Эмнени изилдесе болот?
Жахабанын асыл сапаттары жөнүндө көбүрөөк билгиле
Ыйык Китепти окуганда аны жакшыраак түшүнүш үчүн изилдөөгө арналган ар кандай куралдарды колдонсок болот. Албетте, биз билимибизди арттырыш үчүн эле изилдебейбиз. Биз Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгибиз келет. Ал жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүбүз ошончолук өсөт. Ан үчүн Ыйык Китепти окуп жатканда мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Бул жерде жазылгандардан Жахаба жөнүндө эмнени билдим?»
Маселен, Жахабанын сүйүүсү, акылмандыгы, адилеттүүлүгү жана күчү жөнүндө тереңирээк изилдеп көрсөк болот. Бирок Жахабанын башка да асыл касиет-сапаттары бар. Алар тууралуу көбүрөөк маалыматты каяктан тапса болот?
«Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексинде» (ор.) Жахабанын 50дөн ашык сапаты саналып өтөт. Аны «Жахаба» деген темадан «Өз-өзүнчө сапаттар» деген жерден карасаңар болот. Ал жактан Ыйык Китептен өзүңөр окуп жаткан үзүндүдөгү Жахабанын сапаты жөнүндө көбүрөөк изилдеп көрө аласыңар. (Эгер силерде «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы» эле бар болсо, Жахабанын сапаттарын бул жерден карасаңар болот: Темасы: «Жахаба», бөлүмчөсү: «Жахабанын сапаттары».)