Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде чындап эркин боло алабыз?

Канткенде чындап эркин боло алабыз?

«Эгерде силерди Уул эркиндикке чыгарса, анда чындап эркин болосуңар» (ЖКН. 8:36).

ЫРЛАР: 54, 36

1, 2. а) Адамдардын эркиндикти самаарын эмне көрсөтүп турат? б) Алардын иш-аракеттеринин натыйжасы кандай болууда?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ теңчилик, эркиндик, эгемендүүлүк жөнүндө көп сөз кылышат. Көптөгөн өлкөлөрдө адамдар кысымдан, басмырлоодон, жакырчылыктан арылууну эңсеп келишет. Башкалар болсо сөз эркиндигине, тандоо эркиндигине, көз карандысыздыкка ээ болууну каалашат. Кайсы жерди албайлы, өзү каалагандай жашап, өз билгениндей иш кылууну ар бир эле адам самайт.

2 Бирок андай каалоосун кандай жолдор менен канааттандырууга умтулушат? Көптөр пикеттерди, демонстрацияларды, көтөрүлүштөрдү, төңкөрүштөрдү уюштурушат. Алар эңсегенине жетип жатышабы? Жок. Тескерисинче, андай иш-аракеттер азап-кайгыга, кандын төгүлүшүнө алып келүүдө. Бул Сулайман пайгамбардын рухтун жетеги менен жазган: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин дагы бир ирет бышыктоодо (Нас. 8:9).

3. Канткенде чындап бактылуу болуп, жашоодон канааттануу ала алабыз?

3 Шакирт Жакып чыныгы бакыт, канааттануу тартуулай турган нерсе жөнүндө сөз кылган. Ал: «Ким эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды кылдат изилдеп, ага ылайык жашаса,.. бактылуу болот»,— деп жазган (Жкп. 1:25). Ошол жеткилең мыйзамды берген Жахаба Кудай адамдар бактылуу болуп, жашоодон канааттануу алышы үчүн эмнелер зарыл экенин эң сонун билет. Ал биринчи түгөйлөргө бактылуу болууга шарт түзгөн нерселердин баарын, анын ичинде чыныгы эркиндикти берген.

АДАМДАР ЧЫНДАП ЭРКИН БОЛГОН УБАК

4. Адам ата менен Обо эне кандай эркиндикке ээ болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Башталыш китебинин алгачкы эки бөлүмүн окуганыбызда Адам ата менен Обо эненин бүгүнкү күндөгү адамдар самап келаткан эркиндикке ээ болгонун, тагыраак айтканда, жокчулуктан, коркунучтан, кысымдан эркин болушканын дароо эле көрө алабыз. Алар тамак-ашты, жумушту, ооруну, өлүмдү ойлоп такыр тынчсызданышкан эмес (Башт. 1:27—29; 2:8, 9, 15). Бирок бул Адам ата менен Обо эненин эркиндиги чексиз болгонун билдиреби? Келгиле, карап көрөлү.

5. Адамдар башкача ойлосо да, эркин болуу үчүн эмне зарыл?

5 Бул дүйнөдө көптөр кесепети кандай болбосун каалаганыңдын баарын кылганда гана чындап эркин болосуң деп ойлошот. «Уорлд бук энциклопедиясында» эркиндиктин «чечим чыгаруу жана аны ишке ашыруу жөндөмүн» билдирери айтылган. Бирок анда: «Юридикалык жактан алганда, коомдогу чектөөлөр акылга сыйбас, зарылдыгы жок, адилетсиз болбогондо гана адамдар эркин боло алышат»,— деп кошумчаланган. Мындан көрүнүп тургандай, коомдогу ар бир киши эркиндиктен пайда алышы үчүн, белгилүү бир чектөөлөрдүн болушу маанилүү. Анда: «Кайсы чектөөлөр адилеттүү, эң керектүү, акылга сыярлык экенин ким аныктайт?» — деген суроо туулат.

6. а) Эмне үчүн Жахабанын гана эркиндиги чексиз? б) Адамдар кандай эркиндикке ээ жана эмне үчүн?

6 Эркиндикке байланыштуу бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек: толук жана чексиз эркиндикке бир гана Жахаба ээ. Эмне үчүн? Анткени ал баарын жараткан жана ааламдын кудурети күчтүү Эгедери (1 Тим. 1:17; Аян 4:11). Жахабанын теңдешсиз, жогорку абалын сүрөттөп жатканда Дөөтү падышанын кандай көркөм сөздөрдү айтканын эстесеңер. (Оку: 1 Жылнаама 29:11, 12.) Ал эми асмандагы жана жердеги жаратуулардын баарынын эркиндиги чектелүү. Андыктан алар Жахабанын ал өзү адилеттүү, зарыл, акылга сыярлык деп эсептеген чектерди коюуга толук укуктуу экенин түшүнүшү керек. Ал адам баласын жараткан күндөн тартып эле ошондой чектерди коюп келет.

7. Кубанычыбызга шарт түзгөн табигый нерселердин айрымдары кайсылар?

7 Адам ата менен Обо эне башында көп жагынан эркин болушса да, аларга чектөөлөр коюлган. Алардын айрымдары табигый эле нерселер болгон, бирок баары бир деле чектөө болуп саналган. Маселен, алар тирүү жүрүш үчүн дем алышы, тамак жеши, укташы жана башка нерселерди кылышы керектигин жакшы билишкен. Бирок ушундан улам өздөрүн эркиндигинен айрылгандай сезишкенби? Албетте, жок. Себеби Жахаба аларды атүгүл ошол кадимки эле нерселерди кылуудан ырахат алгыдай кылып жараткан (Заб. 104:14, 15; Нас. 3:12, 13). Таза абадан жутканда, жакшы көргөн тамагыбызды жегенде же сонун уктап турганда кимибиз эле жыргабайбыз? Биз мындай зарыл нерселерди айла жоктон кылбайбыз же оор жүк катары көрбөйбүз, тескерисинче, кубаныч менен кылабыз. Адам ата менен Обо эненин да ошондой сезимде болгону шексиз.

8. Түпкү ата-энебизге Кудай кандай буйрук берген жана эмне үчүн?

8 Жахаба Адам ата менен Обо энеге жерди толтуруп, ага кам көрүүнү буйруган (Башт. 1:28). Бул аларды кандайдыр бир деңгээлде эркиндигинен ажыратканбы? Таптакыр андай эмес. Себеби ал буйрукту аткаруунун аркасында алар Жараткандын ой-ниетинин аткарылышына, тагыраак айтканда, жер бетин жеткилең адамдар түбөлүк жашай турган бейишке айлантууга салым кошо алышмак (Ыш. 45:18). Азыркы күндө болсо бойдок калуу же турмуш куруп, бирок балалуу болбоо Жахабанын эркине каршы келбейт. Анткен менен көптөр, ар кандай кыйынчылыктар менен коштолсо да, үй-бүлө куруп, балалуу болушууда (1 Кор. 7:36—38). Эмне үчүн? Себеби жагдай-шарт жакшы болсо, бул нерселер бакыт, канааттануу тартуулайт (Заб. 127:3). Эгер Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийсе, үй-бүлөлүк жашоодон түбөлүккө кубаныч алышмак.

ЧЫНЫГЫ ЭРКИНДИКТЕН КАНТИП АЙРЫЛЫП КАЛЫШКАН?

9. Эмне үчүн Кудайдын Башталыш 2:17деги буйругун зарылдыгы жок, акылга сыйбаган же адилетсиз болгон деп айтууга болбойт?

9 Жахаба Адам ата менен Обо энеге дагы бир буйрук берип, аны аткарбаса, арты каргашалуу болорун айкын түшүндүргөн. Ал: «Жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деген (Башт. 2:17). Бул адилетсиз, зарылдыгы жок же акылга сыйбаган буйрук болгонбу? Адам ата менен Обо эненин эркиндигин чектегенби? Түк да. Ыйык Китепти изилдеген көп окумуштуулар ал буйруктун жүйөлүү, туура болгонун белгилешкен. Алсак, алардын бири мындай деген: «Кудайдын [Башталыш 2:16, 17деги] буйругу адам баласы үчүн эмне жакшы... экенин Кудай гана билерин, ошондой эле алар үчүн эмне жаман... экенин бир гана ал билерин көрсөтүп турат. „Жакшыдан“ кубаныч алыш үчүн адамдар Кудайга таянып, баш ийиши керек. Эгер баш ийбесе, эмне жакшы,.. эмне жаман... экенин өздөрү чечиши керек болот». Бирок бул адамдар үчүн өтө эле оор.

Адам ата менен Обо эненин чечими каргашага алып келген!

(9—12-абзацтарды карагыла)

10. Чечим чыгаруу эркиндиги менен эмне жаман, эмне жакшы экенин чечүү укугу эки башка нерсе деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Жахабанын Адам атага берген буйругун окуганда көптөр бул ага өзү каалаганды кылууга мүмкүнчүлүк берген эмес деп айтышы мүмкүн. Анткен менен алар чечим чыгаруу эркиндиги менен эмне жаман, эмне жакшы экенин чечүү укугунун эки башка экенин түшүнүшпөйт. Адам ата менен Обо эне Кудайга баш иер-ийбесин өздөрү чече алышмак. Бирок эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүүгө Жахаба гана толук укуктуу. Эйден багындагы «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарак» Адам ата менен Обо энеге ушуну эскертип турган (Башт. 2:9). Эч кимибиз чыгарган чечимдерибиздин жакшы болоруна кепилдик бере албайбыз, натыйжасы кандай болорун да биле бербейбиз. Ошондуктан туура эле ниет менен чыгарылган чечимдер да көп учурда кайгы-касиретке, каргашага же кырсыкка алып келүүдө (Накыл 14:12). Мунун себеби көбүнесе мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү болгонунда. Жахаба Адам ата менен Обо энеге бир дарактын жемишинен жегенге тыюу салуу менен аларды канткенде чындап эркин боло аларына мээримдүүлүк менен үйрөткөн. Алар кандай чечим чыгарышкан?

11, 12. Адам ата менен Обо эненин чечими эмне үчүн кесепеттүү болгон? Мисал келтиргиле.

11 Кейиштүүсү, түпкү ата-энебиз Кудайга баш ийбөөнү тандаган. Обо эне Шайтандын: «Көзүңөр ачыла[т], жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каласыңар»,— деген сөздөрүнө ишенип калган (Башт. 3:5). Чыгарган чечиминин аркасында Адам ата менен Обо эне мурдагыдан да көбүрөөк эркин болуп калышты беле? Кайдан. Шайтандын айткандары карандай калп болчу. Алар Жахабанын жетекчилигин четке кагып, өздөрү тандаган жолго түшкөнү кесепеттүү болорун көп өтпөй эле түшүнүшкөн (Башт. 3:16—19). Эмне үчүн? Мунун жообу эң жөнөкөй: Жахаба адамдарга эмне жаман, эмне жакшы экенин чечүүгө эркиндик берген эмес. (Оку: Накыл сөздөр 20:24; Жеремия 10:23.)

12 Муну түшүнүү үчүн учкучту мисалга алалы. Көздөгөн жерине аман-эсен жетиш үчүн ал алдын ала белгиленген аба жолу менен учушу керек. Ошондой эле учактын кабинасындагы заманбап навигациялык шаймандарды колдонушу жана аба жолун көзөмөлдөп турган диспетчерлер менен дайыма байланышта болуп турушу зарыл. Эгер көрсөтмөлөргө баш ийбей, өзү каалаган жол менен учса, арты жакшылык менен бүтпөсү толук ыктымал. Өз билгенин кылган учкуч сыяктуу эле, Адам ата менен Обо эне баарын өздөрү каалагандай кылгысы келген. Алар Кудайдын жетекчилигин четке кагышкан. Натыйжада кырсыкка учурушкан, башкача айтканда, күнөө кылып, өлүмгө дуушар болушкан, келечектеги урпактарына да күнөө менен өлүмдү өткөрүп беришкен (Рим. 5:12). Көз карандысыз болобуз деп чыныгы эркиндиктен кол жууп калышкан.

ЧЫНЫГЫ ЭРКИНДИККЕ ЭЭ БОЛУУ

13, 14. Канткенде чындап эркин боло алабыз?

13 Адамдар: «Канчалык көбүрөөк эркиндикке ээ болсоң, ошончолук жакшы»,— деп ойлошот. Бирок, чын-чынында, чексиз эркиндик кош миздүү кылычка окшош. Албетте, эркиндиктин пайдасы зор. Анткен менен эч кандай чектөөлөр болбосо, дүйнө баш аламан болмоктугуна кошулат чыгарсыңар. «Уорлд бук энциклопедиясында» ар бир коомдун мыйзамдары татаал экени, анткени аларда бир эле учурда адамдардын эркиндигин коргогон, ошол эле учурда аны чектеп турган жол-жоболор камтылары жазылган. Анда «татаал» деп таамай айтылган. Адамдар жазган мыйзамдардын да, аларды түшүндүрүп, колдонууга аракет кылган юристтер менен соттордун да көп болгонунун себеби ушунда.

14 Ал эми Иса Машаяк чындап эркин болуунун жөнөкөй жолун көрсөткөн. Ал: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жкн. 8:31, 32). Анын айткандарына ылайык, чыныгы эркиндикке жетиш үчүн эки нерсе талап кылынат: 1) ал үйрөткөн чындыкты кабыл алуу, 2) анын шакирти болуу. Ошентсек, чындап эркин болобуз. Бирок эмнеден эркин болобуз? Иса: «Күнөө кылган ар бир адам — күнөөнүн кулу... Эгерде силерди Уул эркиндикке чыгарса, анда чындап эркин болосуңар»,— деп түшүндүргөн (Жкн. 8:34, 36).

15. Иса убада кылган эркиндик бизди «чындап эркин» кылат деп эмне үчүн айтууга болот?

15 Мындан айкын көрүнүп тургандай, Иса убада кылган эркиндик бүгүнкү күндөгү адамдар ээ болгусу келген социалдык же саясий эркиндиктен алда канча жогору турат. «Эгерде силерди Уул эркиндикке чыгарса, анда чындап эркин болосуңар»,— дегенде Иса адамзат арыла албай келген чоң туткундан жана кысымдан — күнөөнүн кулчулугунан — боштондукка чыгуу жөнүндө айткан. Күнөө бизди жаман ишке эле түртпөстөн, туура экенин билген же колубуздан келген нерселерди кылууга да тоскоолдук кылат. Биз ушундай мааниде күнөөгө кул болуп келебиз. Мунун натыйжасында көңүл кайттыкка, азап-кайгыга, акыры, өлүмгө дуушар болуудабыз (Рим. 6:23). Элчи Пабыл да күнөөнүн кулу болуу канчалык оор экенин жакшы түшүнгөн. (Оку: Римдиктер 7:21—25.) Күнөөнүн кишендери үзүлгөндө гана биз алгачкы түгөйлөр ээ болгон чыныгы эркиндикке жетебиз.

16. Канткенде «чындап эркин болобуз»?

16 Исанын: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар»,— деп айтканына ылайык, ал бизди эркиндикке чыгарышы үчүн, белгилүү бир талаптарга жооп беришибиз керек. Кудайдын арналган кызматчылары катары биз өзүбүздөн баш тартып, Иса Машаяктын окууларына ылайык жашоону тандаганбыз (Мт. 16:24). Иса убада кылгандай, анын курмандыгы биздин пайдабыз үчүн толук колдонулганда, чындап эркиндикке чыгабыз.

17. а) Жашообуз маңыздуу болуп, канааттануу алыш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?

17 Жашообуз маңыздуу болуп, канааттануу алыш үчүн Иса Машаяктын окууларына баш ийишибиз керек. Бул болсо күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан биротоло бошонуп, толук эркиндикке чыгышыбызга жол ачат. (Оку: Римдиктер 8:1, 2, 20, 21.) Кийинки макалада чыныгы эркиндиктин булагы болгон Жахаба Кудайды түбөлүккө даңктай алышыбыз үчүн учурда ээ болгон эркиндигибизди кантип акылдуулук менен колдоно аларыбызды карап чыгабыз.