Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө бейтараптуулукту сакта

Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө бейтараптуулукту сакта

«Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле» (МТ. 22:21).

ЫРЛАР: 33, 137

1. Кандайча Кудайга да, өкмөттөргө да баш ие алабыз?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ өкмөттөргө баш ийишибиз керектиги, бирок адамдарга караганда Кудайга көбүрөөк баш ийишибиз керек экени айтылат (Элч. 5:29; Тит 3:1). Бул буйруктар бири-бирине карама-каршы келеби? Жок. Иса Машаяк айткан принцип аларды туура түшүнүүгө жардам берет. Ал: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген (Мт. 22:21). Канткенде бул көрсөтмөгө ылайык иш кыла алабыз? Биз мамлекеттик мыйзамдарга баш ийип, бийликтегилерди урматтап, алык-салыктарды төлөшүбүз керек (Рим. 13:7). Бирок бийликтегилер Кудайдын буйруктарына каршы иш кылууну талап кылганда, сылыктык менен баш тартабыз.

2. Саясий иштерде бейтараптуу экенибизди кантип көрсөтөбүз?

2 Бул дүйнөдөгү саясий иштерге аралашпасак, Кудайга тиешелүүнү Кудайга берген болобуз (Ыш. 2:4). Биз Жахаба бийлик кылууга жол берген өкмөттөргө каршылык көрсөтпөйбүз, патриоттук сезимдерди козгогон же улутчулдукка үндөгөн иш-чараларга катышпайбыз (Рим. 13:1, 2). Ошондой эле өкмөттөгүлөргө кандайдыр бир жолдор менен таасир этүүгө, бийликтегилерди алмаштырууга аракет кылбайбыз, шайлоолордо добуш бербейбиз, саясат менен байланышы бар кызмат орундарына да умтулбайбыз.

3. Эмне үчүн бейтараптуулукту сакташыбыз керек?

3 Ыйык Китепте Кудайдын эмне үчүн бейтараптуу болушубуз керектигин талап кыларынын бир нече себеби жазылган. Мисалы, бул «дүйнөгө таандык болбосок», тактап айтканда, саясий иштерге же согуштарга аралашпасак, Исанын окууларына жана үлгүсүнө карманарыбызды көрсөтөбүз (Жкн. 6:15; 17:16). Андан тышкары, Падышалыктын берилген жарандары экенибизди далилдейбиз. Анын аркасында башкаларга адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечип берет деп таза абийир менен айта алабыз. Дагы бир себеби, жалган дин саясатка кийлигишип, өзүнүн мүчөлөрүн бөлүп-жарууда. Биз болсо бейтараптуулукту сактагандыктан дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз менен биримдиктебиз (1 Пет. 2:17).

4. а) Бейтараптуулукту сактоо барган сайын кыйын боло берерин эмнеден билебиз? б) Эмне үчүн бейтараптуулукту сактоого азыртадан даярданышыбыз керек?

4 Биз жашаган жерде саясий жагдай салыштырмалуу тынч болгондуктан, сыйынуубузга байланыштуу кыйынчылыктар деле болбошу мүмкүн. Бирок Шайтандын дүйнөсүнүн аягы жакындаган сайын, бейтараптуулук маселеси курчуй берери турган иш. Себеби «эпке-сөзгө келбеген», «өз дегенин бербеген» адамдардын көптүгүнөн улам дүйнөнүн ынтымагы ыдырап, карама-каршылыктар күч ала берет (2 Тим. 3:3, 4). Айрым өлкөлөрдө саясий абал чукул өзгөргөндүктөн, ал жактагы ишенимдештерибиз кыйынчылыктарга туш боло башташты. Ушунун баары бейтараптуулукту сактоого азыртадан чечкиндүү болушубуз керектигин айгинелеп турат. Эгер кыйынчылык болгонго чейин күтүп отура берсек, Кудайдын мыйзам-принциптерин оңой эле бузуп алышыбыз мүмкүн. Анда бөлүнүп-жарылган азыркы дүйнөдө бейтараптуулукту сактоого кантип даярдана алабыз? Келгиле, мунун төрт жолун карап чыгалы.

ӨКМӨТТӨРГӨ КАРАТА ЖАХАБАНЫКЫНДАЙ КӨЗ КАРАШТА БОЛ

5. Жахаба өкмөттөргө карата кандай көз карашта?

5 Бейтараптуу бойдон калууга, биринчиден, өкмөттөргө карата Жахабаныкындай көз карашта болуу жардам берет. Бийликтегилердин айрымдары адилеттүүдөй көрүнсө да, Жахаба адамдарды бири-бирин башкарыш үчүн жараткан эмес (Жер. 10:23). Ал адамзатты бир үй-бүлөдөй көрөт, ал эми өкмөттөр улутчулдукту даңазалап, элдерди бөлүп-жарат. Атүгүл эң мыкты деп эсептелген башкаруучулар да көйгөйлөрдүн баарын чече албайт. Анын үстүнө, алар 1914-жылдан бери Кудайдын Падышалыгы менен атаандашып келет. Жакында ал Падышалык өкмөттөрдүн баарын талкалап, Кудайдын өкүмүн ишке ашырат. (Оку: Забур 2:2, 7—9.)

6. Бийликтегилерге кандай карашыбыз керек?

6 Өкмөттөр кандайдыр бир деңгээлде тартиптин, тынчтыктын болушуна шарт түзгөндүктөн, Кудай аларга бийлик жүргүзүүгө жол берүүдө. Эгер тартип менен тынчтык болсо, жакшы кабарды жарыялоо да жеңилирээк болот (Рим. 13:3, 4). Кудай бизди атүгүл башкаруучулар үчүн, айрыкча, алар чыгарган чечим сыйынуубузга таасир эте турган болсо, тиленүүгө үндөйт (1 Тим. 2:1, 2). Адилетсиздикке кабылганда биз, элчи Пабылдай болуп, бийликтегилерге кайрылабыз (Элч. 25:11). Ыйык Китепте саясий түзүлүш Кудайдын душманы болгон Шайтандын бийлиги астында экени жазылса да, анда анын өкмөттөгүлөрдүн ар бирин көзөмөлдөй турганы айтылган эмес (Лк. 4:5, 6). Андыктан кайсы бир башкаруучуну Шайтан бийлеп алган деп айтуудан качканыбыз оң. Биз бийликтегилердин эч кимисин жамандабашыбыз керек (Тит 3:1, 2).

7. Кандай ойлордон качышыбыз керек?

7 Кудайга баш иерибиз кайсы бир саясатчыны же партияны, алардын идеологиясы бизге пайда алып келчүдөй сезилсе да, жактабаганыбыздан көрүнөт. Кээде бул кыйынга турушу мүмкүн. Маселен, көпчүлүктү, анын ичинде Жахабанын кызматчыларын эзген кайсы бир өкмөттү алмаштыруу максатында эл көтөрүлүш чыгарды дейли. Өзүбүз көтөрүлүшкө чыкпасак да, алардын ишин туура көрүп, оюбузда аларды колдобойбузбу? (Эф. 2:2). Бейтараптуулукту сактаганыбыз сөзүбүздөн же ишибизден эле эмес, жүрөгүбүздөгү ойлордон да билинет.

САК, ОШОЛ ЭЛЕ УЧУРДА «КУУЛУГУ ЖОК, ЖӨНӨКӨЙ БОЛ»

8. Бейтараптуулукту сактоо кыйын болгондо кандайча сак, ошол эле учурда «куулугу жок, жөнөкөй» боло алабыз?

8 Бейтараптуулукту сактоонун экинчи жолу — кыйынчылыкка туш болгондо «жыландай сак, ошол эле учурда көгүчкөндөй куулугу жок, жөнөкөй болуу». (Оку: Матай 10:16, 17.) Кооптуу жагдайларды алдын ала көрө билсек, сак экенибизди көрсөтөбүз, ал эми башкалардын таасирине алдырбай, бейтараптуу болсок, «куулугу жок, жөнөкөй» экенибизди көрсөтөбүз, башкача айтканда, өзүбүздү дүйнөдөн таза сактай алабыз. Эмесе, кандай жагдайларга туш болушубуз мүмкүн экенин жана андайда кантип туура иш кыла аларыбызды карап көрөлү.

9. Башкалар менен пикирлешкенде эмнеден сак болушубуз керек?

9 Пикирлешүү. Саясат жөнүндө сөз болгондо, сак болушубуз керек. Алсак, Падышалык жөнүндө кабар айтып жатканда кайсы бир саясатчыны же партияны мактагандан же сындагандан кач. Үй ээси менен жалпылыкты табыш үчүн кайсы бир көйгөйдү адамдар кандай жолдор менен чечүүнү ойлонуштуруп жатышканын талкуулагандын ордуна, аны Кудайдын Падышалыгы кантип биротоло чечерин Ыйык Китептен көрсөтүп бер. Эгер бир жыныстагы адамдардын никеси же бойдон алдыруу сыяктуу талаш жарата турган маселелер жөнүндө кеп козголуп калса, Кудайдын Сөзүндө эмне делерин жана өзүңдүн кандайча аларга ылайык жашап жатканыңды түшүндүрүп бер. Андай маселелердин саясатка тиешелүү жактарына келгенде толугу менен бейтараптуу бол. Биз кайсы мыйзам кабыл алынып, кайсынысы жокко чыгарылып, кайсынысы өзгөртүлүшү керектиги тууралуу сөз жүргөндө, эч бир тарапты ээлебейбиз жана башкаларга өзүбүздүн оюбузду таңуулабайбыз.

10. Маалымдоо каражаттары аркылуу берилгендерди көргөндө же окуганда бейтараптуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

10 Жалпыга маалымдоо каражаттары. Жаңылыктарда кайсы бир тарапты жактаган бейкалыс ойлор көп айтылат. Жалпыга маалымдоо каражаттарын бийликтегилер кээде курал катары колдонушат. Мындай жагдай, айрыкча, маалымдоо каражаттарын өкмөт толугу менен көзөмөлдөгөн өлкөлөрдө көп кездешет. Бирок салыштырмалуу «эркинирээк» өлкөдө жашасак да, этият болушубуз керек. Ар бирибиз: «Маалымдоо каражаттарында кайсы бир кишинин саясатка байланыштуу айткандары менин оюма төп келгендиктен эле аны укканды жакшы көрбөймүнбү?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Эгер өзүбүздөн ошондой нерсени байкасак, балким, калыс көз караштагы булактарды окуп же угуп көрөттүрбүз. Кандай болбосун, саясат жөнүндөгү маалыматтарга көп кызыкпай, уккандарыбыздын Ыйык Китептеги «туура сөздөрдүн үлгүсүнө» ылайык келер-келбесин текшерип турганыбыз акылдуулукка жатат (2 Тим. 1:13).

11. Дүнүйө-мүлкүбүзгө байланып калсак, бейтараптуулукту сактоо кандайча кыйын болушу мүмкүн?

11 Дүнүйөкордук. Эгерде дүнүйө-мүлкүбүзгө байланып калсак, сыноого туш болгондо бейтараптуулукту сактоо кыйын болот. Өкүнүчтүүсү, Малавидеги ишенимдештерибиз 1970-жылдары куугунтукталганда, кынтыксыздыгын сактай албай калгандар болгон. Рут бир тууган мындай деп эскерет: «Алар ыңгайлуу жашоо шартынан баш тарта албай коюшкан. Кээ бирлери биз менен бирге качышкан, бирок качкындар лагериндеги ыңгайсыз шартка көнгүсү келбей, үйлөрүнө кайтыш үчүн кийин саясий партияга кошулуп кетишкен». Анткен менен көптөгөн ишенимдештерибиз экономикалык жактан кыйналганына, атүгүл колунда болгон нерселердин баарынан айрылганына карабай, бейтараптуулугун сактап келишет (Евр. 10:34).

12, 13. а) Жахаба адамдарга кандай карайт? б) Мекенибиз менен өтө эле сыймыктана баштаганыбыз эмнеден көрүнөт?

12 Ашкере сыймыктануу. Адамдар расасы, улуту, уруусу, маданияты, шаары менен сыймыктанганга жакын келишет. Бирок Жахаба адамдардын кайсы бир тобун башкалардан жогору көрбөйт. Анын көз алдында баары тең. Албетте, ал маданиятыбыздан баш тартышыбызды талап кылбайт. Маданияттардын ар түрдүүлүгү адамзат үй-бүлөсүнө өзүнчө көрк кошуп турат. Кудайдын көз алдында баарыбыз бирдей экенибизди унутпашыбыз керек (Рим. 10:12).

13 Мекенибиз менен өтө эле сыймыктана берүү улутчулдуктун өзөгүн түзөт жана Кудайдын мыйзам-принциптерин бузууга түртүшү мүмкүн. Биз да улутчулдуктун тузагына оңой эле түшүп калышыбыз ыктымал, анткени Кудайдын 1-кылымдагы кызматчылары менен да ошондой болгон (Элч. 6:1). Бул жагынан өзүбүздү кантип текшерип көрсөк болот? Башка өлкөдөн болгон ишенимдешиң сага кайсы бир нерсеге байланыштуу сунушун айтты деп коёлу. Сен дароо: «Муну бул жактагылар жакшыраак кылат»,— деп ойлоп, анын сунушун четке какпайсыңбы? Баарыбыздын: «Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деген кеңешке ылайык иш кылганыбыз маанилүү (Флп. 2:3).

ЖАХАБАДАН ЖАРДАМ СУРА

14. Тиленүү бейтараптуулукту сактоого кандайча жардам берет жана муну Ыйык Китептеги кайсы окуя тастыктап турат?

14 Бейтараптуулукту сактоонун үчүнчү жолу — Жахабадан жардам суроо. Андан ыйык рух сурап тилен. Ал рух бийликтегилердин жаман, адилетсиз мамилесине кабылганда чыдамдуулук, өзүн-өзү кармай билүү сыяктуу сапаттарды чагылдырууга көмөк кылат. Бейтараптуулукту сактоого тоскоолдук кыла турган жагдайларды аңдай билиш үчүн Жахабадан акылмандык сура (Жкп. 1:5). Чыныгы сыйынуу үчүн түрмөгө камалсаң же бийликтегилер тарабынан дагы башка жолдор менен куугунтукталып жатсаң, эч нерсеге карабай туруктуу болуп, ишенимиңди тайманбастык менен коргой алышың үчүн Жахабадан кайрат сура. (Оку: Элчилер 4:27—31.)

15. Бейтараптуулукту сактоого Ыйык Китеп кандайча жардам берет? («Кудайдын Сөзү аларга күч берген» деген кутучаны да кара.)

15 Жахаба сага өзүнүн Сөзү аркылуу да күч берет. Сыноого кабылганда бейтараптуулукту сактаганга жардам бере турган аяттар тууралуу ой жүгүрт. Аларды азыртадан эсиңе тутуп алсаң, жаныңда Ыйык Китебиң жок болгондо да, бекем бойдон кала аласың. Кудайдын Сөзү келечекке болгон үмүтүңдү бекемдейт. Ал үмүт куугунтук учурунда туруктуу бойдон калууга көмөк кылат (Рим. 8:25). Ошондуктан жаңы заманда алгың келген баталар жөнүндө жазылган аяттардын үстүнөн ой жүгүртүп, алардын бейиште аткарылып жатканын элестет.

КЫНТЫКСЫЗДЫГЫН САКТАГАНДАРДАН ҮЛГҮ АЛ

16, 17. Жахабанын бейтараптуулукту сактаган ишенимдүү кызматчыларынан кандай үлгү алсак болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

16 Бейтараптуу болууга жардам берген төртүнчү нерсе — Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү. Алар тууралуу ой жүгүртүү бизге акылмандык жана күч-кайрат берет. Алсак, Шадрах, Мешах жана Абетнего Бабылдын өкмөтүн символдоштурган айкелге табынуудан баш тартышкан. (Оку: Даниел 3:16—18.) Алардын чечкиндүүлүгү Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына желекке таазим кылуудан баш тартууга түрткү берип келет. Иса да саясатка же кагылышууларга катышкан эмес. Өзүнүн үлгүсү башкаларга жакшы таасир этерин билип, ал шакирттерине: «Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»,— деген (Жкн. 16:33).

17 Учурда көптөгөн ишенимдештерибиз бейтараптуулугун сактап келүүдө. Жахабага ишенимдүү болгону үчүн алардын айрымдары ырайымсыз мамилеге кабылган, түрмөгө камалган, кээ бирлери атүгүл өмүрүнөн айрылган. Алардын үлгүсү сага да кайрат берет. Түркиялык Барыш бир тууган мындай дейт: «Гитлердин аскерине кошулбаганы үчүн Френц Райтер аттуу жаш бир тууган өлүм жазасына тартылган. Өлөр алдындагы түнү апасына жазган катынан анын Жахабага болгон ишеними укмуштуудай бекем болгону, ага толугу менен таянганы көрүнүп турат. Сыноо учурунда мен да андан үлгү алгым келди» [1].

18, 19. а) Жыйналыштагылар сага бейтараптуулукту сактоого кантип колдоо көрсөтө алышат? б) Эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Жыйналыштагылар да сага бейтараптуулукту сактоого жардам берет. Сыноолорго туш болсоң, аксакалдарга кайрыл. Алар сага Ыйык Китептин негизинде жакшы кеңеш беришет. Кыйынчылыктарыңды башка ишенимдештериңе да айтсаң, алар сени бекемдей алышат. Алардан сен үчүн тиленишин суран. Албетте, бир туугандарыбыздын биз үчүн тиленишин, жөлөп-таяшын кааласак, өзүбүз да ошентишибиз керек (Мт. 7:12). Бейтараптуулугун сактаганы үчүн түрмөдө отурган бир туугандар жөнүндө уксаң же билсең, кынтыксыз бойдон калышы үчүн, Жахабадан аларга күч-кубат беришин сурап тилен (Эф. 6:19, 20).

19 Өкмөттөрдүн бийлик жүргүзгөн убагы соңуна чыгып бараткандыктан, алар биздин Жахабага жана анын Падышалыгына берилгендик сактап жатканыбызга барган сайын кыжырданып, каршы боло берерине таң калбайбыз. Андыктан келгиле, бөлүнүп-жарылган дүйнөдө бейтараптуулукту сактоого азыртадан чечкиндүү бололу.

^ [1] (17-абзац) «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китептин 662-бетин жана «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китептин 150-бетиндеги кутучаны кара.