Окурмандарга
Кымбаттуу окурман!
«Күзөт мунарасынын» бул санындагы 5 макалада бири-бири менен тыгыз байланышта болгон төмөнкүдөй 5 суроо каралат:
Биринчиси, Жахаба анын уул-кыздары күнөө менен күрөш жүргүзө алышы үчүн кандай чара көргөн?
Экинчиси, Жахаба чындап өкүнүү деп эмнени эсептейт жана күнөө кетирген кишиге өкүнгөнгө кантип жардам берет?
Үчүнчүсү, Жахаба Корунттагы жыйналыштагыларга олуттуу күнөө кылып, ошонусу үчүн өкүнбөгөн кишиге байланыштуу кандай кеңеш берген?
Төртүнчүсү, бүгүнкү күндө аксакалдар олуттуу күнөө кетиргендерге кантип жардам бериши керек?
Бешинчиси, өкүнбөгөнү үчүн жыйналыштан чыгарылган кишиге башкалар сүйүү, боорукердик менен кантип мамиле кыла берсе болот?