Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кудайдын ар бир майланган кызматчысына бериле турган «кепилдик» жана басыла турган «мөөр» эмнени билдирет? (2 Кор. 1 :21, 22).

Документтин аныктыгын бышыкташ үчүн мурун момго же чопого мөөр шакек басылчу

Кепилдик. Бир эмгекке ылайык, 2 Корунттуктар 1:22де «кепилдик» деп которулган грек сөзү «сатылып алынган нерсе үчүн алдын ала берилчү баштапкы төлөм, күрөө, шертпул» деген маанини туюнтуп, «юридикалык жана коммерциялык термин» катары колдонулчу. Андай кепилдик сүйлөшүлгөн нерсени талап кылууга укук берчү же келишимдин күчүнө киришин шарттачу. Кудайдын кызматчысы ыйык рух менен майланганда, ага «кепилдик» берилет. Ал эми ага бериле турган толук төлөм, тактап айтканда, сыйлык, 2 Корунттуктар 5:1—5-аяттарга ылайык, асмандагы чирибес денени «кийүүнү» камтыйт. Ал сыйлык өлбөстүккө ээ болууну да билдирет (1 Кор. 15:48—54).

Азыркы грек тилинде ушуга маанилеш сөз айкашы кыз-жигит баш кошууга убадалашканда салына турган шакекке карата колдонулат. Бул келечекте каймана мааниде Машаяктын колуктусу боло тургандарды сүрөттөөдө ылайыктуу мисал болуп эсептелет (2 Кор. 11:2; Аян 21:2, 9).

Мөөр. Мурун мөөрдү кайсы бир нерсенин кимге таандык экенин, аныктыгын же ага байланыштуу келишим түзүлгөнүн ырастоо үчүн колдонушчу. Ал эми майлангандар тууралуу айта турган болсок, аларга Кудайдын менчиги катары ыйык рух аркылуу каймана мааниде мөөр басылган (Эф. 1:13, 14). Бирок бул соңку мөөрдү билдирбейт. Анткени соңку мөөр ишенимдүү майлангандарга көз жумардын алдында же улуу алаамат башталганга чейин басылат (Эф. 4:30; Аян 7:2—4).