Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бири-бирибизди ого бетер бекемдейли»

«Бири-бирибизди ого бетер бекемдейли»

«Бири-бирибизге көңүл бөлөлү... Ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (ЕВР. 10:24, 25).

ЫРЛАР: 90, 87

1. Элчи Пабыл эмне үчүн еврей ишенимдештерин бири-бирин «ого бетер бекемдөөгө» үндөгөн?

ЭМНЕ ҮЧҮН башкаларды бекемдөөгө мурдагыдан да көбүрөөк күч-аракет жумшашыбыз керек? Мунун себебин элчи Пабылдын еврей ишенимдештерине жазган катынан биле алабыз. Ал аларга мындай деген: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Евр. 10:24, 25). Беш эле жылдан кийин Иерусалимде жашаган ишенимдештерибиз Жахабанын күнүнүн жакындап калганын баамдашмак жана Машаяк айткан белгини көрүп, шаардан чыгып кетиши керектигин түшүнүшмөк (Элч. 2:19, 20; Лк. 21:20—22). Ал күн, б.з. 70-жылы римдиктер Жахабанын Иерусалимге чыгарган өкүмүн ишке ашырганда, келген.

2. Бүгүнкү күндө бири-бирибизди бекемдөөгө эмне үчүн өзгөчө аракет кылышыбыз керек?

2 Бүгүнкү күндө бизде Жахабанын «улуу, өтө коркунучтуу» күнү жакындап калганына шектенбөөгө толук негиз бар (Жоел 2:11). Сепания пайгамбар: «Жахабанын улуу күнүнө аз калды. Ал жакындап калды, абдан шашып келатат»,— деген (Сеп. 1:14). Анын эскертүүсү азыркы учурга да тиешелүү. Жахабанын күнү жакындап калгандыктан, Пабыл бизди: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деп чакырган (Евр. 10:24). Андыктан бир туугандарыбызды зарыл учурда кубаттап-бекемдеш үчүн алардын эмнеге муктаж экенин байкоого өзгөчө аракет кылышыбыз керек.

КИМДЕР БЕКЕМДӨӨГӨ МУКТАЖ?

3. Пабылдын сөздөрүнөн бекемдөөгө байланыштуу эмнени билүүгө болот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» (Накыл 12:25). Мындан көрүнүп тургандай, баарыбыздын эле жылуу сөзгө муктаж болгон учурларыбыз болот. Пабыл башкаларга дем-шык берүүгө жооптуу бир туугандардын өздөрү да бекемдөөгө муктаж экенин айткан. Римдеги ишенимдештерине ал: «Силерди көрүүгө куштармын, анткени кандайдыр бир рухий белек менен бөлүшүп, силерди бекемдегим келет. Тагыраак айтканда, силердин жана менин — баарыбыздын ишенимибиз менен бири-бирибизди бекемдешибизди каалайм»,— деп жазган (Рим. 1:11, 12). Ооба, башкаларга дайыма дем-күч берүүгө умтулган Пабыл да кээде көңүл жубаткан сөздөргө муктаж болгон. (Оку: Римдиктер 15:30—32.)

4, 5. Кимдерди кубаттап-бекемдеп турушубуз керек жана эмне үчүн?

4 Жахабага жан аябастык менен кызмат кылгандар мактоого татыктуу. Алардын арасында ишенимдүүлүк менен кызмат кылып жаткан пионерлер да бар. Көптөрү ал кызматты аркалоо үчүн бир топ нерсесинен баш тартышкан. Миссионерлер, райондук көзөмөлчүлөр менен жубайлары, Бейтелде жана алыскы котормо кеңселеринде кызмат кылып жаткандар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ыйык кызматка көбүрөөк убактысын арнаш үчүн алардын баары кайсы бир нерселерин курмандыкка чалган. Ошондуктан аларды бекемдеп турушубуз керек. Ошондой эле ар кандай себептерден улам толук убакыт кызматын токтоткон, бирок аны дагы деле бүт жүрөгү менен баалаган ишенимдештерибизди колдоп-кубаттап турганыбыз маанилүү.

5 «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошууга байланыштуу берилген буйрукка баш ийип, бойдок жүргөн бир туугандарыбыз да бекемдешибизге татыктуу (1 Кор. 7:39). Андан сырткары, үй-бүлөсү үчүн күжүрмөн эмгектенген жубайлар жолдошунун жүрөк жылыткан сөздөрүн абдан баалашат (Накыл 31:28, 31). Куугунтукка, ооруга карабай берилгендик менен кызмат кылып жаткан ишенимдештерибиз да бекемдөөгө муктаж (2 Тес. 1:3—5). Жахаба менен Иса Машаяк ушундай ишенимдүү бир туугандардын баарын жубатып-сооротот. (Оку: 2 Тесалоникалыктар 2:16, 17.)

АКСАКАЛДАР, БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДЕГИЛЕ

6. Ышая 32:1, 2де айтылгандай, аксакалдар кандай милдет аткарышат?

6 Оку: Ышая 32:1, 2. Иса Машаяк «төрөлөр», тактап айтканда, майлангандардан жана башка койлордон дайындалган аксакалдар аркылуу көңүлү чөккөндөрдү зарыл учурда бекемдеп, жетекчилик берет. Аксакалдар башкалардын ишенимине «үстөмдүк кылышпайт», тескерисинче, алардын кубанышына өбөлгө түзүшөт (2 Кор. 1:24).

7, 8. Аксакалдар башкаларды сөзү менен бекемдегенден сырткары дагы эмне кылса болот?

7 Элчи Пабыл бул жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал Тесалоникадагы куугунтукталып жаткан ишенимдештерине: «Силерге карата назик сезимдерди туюп, силерди абдан жакшы көрүп калгандыктан биз силерге Кудайдын жакшы кабарын айтып эле койбостон, жаныбызды да берүүгө даяр элек»,— деп жазган (1 Тес. 2:8).

8 Сөз менен эле бекемдеп коюу жетишсиз экенин көрсөтүп, Пабыл Эфестеги аксакалдарга: «Алсыздарга жардам бериш керектигин жана Мырзабыз Исанын: „Алганга караганда берген бактылуу“,— деген сөздөрүн унутпаш керектигин силерге бардык жагынан көрсөттүм»,— деген (Элч. 20:35). Ал бир туугандарын бекемдеп эле койбостон, алар үчүн өзүндө болгондун баарын жан-дилинен сарптаган, атүгүл өзүн аяган эмес (2 Кор. 12:15). Аксакалдар да ишенимдештерин сөзү менен эле жубатып, бекемдеп койбой, аларга чын дилден көңүл буруп, иш жүзүндө жардам бериши керек (1 Кор. 14:3).

9. Аксакалдар кантип кеңешти түрткү бергидей кылып бере алышат?

9 Башкаларды бекемдөө үчүн кээде кеңеш берүүгө да туура келиши мүмкүн. Бирок аксакалдар Ыйык Китептеги үлгүгө ылайык иш кылып, кеңешти түрткү бергидей кылып бериши кажет. Бул жагынан Иса Машаяк мыкты үлгү көрсөткөн. Тирилгенден бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Кичи Азиядагы бир нече жыйналышка олуттуу кеңеш берген. Бирок анын кеңешти кантип айтканы көңүлгө аларлык. Кеңеш берерден мурун ал Эфестеги, Пергамдагы, Тиатирадагы жыйналыштарды мактаган (Аян 2:1—5, 12, 13, 18, 19). Анан Лаодикиядагы жыйналышка: «Мен жакшы көргөндөрүмдүн баарын ашкерелейм, жазалайм. Андыктан ынталуу бол, өкүн»,— деген (Аян 3:19). Кимдир бирөөгө кеңеш бергенде аксакалдардын Машаяктан үлгү алганы жакшы.

АКСАКАЛДАРДЫН ЭЛЕ МИЛДЕТИ ЭМЕС

Ата-энелер, балаңарды башкаларды бекемдегенге үйрөтүп жатасыңарбы? (10-абзацты карагыла)

10. Канткенде баарыбыз бири-бирибизди бекемдей алабыз?

10 Башкаларды бекемдөө аксакалдардын гана милдети эмес. Пабыл бардык ишенимдештерин, «уккандарга пайда алып келиши үчүн, ыңгайы келгенде, аларды бекемдей турган сөздөрдү» сүйлөөгө үндөгөн (Эф. 4:29). Андыктан ар бирибиз башкалардын эмнеге муктаж экенин байкай билишибиз зарыл. Пабыл еврей ишенимдештерине: «Алсыраган колуңарды, күчү кеткен тизеңерди чыңдагыла. Аксаган бутуңар чыгып кетпеши үчүн, тескерисинче, айыгышы үчүн, дайыма түз жолдор менен баскыла»,— деп жазган. Ырас, биз башкалардын «колун», «тизесин» чыңдай алабыз (Евр. 12:12, 13). Бири-бирибизди жылуу сөздөрүбүз менен бекемдөө баарыбыздын, анын ичинде жаштардын да колунан келет.

11. Көңүлү чөгүп жүргөндө Мартини эмне бекемдеген?

11 Бир кезде көңүлү чөгүп жүргөн Марти * деген ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Бир жолу Кудайдан бекемдешин сурап тилендим. Анан ошол күнү бир эже мага боорукердик менен, жылуу мамиле кылды. Мен ошого аябай муктаж болуп жаткам. Ошондой эле ал мурун өзү да мага окшоп кыйналганын айтып берди. Ошондо жалгыз эмес экенимди сездим». Балким, ал эже айткан сөздөрү Мартиге ушунчалык жакшы таасир эткенин билген эмес болуш керек.

12, 13. Филипиликтер 2:1—4-аяттардагы кеңешти кантип колдонсок болот?

12 Элчи Пабыл Филипидеги жыйналыштын бардык мүчөлөрүнө мындай кеңеш берген: «Ошентип, Машаяктын жолдоочусу катары бири-бириңерди бекемдесеңер, сүйүү менен сооротсоңор, рухка үлүштөш болсоңор, назик сезим, боорукердик көрсөтсөңөр, анда кубанычымды толуктагыла: бир ойго, бирдей сүйүүгө ээ болгула, биримдүү, бир пикирдүү болгула. Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө. Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Флп. 2:1—4).

13 Ооба, бир туугандарыбызды бекемдеш үчүн аларды «сүйүү менен сооротуунун», аларга кам көрүүнүн жана «назик сезим, боорукердик көрсөтүүнүн» жолдорун издешибиз керек.

БЕКЕМДӨӨНҮН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ

14. Башкаларды бекемдөөнүн бир жолу кайсы?

14 Биз бир учурда көмөк кылган адамдардын Кудайга ишенимдүү кызмат кылып жатканы жөнүндө укканда абдан бекемделебиз. Элчи Жакан да ошондой сезимде болгон. Ал: «Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн кубаныч жок»,— деп жазган (3 Жкн. 4). Көп пионерлер алардын жардамы менен чындык жолуна түшкөн айрым адамдардын бир топ убактан бери ишенимдүүлүгүнөн жазбай кызмат кылып келатканын, атүгүл пионер болуп жүргөнүн көрүү канчалык дем-шык берерин ырастай алышат. Андыктан көңүлү чөгүп жүргөн пионерге мурун башкаларга жардам берүүдөн алган кубанычын эсине салсак, ал жанданып калышы толук мүмкүн.

15. Ишенимдүү кызмат кылып жаткандарды дагы кантип бекемдесек болот?

15 Көптөгөн райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштарды кыдырганда кимдир бирөөдөн ыраазычылык билдирилген куш тилиндей кат алса да, жубайы экөө тең канат байлап каларын айтышкан. Аксакалдар, миссионерлер, пионерлер, бейтелдиктер да ишенимдүүлүк менен кылып жаткан кызматы үчүн жан эргиткен сөздөрдү укканда ошондой сезимде болушат.

КАНТКЕНДЕ БААРЫБЫЗ БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДЕЙ АЛАБЫЗ?

16. Кимдир бирөөнү бекемдеш үчүн эмне кылсак болот?

16 «Сөзгө жокмун, ошондуктан эч кимди бекемдей албайм»,— деп ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Башкаларды бекемдеш үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Кимдир бирөө менен учурашканда кээде тек гана жылуу жылмайып койгонубуз эле жетиштүү болот. Эгер ал жылмайбаса, кандайдыр бир көйгөйү болушу мүмкүн. Андайда кунт коюп укканыбыздын өзү эле аны сооротушу ыктымал (Жкп. 1:19).

17. Кыйналып жүргөн жаш ишенимдешибизге эмне жардам берген?

17 Жакын туугандары, анын ичинде көптөр кадырлап-сыйлаган жана аксакал болуп кызмат кылган атасы чындык жолун таштап кеткенде, Анри деген жаш ишенимдешибиз аябай кыйналган. Бир райондук көзөмөлчү аны кафеге кофе ичкени чакырып, ал жүрөгүндөгүсүн төгүп жатканда, кунт коюп уккан. Бул аны абдан бекемдеген. Райондук көзөмөлчү менен сүйлөшкөндөн кийин Анри ишенимдүү кызмат кыла бергенде гана үй-бүлөсүнө чындык жолуна кайтып келүүгө жардам бере аларын түшүнгөн. Ал Забур 46-бөлүмдү, Сепания 3:17ни, Марк 10:29, 30ду окуганда кадимкидей сооронуп калган.

Баарыбыз бири-бирибизди кубаттап-бекемдей алабыз (18-абзацты карагыла)

18. а) Сулайман падыша эмне деген? б) Элчи Пабыл эмнеге чакырган?

18 Марти менен Анринин окуясынан көрүнүп тургандай, сооротууга муктаж болуп турган ишенимдешибизди бекемдей алабыз. Сулайман падыша: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!.. Көздөн чачырап турган нур жүрөктү кубантат, жакшы кабар сөөктү чучукка толтурат»,— деген (Накыл 15:23, 30). Андан сырткары, көңүлү чөгүп турган бир тууганга күч-кубат бериш үчүн «Күзөт мунарасына» же веб-сайтыбызга чыккан макалаларды окуп берсек болот. Пабыл Падышалык ырларын чогуу ырдоо да бекемдей турганын айткан. Ал: «Мындан ары да бири-бириңерди забурлар, Кудайды даңктоо ырлары жана жагымдуу рухий ырлар менен бекемдеп, үйрөтө бергиле. Жахабага жүрөгүңөрдөн ырдагыла»,— деп жазган (Кол. 3:16; Элч. 16:25).

19. Бири-бирибизди бекемдегенибиз эмне үчүн барган сайын маанилүү боло берет жана эмне кылышыбыз керек?

19 Жахабанын күнү жакындаган сайын, бири-бирибизди бекемдегенибиз абдан маанилүү боло берет (Евр. 10:25). Андыктан, Пабыл 1-кылымдагы ишенимдештерине кеңеш кылгандай, мындан ары да бири-бирибизди кубаттандырып-бекемдей берели (1 Тес. 5:11).

^ 11-абз. Ысымдар өзгөртүлдү.