Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

34-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

107-ЫР: Кудайдан үлгү алып, сүйүү көрсөтөлү

Канткенде аксакалдар күнөө кылып алгандарга боорукердик жана сүйүү көрсөтө алат?

Канткенде аксакалдар күнөө кылып алгандарга боорукердик жана сүйүү көрсөтө алат?

«Кудайдын боорукердиги өкүнүшүңө өбөлгө түзөт» (РИМ. 2:4).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Аксакалдар олуттуу күнөө кылып алгандарга кантип жардам бере алышат?

1. Бул макаланын негизги аятынан эмнени билсек болот?

 МУРУНКУ макаладан элчи Пабылдын Корунттагы жыйналышка олуттуу күнөө кылып алган ишенимдешине кандай мамиле кылышы керектигин жазганын окуганбыз. Ал киши өкүнбөй койгондуктан жыйналыштан чыгарылган. Бирок, бул макаланын негизги аятынан көргөнүбүздөй, Кудай олуттуу күнөө кетиргендерге да өкүнгөнгө түрткү бергиси келет (Рим. 2:4). Ан үчүн ал аксакалдарды кантип колдонот?

2, 3. Эгер ишенимдешибиздин олуттуу күнөө кылганын билип калсак, эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

2 Аксакалдар күнөө кетирип алган кишиге жардам берерден мурун иштин чоо-жайын билиши зарыл. Эгер ишенимдешибиздин олуттуу күнөө кылып алганын билсек, эмне кылышыбыз керек? Аны аксакалдарга барганга үндөшүбүз кажет (Ыш. 1:18; Элч. 20:28; 1 Пет. 5:2).

3 Эгер ал аксакалдарга барбай койсочу? Анда, аксакалдар ага жардам бериш үчүн, өзүбүз барышыбыз керек. Ушинтсек, күнөө кылган кишиге жакшылык кылган болобуз. Анткени, эгер ал ошол ишин токтотпосо, Жахаба менен болгон мамилесин таптакыр эле бузуп алышы ыктымал. Андан тышкары, Кудайдын элине да сөз тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан Жахабаны жана боордошубузду жакшы көргөндүктөн, канчалык оор болбосун, тийиштүү иш-аракет кылабыз (Заб. 27:14).

ОЛУТТУУ КҮНӨӨ КЕТИРГЕНДЕРГЕ АКСАКАЛДАР КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАТ?

4. Аксакалдар олуттуу күнөө кетирген киши менен жолукканда кандай максатты көздөйт?

4 Кайсы бир жарчы олуттуу күнөө кетирсе, аны менен жолугуп, сүйлөшүш үчүн, аксакалдар кеңеши өздөрүнүн арасынан тажрыйбалуу үч аксакалдан турган комитетти дайындайт a. Ал үч аксакал момун болушу керек. Алар жаза басып алган кишиге өкүнгөнгө жардам бергенге колунан келишинче аракет кылса да, аны күчкө салып өзгөртө албай турганын унутпайт (Мыйз. 30:19). Аксакалдар күнөө кылгандардын баары эле, Дөөтү падышадай болуп, өкүнөт деп күтпөйт (2 Шем. 12:13). Айрымдар Жахабанын оңдоп-түзөгөнүнө моюн сунбай коюшу мүмкүн (Башт. 4:6—8). Кандай болбосун, аксакалдардын максаты — күнөө кетирген кишиге өкүнгөнгө жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылуу. Алар жаза басып алган киши менен жолукканда эмнелерди эсинен чыгарбашы керек?

5. Аксакалдар кайсы кеңешке кулак кагышы керек? (2 Тиметей 2:24—26). (Сүрөттү да карагыла.)

5 Аксакалдар жаза баскан кишини Жахабанын дагы деле баалай турганын унутпайт (Лк. 15:4, 6). Андыктан алар аны менен жолукканы барганда ага орой мамиле кылып, катуу сүйлөбөйт. Аксакалдар: «Менин милдетим — суроолорду берип, далилдерди топтоо. Өзүмдөн талап кылынганды аткарсам эле болду»,— дебейт. Анын ордуна 2 Тиметей 2:24—26-аяттарда жазылган сапаттарды чагылдырышат. (Аяттарды окугула.) Аксакалдар күнөө кылган кишиге жардам бергиси келгендиктен жумшак, боорукер болуп, өздөрүн кармай билет.

Байыркы учурдагы койчуларга окшоп, аксакалдар жоголуп кеткен койлорду тапканга аракет кылышат (5-абзацты карагыла)


6. Күнөө кылган киши менен жолугардан мурун аксакалдар жүрөгүн кантип даярдайт? (Римдиктер 2:4).

6 Аксакалдар өздөрүнүн жүрөгүн даярдайт. Пабыл айткандай, «Кудайдын боорукердиги» жаза басып алган кишиге өкүнгөнгө түрткү берет. Ушуну эсинде сактап, аксакалдар күнөө кылып алган кишиге жардам бергенде боорукер болушат. (Окугула: Римдиктер 2:4.) Алар биринчи кезекте Исанын жетегине баш ийген койчулар экенин унутпашы керек (Ыш. 11:3, 4; Мт. 18:18—20). Күнөө кылган киши менен жолугардан мурун үч аксакал тең Жахабадан ага өкүнгөнгө түрткү бере алсак экен деп тиленишет. Анан Жахабадай ой жүгүртө алыш үчүн Ыйык Жазманы жана адабияттарды изилдешет. Ошондой эле Жахабадан күнөө кылган кишини жана жагдайын түшүнгөнгө жардам беришин да өтүнүшөт. Андан тышкары, анын ой жүгүртүүсүн жана ошондой ишке барышына эмне себеп болгонун түшүнүш үчүн анын башынан өткөн нерселери, жагдайы жөнүндө эмнелерди билишим зарыл деп ойлонушат (Накыл 20:5).

7, 8. Күнөө кылган киши менен сүйлөшкөндө аксакалдар канткенде Жахабадай чыдамкай боло алышат?

7 Аксакалдар, Жахабаны туурап, чыдамкай болушат. Алар Жахабанын байыркы учурда күнөө кылып алгандарга кандай мамиле кылганын эсине сакташат. Мисалы, Жахаба Кабылга чыдамдуулук менен мамиле кылган. Ал ага, эгер өзгөрбөсө, арты кесепеттүү болорун, өзгөрсө, бата аларын айткан (Башт. 4:6, 7). Ал эми Дөөтүгө Натан пайгамбарды жиберген. Ал болсо ага өкүнгөнгө түрткү бериш үчүн мисал айтып берген (2 Шем. 12:1—7). Ошондой эле Жахаба тоң моюн ысрайыл элине кайра-кайра пайгамбарларды жиберип турган (Жер. 7:24, 25). Ал элине өкүнгөндө гана жардам берем деп күтчү эмес. Тескерисинче, өзү биринчи кадам таштап, аларды өкүнгөнгө үндөчү.

8 Аксакалдар да олуттуу күнөө кылып алган ишенимдешине жардам берип жатканда Жахабаны туурашат. 2 Тиметей 4:2де айтылгандай, андайларга «чыдамкайлык менен» мамиле кылышат. Андыктан аксакал ишенимдешин кайра туура жолго салышы үчүн дайыма өзүн кармай билип, сабырдуу болушу зарыл. Эгер аксакал кыжырданып, ачууга алдырып жиберсе, күнөө кылган киши анын кеңешин уккусу келбеши, атүгүл өкүнбөй коюшу мүмкүн.

9, 10. Аксакалдар күнөө кетирип алган кишиге туура эмес иш кылганын түшүнгөнгө кантип жардам бере алышат?

9 Аксакалдар күнөөгө эмне себеп болгонун аныктаганга аракет кылат. Мисалы, күнөө кылып алган жарчы өздүк изилдөө кылбай, кызматка чыкпай жүрө берип, бара-бара рухий жактан алсырап кеткенби? Жахабадан анда-санда же үстүртөн эле тиленип калганбы? Жаман каалоолорун басканга аракет кылганбы? Көбүнчө кимдер менен чогуу жүрчү? Кантип көңүл аччу? Булар анын көз карашына, каалоолоруна кандай таасир эткен? Ал кылган ишинин асмандагы Атасы Жахабанын жүрөгүн канчалык оорутканын түшүнөбү?

10 Аксакалдар ага ушу сыяктуу ойлонгонго түрткү берген суроолорду жумшактык менен берип, Жахаба менен болгон мамилесинин солгундашына, күнөө кылышына эмне себеп болгонун түшүнгөнгө жардам бере алат. Ошол эле учурда териштирип жаткан ишке тиешеси жок жеке маалыматтарын сурабай эле койгону оң (Накыл 20:5). Андан тышкары, алар анын кылган иши эмне үчүн туура эмес экени жөнүндө ой жүгүрткөнгө жардам бериш үчүн, Натан пайгамбардай болуп, мисал айтып берсе болот. Күнөө кетирип алган киши аксакалдар менен биринчи жолу жолукканда эле кылган иши үчүн кайгырышы, атүгүл өкүнүшү ыктымал.

11. Иса күнөө кылгандарга кандай мамиле кылган?

11 Аксакалдар Исаны туураганга аракет кылышат. Тарстык Шабылга көрүнгөндө Иса: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» — деп сураган. Бул Шабылга акылына келип, туура эмес жолдо баратканын түшүнгөнгө түрткү берген (Элч. 9:3—6). Ал эми «Изабелдикине окшогон» иштерди кылган аялдардын тобу тууралуу Иса: «Мен ага өкүнгөнгө убакыт бердим»,— деп айткан (Аян 2:20, 21).

12, 13. Аксакалдар жаза басып алган кишиге өкүнгөнгө кантип убакыт бериши мүмкүн? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Исаны туураган аксакалдар күнөө кылган кишини өкүнбөйт деп дароо эле тыянак чыгарып койбойт. Айрымдар аксакалдар менен биринчи жолу жолукканда эле өкүнсө, башкаларына көбүрөөк убакыт керек болушу мүмкүн. Ошондуктан алар менен бир нече ирет жолукканга туура келиши ыктымал. Балким, жаза басып алган киши биринчи жолугушуудан кийин уккандары тууралуу кылдат ойлоноттур. Анан Жахабадан кечирим сурап, жалындуу тилениши мүмкүн (Заб. 32:5; 38:18). Ошентип, ал кийинки жолкусунда башкача ой жүгүртүп калышы ыктымал.

13 Күнөө кылып алган кишиге өкүнгөнгө түрткү бериш үчүн аксакалдар боорукер болуп, аны түшүнгөнгө аракет кылышы керек. Алар Жахабадан күч-аракетине батасын беришин сурап тиленишет. Ак жолдон тайып кеткен ишенимдешинин акылына келип, өкүнөрүнөн үмүт үзүшпөйт (2 Тим. 2:25, 26).

Аксакалдар күнөө кылып алган ишенимдешине өкүнгөнгө убакыт бериш үчүн аны менен бир нече ирет жолугушу мүмкүн (12-абзацты карагыла)


14. Күнөө кылган киши өкүнгөндө, ким даңкталышы керек жана эмне үчүн?

14 Эгер күнөө кылган ишенимдешибиз өкүнсө, аябай сүйүнөбүз (Лк. 15:7, 10). Бул үчүн кимди даңкташыбыз керек? Аксакалдардыбы? Пабылдын: «Кудай алардын өкүнүшүнө. . . жол ачышы мүмкүн»,— деп айтканын эстесеңер (2 Тим. 2:25). Андыктан күнөө кылган ишенимдешибизге ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун өзгөрткөнгө кайсы бир адам эмес, Жахаба жардам берет. Пабыл күнөө кылган киши өкүнгөндөн кийин кандай жакшы нерсе болорун түшүндүргөн. Өкүнгөнү ага чындыкты дагы тагыраак түшүнгөнгө, эсине келгенге жана Шайтандын торунан чыкканга түрткү берет (2 Тим. 2:26).

15. Аксакалдар өкүнгөн кишиге андан ары да кантип жардам бере беришет?

15 Туура эмес жолго түшүп алган адам өкүнгөндөн кийин да, аксакалдар кайтаруучулук жолугууга барып турат. Анткени алар ага ишенимин бекемдегенге, Шайтандын тузактарына түшүп калбаганга жана туура иш кылганга жардам бергиси келет (Евр. 12:12, 13). Албетте, аксакалдар кимдин эмне күнөө кылганын эч кимге айтпайт. Анда күнөө кылган кишиге байланыштуу жыйналышка эмнени кулактандырса болот?

«БААРЫНЫН КӨЗҮНЧӨ АШКЕРЕЛЕ»

16. 1 Тиметей 5:20га ылайык, Пабыл: «Баарынын көзүнчө»,— дегенде эмненин айткысы келген?

16 Окугула: 1 Тиметей 5:20. Пабыл аксакал болуп кызмат кылган Тиметейге күнөө кылып жүргөндөрдү «баарынын көзүнчө ашкерелеши» керектигин айткан. Муну менен эмне дегиси келген? Ал: «Баарынын көзүнчө»,— деп бүт жыйналышты айткан эмес. Кылынган иш тууралуу билген саналуу эле адамдар жөнүндө айткан. Алар ошол ишке күбө болгондор же күнөө кылган киши өзү барып айткандар болушу мүмкүн эле. Аксакалдар иштин каралганын жана күнөө кылган кишиге кеңеш берилгенин ошолорго гана айтмак.

17. Кайсы жагдайларда кимдир бирөөнүн ашкереленгени кулактандырылат жана эмне үчүн?

17 Айрым учурларда кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кылганын жыйналыштагылардын көбү билип калышы же убакыттын өтүшү менен билиши мүмкүн. Андайда Пабылдын: «Баарынын көзүнчө»,— деген сөздөрү бүтүндөй жыйналышты билдирет. Ошондуктан аксакалдар ишенимдешибиздин ашкереленгенин жыйналышка кулактандырып коёт. Эмне үчүн? Пабыл айткандай, «башкаларга эскертүү болуш үчүн». Тактаганда, аларга олуттуу күнөө кылып алгандан сак болгонго жардам бериш үчүн.

18. Жашы жете электер күнөө кылганда аксакалдар эмне кылат? (Сүрөттү да карагыла.)

18 Ал эми 18ге чыга элек чөмүлгөн жарчылар олуттуу күнөө кылса, аксакалдар эмне кылат? Андайда аксакалдар кеңеши эки аксакалды дайындайт. Алар өспүрүм менен жана, эгер анын ата-энеси же камкорчусу Жахабанын Күбөсү болсо, алар менен чогуу сүйлөшөт b. Аксакалдар ата-энесинен баласына өкүнгөнгө түрткү бериш үчүн эмнелерди кылганын сурайт. Эгер бала ата-энесинин тилин алып, оңолгонго аракет кылып жатса, аксакалдар алар менен андан ары жолукпай эле коюну чечиши мүмкүн. Анткени балдарды мээримдүүлүк менен оңдоп-түзөө — Кудайдын ата-энелерге берген милдети (Мыйз. 6:6, 7; Накыл 6:20; 22:6; Эф. 6:2—4). Маал-маалы менен аксакалдар баланын ата-энесинен кантип жардам берип жатканын, кандай жылыш болуп жатканын сурап турушат. Эгер өспүрүм өкүнбөй, кайра-кайра туура эмес ишин кыла берсе, эмне кылыш керек болот? Андайда аксакалдар комитети өспүрүм жана анын ата-энеси жекамкорчусу менен жолугат.

Эгер жашы жете элек жарчы күнөө кылса, аны менен жана анын ата-энеси же камкорчусу менен эки аксакал жолугат (18-абзацты карагыла)


ЖАХАБА «АБДАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ»

19. Күнөө кетирип алган ишенимдешине жардам берип жатканда аксакалдар Жахабаны кантип туурай алышат?

19 Күнөө кылган кишинин ишин караган аксакалдар Жахаба жыйналышты таза сактоону талап кылаарын унутпашы керек (1 Кор. 5:7). Ошондой эле алар күнөө кылган кишиге өкүнгөнгө түрткү бериш үчүн колунан келгендин баарын кылат. Ал аксакалдар андай ишенимдешинин оңолорунан үмүт үзбөйт. Эмне үчүн? Анткени «абдан боорукер, кайрымдуу» Жахабаны туурагысы келет (Жкп. 5:11). Бир топ жашка келип калган элчи Жакан да ишенимдештерине ушундай мамиле кылган. Ал: «Балдарым, буларды күнөө кылбашыңар үчүн жазып жатам. Эгер кимдир бирөө күнөө кылып алса, Атабыздын жанында жардамчыбыз — адилдигинен жазбаган Иса Машаяк — бар»,— деп жазган (1 Жкн. 2:1).

20. Кийинки макаладан эмне жөнүндө билебиз?

20 Өкүнүчтүүсү, кээ бир жарчылар кылган иши үчүн өкүнбөй коёт. Андайда ал жыйналыштан чыгарылышы керек болот. Эгер ошондой болсо, аксакалдар эмне кылат? Бул катар макалалардын акыркысынан ушул жөнүндө билебиз.

103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер

a Мурун бул топ укуктук комитеттер деп аталчу. Бирок күнөө кетирген кишинин укугун териштирүү же аны соттоо аксакалдар аткарган иштин бир эле тармагы болуп калат. Ошондуктан бул термин мындан ары колдонулбайт. Анын ордуна аны аксакалдар комитети деп айта баштайбыз.

b Эгер жашы жете элек жарчынын ата-энеси же камкорчусу Жахабанын Күбөсү болбосо, аксакалдар менен жолукканы барганда аны Жахабанын Күбөсү болгон тууганы же Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген киши же ал ишенген улуураак башка Жахабанын Күбөсү коштоп барышы керек.