Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

2 Тесалоникалыктар 3:14тө айрым кишилердин «байкоого алынышы» керектиги айтылган. Аларды аксакалдар байкоого алышы керекпи же жыйналыштагы жарчыларбы?

Элчи Пабыл Тесалоникадагы ишенимдештерине: «Ким бул катта айткандарыбызга баш ийбесе, аны байкоого алгыла»,— деп жазган (2 Тес. 3:14). Буга чейин ушул көрсөтмөнү аксакалдарга тиешелүү деп келгенбиз. Ага ылайык, кимдир бирөө кайра-кайра кеңеш берилгенине карабай, Ыйык Китептеги принциптерди баркка албай койсо, аксакалдар эскертүү иретинде жыйналышта сөз айтылышын чечишчү. Ошондон кийин айрым жарчылар ошол киши менен жыйналыштан же кызматтан тышкары, чогуу убакыт өткөрбөй калышчу.

Бирок ушул көрсөтмөнү өзгөртүш керек болду. Пабыл, сыягы, кайсы бир жагдайларда ар бир жарчы жеке өзү чыгара турган чечим жөнүндө айткан көрүнөт. Андыктан мындан ары аксакалдардан эскертүү иретинде жыйналышка сөз айтуу талап кылынбайт. Эмне үчүн ушундай болуп өзгөрдү? Келгиле, анда Пабыл ушул кеңешти бергенде эмне жөнүндө айтканына көңүл буралы.

Ал Тесалоникадагы жыйналышта айрымдардын «тартипти бузуп жатканын» байкаган. Пабыл ал жакка 1-жолу барганда Кудайдын Сөзүнө негиздеп: «Ким иштегиси келбесе, ал жебесин» — деп, кеңеш берген. Бирок алар угушкан эмес. Айрымдары алты саны аман болсо да, жанын багыш үчүн иштебей жүрө беришкен. Анысы аз келгенсип, башкалардын ишине кийлигишкен. «Тартипти бузган» ошондой ишенимдештерине жыйналыштагылар кандай мамиле кылышы керек эле? (2 Тес. 3:6, 10—12).

Пабыл андайларды «байкоого алгыла» деген. «Байкоого алуу» деген грек тилиндеги сөз кимдир бирөө сага жаман таасир этпеши үчүн андан алыс болуу деген маанини туюнтат. Ал бул сөздөрүн аксакалдарга эмес, бүт жыйналышка жолдогон (2 Тес. 1:1; 3:6). Андыктан Исанын жолдоочусу ишенимдешинин Кудайдын ыйык руху менен жазылган кеңешке баш ийбей, тартипти бузуп жатканын байкап калса, андан «алыс болоюн» деп өзү чечип алмак.

Бул алардын ошондой кишини жыйналыштан чыгарылгандардай көрүшү керектигин билдиргенби? Жок. Анткени Пабыл: «Бир тууганыңар катары ага насаат айта бергиле»,— деген. Андыктан шакирттер андай киши менен жыйналышка келгенде же кызматта жүргөндө сүйлөшө бермек. Бирок аны менен чогуу эс алып, көңүл ачмак эмес. Эмне үчүн? Пабыл: «Уяткарыш үчүн, аны менен мамилелешпегиле»,— деп жазган. Эгер башкалар андай киши менен көп мамилелешпей калса, ал уялып, оңолгонго аракет кылышы мүмкүн болгон (2 Тес. 3:14, 15).

Бул кеңешти бүгүн биз кантип колдоно алабыз? Алгач, кимдир бирөөнүн, Пабыл айткандай, чын эле «тартипти бузуп» жаткан-жатпаганын так аныкташыбыз керек. Пабыл бул жерде абийирине жараша башкача чечим чыгаргандар же жаккан-жакпаган нерселери биздикинен айырмалангандар жөнүндө айткан эмес. Көңүлүбүздү ооруткандар да «тартипти бузгандарга» кирерин айткысы келген эмес. Ал Кудайдын Сөзүнө негизделген кеңеш берилсе да, атайлап укпай койгондор жөнүндө кеп кылган.

Эгер ишенимдешибиздин Кудайдын Сөзүндөгү кеңешке кулак какпай жатканын байкасак a, аны менен чогуу көңүл ачып, эс алганы барбай эле коёюн деп чечип алабыз. Бул биздин жеке чечимибиз болгондуктан, ал тууралуу үйдөгүлөрдөн башка эч ким менен сүйлөшүп, талкуулабайбыз. Албетте, андай ишенимдешибиз менен жолугушуулардан же кызматка чыкканда сүйлөшө беребиз. Ал эми өзгөрсө, аны менен мурункудай эле мамилелеше баштайбыз.

a Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз алты саны аман болсо да, жанын багыш үчүн иштегиси келбеши, үй-бүлө куруу максатында Мырзабыздын жолдоочусу болбогон киши менен сүйлөшө бериши, уюм берген көрсөтмөлөргө каршы сүйлөшү, Ыйык Китептеги окууларды талашка салышы же ушак таратышы мүмкүн (1 Кор. 7:39; 2 Кор. 6:14; 2 Тес. 3:11, 12; 1 Тим. 5:13). Андайлар ошонусун токтотпосо, «тартипти бузган» болуп эсептелет.