Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн»

«Туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн»

«Бардык жагынан жеткилең, кемчиликсиз, эч кынтыксыз болушуңар үчүн, туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн» (ЖКП. 1:4).

ЫРЛАР: 135, 139

1, 2. а) Гидон менен анын 300 жоокеринен эмнеге үйрөнө алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Лука 21:19дагы сөздөргө ылайык, туруктуу болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

САЛГЫЛАШ аябагандай катуу болду. Гидон бий баштаган ысрайылдык жоокерлер мидиандыктар менен алардын шериктештеринин артынан сая түшүп, түнү бою 30 чакырымдан ашуун жерди басып өтүштү. Андан ары эмне болгону тууралуу Ыйык Китепте: «Гидон менен анын 300 кишиси Иорданга жетип, аны кечип өтүштү. Алар чарчаганына карабай душмандарын кууп баратышты»,— деп баяндалат. Бирок Гидондун аскери толук жеңишке жете элек болчу. Себеби кас тараптын дагы 15 000дей жоокери калган эле. Мидиандыктардан бир канча жыл запкы көргөн ысрайылдыктар аягына чейин кармашуу зарыл экенин жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан алар жүрүшүнөн жазбай, душмандарын биротоло кыйратып, баш көтөргүс кылышкан (Бий. 7:22; 8:4, 10, 28).

2 Биз да айыгышкан күрөш жүргүзүүдөбүз. Биздин душмандарыбызга Шайтан, анын дүйнөсү жана өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз кирет. Айрымдарыбыз ал согушка ондогон жылдардан бери катышып, Жахабанын жардамы менен жеңишке жетип келатабыз. Кээде душмандарыбыз менен алышып же бул дүйнөнүн аягын күтүп жатып чарчап-чаалыккан учурларыбыз болот. Анткен менен азырынча толук жеңишке жете элекпиз. Иса пайгамбар акыркы күндөрдө катуу сыноолорго, ырайымсыз мамилеге кабыларыбызды эскерткен жана жеңишке жетүү үчүн туруктуу болушубуз керектигин айткан. (Оку: Лука 21:19.) Туруктуулук деген эмне? Туруктуу болууга эмне жардам берет? Ал сапатты чагылдыргандардан эмнеге үйрөнө алабыз? Канткенде туруктуулугубузду «толугу менен көрсөткөн» болобуз? (Жкп. 1:4).

ТУРУКТУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Туруктуулук деген эмне?

3 Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, туруктуулук сыноолорго же кыйынчылыктарга туруштук берүүнү эле билдирбейт. Ал өз ичине акылыбыз менен жүрөгүбүздү, башкача айтканда, кыйынчылыктарга кандай караарыбызды камтыйт. Туруктуу болсок, кайраттуу, бекем, чыдамдуу болобуз. Бир эмгекте түшүндүрүлгөндөй, туруктуулук деген «кыйынчылыктарды айла жок болгондуктан эмес, бекем үмүт менен көтөрүүнү» билдирет. Ал бороон-чапкын сымал кыйынчылыктарда жыгылып калбаганга жардам берет. Ошондой эле «эң оор сыноону да жагымдуу нерсеге айландырат, анткени анын артында жакшы нерсе турганын көрө билет».

4. Туруктуу болууга сүйүү түрткү берет деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Кудайдын кызматчыларына туруктуу болууга сүйүү түрткү берет. (Оку: 1 Корунттуктар 13:4, 7.) Алсак, Жахабаны сүйгөндүктөн биз ал жол берген нерселердин баарына чыдайбыз (Лк. 22:41, 42). Бир туугандарды сүйгөндүктөн алардын ката-кемчиликтерин кечирип, көтөрүмдүү болобуз (1 Пет. 4:8). Ал эми өмүрлүк жарыбызга болгон сүйүүбүз ар бир эле үй-бүлөдө боло турган кыйынчылыктарды көтөрө билүүгө жана никебизди чыңдаганга түрткү берет (1 Кор. 7:28).

ТУРУКТУУ БОЛУУГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

5. Эмне үчүн бизге туруктуу болууга Жахаба гана жардам бере алат?

5 Жахабадан күч сурап тиленгиле. Жахаба — «туруктуулук, сооронуч берүүчү Кудай» (Рим. 15:5). Ал кыйынчылыктарыбызды эле эмес, бизге чөйрөбүз, жагдай-шартыбыз, сезимдерибиз, атүгүл генибиз кандай таасир этерин да жакшы билет. Ошондуктан бизге туруктуу болууга ал гана жардам бере алат. Ыйык Китепте: «Ал Өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат, зарлаган үндөрүн угат, аларды куткарат»,— делет (Заб. 145:19). Бирок туруктуу болууга жардам беришин сурап тиленгенибизде, ал кантип жооп берет?

6. Жахаба кандайча «жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт»?

6 Оку: 1 Корунттуктар 10:13. Кайсы бир сыноону көтөрүп кетүүгө жардам сураганыбызда, Жахаба «жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт». Анда ал кыйынчылыктарыбызды жок кылып коёбу? Кээде ошентет. Бирок көбүнчө «туруштук бере алышыбыз» үчүн, «акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болушубуз» үчүн, күч берет (Кол. 1:11). Жахаба алыбыздын эмнеге жетерин эң жакшы билгендиктен кайсы бир кыйынчылыктын ишенимибизди ойрон кылганчалык өрчүп кетишине жол бербейт.

7. Туруктуу болуш үчүн рухий тамак менен азыктануу маанилүү экенин мисал менен түшүндүргүлө.

7 Рухий тамак менен азыктанып, ишенимиңерди бекемдегиле. Дүйнө жүзүндөгү эң бийик Эверест чокусуна чыгыш үчүн альпинист күнүнө 6 000 калория сарптайт. Бул демейдеги нормадан аябай эле көп. Андыктан аягына чейин чыдап, максатына жетиш үчүн альпинист мүмкүн болушунча көп тамак жеши керек. Анын сыңарындай, чындык жолунан тайбай, максатыбызга жетиш үчүн биз да рухий жактан мүмкүн болушунча жакшы тамактанышыбыз зарыл. Өз алдыбызча окуп-изилдөөгө, жыйналыштарга барууга дайыма убакыт бөлүш үчүн өзүбүздү башкара билишибиз кажет. Андай иштер «түбөлүк өмүр бере турган бузулбас тамак» менен азыктанып, ишенимибизди бекемдөөгө өбөлгө түзөт (Жкн. 6:27).

8, 9. а) Аюп 2:4, 5ке ылайык, кыйынчылыктарга кабылганда эмнени унутпашыбыз керек? б) Кыйынчылыкка кабылганда эмнени элестетсең болот?

8 Талаш маселени унутпагыла. Жахабанын кызматчысы сыноого кабылганда өзүнүн кыйналып жатканына эле көңүл топтой бербей, андан алда канча маанилүү нерсе бар экенин унутпашы керек. Башыбызга түшкөн кыйынчылыкка кандай караганыбыздан Жахабаны Ааламдын Эгедери катары кабыл алар-албасыбыз көрүнөт. Кандайча? Жахабанын эгедерлигине каршы чыккан Шайтан ага: «Жаны үчүн [адам] колунда болгондун баарын берет. Эми колуңду сунуп, денеси менен сөөгүнө тийип көрчү, [Аюп] сага тил тийгизбей коёт бекен, ачык эле тил тийгизет»,— деп айтууга батынган (Аюп 2:4, 5). Ал Жахабага бир да киши чын жүрөктөн кызмат кылбай турганын айткан. Шайтан андан бери өзгөрдүбү? Түк да! Ошондон көптөгөн кылымдар өткөндөн кийин асмандан куулуп түшкөндө ал «бир туугандарыбызды Кудайыбыздын алдында күндүр-түндүр айыптаган айыптоочу» деп сыпатталган (Аян 12:10). Шайтан дагы деле Кудайга таза ниет менен кызмат кыларыбызга шек туудурат. Ал биздин көйгөйлөрдөн улам мүңкүрөп, Кудайдын эгедерлигин колдобой калышыбызды көксөйт.

9 Кыйынчылыкка кабылганда, бизге көрүнбөгөн чөйрөдө эмнелер болуп жатканын элестет. Шайтан жана жин-перилер бир тарапта туруп, сенин канчалык кыйналып жатканыңды карап, туруштук бере албай, багынып берериңди айтышат. Ал эми башка тарабында Жахаба, анын бийлик кылып жаткан Уулу, тирилген майлангандар жана түмөндөгөн периштелер карап турат. Алар күн сайын туруктуулугуңан жазбай, Жахабанын эгедерлигин колдоп жатканыңа абдан сүйүнүп, сени сүрөп турушат. Ошондой учурларда Жахабанын сага: «Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем»,— деп айтып жатканын укканга аракет кыл (Накыл 27:11).

10. Алдыдагы сыйлыкка көңүл топтоо жагынан Исадан кандай үлгү алсак болот?

10 Алдыдагы сыйлыкка көңүл топтогула. Машине менен алыска сапар тартып баратып туннелдин ортосуна токтогонуңарды элестетип көргүлө. Каякты карабагыла — коюу караңгылык. Бирок андан ары жолуңарды уланта берсеңер, акыры жарыкты көрөрүңөргө эч шектенбейсиңер. Ошо сыяктуу эле, кээде көйгөйлөр бизди туш тараптан курчап алгандай сезилиши мүмкүн. Атүгүл Иса Машаяктын да ошондой жагдайга кабылган учуру болгон. Аны жүзү кара кишилер ак жерден каралашкан, басынтып, шылдыңдап, жаза устунунда кыйнап өлтүрүшкөн. Бул, чындап эле, анын жашоосундагы эң «караңгы» учур болгон. Анткен менен Иса «алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп», ошонун баарына «туруктуулук менен чыдаган» (Евр. 12:2, 3). Ал туруктуулугу үчүн кандай сыйлык аларына, айрыкча, Кудайдын ысмынын ыйыкталышына жана эгедерлигинин акталышына салым кошо аларына көңүл топтогон. Ал өмүрүнүн караңгы учуру кыска эле убакытка созуларын, ал эми асманда ала турган сыйлыгы түбөлүктүү болорун жакшы билген. Бүгүнкү күндө биз да кээде жан дүйнөбүздү сыздатып, кабыргабызды кайыштырган кыйынчылыктарга туш болобуз. Андайда кыйынчылыктардын түбөлүк өмүргө салыштырмалуу кыска эле убакытка созуларын унутпашыбыз керек.

«ТУРУКТУУЛУК КӨРСӨТКӨНДӨР»

11. «Туруктуулук көрсөткөндөрдүн» үлгүсүн карап чыкканыбыз эмнеси менен пайдалуу?

11 Кыйынчылыкка жалгыз биз эле эмес, Кудайдын башка кызматчылары да дуушар болорун унутпаганыбыз зарыл. Элчи Петир Шайтандын соккусуна кабылган бир туугандарын туруктуу болууга үндөп: «Ишенимиңерди бекем сактап, ага каршы тургула. Анткени дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыңар да силердикиндей эле кыйынчылыктарга кабылып жатканын билесиңер»,— деп жазган (1 Пет. 5:9). «Туруктуулук көрсөткөндөрдүн» үлгүсү тууралуу ой жүгүртсөк, канткенде бекем тура аларыбызды билебиз жана ийгиликке жетерибизге, ишенимдүүлүгүбүз үчүн сыйлык аларыбызга ынанабыз (Жкп. 5:11). Анда эмесе, алардын айрымдарын карап чыгалы. [1]

12. Эйден багын кайтарууга дайындалган керуптардан эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Керуптар. Адам ата менен Обо эне күнөө кылгандан кийин, Жахаба айрым периштелерге жаңы тапшырма берген. Алардын үлгүсү бизге өзүбүзгө тапшырылган ишти, оор болсо да, туруктуулук менен аткарууга түрткү берет. Ыйык Китепте: «Кудай өмүр дарагына барчу жолду кайтартыш үчүн Эйден багынын чыгыш тарабына керуптарды жана мизи күйүп, айланып турган кылычты коюп койду»,— делет [2] (Башт. 3:24). Негизи, керуптар андай ишти аткаруу үчүн жаратылган эмес болчу. Анткени Кудай адам баласын жаратып жатканда алардын күнөө кылып, козголоң чыгарышын ниет кылган эмес. Бирок Ыйык Китептин эч жеринен жогорку даражалуу ал периштелердин өздөрүнө тапшырылган ошол ишти төмөн деп эсептеп, наалыганын окубайбыз. Алар тажап, кетип калбай, аны аягына чейин, сыягы, Топон суу каптаганга чейин, 1 600 жылдан ашуун убакыт бою тил алчаактык менен аткарышкан.

13. Аюп пайгамбарга кыйын кезеңде эмне жардам берген?

13 Аюп пайгамбар. Эгер досуңдун же үй-бүлөңдөгү кимдир бирөөнүн сөздөрү катуу тийип, көңүлүң чөгүп жүрсө же оорунун азабын тартып жатсаң, же жакын адамыңдан айрылып, күйүт тартып жүрсөң, Аюп пайгамбар жөнүндө ой жүгүртүү жан дүйнөңдү жубатышы күмөнсүз (Аюп 1:18, 19; 2:7, 9; 19:1—3). Аюп пайгамбар эмне себептен үстөкө-босток кыйынчылыктарга кабылып жатканын түшүнбөсө да, багынган эмес. Эмне үчүн? Мунун бир себеби ал «Кудайдан корккон» (Аюп 1:1). Ал, кандай жагдайда болбосун, Жахабага жаккандай иш кылууга чечкиндүү болгон. Жахаба анын көңүлүн өзүнүн ыйык руху аркылуу жараткан кереметтүү иштерине буруп, алар тууралуу ой жүгүртүүгө жардам берген. Натыйжада Аюп пайгамбар Кудайдын аны өз убагы келгенде кыйынчылыктардан арылтарына мурдагыдан да бекем ишенип калган (Аюп 42:1, 2). Анан, чындап эле, «Жахаба Аюпту башына түшкөн жамандыктан арылтып», «ага мурун ээ болгонунун баарын берген», «атүгүл эки эсе көп берген». Ошентип, Аюп пайгамбардын жашоосу маңызга толуп, узак өмүр сүргөн (Аюп 42:10, 17).

14. 2 Корунттуктар 1:6га ылайык, Пабылдын туруктуулугу кандайча башкаларга жардам берген?

14 Элчи Пабыл. Мүмкүн, чындык үчүн катуу каршылыкка, атүгүл куугунтукка кабылып жаткандырсың. Же балким, аксакал же райондук көзөмөлчү болгондуктан көптөгөн жооптуу иштерди аткарууга туура келип жаткандыр. Эгер ошондой болсо, элчи Пабылдын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүп көр. Ал чындыкка каршы болгон ырайымсыз кишилердин жаман мамилесине кабылгандан сырткары, жыйналыштарды ойлоп, күн сайын тынчы кеткен (2 Кор. 11:23—29). Ошентсе да ал кыйынчылыкка моюн сунган эмес. Анын үлгүсү башкаларды абдан бекемдеген. (Оку: 2 Корунттуктар 1:6.) Башыңа мүшкүл түшкөндө сенин да үлгүң башкаларга туруктуу болууга түрткү берерин унутпа.

ТУРУКТУУЛУГУҢАРДЫ «ТОЛУГУ МЕНЕН КӨРСӨТӨСҮҢӨРБҮ»?

15, 16. а) Туруктуулугубузду «толугу менен көрсөтсөк», натыйжасы кандай болот? б) Туруктуулугубузду кандайча толугу менен көрсөтө алабыз? Мисал келтиргиле.

15 Шакирт Жакып ыйык рухтун жетеги менен: «Туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн»,— деп жазган. Бул эмнени билдирет? Туруктуулук бизге «бардык жагынан жеткилең, кемчиликсиз, эч кынтыксыз болууга» жардам берет (Жкп. 1:4). Сыноолорго туш болгондо, адатта, кемчиликтерибизди, жакшыртышыбыз керек болгон жактарыбызды байкайбыз. Эгер ошол кыйынчылыктарга туруштук берсек, кулк-мүнөзүбүз жакшырып, «жеткилең, кемчиликсиз» боло баштайт. Алсак, көп нерсени баалаганга, чыдамдуу, боорукер болгонго үйрөнөбүз.

Кыйынчылыктарга туруштук берсек, кулк-мүнөзүбүз жакшыра берет (15, 16-абзацтарды карагыла)

16 Туруктуулук Кудайдын кызматчысына керектүү сапаттарды өрчүткөнгө жардам бергендиктен, кыйынчылыктан тезирээк арылуу үчүн Ыйык Китептеги принциптерди бузбашыбыз керек. Маселен, адеп-ахлаксыз ойлор менен күрөшүп жүрсөк, андай каалоолорго жетеленбей, Кудайдан тиленип, аларды четке какканыбыз маанилүү. Ошентсек, өзүбүздү кармоого үйрөнөбүз. Эгер үйдөгүлөрүбүздүн кимдир бирөөсү Жахабага кызмат кылганыбызга каршылык көрсөтүп жатса, кысымга алдырбай, таза сыйынууну бүт жүрөгүбүз менен колдоого чечкиндүү болушубуз керек. Анын аркасында Жахабага болгон ишенимибиз өсөт. Кудайдын жактыруусуна ээ болуш үчүн туруктуу болушубуз зарыл (Рим. 5:3—5; Жкп. 1:12).

17, 18. а) Аягына чейин туруктуу болуу маанилүү экенин мисал менен түшүндүргүлө. б) Биз эмнеден шектенбесек болот?

17 Биз туруктуулукту кайсы бир убакытка чейин эле эмес, аягына чейин көрсөтүшүбүз керек. Мисалга чөгүп бараткан кемени алалы. Аман калыш үчүн жүргүнчүлөр жээкке чейин сүзүп барышы кажет. Эгер кимдир бирөө бир топко чейин сүзүп барып, жээкке кичине эле калганда багынып калса, бир аз эле сүзүп, токтоп калган кишидей эле өмүрүнөн айрылат. Ошо сыңары, биз туруктуу болуп, жаңы заманга жетмейин аракет кыла беришибиз керек. Ошондо өмүрүбүздү сактап калабыз. Андыктан, келгиле: «Биз багынбайбыз»,— деп эки ирет айткан Пабылдыкындай маанай чагылдыралы (2 Кор. 4:1, 16).

18 Жахаба бизге аягына чейин туруктуу болууга сөзсүз жардам берет. Пабыл мындай деген: «Бизди сүйгөндүн жардамы менен биз бардык жагынан жеңишке жетип жатабыз. Өлүм да, өмүр да, периштелер да, өкмөттөр да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да, күчтөр да, бийиктик да, тереңдик да, деги эле жаратылган эч бир нерсе бизди Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албасына толук ишенем» (Рим. 8:37—39). Албетте, кээде чарчап-чаалыгабыз. Бирок туруктуулугубуздан жазбасак, жеңишке жетмейин талыкпай күрөшкөн Гидон менен анын жоокерлеринен үлгү алган болобуз (Бий. 8:4).

^ [1] (11-абзац) Кудайдын азыркы убактагы кызматчыларынын туруктуулугу жөнүндө окуп-изилдөө да бекемдээрлик болот. Алсак, 1992-жылдагы (англ.) жана 1999, 2008-жылдардагы (ор.) «Жылдык китепте» Эфиопиядагы, Малавидеги, Орусиядагы ишенимдештерибиз жөнүндө дем-шык берерлик билдирүүлөр жазылган.

^ [2] (12-абзац) Ыйык Китепте ал ишке канча керуп дайындалганы айтылбайт.