Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баарыбызды бекемдеген Жахабадан үлгү алалы

Баарыбызды бекемдеген Жахабадан үлгү алалы

«Машаяктын Кудайы... даңкталсын... Ал бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот [бекемдейт]» (2 КОР. 1:3, 4).

ЫРЛАР: 7, 3

1. Эйденде козголоң чыкканда, Жахаба адамдарды бекемдеш үчүн эмне кылган?

АДАМЗАТ күнөөгө кул болуп, жеткилеңдиктен айрылгандан бери, Жахаба өзүнүн ар кандай жагдайда кубаттап-бекемдеген Кудай экенин далилдеп келет. Алсак, Эйденде козголоң чыгары менен, ал Адам атанын келечектеги урпактарына үмүт берип, аларды бекемдей турган пайгамбарлыкты айткан. Башталыш 3:15те жазылган ал пайгамбарлыктын маанисин түшүнүү адамдарга «байыркы жылан» Шайтан Ибилистин жана анын жаман иштеринин баары акыры жок болоруна үмүт бермек (Аян 12:9; 1 Жкн. 3:8).

ЖАХАБА БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ КЫЗМАТЧЫЛАРЫН БЕКЕМДЕГЕН

2. Жахаба Нухту кантип бекемдеген?

2 Жахабанын кызматчысы Нух пайгамбар ыймансыздык күч алган дүйнөдө жашаган. Ал убакта анын үй-бүлөсүнөн башка эч ким Жахабага сыйынчу эмес. Зордук-зомбулук, жыныстык адеп-ахлаксыздык кеңири тарагандыктан, Нухтун көңүлү чөгүшү мүмкүн болчу (Башт. 6:4, 5, 11; Жүй. 6). Бирок ал кайратынан жазбай, «Кудайдын жолунда жүрө» бериши үчүн, Кудай ага бир нерсе айткан (Башт. 6:9). Тагыраак айтканда, ошол бузулган дүйнөнү жок кылууну ниет кылып жатканын жана ага үй-бүлөсүн аман алып калыш үчүн эмне кылышы керектигин эскерткен (Башт. 6:13—18). Ооба, Нух Жахабанын дайыма бекемдеп-кубаттаган Кудай экенине ынанган.

3. Жахаба Жашыяны бекемдеш үчүн эмне кылган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Кийинчерээк Жашыя Кудайдын элин убада кылынган жерге алып барууга дайындалган. Бул оңой-олтоң иштерден болгон эмес. Себеби ал ошол аймакта жашаган элдердин күчтүү аскерлерин багындырышы керек эле. Ырас, Жашыянын тынчсызданышына себеп бар болчу. Муну билгендиктен Жахаба Муса пайгамбарга аны кайраттандырышы керектигин айтып: «Жашыяны жол башчы кылып дайындап, кубаттап-бекемде, анткени бул элди дарыянын аркы өйүзүнө ошол алып барат, сен көрө турган жерди ээлеш үчүн элди ошол баштап барат»,— деген (Мыйз. 3:28). Жашыя ишке киришкенге чейин, Жахаба аны: «Дагы айтам, кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деп бекемдеген (Жаш. 1:1, 9). Кандай гана дем-шык берерлик сөздөр!

4, 5. а) Жахаба байыркы убактагы элин кантип бекемдеген? б) Жахаба Уулуна кантип дем-күч берген?

4 Жахаба жеке адамдарды эле эмес, жалпы элин да бекемдеген. Маселен, жүйүттөрдүн Бабыл кулчулугунда жүргөндө сооротууга муктаж болорун билгендиктен алдын ала: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деген сөздөрдү айткан (Ыш. 41:10). Жахаба Машаяктын алгачкы жолдоочуларын да кайраттандырган, бүгүнкү күндө бизди да кайраттандырууда. (Оку: 2 Корунттуктар 1:3, 4.)

5 Ал өз Уулун да бекемдеген. Иса чөмүлгөндө, асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деген үн угулган (Мт. 3:17). Бул сөздөр ага жерде кызмат кылып жүргөндө бир топ дем-күч бергени шексиз.

ИСА БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДЕГЕН

6. Таланттар жөнүндөгү мисал бизди эмне үчүн бекемдейт?

6 Иса Машаяк Атасынан үлгү алган. Дүйнө түзүлүшүнүн акырына байланыштуу пайгамбарлык айтып жатканда ал таланттар жөнүндө мисал келтирип, жолдоочуларына ишенимдүү болууга түрткү берген. Мисалда кожоюн анын тапшырмасын аткарган кулдарынын ар бирин: «Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей нерседе ишенимдүү болгонуң үчүн, сага чоң нерсени тапшырам. Мырзаңдын кубанычына ортоктош бол»,— деп мактаган (Мт. 25:21, 23). Бул шакирттерди абдан бекемдеп, Жахабага берилгендик менен кызмат кыла берүүгө жардам берген.

7. Иса элчилерин, анын ичинде Петирди кантип бекемдеген?

7 Элчилер Исаны кээде капалантса да, ал аларды дайыма кубаттап-бекемдей турган. Алар кимиси чоң экени жөнүндө көп талашышчу, бирок Иса чыдамдуу болуп, аларды момундукка жана башчыдай эмес, кызматчыдай болууга үндөчү (Лк. 22:24—26). Ошондой эле Петир көп жолу туура эмес иш кылып, аны капаланткан (Мт. 16:21—23; 26:31—35, 75). Анткен менен Иса аны четке какпастан, бекемдеген, атүгүл ишенимдештерин кубаттап-кайраттандырууга дайындаган (Жкн. 21:16).

БАЙЫРКЫ УБАКТА БАШКАЛАРДЫ БЕКЕМДЕГЕНДЕР

8. Хиския аскер башчыларын жана жүйүт элин кантип кайраттандырган?

8 Жахабанын Уулу жерге келип, башкаларды бекемдөө жагынан мыкты үлгү көрсөткөнгө чейин эле, анын ишенимдүү кызматчылары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшкөн. Мисалы, ашурлуктар кол салмакчы болгондо, Хиския падыша аскер башчыларын жана жүйүт элин чогултуп, аларга бекемдээрлик сөздөрдү айткан. Ошондо «эл кайраттанып калган». (Оку: 2 Жылнаама 32:6—8.)

9. Башкаларды бекемдөө жагынан Аюптан кандай үлгү алсак болот?

9 Өзү сооротууга зар болуп турганда да Аюп пайгамбар анын «азабы[н] арбыткан сооротуучуларга» бекемдөө жагынан үлгү көрсөткөн. Ал алардын ордунда болсо, эмне кылмактыгын айтып: «Силерди оозуман чыккан сөздөр кубаттап, тилимдин сооротуусу жеңилдик бермек»,— деген (Аюп 16:1—5). Акырында аны Элиу да, Жахаба да бекемдеген (Аюп 33:24, 25; 36:1, 11; 42:7, 10).

10, 11. а) Эмне үчүн Иптахтын кызы бекемдөөгө муктаж болгон? б) Бүгүнкү күндө бекемдешибизге кимдер татыктуу?

10 Байыркы убакта бекемдөөгө муктаж болгондордун дагы бири Иптахтын кызы болгон. Амон уулдары менен согушканы барарда Иптах бий Жахабага кайрылып, эгер ал душмандарын жеңүүгө жардам берсе, үйүнө кайтып келатканда аны биринчи тосуп чыккан кишини ыйык жайда кызмат кылууга берерин убада кылган. Аны жеңиши менен куттукташ үчүн жалгыз кызы тосуп чыккан! Ошондо Иптахтын жүрөгү тилинген. Анткен менен ал убадасына туруп, кызын Шилодогу ыйык чатырда өмүр бою кызмат кылууга жиберген (Бий. 11:30—35).

11 Бирок Иптахтан да кызына өзгөчө оор болсо керек. Ошого карабай ал атасынын убадасын аткарууга даярдуулук менен макул болгон (Бий. 11:36, 37). Ошентип, ал турмуш курууга, балалуу болууга жана үй-бүлөсүнүн атын, мурасын сактап калууга болгон укугунан баш тарткан. Андыктан анын бекемдөөгө муктаж болгону айтпаса да түшүнүктүү. Ыйык Китепте: «Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт пайда болгон: жыл сайын ысрайылдык кыздар гилаттык Иптахтын кызын мактаганы барышат. Алар анын жанында жылына төрт күн болушат»,— деп айтылат (Бий. 11:39, 40). Бүгүнкү күндө «Мырзабызга кызмат кылууга байланышкан нерселерге» көбүрөөк убактысын бөлүп жаткан бойдок бир туугандар да мактап, бекемдешибизге татыктуу эмеспи?! (1 Кор. 7:32—35).

ЭЛЧИЛЕР ИШЕНИМДЕШТЕРИН БЕКЕМДЕШКЕН

12, 13. Элчи Петир бир туугандарын кантип бекемдеген?

12 Өлүмгө кыйылар түнү Иса элчи Петирге: «Симон, Симон, Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү талап кылды. Бирок мен сенин ишенимиңдин алсырап калбашын сурап жалындуу тилендим. Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»,— деген (Лк. 22:31, 32).

Элчилердин рухтун жетеги менен жазгандары 1-кылымдагы жыйналыштарды абдан бекемдеген, бизди да бекемдөөдө (12—17-абзацтарды карагыла)

13 Петир алгачкы жыйналыштын тиреги болгон (Гал. 2:9). Ал Элүүнчү күн майрамында да, андан кийин да кайраттуулук менен иш кылып, ишенимдештерин бекемдеген. Көп жыл кызмат кылгандан кийин Петир бир туугандарга кат жазган. Анан мунун себебин түшүндүрүп: «Ушул эки ооз сөзүмдү... силерди бекемдеш үчүн жана Кудайдын чыныгы ырайымы жөнүндө жан-дилден күбөлөндүрүш үчүн жаздым. Кудайдын ырайымынан айрылбагыла»,— деген (1 Пет. 5:12). Петирдин ыйык рухтун жетеги менен жазган каттары кылымдардан бери Машаяктын жолдоочуларына дем-күч берип келет. Жахабанын убадаларынын аткарылышын күтүп жаткандыктан биз да анын бекемдээрлик сөздөрүнө абдан муктажбыз (2 Пет. 3:13).

14, 15. Жакандын рухтун жетеги менен жазгандары Кудайдын кызматчыларын көптөгөн кылымдардан бери кандайча бекемдеп келет?

14 Элчи Жакан да алгачкы жыйналыштын тиреги болгон. Анын Исанын кызматы тууралуу көңүлдү байлап алган Инжили канчалаган кылымдардан бери Кудайдын кызматчылары үчүн бекемдөөнүн булагы болуп келет. Иса Машаяктын анын чыныгы жолдоочуларын сүйүү айырмалап турары жөнүндө айткандары Жакандын Инжилинде гана жазылган. (Оку: Жакан 13:34, 35.)

15 Жакандын үч катында да баа жеткис чындыктар камтылат. Алсак, үстүбүздөн басып турган күнөөнүн айынан кыйналганыбызда «Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалаарын» окуп, жеңилдебейбизби?! (1 Жкн. 1:7). Ошондой эле жүрөгүбүз бизди айыптай бергенде: «Кудай жүрөгүбүздөн чоң»,— деген сөздөрдү окуп, ыраазы болгонубуздан көзүбүзгө жаш албай койбойбуз (1 Жкн. 3:20). «Кудай — сүйүү»,— деген сөздөрдү Жакан гана жазган (1 Жкн. 4:8, 16). Ал экинчи, үчүнчү каттарында «чындык жолунда жүргөн» ишенимдештерин мактаган (2 Жкн. 4; 3 Жкн. 3, 4).

16, 17. Элчи Пабыл Машаяктын алгачкы жолдоочуларын кантип бекемдеген?

16 Биринчи кылымда ишенимдештерин баарынан да элчи Пабыл көбүрөөк бекемдесе керек. Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделген убакта, элчилердин көбү жетектөөчү кеңеш жайгашкан Иерусалимде калышкан (Элч. 8:14; 15:2). Жүйүт аймагындагы шакирттер иудаизм динин туткан, бир Кудайга ишенген адамдарга кабар айтышкан. Ал эми элчи Пабыл ыйык рух аркылуу грек-рим дүйнөсүндөгү элдерге кабар айтууга жиберилген. Алар ар кандай кудайларга сыйынышчу (Гал. 2:7—9; 1 Тим. 2:7).

17 Элчи Пабыл азыр Түркия деп белгилүү болгон аймакты, ошондой эле Грецияны, Италияны кыдырып, жүйүт эместерге кабар айтып, жыйналыштарды уюштурган. Ишенимди кабыл алган жаңы шакирттер «мекендештери[нен] кордук көргөндүктөн» бекемдөөгө муктаж болушкан (1 Тес. 2:14). Болжол менен б.з. 50-жылы Пабыл Тесалоникадагы жаңы уюшулган жыйналышка: «Баарыңар үчүн тиленген сайын Кудайга ыраазычылык билдиребиз. Анткени ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана... туруктуулугуңарды... ар дайым эстейбиз»,— деп жазган (1 Тес. 1:2, 3). Ошондой эле аларды: «Мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— деп үндөгөн (1 Тес. 5:11).

ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШТИН БЕКЕМДЕШИ

18. Биринчи кылымдагы жетектөөчү кеңеш Филипке кандай колдоо көрсөткөн?

18 Биринчи кылымдагы жетектөөчү кеңеш жетекчиликти колго алгандарды да, башка ишенимдештерин да бекемдеген. Айталы, Филип самариялыктарга Иса Машаяк жөнүндө кабар айтканда, жетектөөчү кеңеш ага бир топ колдоо көрсөткөн. Жаңы шакирттер ыйык рух алышы үчүн, жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн арасынан Петир менен Жаканды жиберишкен (Элч. 8:5, 14—17). Алардын ушундайча кам көргөнү Филипти да, чындыкты жаңы кабыл алгандарды да абдан бекемдегени күмөнсүз.

19. Жетектөөчү кеңеш жиберген кат Исанын алгачкы жолдоочуларына кандай таасир эткен?

19 Кийинчерээк жетектөөчү кеңеш башка улуттан болгон шакирттер, Мыйзамда жүйүттөрдөн талап кылынгандай, сүннөткө отургузулушу керекпи же жокпу деген маселени кароо үчүн чогулган (Элч. 15:1, 2). Ыйык рухтун жетегинин жана Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүүнүн аркасында ал бир туугандар мындан ары сүннөткө отургузулуунун зарылдыгы жок деген чечимге келишкен. Анан чыгарган чечими тууралуу кат жазып, аны өкүлдөрү аркылуу жыйналыштарга жөнөтүшкөн. Натыйжасы кандай болгон? Жыйналыштагылар «андагы бекемдээрлик сөздөрдөн чоң кубаныч алышкан» (Элч. 15:27—32).

20. а) Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерин кантип бекемдөөдө? б) Кийинки макалада кайсы суроону карайбыз?

20 Азыркы убактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши Бейтел үй-бүлөлөрүн, талаада атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандарды жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү жалпы эле Кудайдын элин дайыма бекемдейт. Мунун натыйжасы 1-кылымдагыдай болууда, тагыраак айтканда, алардын бекемдээрлик сөздөрүнөн чоң кубаныч алуудабыз. Андан тышкары, Жетектөөчү Кеңеш 2015-жылы «Жахабага кайрылып кел» деген китепчени чыгарган. Ал дүйнө жүзүндөгү көптөгөн бир туугандарга дем-күч берип, бекемдеп келүүдө. Бирок жетекчиликти колго алгандар гана Жахабадан үлгү алып, башкаларды бекемдеши керекпи? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.