Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, рухий максаттарга умтулуп жатасыңарбы?

Жаштар, рухий максаттарга умтулуп жатасыңарбы?

«Иштериңди Жахабага тапшыр, ошондо максаттарың жүзөгө ашат» (НАКЫЛ 16:3).

ЫРЛАР: 135, 144

1—3. а) Жаштар кандай кыйынчылыкка кабылышат жана муну эмнеге салыштырууга болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Андай жагдайга кабылган жаш ишенимдештерибизге эмне жардам берет?

АЛЫСКЫ бир шаарга маанилүү иш боюнча барганы жатасың дейли. Ал жерге жетиш үчүн автобус менен узак жол жүрүшүң керек. Автобекетке келгенде элдин, автобустардын көптүгүнөн башың айланат. Бирок каякка барышың керектигин жакшы билгендиктен так ошол жакка бара турган автобуска отурасың. Эгер туш келди бирөөнө түшүп алсаң, такыр башка жакка кетип каларыңды билесиң.

2 Өмүрдү алыскы сапарга, ал эми жаштарды жүргүнчүлөргө салыштырууга болот. Чыгара турган чечимдер, тандай турган нерселер көп болгондуктан, жаштар кээде эмне кыларын билбей башы маң болот. Бирок жашоодо кайсы багытты көздөшүң керектигин жакшы билсең, туура чечим чыгаруу оңоюраак болот. Анда кайсы жакка бет алышың керек?

3 Бул макалада ушул суроого жооп берилет жана жаштар Жахабага жагуу үчүн бүт күчүн жумшоого чакырылат. Ан үчүн алар жашоосунун бардык тармагында: билим алууда, жумуш тандоодо, үй-бүлө курууну же балалуу болууну чечүүдө жана башка нерселерде Жахаба берген кеңештерге ылайык иш кылышы зарыл. Ошондой эле рухий максаттарды көздөшү абзел. Жахабага кызмат кылууга көңүл топтогон жаштар анын батасына ээ болуп, жашоодо сөзсүз ийгиликке жетерине шектенбесе болот. (Оку: Накыл сөздөр 16:3.)

ЭМНЕ ҮЧҮН РУХИЙ МАКСАТТАРГА УМТУЛУШ КЕРЕК?

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Кичинекей кезден эле рухий максаттарды коюу акылдуулукка жатат. Эмне үчүн? Төмөндө мунун үч себебин карап чыгабыз. Биринчи жана экинчи себебинен рухий максаттарга умтулуу Жахаба менен болгон мамилени бекемдей турганын, ал эми үчүнчүсүнөн бала кезден эле рухий максаттарды көздөө пайда алып келерин билебиз.

5. Рухий максаттарга умтулганыбыздын негизги себеби кайсы?

5 Рухий максаттарга умтулганыбыздын негизги себеби — Жахабага сүйүүсү жана кылган жакшылыктары үчүн ыраазы экенибизди көрсөтүү. Забурчу: «Оо, Жахаба, сага ыраазычылык билдирүү... кандай жакшы! Жахаба, сен мени иштериң менен кубантып келесиң. Колуң жасаган иштериңди көрүп шаттанам»,— деп жазган (Заб. 92:1, 4). Сен да Жахабанын сага кылган жакшылыктары жөнүндө ойлонуп көрсөң болот. Мисалы, ал сага өмүр берген, өзүн таанып-билүүгө жардам берген. Ага Ыйык Китеп, жыйналыш, келечекке болгон кереметтүү үмүтүң үчүн да ыраазы болсоң болот. Рухий иштерди биринчи орунга коюу менен ага ушул баталары үчүн ыраазы экениңди айгинелейсиң жана мунун аркасында ага ого бетер жакындайсың.

6. а) Рухий максаттарга умтулуу Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этет? б) Жаш балдар кандай максаттарды койсо болот?

6 Экинчи себеби рухий максаттарга жетүүгө аракет кылуу менен Жахабанын көз алдында жакшы иштерге байый баштайсың. Мунун аркасында ага мурдагыдан да жакындайсың. Элчи Пабыл: «Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп жазган (Евр. 6:10). Рухий максаттарды койгонго али жашмын деп ойлобо. Кристина Жахабанын берилген кызматчыларынын өмүр баяндарын дайыма окуп турууну максат кылып койгондо 10 эле жашта болчу. Ал эми Тоби чөмүлгөнгө чейин Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууну 12 жашынан тартып көздөй баштаган. Максим 11 жашында, карындашы Ноеми болсо 10 жашында чөмүлгөн. Ошондон кийин экөө тең Бейтелде кызмат кылууну максат кылып, аракет кыла башташкан. Максатын көңүлүнүн борборунда сакташ үчүн алар Бейтелде кызмат кылгысы келгендер толтура турган арызды дубалга илип алышкан. Сен да кайсы максатка умтулгуң келери жөнүндө ойлонуп, ага жетүү үчүн күч жумшасаң болот. (Оку: Филипиликтер 1:10, 11.)

7, 8. а) Максат койсоң, чечим чыгаруу эмне үчүн оңоюраак болот? б) Бир өспүрүм эмне үчүн университеттен билим алууну тандаган эмес?

7 Кичинекей кезден эле максат коюунун үчүнчү себеби чечим чыгаруу менен байланыштуу. Жаштар билим алууга, жумушка орношууга жана башка иштерге байланыштуу көп чечимдерди чыгарышы керек болот. Чечим чыгаруу жолдун кесилишине келгенде туура багытка бет алууга окшош. Эгер көздөгөн жериңе кантип барууну жакшы билсең, туура жолду тандоо кыйынга деле турбайт. Ошо сыңары, эгер кандай максатка умтулгуң келерин жакшы билсең, туура чечим чыгаруу оңоюраак болот. Накыл сөздөр 21:5те: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— делет. Рухий максаттарга канчалык эрте умтулсаң, ийгиликке ошончолук эрте жетесиң. Буга өспүрүм курагында маанилүү чечим чыгарууга туура келген Дамарис деген ишенимдешибиз өз тажрыйбасынан ынанган.

8 Ал мектепти мыкты баа менен бүтүргөндүктөн, ага университетте юристтин окуусун бекер окуу сунуш кылынган, бирок ал банкта иштөөнү тандаган. Эмне үчүн? Дамарис мындай дейт: «Кичинекейимде эле пионер болом деп максат койгом. Ан үчүн азыраак убакытты алган жумушта иштешим керек болчу. Эгер университетти бүтүрсөм, акчаны жакшы тапмакмын, бирок убактымды көп албаган жумуш таба алмак эмесмин». Анын пионер болуп кызмат кылып жатканына 20 жыл болду. Ал туура максат коюп, өспүрүм кезинде туура чечим чыгарганбы? Дамарис мындай деп кошумчалайт: «Мен иштеп жаткан банкка юристтер көп келет. Эгер юристтин окуусун окусам, мен да алардыкындай жумушта иштеп жүрмөкмүн. Алардын көбү жумушунан такыр кубаныч алышпайт. Ал эми пионердик кызматты тандаганым мансапты көздөгөндөр кабыла турган көңүл кайттыктан алыс болууга жардам берип, Жахабага көп жылдар бою кубанып кызмат кылууга жол ачты».

9. Кудайга кызмат кылган жаштар эмне үчүн мактоого татыктуу?

9 Дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардагы миңдеген жаштар мактоого татыктуу. Анткени өмүрүн Жахабага арнап, рухий максаттарга умтулуп жатышат. Алар жашоодон толук кубаныч алып, ошол эле учурда бардык жагынан, анын ичинде билим алууда, жумушта, үй-бүлөлүк турмушунда Жахабанын жетекчилигине баш ийүүгө үйрөнүшүүдө. Сулайман пайгамбар: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян... Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деген (Накыл 3:5, 6). Жыйналыштагы жаштар Жахабанын көз алдында абдан баалуу. Ал аларды аябай жакшы көрөт, коргойт, жетектейт жана батасын берет.

КАБАР АЙТУУГА ЖАКШЫ ДАЯРДАН

10. а) Эмне үчүн кабар айтуу иши биринчи орунда турушу керек? б) Канткенде кызматта ийгиликке жете алабыз?

10 Жахабага жагууга умтулган жаштар кызматка олуттуу көңүл бурат. Иса Машаяк «баарынан мурда... жакшы кабар таратылышы керектигин» баса белгилеген (Мр. 13:10). Кабар айтуу иши шашылыш болгондуктан, аны биринчи орунга коюшубуз керек. Сен ал ишке көбүрөөк катышууну максат кыла аласыңбы? Пионер боло аласыңбы? Эгер кызматтан анча кубаныч албай жатсаң, эмне кылсаң болот? Кабар айтуу ишинде канткенде көбүрөөк ийгиликке жетесиң? Буга эки нерсе жардам берет: жакшы даярдан жана билгендериңди башкалар менен бөлүшүүдөн тартынба. Ошондо кабар айтуудан зор кубаныч аласың.

Сен кабар айтууга кантип даярданасың? (11, 12-абзацтарды кара)

11, 12. а) Жаштар кабар айтканга кантип даярданса болот? б) Бир жаш ишенимдешибиз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мектепте кантип кабар айткан?

11 Алгач классташтарың көп берген суроолорго, мисалы: «Эмне үчүн Кудайга ишенесиң?» — деген суроого жооп даярдоодон баштасаң болот. Биздин jw.org сайтыбызга ушул суроого кантип жооп берсе болоруна байланыштуу макалалар чыккан. Аларды ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ӨСПҮРҮМДӨР деген жерден таба аласың. Ал бөлүктө «Мен эмне үчүн Кудайга ишенем?» деген иштөө барагы да бар. Аны колдонуу өз сөзүң менен жооп даярдоого жардам берет. Иштөө барагында Кудайга эмне үчүн ишенериңди түшүндүрүүдө колдонсоң боло турган үч аят: Еврейлер 3:4, Римдиктер 1:20 жана Забур 139:14 келтирилген. Сайттагы башка иштөө барактары да ар кандай суроолорго жооп даярдоого көмөк кылат. (Оку: 1 Петир 3:15.)

12 Мүмкүнчүлүк болгондо классташтарыңды jw.org сайтына кирип көрүүгө үндө. Лука деген ишенимдешибиз ушундай кылган. Бир жолу алар сабактан ар кайсы диндер жөнүндө талкуулашкан. Лука талкууланып жаткан китепте Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жалган маалымат камтылганын байкаган. Анан тартынса да, мугалиминен ошол маалыматтын туура эмес экенин далилдеп берүүгө уруксат сураган. Мугалими макул болгон. Ошондо Лука эмнеге ишенерин түшүндүрүп эле бербестен, баарына биздин веб-сайтты көрсөткөн. Мугалими окуучуларга «Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген видеотасманы көрүп келүүнү үй тапшырма катары берген. Лука жакшы күбөлөндүрө алганы үчүн аябай сүйүнгөн.

13. Кыйынчылыктар болгондо эмне үчүн багынбашыбыз керек?

13 Бараткан жолуңдан кээде уңкур-чуңкурлар кезиксе да, багынба (2 Тим. 4:2). Кыйынчылык болгондо, максатыңан көзүңдү алба. Катарина 17 жашында жумушундагылардын ар бирине кабар айтууну чечип алган. Чогуу иштеген бир киши ага бир нече жолу көңүл оорутарлык сөздөрдү айткан. Бирок ал коркуп калбай, көздөгөнүнө умтула берген. Анын ошондой учурда өзүн жакшы алып жүргөнүн көрүп, Ханс деген кесиптеши аябай таасирленген. Натыйжада ал биздин адабияттарды окуп, Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлгөн. Катарина башка жакка көчүп кеткендиктен мунун баарын билген эмес. 13 жылдан кийин ал үй-бүлөсү менен Падышалык залында отурганда, жалпыга арналган баяндаманы айта турган бир тууган Ханс экенин билгенде канчалык кубанганын элестетсең! Анын кесиптештерине багынбай кабар айта бергени кандай жакшы болгон!

ЭЧ НЕРСЕГЕ АЛАКСЫБА

14, 15. а) Азгырык пайда болгондо эмнени эсиңден чыгарбашың керек? б) Канткенде теңтуштарыңдын кысымына туруштук бере аласың?

14 Буга чейинки абзацтарда сен Жахабага кызмат кылууну көздөөгө чакырылдың. Бул өз ичине рухий максаттарды жашоодо биринчи орунга коюуну камтыйт. Балким, сен курактагы жаштардын көбү көңүл ачууну эле ойлошоттур жана сени да өздөрүнө кошулууга чакырышаттыр. Эртеби, кечпи, чыгарган чечимиңе канчалык бекем карманарыңды көрсөтүшүң керек болот. Андайда теңтуштарыңдын кысымына алдырба. Автобекет жөнүндөгү мисалга кайрадан токтололу. Кайсы бир автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр жыргап жаткандай көрүнсө эле, ага түшүп албайсың да, чынбы?

15 Теңтуштардын кысымына туруштук берүүнүн көп жолдору бар. Алсак, азгырылышың мүмкүн болгон жагдайлардан кач (Накыл 22:3). Жаман жолдо жүргөндөргө кошулсаң, кесепети кандай болору жөнүндө ойлон (Гал. 6:7). Андан тышкары, жакшы кеңешке муктаж экениңди унутпа. Момун болсоң, ата-энеңдин жана жыйналыштагы жетилген бир туугандардын кеңештерин даярдуулук менен кабыл аласың. (Оку: 1 Петир 5:5, 6.)

16. Момун болуунун пайдалуу экенин көрсөткөн окуя айтып бер.

16 Момундук Кристофко башкалардын кеңешине кулак кагууга жардам берген. Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй эле ал машыгуу залына дайыма бара баштаган. Ал жактагы жаштар аны өздөрүнүн тобуна кошулууга чакырышкан. Ошондо Кристоф ал жөнүндө бир аксакал менен сүйлөшкөн. Ал аны чечим чыгарганга чейин анын кандай коркунучтуу жактары бар экени, мисалы, атаандашуу рухун жуктуруп алышы мүмкүн экени жөнүндө ойлонуп көрүүгө үндөгөн. Бирок Кристоф баары бир деле алардын тобуна кошулган. Убакыттын өтүшү менен ал өзү катышкан спорттун зордук-зомбулук менен коштолорун, атүгүл кооптуу экенин байкаган. Ал кайрадан бир нече аксакал менен сүйлөшкөн. Алардын баары ага Ыйык Китептин негизинде кеңеш беришкен. Кристоф: «Жахаба мага акылман кеңешчилерди жөнөттү. Убакыт талап кылынса да, мен ал айткандай иш кылдым»,— дейт. Сен да момун болуп, кеңешти кабыл аласыңбы?

17, 18. а) Жахаба жаштарга эмнени каалайт? б) Көптөр кийин эмнеге өкүнүшү мүмкүн жана андан качыш үчүн эмне кылса болот? Мисал келтир.

17 «Жигит [же кыз], жаш чагыңда кубан, жаштык күндөрүңдө жүрөгүң шаттансын» (Нас. 11:9). Ооба, Жахаба сенин кубанып-шаттанышыңды каалайт. Ан үчүн, бул макалада баса белгиленгендей, рухий максаттарга умтул жана жашооңдун бардык тармагында Жахабанын кеңештерине ылайык иш кыл. Муну канчалык эрте баштасаң, анын батасына ошончолук эрте ээ болуп, анын жетектеп, коргоп жатканын сезесиң. Кудайдын Сөзүндөгү даанышман кеңештер жөнүндө ойлон жана: «Жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген сөздөрдү жүрөгүңө бекем түйүп ал (Нас. 12:1).

18 Эч ким жаш бойдон калбайт. Жаштык кез көз ачып-жумгуча эле өтүп кетет. Тилекке каршы, көптөр жаш кезинде туура эмес максаттарды көздөгөнү же такыр эле максатсыз жашаганы үчүн кийин өкүттө калышат. Ал эми рухий максаттарга умтулуп жаткан жаштар туура чечим чыгарганы үчүн кийин терең канааттануу алышат. Мисалга Мириана деген ишенимдешибизди алалы. Ал өспүрүм кезинде спортко шыктуу болчу. Ага кышкы олимпиадалык оюндарга катышууну сунуш кылышкан, бирок ал толук убакыт кызмат кылууну тандаган. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтсө да, жолдошу экөө дагы деле ошол кызматты аркалап жатышат. Мириана мындай дейт: «Атак-даңк, бийлик, байлык — баары убактылуу жана эч нерсеге татыбай турган максаттар. Ал эми Кудайга кызмат кылуу, адамдарга рухий жактан жардам берүүгө кичине болсо да салым кошуу — арзырлык жана түбөлүктүү максаттар».

19. Кичинекей кезден эле рухий максаттарга умтулуунун кандай пайдасы бар?

19 Жыйналыштагы жаштар ар кыл кыйынчылыктарга туруштук берип, Жахабага кызмат кылууга чечкиндүү болгону үчүн мактоого татыктуу. Алар муну рухий максаттарга жетүүгө умтулуп, кабар айтуу ишин биринчи орунга коюу менен көрсөтүп жатышат. Ошондой эле бул дүйнө сунуштаган эч бир нерсенин алаксытышына жол беришкен жок. Жаштар жумшаган күч-аракети текке кетпей турганына такыр шектенбесе болот. Аларды ишенимдештери жакшы көрүшөт жана колдоп турушат. Эгер өздөрүн толугу менен Жахабага тапшырса, ой-максаты сөзсүз ишке ашат.