Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дайындалган ага-инилер Тиметейден эмнеге үйрөнсө болот?

Дайындалган ага-инилер Тиметейден эмнеге үйрөнсө болот?

БЫЛТЫР дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан миңдеген ага-инилер аксакал жана кызмат жардамчысы болуп дайындалышты. Сен да ал сүйүктүү бир туугандардын бири болсоң, сыймыктуу жоопкерчилигиңди аркалоодон кубаныч алып жатканың шексиз.

Бирок бир аз тынчсызданып да жаткандырсың. Жейсон деген жаш аксакал: «Жаңы дайындалганда милдеттеримди аткара аламбы деп аябай сарсанаа болгом»,— деп бөлүшөт. Муса, Жеремия пайгамбарлар да Жахабадан тапшырма алганда өздөрүн жөндөмсүз сезишкен (Чыг. 4:10; Жер. 1:6). Эгер сени да ушундай сезимдер чулгап жатса, канткенде аларды жеңип, ийгиликке жете аласың? Эмесе, Иса Машаяктын жолдоочусу болгон Тиметейдин үлгүсүн карап чыгалы (Элч. 16:1—3).

ТИМЕТЕЙДЕН ҮЙРӨН

Элчи Пабыл Тиметейди миссионердик сапарында коштоп жүрүүгө чакырганда, сыягы, ал өспүрүм курактан өтүп калган же жыйырмалардан ашкан улан болсо керек. Жаш болгондуктан Тиметей башында өзүн ишенимсиз сезип, жаңы дайындоосун аткаруудан тартынган көрүнөт (1 Тим. 4:11, 12; 2 Тим. 1:1, 2, 7). Бирок он жылдан кийин Пабыл Филипидеги жыйналышка ал жөнүндө: «Мырзабыз Исанын эркине ылайык келсе, жакында силерге Тиметейди жиберем деп үмүттөнөм. Анткени аныкындай маанайга ээ болгон... башка эч кимим жок»,— деп жазган (Флп. 2:19, 20).

Тиметей эмнеден улам ушундай мыкты аксакал болгон? Келгиле, андан эмнеге үйрөнсөк болоруна байланыштуу алты нерсеге токтололу.

1. Башкаларга чындап кам көргөн. Пабыл Филипидеги ишенимдештерине: «[Тиметей] силерге чын жүрөктөн кам көрөт»,— деген (Флп. 2:20). Ооба, Тиметей камкор болгон. Ал башкалардын рухий жыргалчылыгына чын дилден көңүл буруп, алар үчүн жанын аябай кызмат кылган.

Жүргүнчүлөрдү алып кетүүгө эмес, ар бир аялдамага өз убагында жетүүгө көңүл топтогон айдоочудай болбо. Башкалар урматтап-сыйлаган, 20 жылдан ашуун убакыттан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Уильям жаңы дайындалган ага-инилерге: «Бир туугандарды сүйгүлө. Уюштуруу иштерин эмес, биринчи кезекте алардын муктаждыктарын ойлогула»,— деп кеңеш берет.

2. Кабар айтуу ишин биринчи орунга койгон. Тиметейдин ишенимдештеринен айырмаланарын көрсөтүп, Пабыл: «Башкалардын баары Машаяк Исага жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт»,— деген (Флп. 2:21). Ал бул сөздөрдү Римде камакта отурганда жазган. Пабыл ошол жактагы бир туугандардын өз иштери менен көбүрөөк алек болорун байкаган. Алар кандайдыр бир деңгээлде өздөрүн аяшкан. Бирок Тиметей алардай болгон эмес. Жакшы кабарды таратууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, ал: «Мен барам! Мени жибер»,— деп айткан Ышая пайгамбардыкындай маанай чагылдырган (Ыш. 6:8).

Жеке иштериң менен рухий иштерди кантип тең салмакташтырсаң болот? Биринчиден, аларды маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүр. Пабыл: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деп үндөгөн (Флп. 1:10). Кудайдын ишин биринчи орунга кой. Экинчиден, айрым нерселерди өзгөрт. Мисалы, убактыңды, күчүңдү уурдаган нерселерден арыл. Пабыл Тиметейге: «Жаштыкка мүнөздүү каалоолордон кач,.. адилдикке, ишенимге, сүйүүгө, тынчтыкка умтул»,— деп кеңеш берген (2 Тим. 2:22).

3. Ыйык кызматка бүт күчүн жумшаган. Пабыл филипиликтерге: «Тиметейдин өзүн кандай кызматчы катары көрсөткөнүн, атасына жардам берген балага окшоп, жакшы кабар таратууда мени менен бирге кулдай кызмат кылганын билесиңер»,— деген (Флп. 2:22). Чынында эле, Тиметей жалкоо болгон эмес. Ал Пабыл менен бирге күжүрмөн эмгектенген. Мунун аркасында экөө абдан ынак болуп калышкан.

Бүгүн Кудайдын уюмунда иш чачтан көп. Ал иштер чындап канааттануу тартуулайт жана бир туугандарыбызга жакындатат. Андыктан «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенүүнү» максат кылып кой (1 Кор. 15:58).

4. Билгендерин иш жүзүндө колдонгон. Пабыл Тиметейге: «Сен болсо менин окутуума, жашоомо, максатыма, ишенимиме, чыдамкайлыгыма, сүйүүмө, туруктуулугума көңүл коюп, үлгүмө так кармандың»,— деп жазган (2 Тим. 3:10). Үйрөнүп-билгендерин иш жүзүндө колдонгондуктан Тиметейге дагы чоң жоопкерчилик артылган (1 Кор. 4:17).

Сен үлгү алган, сага рухий жактан жардам берген кимдир бирөө барбы? Жок болсо, тапканга аракет кыл. Көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Том: «Тажрыйбалуу бир аксакал мени канатына калкалап, сонун нерселерге үйрөттү. Андан дайыма кеңеш сурап, айткандарын аткарчумун. Мунун аркасында өзүмдү ишенимдүү сезе баштадым»,— деп эскерет.

5. Өзүн машыктырган. Пабыл Тиметейди: «Кудайга берилгендик көрсөтүүгө машыга бер»,— деп чакырган (1 Тим. 4:7). Адатта спортчунун машыктыруучусу болот, бирок ал өзү да машыгып турушу керек. Ошол себептен Пабыл Тиметейди: «Эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү уланта бер... Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна»,— деп үндөгөн (1 Тим. 4:13—15).

Шык-жөндөмүңдү барган сайын арттыра беришиң керек. Ан үчүн Ыйык Китепти ынтызарлык менен изилде, уюмдагы акыркы көрсөтмөлөрдөн артта калба. Ошондой эле өзүңө таянгандан кач. Мисалы: «Тажрыйбалуу болгондуктан, кандай жагдай болбосун, ал тууралуу кылдат изилдөө жүргүзбөй эле чечип коё алам»,— деген ойдон алыс бол. Тиметейге окшоп, «өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур» (1 Тим. 4:16).

6. Жахабанын ыйык рухуна таянган. Пабыл Тиметейге кызматы тууралуу эскертип: «Өзүңө тапшырылган кенчти өзүбүздөгү ыйык рухтун жардамы менен сакта»,— деген (2 Тим. 1:14). Кызматын туруктуулук менен аткарып, аны жогору баалаш үчүн Тиметей Кудайдын ыйык рухуна таянышы керек болчу.

Ондогон жылдардан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Дональд мындай деп бөлүшөт: «Дайындалган ага-инилер Кудай менен болгон мамилесин бекем сакташы керек. Ушундай кылгандардын „күчүнө күч кошулат“. Эгер алар Кудайдан ыйык рух сурап тиленсе жана рухтун жемишине кирген сапаттарды өрчүтсө, ишенимдештери үчүн чындап бата боло алышат» (Заб. 84:7; 1 Пет. 4:11).

СЫЙМЫКТУУ ЖООПКЕРЧИЛИГИҢДИ БААЛА

Жаңы дайындалган көптөгөн ага-инилердин сендей болуп рухий ийгиликтерди кылып жатканын көрүү абдан бекемдейт. Макаланын башында сөз кылынган Жейсон: «Аксакал болуп дайындалгандан бери көп нерсеге үйрөндүм, өзүмдү мурдагыдан ишенимдүү сезип калдым. Азыр милдеттеримди аткаруудан зор кубаныч алып жатам жана аны баа жеткис сыймык деп эсептейм!» — дейт.

Мындан ары да рухий жактан ийгилик кылууга умтуласыңбы? Тиметейден үлгү алууну максат кылып кой. Ошондо сен да Кудайдын эли үчүн бата болосуң.