Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Забур 144:12—15-аяттардагы сөздөр Кудайдын элине карата айтылганбы же 11-аяттагы бөтөн жерлик ыймансыз адамдаргабы?

Еврей тилиндеги текстти тигиндей да, мындай да түшүнүүгө болот. Төмөнкү факторлор анын маанисин тагыраак билүүгө жардам берет.

  1. Ал забурду толугу менен карап чыгуу. 12—14-аяттардагы баталар Кудайга кайрылып, ыймансыздардан куткарышын, бошотушун сураган (11-аят) адил адамдарга карата айтылган деп түшүнүүгө болот. Бул ойду 15-аяттагы сөздөр да бышыктайт. Ал жерде эки жолу кездешкен «бактылуу» деген сөз «Кудайы Жахаба болгон» ошол эле адил адамдарга карата колдонулган.

  2. Бул түшүнүк Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын бата алары жөнүндө айтылган Ыйык Китептеги башка аяттарга да шайкеш келет. Дөөтү пайгамбар бул забурда Кудайдын ысрайыл элин душмандарынан куткаргандан кийин алардын бактылуу болушуна, гүлдөп-өсүшүнө жардам берерине үмүттөнөрүн билдирген (Леб. 26:9, 10; Мыйз. 7:13; Заб. 128:1—6). Алсак, Мыйзам 28:4тө: «Бала-бакыралуу кылып, жериңден алган түшүмүңдү мол кылат, малыңды, майда малың менен бодо малыңды көбөйтөт»,— деп жазылган. Чынында эле, Дөөтүнүн уулу Сулайман падышанын убагында ысрайыл эли болуп көрбөгөндөй өркүндөп-өсүп, тынчтыкта жашаган. Эске алчу нерсе, Сулаймандын башкаруусу келечекте боло турган Машаяктын бийлигинин көлөкөсү болгон (1 Пад. 4:20, 21; Заб. 72:1—20).

Жыйынтыктай турган болсок, бул түшүнүк 144-забурда башынан аягына чейин Жахабанын кызматчыларынын баа жеткис үмүтү — ыймансыздарга чыгарылган өкүм ишке ашып, адил адамдардын түбөлүккө тынчтыкта жашап, гүлдөп-өсүшүнө болгон үмүтү — айкын-так чагылдырылганын көрсөтүп турат (Заб. 37:10, 11).