Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдүүлүк Кудайдын жактыруусуна ээ кылат

Ишенимдүүлүк Кудайдын жактыруусуна ээ кылат

«Ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алгыла» (ЕВР. 6:12).

ЫРЛАР: 86, 54

1, 2. Иптах менен кызы кандай оор жагдайга туш болушкан?

МЫНА ошентип, санааны санга бөлгөн күндөр да артта калды. Атасынын кан майдандан чоң жеңиш менен кайтып келатканына төбөсү көккө жете сүйүнгөн кыз анын алдынан тосуп чыкты. Бирок ырдап-бийлеп тосуп алган кызына кошулуп кубангандын ордуна атасы кийимин айрып: «Аттиң ай, кызым, жүрөгүмдү жаралабадыңбы!» — деп сыздап жиберет. Анан кызынын кыялдарын кыйраткан, ой-максатын түп-тамыры менен өзгөрткөн сөздөрдү айтат. Ошондо кызы эч буйдалбай, атасын Жахабага берген убадасын аткарууга үндөйт. Анын сөздөрүнөн ишеними абдан күчтүү экени айкын болгон. Ал Жахабанын анын пайдасын гана көздөөрүнө толук ишенген (Бий. 11:34—37). Чыгарган чечимин кызынын чын дилден колдогону Жахабага жакканын билгендиктен, атасы аны менен сыймыктанган.

2 Иптах менен кызы оор учурларда да Жахабанын ар дайым туура иш кыларына эч шектенишкен эмес. Алар Кудайдын жактыруусуна ээ болуу баарынан маанилүү экенин жакшы билишкен.

3. Иптах менен кызынын үлгүсүн карап чыгуу эмнеси менен пайдалуу?

3 Жахабага ишенимдүү бойдон калуу дайыма эле оңой боло бербейт. Ыйык Китепте «ишеним үчүн тырышып күрөшүшүбүз» керектиги айтылат (Жүй. 3). Иптах менен кызынын кандай кыйынчылыктарга туш болгонун жана аларды кантип жеңишкенин карап чыгуу бизге ушул кеңешке ылайык иш кылууга жардам берет. Эмесе, алардын кантип Жахабага ишенимдүү бойдон калганын талкуулайлы.

ДҮЙНӨНҮН ТААСИРИНЕ АЛДЫРБАЙ, ИШЕНИМДҮҮ БОЛОЛУ

4, 5. а) Жахаба ысрайылдыктарга кандай буйрук берген? б) 106-забурдан көрүнүп тургандай, ысрайыл элинин тил албастыгынын кесепети кандай болгон?

4 Иптах менен анын кызы Жахабага ишенимсиздик кылуу канчалык кесепеттүү болорун жакшы билишкен. Ошондон 300 жылдай мурун Жахаба алардын ата-бабаларына убада кылынган жерден жалган кудайларга сыйынгандардын баарын жок кылууну буйруган (Мыйз. 7:1—4). Өкүнүчтүүсү, ысрайылдыктар ал буйрукту аткарбай, канаандыктар кылган жаман иштерди кылып, алардын жалган кудайларына сыйынып, адеп-ахлак жактан бузулуп кетишкен. (Оку: Забур 106:34—39.)

5 Натыйжада алар Жахабанын жактыруусунан жана коргоосунан айрылып калышкан (Бий. 2:1—3, 11—15; Заб. 106:40—43). Ошондой кыйын кезеңде Жахабадан корккон үй-бүлөлөргө ага болгон берилгендигин сактоо оңой болбосо керек. Ыйык Китептен Иптах менен анын кызы, Элкана, Анна, Шемуел пайгамбар жана башка ишенимдүү адамдардын көпчүлүктүн таасирине алдырбай, Кудайга жагууга чечкиндүү болгонун окуйбуз (1 Шем. 1:20—28; 2:26).

6. Биз кандай адамдардын арасында жашап жатабыз жана эмне кылышыбыз керек?

6 Биз азыр байыркы канаандыктардай ой жүгүртүп, алардыкындай иштерди кылган, тактап айтканда, жыныстык адеп-ахлаксыздыкты, зордук-зомбулукту даңазалаган жана дүнүйө-мүлк топтоого умтулган адамдардын арасында жашап жатабыз. Алардын таасирине алдырбашыбыз үчүн, Жахаба ысрайылдыктарга эскерткендей эле, бизге да айкын-так эскертүүлөрдү берип турат. Ысрайылдыктардын катасын кайталабаганга аракет кылабызбы? (1 Кор. 10:6—11). Эгерде өзүбүздүн канаандыктардай ой жүгүртө баштаганыбызды байкасак, дароо иш-аракет кылышыбыз керек (Рим. 12:2). Бул жагынан ишенимдүү экенибизди далилдеп жатабызбы?

БАШКАЛАР КӨҢҮЛҮБҮЗДҮ ООРУТСА ДА, ИШЕНИМДҮҮ БОЛОЛУ

7. а) Иптахка тууган-уруктары кандай мамиле кылышкан? б) Иптах аларга кандай мамиле кылган?

7 Иптахтын күндөрүндө ысрайылдыктар баш ийбестигинин айынан пелиштиликтер менен Амон уулдарына кул болуп калышкан (Бий. 10:7, 8). Тилекке каршы, Иптахтын кыйынчылыктары сырттан келген душмандар менен эле бүтүп калган эмес. Ага өзүнүн эле бир туугандары менен эл башчылары туура эмес мамиле кылышкан. Көрө албастык менен жек көрүүгө ууккан инилери аны мыйзамсыз түрдө кубалап, тун уул катары ала турган мурасынан ажыратышкан (Бий. 11:1—3). Бирок Иптах жамандыкка жамандык менен жооп берген эмес. Эл аксакалдары башына мүшкүл түшүп, ага келишкенде, ал аларды табалабай, жардам берген (Бий. 11:4—11). Тууган-уруктарына Кудайга жаккандай мамиле кылууга ага эмне түрткү берген?

8, 9. а) Сыягы, Иптахка Мыйзамда камтылган кайсы принциптер жардам берген? б) Иптах үчүн баарынан эмне маанилүү болгон?

8 Иптах күчтүү жоокер эле болбостон, Кудайдын өз элине кандай мамиле кыларын кылдат изилдеген киши болгон. Ал ысрайыл элинин тарыхын мыкты билгендиктен Жахабанын көз алдында эмне туура, эмне туура эмес экенин жакшы түшүнгөн (Бий. 11:12—27). Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда камтылган принциптер анын ой жүгүртүүсүнө жана жүрөгүнө күчтүү таасир эткен. Ал Жахабанын өз элинен бири-бирине кек сактабай, сүйүү менен мамиле кылышын талап кыларын билген. Мыйзамда Кудайдын кызматчысы башкаларга, атүгүл аны «жек көргөн кишиге» да жардам бериши керектиги айтылган. (Оку: Чыгуу 23:5; Лебилер 19:17, 18.)

9 Иптахка Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү да таасир этсе керек. Алсак, Жусуп агаларынын жек көргөнүнө карабай, аларга кайрымдуулук кылган (Башт. 37:4; 45:4, 5). Ошондой инсандардын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү Иптахка Жахабага жаккандай иш кылууга түрткү берген. Бир туугандарынын кылган мамилеси жүрөгүн катуу жараласа да, Иптах Кудайга кызмат кылып, анын элине жардам бере берген (Бий. 11:9). Ал үчүн өз ара келишпестиктерге караганда Жахабанын ысымы үчүн күрөшүү алда канча маанилүү болгон. Ал Жахабага ишенимдүү бойдон калууга умтулган. Бул өзүнө да, башкаларга да чоң пайда алып келген (Евр. 11:32, 33).

10. Канткенде Ыйык Китептеги принциптер бизге Кудайдын кызматчысындай иш кылууга жардам берет?

10 Иптахтан кандай үлгү алсак болот? Балким, кайсы бир ишенимдешибиз көңүлүбүздү ооруткандыр. Ошондой болсо, жыйналыш жолугушууларына, кылып жаткан кызматыңа, ишенимдештер менен пикир алышууга кайдыгер карап калба. Иптахтан үлгү алсак, биз да Кудайдын принциптерине ылайык иш кылып, терс сезимдерибизди жеңе алабыз жана башкаларга дайыма оң таасир этебиз (Рим. 12:20, 21; Кол. 3:13).

ЧАЛГАН КУРМАНДЫКТАРЫБЫЗ ИШЕНИМИБИЗДИ АЙГИНЕЛЕЙТ

11, 12. Иптах Кудайга кандай убада берген жана анын сөздөрү эмнени билдирген?

11 Иптах ысрайыл элин Амон уулдарынын эзүүсүнөн бошотуш үчүн Кудайдын жардамына муктаж экенин жакшы түшүнгөн. Ал Жахабага, эгер аны жеңишке жеткирсе, согуштан кайтып келгенде, үйүнөн ким биринчи тосуп чыкса, ошону «бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык» катары тартуу кыларын убадалаган (Бий. 11:30, 31). Анын сөздөрү эмнени билдирген?

12 Кишини курмандыкка чалуу Жахаба үчүн жийиркеничтүү. Андыктан Иптахтын кимдир бирөөнү сөздүн түз маанисинде курмандыкка чалайын деген ою жок болчу (Мыйз. 18:9—11). Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык толугу менен Жахабага тартуу кылынчу. Демек, Иптах аны тосуп чыккан адамды Кудайга толугу менен кызмат кылууга берерин айткан. Бул ошол кишинин ыйык чатырда өмүр бою кызмат кыла турганын билдирген. Жахаба Иптахтын айткандарын туура көрүп, батасын берген: ага душмандарын кыйратып, багындырууга көмөк кылган (Бий. 11:32, 33). Иптах Кудайга «бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык» катары бере турган адам ким болгон?

13, 14. Бийлер 11:35теги сөздөрдөн Иптахтын ишеними тууралуу эмнени билүүгө болот?

13 Макаланын башында айтылган жагдайды эстесең. Иптах согуштан кайтып барганда, аны жападан жалгыз сүйүктүү кызы тосуп чыккан. Ошондо Иптахтын ишеними сыналган. Ал сөзүнө туруп, он гүлүнүн бири ачыла элек кызын өмүр бою ыйык чатырда кызмат кылууга бергенби?

14 Ал жолкусунда да Иптахка туура чечим чыгарууга Кудайдын принциптери жардам бергени шексиз. Балким, ал Чыгуу 23:19дагы Жахабага эң жакшысын берүүгө байланышкан буйрукту эстеген чыгар. Мыйзамда: «Эгер кимдир бирөө Жахабага убада берсе,.. анда сөзүнө турсун, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын»,— деген да көрсөтмө бар болчу (Сан. 30:2). Убадасын аткарганы өзүнүн жана кызынын келечегине кандай таасир этерин билсе да, Иптах, кыязы, замандашы болгон Аннага окшоп сөзүнө турушу керек болгон. Башка баласы жок болгондуктан, Ысрайылда анын атын өчүрбөй, тукумун улай турган жалгыз мураскору ушул кызы эле (Бий. 11:34). Анткен менен Иптах: «Мен Жахабага убада берип койгом, эми аны буза албайм»,— деген (Бий. 11:35). Ушундай оор жагдайда да ишенимдүүлүгүнөн жазбаганы үчүн, ал Кудайдын жактыруусуна, батасына ээ болгон. Сен да Иптахтай иш кыласыңбы?

15. Көбүбүз кандай убада бергенбиз жана канткенде ишенимдүү экенибизди көрсөтө алабыз?

15 Өмүрүбүздү Жахабага арнаганда биз анын эркин аткарууга дайым даяр экенибизди убада кылганбыз. Сөзүбүзгө туруу үчүн айрым нерселерибизден баш тартууга туура келерин да билчүбүз. Анткен менен кээде, өзгөчө, өзүбүзгө жакпаган иш тапшырылганда, убадабызга бек туруу оңой эмес. Эгер андайда көнүп калган «жылуу-жумшак ордубуздан» баш тартып, Кудайга кызмат кылуу үчүн курмандыктарга барсак, ишенимдүү экенибизди айгинелейбиз. Убагында канчалык оор болбосун, алган баталарыбыз чалган курмандыктарыбыздан алда канча ашып түшөт (Мал. 3:10). Эми Иптахтын кызы жөнүндө сөз кылалы.

Канткенде Иптах менен анын кызыныкындай ишеним көрсөтө алабыз? (16, 17-абзацтарды кара)

16. Иптахтын кызы атасынын убадасына кандай караган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

16 Иптахтын кызына атасынын Кудайга берген убадасын ишке ашыруу оңойго турбаса керек. Себеби атасынын убадасы Аннанын убадасынан айырмаланган. Анна уулу Шемуелди ыйык чатырда назир катары кызмат кылууга берерин айткан (1 Шем. 1:11). Назирлер үй-бүлө куруп, бала-чакалуу боло алышчу. Ал эми Иптахтын кызы «бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык» катары берилгендиктен андай кубанычты эч качан татып көрө алмак эмес (Бий. 11:37—40). Атасы согушта жеңишке жеткен мыкты жол башчы болгондуктан, ал Ысрайылдагы мен-мен деген эр азаматтардын бирине турмушка чыга алмак. Бирок күтүлбөгөн жерден ага ыйык чатырда жөнөкөй эле кызматчы болууга туура келген. Ал буга кандай караган? Анын: «Ата, эгер Жахабага убада берип койгон болсоңуз, анда ал убадаңызды аткарыңыз»,— деген сөздөрүнөн Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга коёру көрүнгөн (Бий. 11:36). Ал чыныгы сыйынууну колдош үчүн турмушка чыгуу, балалуу болуу сыяктуу табигый каалоолорунан баш тарткан. Канткенде биз да жан аябас боло алабыз?

17. а) Ишеним көрсөтүү жагынан Иптах менен анын кызын кантип туурай алабыз? б) Еврейлер 6:10—12-аяттардагы сөздөр сага кандайча жан аябас болууга түрткү берет?

17 Учурда Жахабага алаксыбай кызмат кылыш үчүн миңдеген жаш бир туугандарыбыз турмуш куруудан же балалуу болуудан баш тартууда. Ал эми жашы улуураактар балдарына же неберелерине арнай турган убактысын курулуш иштерине катышууга, Падышалыктын жарчылары үчүн мектептен билим алууга жана жарчыларга муктаждык чоң жерлерде кызмат кылууга жумшоодо. Башкалар болсо Эскерүү кечеси өткөрүлгөн айларда жеке иштерин жыйыштырып, өнөктүккө катышышат. Албетте, бүт жүрөгү менен кызмат кылган андай бир туугандарыбызды көрүп, эмгегибизди жана сүйүүбүздү эч качан унутпаган Жахаба абдан кубанат. (Оку: Еврейлер 6:10—12.) Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн сен дагы кандайдыр бир курмандыктарга бара аласыңбы?

ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ?

18, 19. Иптах менен анын кызы жөнүндө эмнелерди билдик жана алардан кандай үлгү алсак болот?

18 Жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга кабылса да, Иптах чечим чыгарууда дайыма Жахабанын ой жүгүртүүсүнө жетектелген. Ал айлана-тегерегиндегилердин терс таасирине алдырган эмес. Башкалар көңүлүн оорутса да, ишенимдүү бойдон калган. Кызы экөө өз кызыкчылыктарынан кечүүгө даяр болгондуктан, Жахаба аларга батасын берип, экөөнү тең ыйык кызматта колдонгон. Башкалар Кудайдын мыйзам-принциптерин четке какканда да, Иптах менен кызы аларга бекем карманышкан.

19 Ыйык Китеп бизди «ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алууга» чакырат (Евр. 6:12). Келгиле, Иптах менен анын кызынан үлгү алалы. Алардын жашоосунан көрүнүп тургандай, ишенимдүүлүк Кудайдын жактыруусуна ээ кылат.