Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн чогулуп турушубуз керек?

Эмне үчүн чогулуп турушубуз керек?

«Бири-бирибизге көңүл бөлөлү... Жолугушууларыбызды калтырбайлы» (ЕВР. 10:24, 25).

ЫРЛАР: 20, 119

1—3. а) Жахабанын кызматчылары чогулуп турууну абдан баалаарын кантип көрсөтүп келишет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

АПАСЫ камакка алынып, советтик түзөтүү-эмгек абагына жөнөтүлгөндө, Корина 17 эле жашта болчу. Кийинчерээк ал өзү да үйүнөн миңдеген чакырым алыстыктагы Сибирге сүргүнгө айдалган. Ал жактан ага кулдай мамиле кылышчу. Кычыраган кыштын күндөрүндө эшикте жука кийимчен иштеген учурлары да болгон. Ошондой оор жагдайга карабастан Корина менен дагы бир ишенимдешибиз жыйналышка барууга чечкиндүү болушкан.

2 Корина бир тууган мындай деп эскерет: «Кечинде иштеген жерибизден чыгып, 25 километр алыстыкта жайгашкан темир жол бекетине бардык. Ал жерден поезд түнкү саат экиде жөнөп, алты саат жол жүрдүк. Анан дагы 10 километр жөө басып, жыйналыш өтө турган жерге жеттик». Алардын ушунча узак жол жүрүшкөнүнүн акыбети кайтты беле? Корина: «Жолугушууда „Күзөт мунарасы“ журналын изилдеп, Падышалык ырларын ырдадык. Бул бизге дем-күч берип, ишенимибизди бекемдеди»,— дейт. Кызыктуусу, алар иштеген жеринде үч күн жок болушса да, жетекчиси байкабаптыр.

3 Жахабанын кызматчылары башынан эле чогулуп турууну абдан баалашат. Алсак, 1-кылымда жыйналыш уюштурулгандан тартып эле Исанын жолдоочулары ибадатканада чогулуп турушкан (Элч. 2:46). Биз да жыйналыш жолугушууларына үзбөй барууну абдан каалайбыз. Бирок баарыбызда эле ар кандай тоскоолдуктар болот. Жумушубуздан, иштердин көптүгүнөн же күнүмдүк түйшүктөрдөн улам чарчап-чаалыккандыктан жыйналышка баруу кыйын болушу мүмкүн. Ушундай тоскоолдуктарга карабай жыйналыштарга дайыма барып турууга эмне түрткү берет? [1] Ыйык Китепти изилдегендерге жана башкаларга жыйналыштарга катышуунун маанилүү экенин түшүнүүгө кантип жардам бере алабыз? Бул макалада Кудайга сыйынуу үчүн эмне себептен чогулуп турушубуз керектигинин 8 себебин карап, төмөнкү 3 суроого жооп алабыз: 1) Жыйналышка катышуудан өзүбүз кандай пайда алабыз? 2) Жыйналышка катышканыбыз башкаларга кандай таасир этет? 3) Жыйналышка катышканыбыз эмне үчүн Жахабага жагат? [2]

ӨЗҮБҮЗ КАНДАЙ ПАЙДА АЛАБЫЗ?

4. Жыйналыштар кандайча Жахаба жөнүндө билүүгө өбөлгө түзөт?

4 Жыйналыштан билим алабыз. Ар бир жыйналыш жолугушуусунан Жахаба Кудайыбыз жөнүндө көп нерсени билебиз. Мисалы, акыркы эки жылдай убакыт ичинде жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүнөн «Жахабага жакында» китебин изилдедик. Кудайдын сапаттарын изилдөө жана бир туугандардын чын жүрөктөн берген жооптору асмандагы Атабызга болгон сүйүүбүздү арттырганы шексиз. Ыйык Китеп окулганда, баяндама айтылганда, демонстрация көрсөтүлгөндө, кунт коюп угуу Кудайдын Сөзүн тереңирээк биле берүүгө жардам берет (Нек. 8:8). Жума сайын урунттуу ойлорго даярдануунун жана бир туугандардын даярдап келген ойлорун угуунун аркасында кандай баалуу кенч таап жатканың жөнүндө да ойлонуп көрсөң!

5. Жолугушуулар Ыйык Китептен окуп-билгендерибизди колдонууга, кызматыбыздын сапатын жакшыртууга кандайча жардам берет?

5 Жолугушуулардан Ыйык Китептеги принциптерди жашообуздун бардык тармагында колдонууга да үйрөнөбүз (1 Тес. 4:9, 10). Алсак, «Күзөт мунарасын» изилдөөдө Кудайдын элине керек болгон кеп-кеңештер талкууланат. Ал жолугушуудан билгендерибиз максаттарыбызды карап чыгууга, ишенимдештерибизди кечирүүгө же тиленүүбүздүн сапатын жакшыртууга түрткү берип келет. Ал эми иш күндөрү өткөрүлгөн жолугушуудан кызматыбызды аткарууга үйрөнөбүз. Анын аркасында жакшы кабарды жарыялоодо, башкаларга Ыйык Китептеги принциптерди түшүндүрүүдө ийгиликке жете алабыз (Мт. 28:19, 20).

6. Жыйналыштар кандайча бизге күч-кубат берип, бекемдейт?

6 Күч-кубат алабыз. Бул дүйнө ишенимибизди алсыратышы, эмоциялык жактан чарчатып, көңүлүбүздү чөгөрүшү мүмкүн. Ал эми жыйналыш жолугушуулары болсо бизге күч-кубат берип, бекемдейт. (Оку: Элчилер 15:30—32.) Жолугушууларда Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын кантип аткарылганы көп талкууланат. Натыйжада Жахабанын келечекке байланыштуу убадаларынын аткарыларына болгон ишенимибиз өсүүдө. Бизди сахнадан уккандарыбыз эле эмес, ишенимдештерибиздин чын жүрөктөн ырдаганы, берген жооптору да бекемдейт (1 Кор. 14:26). Ошондой эле жыйналышка чейин же андан кийин бир туугандарыбыз менен пикирлешкенде абдан сергийбиз жана баарыбыз бир үй-бүлө экенибизди сезебиз (1 Кор. 16:17, 18).

7. Жыйналыш жолугушууларына баруу эмне үчүн абдан маанилүү?

7 Жолугушууларда ыйык рухтун таасирин сезебиз. Иса Машаяк: «Кулагы бар адам ыйык рухтун жыйналыштарга эмне деп жатканын уксун»,— деген (Аян 2:7). Ал жыйналышты ыйык рух аркылуу жетектейт. Ыйык рух бизге азгырыктарды четке кагууга, кабар айтканда кайраттуу болууга, акылмандык менен чечим чыгарууга жардам берет. Ага ээ болуш үчүн рухий иш-чараларга, анын ичинде жыйналыштарга толук кандуу катышуу маанилүү.

БАШКАЛАРГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

8. Жыйналышка барганыбыз, жооп бергенибиз, ырдаганыбыз ишенимдештерибизге кандай таасир этет? («Жыйналыштан кийин өзүн дайыма жакшыраак сезет» деген кутучаны да кара.)

8 Жыйналышка баруу менен бир туугандарыбызды жакшы көрөрүбүздү айгинелейбиз. Жыйналышыңдагы кээ бир ишенимдештериңдин кыйынчылыктары тууралуу ойлонуп көрсөң. Элчи Пабыл: «Бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деп жазган. Ошондой эле ал бир туугандарыбызды ойлоп жатканыбызды жолугушууларды калтырбоо менен көрсөтө аларыбызды айткан (Евр. 10:24, 25). Ооба, жолугушууларга барганыбызда бир туугандар менен чогуу болууну, алар менен пикирлешүүнү каалаарыбызды, аларды ойлоорубузду көрсөтөбүз. Андан сырткары, чын жүрөктөн ырдаганыбыз, берген жоопторубуз менен аларды бекемдейбиз (Кол. 3:16).

9, 10. а) Исанын Жакан 10:16дагы сөздөрү жыйналышка баруу маанилүү экенин түшүнүүгө кандайча жардам берет? б) Жыйналышка калтырбай барсак, үйүндөгүлөрү алардан баш тартып кеткен ишенимдештерибизге кантип жардам бере алабыз?

9 Жыйналыш биримдигибизди чыңдайт. (Оку: Жакан 10:16.) Иса Машаяк өзүн койчуга, жолдоочуларын оторго салыштырган. Эгер койлордун бири дөңдө, бири коктуда, дагы бири башка жерде жүрсө, аларды бир отор деп айта алабызбы? Негизи, отор деген чогуу оттоп, койчунун көз алдында болот. Ошо сыяктуу эле, эгер жыйналыштан атайлап обочолонсок, Койчубуздан алыстап калабыз. «Бир койчуга» баш ийген «бир отор» болушубуз үчүн жыйналышты калтырбашыбыз керек.

10 Жыйналышка баруу менен бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгыбыздын да биримдигин арттырабыз (Заб. 133:1). Айрым ишенимдештерибизден ата-энеси же бир туугандары баш тартып кетишкен. Бирок Иса Машаяк андай жолдоочуларынын аларды жакшы көргөн, камын ойлогон рухий үй-бүлөгө ээ болорун убада кылган (Мр. 10:29, 30). Жолугушууларга дайыма катышсак, ошондой ишенимдештерибиз үчүн ата, апа, бир тууган боло алабыз. Бул бизге жыйналышка катышуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга түрткү бербейби?

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАХАБАГА ЖАГАТ?

11. Жыйналыш жолугушууларына барганда кандайча Жахабага ал татыктуу болгон нерселерди берген болобуз?

11 Жыйналыш жолугушууларына барганда Жахабага ал татыктуу болгон нерселерди берген болобуз. Жаратканыбыз катары ал биздин даңктап-макташыбызга, ыраазычылык билдиришибизге, урматташыбызга татыктуу. (Оку: Аян 7:12.) Жыйналыштан ал жөнүндө сүйлөшкөнүбүздө, ырдаганыбызда, тиленгенибизде ага ушунун баарын берген болобуз. Ошондой мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, бизден жакшылыгын аябаган Кудайды даңктай бергенибиз кандай сонун!

12. Жыйналышты калтырбоого байланыштуу буйрукка баш ийгенибизге Жахаба кандай карайт?

12 Жахаба ага баш ийишибизге да татыктуу. Ал бизге жыйналыштарды эч качан, айрыкча, бул дүйнө аяктап бараткан маалда калтырбашыбыз керектигин буйрук кылган. Ушул буйрукка чын көңүлдөн баш ийсек, Жахабаны кубантабыз (1 Жкн. 3:22). Ал жыйналыштарга барыш үчүн кандай күч-аракет жумшап жатканыбызды көрүп турат жана жогору баалайт (Евр. 6:10).

13, 14. Жыйналыш жолугушуулары аркылуу кандайча Жахабага жана Уулуна жакындайбыз?

13 Жахабага жана анын Уулуна жакындагыбыз келерин көрсөтөбүз. Жыйналыштан Улуу Насаатчыбыз бизге Ыйык Китеп аркылуу көрсөтмөлөрдү берет (Ыш. 30:20, 21). Атүгүл жыйналышка жаңы келгендер да: «Кудай, чын эле, силер менен экен!» — деши мүмкүн (1 Кор. 14:23—25). Жахаба жолугушууларды ыйык руху менен жетектеп, бизди Ыйык Жазмага негизделген программа аркылуу окутат. Жыйналыш жолугушууларынан Жахабанын үнүн угуп, сүйүүсүн сезебиз. Натыйжада ага жакындайбыз.

14 Иса Машаяк: «Кайсы жерде эки же үч адам менин атыман чогулса, мен ошол жерде алардын арасында болом»,— деген (Мт. 18:20). Анын бул сөздөрү жолугушууларыбызга да тиешелүү. Иса жыйналыштын башчысы катары каймана мааниде жыйналыштын арасында «басып жүрөт» (Аян 1:20—2:1). Ооба, ал да, Жахаба да бизди жыйналыш аркылуу бекемдөөгө абдан кызыкдар. Андыктан Жахабанын ага жана Уулуна жакындоого болгон күчтүү каалообузду көргөндө кандай сезимде болорун элестетип көрсөң!

15. Жыйналышка баруу менен кандайча Жахабага баш ийгибиз келерин көрсөтөбүз?

15 Жахабанын эгедерлигин жактаарыбызды далилдейбиз. Жахаба жыйналышка барышыбыз керектигин айтса да, бизди эч качан мажбурлабайт (Ыш. 43:23). Ошондуктан жыйналышка барсак, аны чын жүрөктөн сүйөрүбүздү, башчыбыз катары кабыл аларыбызды көрсөтөбүз (Рим. 6:17). Маселен, жумуш берүүчүбүз жыйналышка бара турган убакта иштешибизди талап кылышы мүмкүн. Же бийлик башындагылар жыйналышка барсак, айып пул төлөтөрүн, түрмөгө камаарын же андан да катуу жазалаарын айтып коркутушу ыктымал. Ушундай жагдайларга кабылганда кайсы тарапты ээлээрибизди чечишибиз керек болот (Элч. 5:29). Андайда Кудай тарапты тандасак, анын жүрөгүн кубантабыз (Накыл 27:11).

МЫНДАН АРЫ ДА ЖЫЙНАЛЫШТЫ КАЛТЫРБАЙЛЫ

16, 17. а) Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларынын жыйналыштарды баалаганы эмнеден көрүнүп турат? б) Жорж Гангас бир тууган жолугушууларга кандай караган?

16 Исанын алгачкы жолдоочулары б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин да үзгүлтүксүз чогулуп турушкан. «Алар элчилердин насааттарын түшүнүүгө... дайыма ынтызар» болуп, «ибадатканада бирге болушчу» (Элч. 2:42, 46). «Ынтызар болуу» деп которулган грек сөзү кайсы бир багыттан жазбоо үчүн аябай күч жумшоону билдирет. 1-кылымдагы ишенимдештерибизге Рим өкмөтүнүн жана жүйүт диний жетекчилеринин каршылыктарынан улам жыйналыштарга баруу оңой эмес болчу. Ошентсе да алар багынышкан эмес.

17 Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да жыйналыш жолугушууларын абдан баалашат. 22 жылдан ашуун убакыт бою Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Жорж Гангас бир тууган мындай деген: «Бир туугандарым менен жолугуп туруу мен үчүн жашоодогу эң эле жагымдуу жана бекемдээрлик учурлардын бири. Мүмкүн болсо, Падышалык залына эң биринчилерден болуп барып, эң акыркылардан болуп кеткенди жакшы көрөм. Кудайдын эли менен пикирлешкенде, жан дүйнөм жыргайт. Алардын арасында жүргөндө өзүмдү үй-бүлөм менен үйүмдө, рухий бейиште жүргөндөй сезем». Анан ал: «Компастын жебеси дайыма түндүктү көрсөтүп тургандай, ойлорум менен каалоолорум мени дайыма жыйналышка багыттап турат»,— деп кошумчалаган.

18. Жыйналыш жолугушууларына кандай карайсың жана эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Сен да жыйналыш жолугушууларына ушундай карайсыңбы? Анда мындан ары да аларга үзбөй катышуу үчүн болгон күчүңдү жумшай бер. Ошондо: «Жахаба, сен жашаган үйдү... жакшы көрөм»,— деп айткан Дөөтү пайгамбарга толук кошуларыңды көрсөтөсүң (Заб. 26:8).

^ [1] (3-абзац) Айрым ишенимдештерибиз өздөрү өзгөртө албай турган жагдайлардан, мисалы, катуу оорусунан улам жыйналышка кээде келе алышпайт. Андай бир туугандар Жахабанын аларды түшүнөрүнө, чыныгы сыйынууну жан-дилден колдоп жатышканын жогору баалаарына бекем ишенишсе болот. Рухий программадан пайда алышы үчүн, аксакалдар аларга жыйналыш жолугушууларын телефон аркылуу угузса же жолугушуулардын жаздырууларын берсе болот.

^ [2] (3-абзац) «Жыйналышка эмне үчүн барабыз?» деген кутучаны кара.