошончолук арта берген. Эмне үчүн? Ал мындай деп түшүндүрөт: «Мен Иса Атасын жеткилең түрдө туурай турганын бара-бара түшүндүм. Алар бири-бирине аябай окшош экен. Андан башка эч ким Жахаба жөнүндө жакшыраак ачып бере алмак эмес. Жахабанын Исаны жерге жөнөткөнүнүн бирден бир себеби ушунда экен» (Жкн. 14:9). Эгер Жахаба менен дос болгуң келсе, Иса жөнүндө көбүрөөк билгенге атайын убакыт бөл. Ошентсең, Жахабага болгон сүйүүң өсүп, ага болгон берилгендигиң чыңдалат.

16. Берилгендик көрсөткөнүбүздүн кандай пайдасы бар? (Забур 18:25; 37:28).

16 Адатта, берилгендикти баалаган адамдар узакка созулган, ынак достукту өрчүтө алышат (Рут 1:14—17). Мындан тышкары, Жахабага берилгендик сактагандардын жан дүйнөсү да тынч болот. Эмне үчүн? Анткени Жахаба ага берилгендик көрсөткөндөргө берилгендик көрсөтөрүн убада кылган. (Окугула: Забур 18:25; 37:28.) Ойлонуп көрсөң, кудурети күчтүү Жаратканыбыз биз менен ынак мамиле өрчүткөнгө даяр. Андай мамилени бир да кыйынчылык, бир да душман, атүгүл өлүм да буза албайт (Дан. 12:13; Лк. 20:37, 38; Рим. 8:38, 39). Ошондуктан Даниелди туурап, Жахабага болгон берилгендигибизден жазбаганыбыз кандай гана маанилүү!

ДАНИЕЛДИ ТУУРАЙ БЕР

17, 18. Кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

17 Бул макалада Даниелдин эки эле сапатын карап чыктык. Бирок биз андан дагы көп нерсеге үйрөнө алабыз. Алсак, Жахаба Даниелге бир катар аяндарды көрсөткөн жана пайгамбарлыктарды чечмелегенге жөндөмдүү кылган. Ошол пайгамбарлыктардын көбү аткарылган. Башкалары болсо жакында ар бир адамга таасир эте турган окуялар жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берет.

18 Кийинки макалада Даниел жазган эки пайгамбарлыкты карап чыгабыз. Аларды түшүнгөнүбүз жашпызбы, карыбызбы, баарыбызга азыртадан туура чечимдерди чыгарганга көмөк кылат. Ал пайгамбарлыктар кайраттуулугубузду жана берилгендигибизди чыңдагандан тышкары, жакында боло турган сыноолорго даярдайт.

119-ЫР: Ишенимге ээ бололу

a Бүгүнкү күндө Жахабага кызмат кылган жаш ишенимдештерибиз берилгендиги, кайраттуулугу сыналган жагдайларга туш болот. Алсак, классташтары аларды Кудайга ишенгени үчүн шылдыңдашы мүмкүн. Же ага кызмат кылганы үчүн жана анын бийик адеп-ахлак нормалары боюнча жашаганы үчүн теңтуштары аларды акылсыз адамдардай көрүп, какшыкташы ыктымал. Бирок бул макаладан Даниелден үлгү алгандар жана Жахабага кайраттуулук, берилгендик менен кызмат кылгандар чынында акылдуу экенин көрөбүз.

b Төмөнкүдөй үч себептен улам Даниел бабылдыктардын тамак-ашын таза эмес деп эсептеши мүмкүн болчу: 1) Тамак Мыйзамда жегенге тыюу салынган жаныбардын этинен жасалышы мүмкүн эле (Мыйз. 14:7, 8). 2) Союлган малдын каны тийиштүү түрдө агызылбаган болушу мүмкүн болчу (Леб. 17:10—12). 3) Алар жасаган тамакты ичүү жалган кудайга сыйынуунун бир бөлүгү катары каралып калышы ыктымал эле. (Салыштыргыла: Лебилер 7:15 жана 1 Корунттуктар 10:18, 21, 22.)

c jw.org сайтынан «Чыныгы адилдиктин натыйжасы бейпилдик болот» деген видеону көргүлө.

d Жахабага болгон сүйүүңдү өстүрүш үчүн «Жахабага жакында» деген китепти да карагыла. Ал жакта Жахаба жана анын касиет-сапаттары жөнүндө көбүрөөк талкууланат.