«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Апрель, 2018

Бул санда 2018-жылдын 4-июнунан 8-июлуна чейин изилдене турган макалалар камтылат.

Канткенде чындап эркин боло алабыз?

Айрым адамдар кысымдан, басмырлоодон, жакырчылыктан арылууну эңсеп келишет. Башкалар болсо сөз эркиндигине, тандоо эркиндигине ээ болууну каалашат. Чындап эркин болуу мүмкүнбү?

Эркиндиктин Кудайы Жахабага кызмат кылалы

Жахабанын руху бизди эмнелерден эркин кылат? Ал берген эркиндикти туура эмес колдонуудан канткенде кача алабыз?

Дайындалган ага-инилер Тиметейден эмнеге үйрөнсө болот?

Тиметей элчи Пабыл менен кызматташа баштаганда өзүн ишенимсиз сезген көрүнөт. Жыйналыштагы аксакалдар менен кызмат жардамчылары андан эмнеге үйрөнсө болот?

Баарыбызды бекемдеген Жахабадан үлгү алалы

Жахабанын эли кубаттап-бекемдөөгө ар дайым муктаж болуп келген.

«Бири-бирибизди ого бетер бекемдейли»

Жахабанын күнү жакындап келаткандыктан, бир туугандарыбызды зарыл учурларда бекемдей алышыбыз үчүн, аларга көңүл бурушубуз керек.

Жаштар, рухий максаттарга умтулуп жатасыңарбы?

Чыгара турган чечимдер, тандай турган нерселер көп болгондуктан, жаштар кээде эмне кыларын билбей башы маң болот. Алар канткенде келечегине байланыштуу туура чечим чыгара алышат?

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын жеке веб-сайтка же социалдык тармактарга салууга болбойт?

Окурмандардын суроолору

144-забурдагы сөздөр кимдерге карата айтылган?