Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай

Күнөөкөр адамзатты куткарыш үчүн Жахаба эмне кылган?

Күнөөкөр адамзатты куткарыш үчүн Жахаба эмне кылган?

«Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун. . . берди» (ЖКН. 3:16).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Күнөө менен болгон кармашта бизге жардам бериш үчүн Жахаба кандайча өзү биринчи кадам таштаган? Келечекте күнөөнүн кулчулугунан боштондукка чыгып, түбөлүк жашашыбыз үчүн эмне кылган?

1, 2. а) Күнөө деген эмне жана аны менен болгон кармашта канткенде жеңүүчү боло алабыз? (Түшүндүрмөнү да карагыла.) б) «Күзөт мунарасынын» бул санындагы ушул жана башка макалаларында эмнелерди талкуулайбыз? (Ушул сандагы «Окурмандарга» деген макаланы да карагыла.)

 ЖАХАБАНЫН сени канчалык жакшы көрөрүн билгиң келеби? Анда Жахабанын сени күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн эмнелерди кылганын изилдеп көрүшүң керек. Күнөө a күчтүү душманга окшош. Аны жалгыз жеңе алмак эмессиң. Негизи, баарыбыз тең күнөөкөр пендебиз жана күн сайын жаңылабыз. Күнөөнүн айынан акыр-түбү өлөбүз (Рим. 5:12). Бирок, бактыга жараша, Жахабанын жардамы менен күнөөнү жеңе алабыз. Буга Кудайыбыз өзү кепилдик берет!

2 Ал дээрлик 6 000 жылдан бери адамзатка күнөө менен кармашканга жардам берип келет. Эмне үчүн? Анткени бизди жакшы көрөт. Ал адамзатты башынан баштап эле жакшы көрчү. Ошондуктан алар күнөөкөр болуп калганда жардам бериш үчүн көп нерсе кылган. Жаратканыбыз күнөөнүн өлүмгө алып барарын билет. Бирок биздин өлүшүбүздү эмес, түбөлүк жашашыбызды каалайт (Рим. 6:23). Анын ичинде сенин да түбөлүк өмүр сүрүшүңдү самайт. Бул макаладан 3 суроого жооп алабыз: 1) Жахаба күнөөкөр адамзатка кандай үмүт берген? 2) Байыркы учурдагылар анын ырайымына ээ болуш үчүн эмне кылышкан? 3) Иса адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн эмне кылган?

ЖАХАБА КҮНӨӨКӨР АДАМЗАТТЫН ҮМҮТҮН КАНТИП ЖАНДЫРГАН?

3. Түпкү ата-энебиз кандайча күнөөкөр болуп калган?

3 Жахаба биринчи эркек менен аялды жаратканда алардын бактылуу болушун каалаган. Ал аларды кооз жерге жайгаштырып, никесин кыйган. Бул алар үчүн чоң белек болгон. Анан аларга кызыктуу тапшырма берген. Түпкү ата-энебиз жер бетин өзүнүн урпактарына толтуруп, бардык жерди Эйденге окшогон кооз бакка айлантышмак. Жахаба аларга бир жөнөкөй эле нерсени кылганга тыюу салган. Эгер ошол буйрукка баш ийбей коюшса, ага каршы чыгарын, акыры, өлүшөрүн эскерткен. Кийин эмне болгонун жакшы билебиз. Жахабаны жана аларды жаман көргөн бир периште Адам ата менен Обо энени күнөө кылганга азгырган. Алар болсо азгырыкка алдырып койгон. Алар сүйүүсүнө бөлөп келген Атасына ишенгендин ордуна, күнөө кылган. Жыйынтыгында, баары так Жахаба айткандай болуп чыккан. Алар бара-бара карып, акыры, өлгөн (Башт. 1:28, 29; 2:8, 9, 16—18; 3:1—6, 17—19, 24; 5:5).

4. Жахаба күнөөнү эмне үчүн жек көрөт жана аны менен күрөшкөнгө кантип жардам берет? (Римдиктер 8:20, 21).

4 Жахаба ошол өкүнүчтүү окуяны биздин пайдабыз үчүн жаздырып койгон. Бул бизге Кудайдын күнөөнү эмне үчүн ушунчалык жек көрөрүн түшүнгөнгө жардам берет. Күнөө асмандагы Атабыз менен болгон мамилебизди талкалап, акыры, бизди өлүмгө дуушар кылат (Ыш. 59:2). Шайтан дал ушул себептен күнөөнү сүйөт жана көптөрдү күнөөнүн торуна түшүргүсү келет. Сыягы, ал Адам ата менен Обо энени күнөөгө түрткөндө чоң жеңишке жеттим деп ойлосо керек. Бирок ал Жахабанын канчалык мээримдүү Кудай экенин түшүнгөн эмес. Кудай адамзатка байланыштуу ой ниетин эч качан өзгөртмөк эмес. Ал аларды ушунчалык жакшы көргөндүктөн дароо үмүт берген. (Окугула: Римдиктер 8:20, 21.) Жахаба убакыттын өтүшү менен аны сүйүп, күнөө менен кармашта андан жардам издеген адамдардын болорун билген. Ошондуктан Атасы жана Жаратканы катары аларды күнөөдөн арылтып, аны менен ынак мамиледе болушуна шарт түзө турган бир нерсе кылмак. Ал эмне кылат эле?

5. Жахаба күнөөкөр адамзаттын үмүтүн биринчи жолу качан жандырган? Түшүндүргүлө. (Башталыш 3:15).

5 Окугула: Башталыш 3:15. Адамзаттын үмүтү биринчи жолу Жахаба Шайтанга өкүмүн жарыялаганда жанган. Ошондо Кудай адамдарды сактай турган «тукум» чыгарын айткан. «Тукум» Шайтанды жок кылып, Эйденде көтөрүлгөн маселени биротоло чечмек (1 Жкн. 3:8). Бирок ал ишин аягына чыгара электе эле зыян тартмак. Себеби Шайтан аны өлтүрмөк. Бул Жахабанын жүрөгүн аябай жараламак. Ошентсе да Жахаба буга жол бермек. Анткени ошонун аркасында нечендеген кишилер күнөө менен өлүмдүн туткунунан бошотулмак.

БАЙЫРКЫ УЧУРДАГЫЛАР ЖАХАБАНЫН ЫРАЙЫМЫНА ЭЭ БОЛУШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШКАН?

6. Абыл, Нух сыяктуу ишеними күчтүү инсандар Жахабага жакындаш үчүн эмне кылган?

6 Кылымдар карыган сайын Жахаба жеткилең эмес кишилердин ага кантип жакындаса болорун айкын кыла берген. Эйдендеги козголоңдон кийин биринчилерден болуп Адам ата менен Обо эненин экинчи уулу Абыл Жахабага бекем ишенген. Ал Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана ага жакындагысы келгендиктен тартуу алып келген. Абыл койчу болгондуктан малынын төл башыларынан Жахабага курмандык чалган. Жахаба буга кандай караган? Ал «Абылды жактырып, тартуусун кабыл алган» (Башт. 4:4). Кийин Нух сыяктуу Жахабаны сүйгөн, ага таянган кишилер курмандык чалганда, Жахаба алардыкын да кабыл алган (Башт. 8:20, 21). Ушундайча ал күнөөкөр пенделер анын ырайымына ээ болуп, ага жакындай аларын көрсөткөн b.

7. Ыбрайымдын өз уулун курмандыкка чалганга даяр болгонунан эмнени биле алабыз?

7 Жахаба күчтүү ишеними менен өзгөчөлөнгөн Ыбрайымга абдан оор тапшырма берген. Ал ага уулу Ыскакты курмандыкка чалышы керектигин айткан. Муну укканда пайгамбардын жүрөгү тилинсе керек. Ошентсе да ал Кудай айткандай кылганга бел байлаган. Ал уулун мына-мына мууздаганы жатканда, Жахаба аны токтотуп калган. Бул окуя аркылуу Жахаба келечекте эмне кыларын көрсөткөн. Ал адамдарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн өзүнүн сүйүктүү Уулун курмандыкка чалмак (Башт. 22:1—18).

8. Эмне үчүн Мыйзам боюнча курмандык чалынышы керек эле? (Лебилер 4:27—29; 17:11).

8 Бир топ кылым өткөндөн кийин Жахаба ысрайыл элине Мыйзам берген. Ага ылайык, эл күнөөлөрү кечирилиши үчүн курмандык чалышы керек болгон. (Окугула: Лебилер 4:27—29; 17:11.) Алар Жахабанын келечекте адамзатты күнөөдөн толугу менен арылта турган курмандык чаларын эстетип турган. Пайгамбарлар ыйык рухтун жетеги менен убадаланган «тукумдун» — Кудайдын Уулунун — кордолуп, өлтүрүлөрүн айтышкан. Ал курмандыкка чалынган койдой болмок (Ыш. 53:1—12). Элестетсең, Жахаба адамзатты, анын ичинде сени күнөө менен өлүмдөн бошотуш үчүн өзүнүн сүйүктүү Уулун курмандыкка чалмак!

ИСА АДАМЗАТТЫ КУТКАРЫШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛГАН?

9. Чөмүлдүрүүчү Жакан Иса жөнүндө эмне деген? (Еврейлер 9:22; 10:1—4, 12).

9 Б. з. 1-кылымында Чөмүлдүрүүчү Жакан назареттик Исаны көргөндө: «Мына, Кудайдын Козусу! Ал бул дүйнөнү күнөөдөн арылтат»,— деген (Жкн. 1:29). Ыйык рухтун жетеги менен айтылган бул сөздөр Исанын илгертен бери айтылып келаткан убадаланган тукум экенин айкын кылган. Ал өз өмүрүн курмандыкка чалмак. Эми күнөөкөр адамзатка үмүттүн нуру жанган. Анткени Иса күнөөнү толугу менен жеңмек. (Окугула: Еврейлер 9:22; 10:1—4, 12.)

10. Иса: «Күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деген сөздөрүн кантип аткарган?

10 Иса күнөөнүн оор жүгүнөн эзилип жүргөндөргө өзгөчө көңүл буруп, аларды жолдоочусу болгонго чакырган. Анткени алардын күнөөнүн айынан азап чегип жүргөнүн билген. Ошондуктан аларга назарын салган. Эмне үчүн ушинтип жатканын: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деп түшүндүргөн. Андан соң: «Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деп кошумчалаган (Мт. 9:12, 13). Анан айтканына ылайык иш кылган. Алсак, бир аял келип анын бутун көз жашы менен жууганда, ага жумшак мамиле кылып, күнөөлөрүн кечирген (Лк. 7:37—50). Самариялык аялдын бузуктук кылып жүргөнүн билсе да, ага маанилүү чындыкты айтпай койгон эмес (Жкн. 4:7, 17—19, 25, 26). Кудай Исага атүгүл күнөөнүн эң чоң кесепетин — өлүмдү — жок кылганга күч берген. Буга Исанын эркектерди, аялдарды, балдарды жана чоңдорду тирилткени далил (Мт. 11:5).

11. Күнөөкөрлөр Исага эмне үчүн тартылышкан?

11 Күнөөгө белчесинен баткандардын Исага тартылып турганы таң калыштуу эмес. Анткени ал аларга боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылган. Алар Исанын жанында ээн-эркин жүрө алышкан (Лк. 15:1, 2). Машаяк аларды ишеними үчүн мактап, жылуу-жумшак мамиле кылган (Лк. 19:1—10). Иса Атасынын канчалык ырайымдуу экенин болуп көрбөгөндөй деңгээлде айкын кылган (Жкн. 14:9). Ал кайрымдуу, боорукер Атасынын адамдарды жакшы көрөрүн, күнөөнүн торунан бошоткусу келерин сөзү менен да, иши менен да көрсөткөн. Андан тышкары, Иса күнөөкөрлөр өзгөрүп, аны жолдой алышы үчүн алардын каалоосун ойготкон (Лк. 5:27, 28).

12. Иса өзүнүн өлүмү тууралуу эмнелерди айткан?

12 Иса өзүн алдыда эмнелер күтүп турганын билген. Ал шакирттерине башкалар аны душмандардын колуна салып берерин, устунга кадаларын бир нече жолу айткан (Мт. 17:22; 20:18, 19). Чөмүлдүрүүчү Жакан жана башка пайгамбарлар алдын ала айткандай, Иса өз өмүрүн берип, бул дүйнөнүн күнөөсүн алып кетерин билген. Ошондой эле өмүрүн курмандыкка чалгандан кийин, өзүнө «ар кандай адамдарды жакындатарын» айткан (Жкн. 12:32). Эгер күнөөкөр адамдар Исаны Мырзасы катары кабыл алып, анын изи менен жүрсө, Жахабага жага алмак. Акыры, алар «күнөөнүн кулчулугунан бошонмок» (Рим. 6:14, 18, 22; Жкн. 8:32). Ушунун баарын билгендиктен Иса азаптуу өлүмгө тике караган (Жкн. 10:17, 18).

13. Иса кантип өлгөн жана мындан Жахаба тууралуу эмнени биле алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Исага досторунун бири чыккынчылык кылып, душмандардын колуна салып берген. Алар аны басынтышкан, кордошкон, жалган айып тагышкан жана өлүм өкүмүн чыгарышкан. Жоокерлер болсо аны жаза устунуна кадашкан. Исанын ошентип жаны сыздап жатканын асмандан Атасы жүрөгү тилинип карап турган. Жахаба кийлигишип, Уулунун азап чеккенин токтотуп коё алмак. Бирок анткен эмес. Эмне үчүн? Эмне себептен Жахаба аябай жакшы көргөн Уулунун ушунчалык азап чегип өлүшүнө жол берген? Бизди сүйгөнү үчүн. Иса: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айткан (Жкн. 3:16).

Бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуш үчүн Уулунун өлтүрүлүшүнө жол бергенде, Жахабанын ичи туз куйгандай ачышкан (13-абзацты карагыла)


14. Жахабанын Исаны биз үчүн бергени эмнени далилдеп турат?

14 Жахаба Исаны биз үчүн берип, Адам ата менен Обо эненин урпактарын канчалык жакшы көрөрүн далилдеген. Бул Жахабанын жеке сени канчалык жакшы көрөрүн да далилдеп турат. Ал өзөгү өрттөнсө да, сени күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн, өзүнүн жанындай жакшы көргөн Уулун аяган эмес (1 Жкн. 4:9, 10). Ооба, ал ар бирибизге күнөө менен болгон кармашта жеңүүчү болуп чыкканга жардам бергиси келет!

15. Кудайдын белегинин, Исанын курмандыгынын, пайдасы тийиши үчүн эмне кылышыбыз керек?

15 Кудайдын баа жеткис белегинин — Исанын курмандыгынын — аркасында күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылган. Бирок Жахаба күнөөлөрүбүздү кечириши үчүн бизден да бир нерсе талап кылынат. Анын эмне экенин Чөмүлдүрүүчү Жакандын, кийин Иса Машаяктын айткан сөздөрүнөн билсек болот. Алар: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп айтышкан (Мт. 3:1, 2; 4:17). Демек, күнөөнү жеңгибиз келсе жана асмандагы Атабызга жакын болгубуз келсе, өкүнүшүбүз керек. Өкүнүү деген эмнени билдирет? Ал Жахабага жакканга кандайча жардам берет? Бул тууралуу кийинки макаладан билебиз.

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

a ТҮШҮНДҮРМӨ. Ыйык Китепте «күнөө» деген сөз туура эмес иштерге, тактаганда, Жахабанын адил талаптарына ылайык келбеген иштерге карата айтылышы мүмкүн. Бирок «күнөө» деген сөз Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөкөр абалыбызга, жеткилең эмес болуп калганыбызга карата да айтылат. Баарыбыз тең ушунун айынан өлөбүз.

b Жахаба Иса Машаяктын өз өмүрүн берип, бүт адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарарын билгендиктен Исага чейин жашаган ишенимдүү кызматчыларынын курмандыгын кабыл кылган (Рим. 3:25).