Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эркиндиктин Кудайы Жахабага кызмат кылалы

Эркиндиктин Кудайы Жахабага кызмат кылалы

«Жахабанын руху бар жерде эркиндик бар» (2 КОР. 3:17).

ЫРЛАР: 49, 73

1, 2. а) Эмне үчүн элчи Пабылдын күндөрүндө көптөр кулчулук жана эркиндик жөнүндө ойлонушкан? б) Адамдар чыныгы эркиндикке ээ болушу үчүн, Пабыл алардын көңүлүн кимге бурган?

МАШАЯКТЫН алгачкы жолдоочулары Рим империясында жашаган. Римдиктер өздөрүнүн мыйзамдары, сот системасы жана ээ болгон эркиндиги менен сыймыктанышкан. Бирок Рим империясы негизинен кулдардын аркасы менен күчтүү, атак-даңктуу боло алган. Бир кезде ал жактагы калктын 30дай пайызын кулдар түзгөн. Ошол себептен карапайым элдин, анын ичинде Иса Машаяктын жолдоочуларынын кулчулук, эркиндик жөнүндө ойлонгону шексиз.

2 Элчи Пабыл ишенимдештерине жолдогон каттарында эркиндик тууралуу көп жазган. Анткен менен ал, ошол убактагы адамдар эңсегендей, социалдык же саясий түзүлүштү өзгөртүүгө умтулган эмес. Пабыл менен анын ишенимдештери эркиндик издеп бийликтегилерге же кайсы бир уюмга кайрылбастан, Кудайдын Падышалыгы жана Иса Машаяктын баа жеткис курмандыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого бүт күчүн жумшашкан. Пабыл бир туугандардын көңүлүн чыныгы эркиндиктин Булагына бурган. Мисалы, корунттуктарга жазган экинчи катында: «Жахаба — Рух. Жахабанын руху бар жерде эркиндик бар»,— деген (2 Кор. 3:17).

3, 4. а) Элчи Пабыл 2 Корунттуктар 3:17деги сөздөрдү айтканга чейин эмне тууралуу сөз кылган? б) Жахаба бере турган эркиндикке ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

3 Пабыл жогорудагы сөздөрдү жазганга чейин Муса пайгамбардын Синай тоосуна барып, Жахабанын периштеси менен сүйлөшүп келгенден кийинки даңкы жөнүндө сөз кылган. Мусаны көргөндө эл корккондуктан, ал жүзүн жабуу менен жаап алчу (Чыг. 34:29, 30, 33; 2 Кор. 3:7, 13). Пабыл: «Ал эми Жахабага кайрылышканда, ал жабуу алынып салынат»,— деген (2 Кор. 3:16). Анын сөздөрү эмнени билдирет?

4 Мурунку макаладан билгенибиздей, бардыгын жараткан Жахаба гана толук, чексиз эркиндикке ээ. Андыктан Жахаба жана анын «руху бар жерде эркиндик бар». Бирок ошондой эркиндикке ээ болуп, андан пайда алыш үчүн «Жахабага кайрылышыбыз», тагыраак айтканда, аны менен жекече мамиле өрчүтүшүбүз керек. Ысрайылдыктар чөлдө жүргөндө Жахабанын аларга кылган жакшылыктарына рухий көз караш менен карашкан эмес. Алардын жүрөгү да, акылы да жабуу менен жабылып, катууланып калгандай эле болгон. Ошондуктан Мисирден чыкканда ээ болгон эркиндигин өз кызыкчылыгына колдонушкан (Евр. 3:8—10).

5. а) Жахабанын руху эмнелерден эркин кылат? б) Кулчулукта жүргөндөр же түрмөдө отургандар да Жахаба берген эркиндикке ээ боло алат деп эмне үчүн айта алабыз? в) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

5 Жахабанын рухунун аркасында жете турган эркиндик кадимки кулчулуктан боштондукка чыгуудан алда канча жакшы. Адамдар эңсеген эркиндиктен айырмаланып, Жахабанын руху бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан, жалган динден жана анын үрп-адаттарынан эркиндикке чыгарат (Рим. 6:23; 8:2). Бул кандай сонун эркиндик! Мындай эркиндиктин пайдасын түрмөдө отургандар же кулчулукта жүргөндөр да көрө алат (Башт. 39:20—23). Муну ишеними үчүн көп жыл түрмөдө отурган Нэнси Юэн жана Харолд Кинг бир туугандардын окуясы ырастап турат. Алардын дил маеги JW телеберүүсүнө чыккан. (Жолу: ДИЛ МАЕКТЕР ЖАНА ОКУЯЛАР > СЫНООЛОРДО СЫНБАГАНДАР.) Эмесе: «Эркиндигибизди баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Аны акылдуулук менен колдонуш үчүн эмне кылсак болот?» — деген суроолорду карап чыгалы.

КУДАЙ БЕРГЕН ЭРКИНДИКТИ БААЛАЙЛЫ

6. Ысрайылдыктар Жахаба берген эркиндикти баалабай турганын кантип көрсөтүшкөн?

6 Белектин канчалык баалуу экенин түшүнгөндө аны берген кишиге ыраазычылык айтууга түрткү алабыз. Бирок Жахаба ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан боштондукка чыгарганда, алар муну баалашкан эмес. Мисирден чыкканына бир нече эле ай болгондо алар ошол жакта жүргөндө жеп-ичкен тамак-ашын эңсеп, Жахаба берген маннаны жеришкен, атүгүл Мисирге кайтып барууну каалашкан. Элестетсеңер, алар балыкты, бадыраңды, дарбызды, пиязды, сарымсакты чыныгы Кудайга сыйынууга мүмкүндүк берген эркиндиктен жогору коюшкан. Анан Жахаба кантип өз элине ачууланбасын?! (Сан. 11:5, 6, 10; 14:3, 4). Бул биз үчүн чоң сабак.

7. Пабыл 2 Корунттуктар 6:1деги кеңешин өзү кантип колдонгон жана биз андан кандай үлгү алсак болот?

7 Элчи Пабыл бардык ишенимдештерин мээримдүү Жахабанын өз Уулу аркылуу берген эркиндигин боло жүргөн нерсе катары көрбөгөнгө чакырган. (Оку: 2 Корунттуктар 6:1.) Күнөөнүн жана өлүмдүн кулчулугунда болгондуктан анын абийири жемелеп, аябай кыйналганын эстесеңер. Бирок ал: «Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деген. Эмне үчүн? Пабыл ишенимдештерине: «Машаяк Исанын жолунда өмүр берген рухтун мыйзамы сени күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан бошотту»,— деп түшүндүргөн (Рим. 7:24, 25; 8:2). Андан үлгү алып, биз да Жахабанын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотконун жогору баалашыбыз керек. Кундун негизинде биз Кудайга таза абийир менен кызмат кылып, ошондон кубаныч ала алабыз (Заб. 40:8).

Эркиндигиңерди Падышалыктын ишин алга илгерилетүү үчүн колдонуп жатасыңарбы же өз кызыкчылыгыңар үчүнбү? (8—10-абзацтарды карагыла)

8, 9. а) Элчи Петир эркиндигибизди колдонууга байланыштуу эмнени эскерткен? б) Бүгүнкү күндө бизге эмнелер коркунуч туудурушу мүмкүн?

8 Кудай берген баа жеткис эркиндигибиз үчүн ыраазы болгондон тышкары, аны туура эмес колдонгондон сак болушубуз зарыл. Алсак, элчи Петир эркиндигибизди денеге мүнөздүү иштерибизди актоо үчүн колдонбошубуз керектигин эскерткен. (Оку: 1 Петир 2:16.) Бул бизге ысрайылдыктардын чөлдө жүргөндө эмне кылышканын эсибизге салат. Андай коркунуч бүгүнкү күндө да бар, атүгүл мурдагыдан да көбүрөөк десек болот. Маселен, Шайтан менен анын дүйнөсү кийимге, сырткы көрүнүшкө, тамак-ашка, ичимдикке, эс алууга, көңүл ачууга жана башка нерселерге байланыштуу толгон-токой сунуштарын жаадырып, азгырып келет. Кыйын жарнамачылар келишимдүү адамдарды колдонуп, бизди зарылдыгы жок көптөгөн нерселерди сатып алууга азгырышат. Этият болбосок, оңой эле алардын тузагына түшүп, эркиндигибизди туура эмес колдонуп коюшубуз мүмкүн.

9 Элчи Петирдин кеңеши алардан алда канча маанилүүрөөк нерселерге, мисалы, билим алууга, жумушка же мансапка байланыштуу чечим чыгарууда да колдонорлук. Айталы, мектепте окугандарга келечекте атактуу окуу жайларынан билим алууга умтулууга кысым көрсөтүлөт. Көптөр аларды жогорку билим жакшы жерде, маянасы көп жумушта иштөөгө өбөлгө түзөт деген ойго ишендиришет. Ошондой эле аларга жогорку билимдүүлөр менен орто билим алгандардын тапкан айлыгы асман менен жердей экени көрсөтүлгөн статистикаларды келтириши мүмкүн. Бүт өмүрүнө таасир эте турган ушундай чечимдерди чыгарууда жаштарга алардын айтканы жүйөлүүдөй сезилиши ыктымал. Бирок алар да, ата-энеси да эмнени эсинен чыгарбашы керек?

10. Чечим чыгарууда эмнени унутпашыбыз керек?

10 Айрымдар: «Мындай нерселерди ар ким өзү чечет, ошондуктан абийирим жол берсе, өзүм каалагандай кыла берсем болот»,— деп ойлошот. Алар Пабылдын Корунттагы ишенимдештерине тамак-ашка байланыштуу жазган: «Бирөөнүн абийиринен улам эркиндигимдин сындалышына жол берип эмне кылам?» — деген сөздөрүнө таянышы мүмкүн (1 Кор. 10:29). Албетте, билимге, мансапка байланыштуу маселелерде ар бирибиз өзүбүз чечим чыгарабыз, бирок эркиндигибиз чектелүү экенин жана бардык чечимдерибиздин сөзсүз натыйжасы болорун эстен чыгарбашыбыз керек. Ошол себептен Пабыл ал сөздөрдү айтканга чейин: «Менин баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле пайдалуу эмес. Баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле ишенимди бекемдей бербейт»,— деген (1 Кор. 10:23). Мындан көрүнүп тургандай, жашообуздун кайсы тармагын албайлы, эркиндигибизди колдонууда өз каалоолорубуздан алда канча маанилүү нерселерди эске алышыбыз керек.

КУДАЙГА КЫЗМАТ КЫЛУУДА ЭРКИНДИГИБИЗДИ АКЫЛДУУЛУК МЕНЕН КОЛДОНОЛУ

11. Кудай бизди эмне үчүн эркиндикке чыгарган?

11 Эркиндигибизди туура эмес колдонбоого үндөгөндө Петир анын себебин да түшүндүргөн. Ал эркиндигибизди «Кудайдын кулдары катары пайдаланууга» чакырган. Демек, Жахаба өзүбүздү ага арнап, кулдары катары кызмат кылышыбызды каалагандыктан бизди Иса аркылуу күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан бошоткон.

12. Нух пайгамбар менен үй-бүлөсү бизге кандай үлгү калтырган?

12 Эркиндигибизди туура эмес колдонуп, кайрадан дүйнө сунуш кылган максаттарды, денебиздин каалоолорун көздөп кетпеш үчүн рухий иштерге толук кандуу катышканыбыз абдан маанилүү (Гал. 5:16). Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсүнүн үлгүсүнө токтололу. Алар зөөкүр, ыймансыз адамдардын арасында жашашкан. Ошентсе да айланасындагылар кылган иштерди кылышкан эмес. Аларга эмне жардам берген? Нух менен үй-бүлөсү Жахаба тапшырган ишке — кеме курууга, өздөрүнө жана жан-жаныбарларга азык-түлүк камдоого, башкаларга кабар айтууга — бүт көңүлүн топтошкон. Ыйык Китепте: «Нух баарын Кудай айткандай жасады. Ал так ошондой кылды»,— делет (Башт. 6:22). Анын натыйжасы кандай болгон? Ал үй-бүлөсү менен Топон суудан аман калган (Евр. 11:7).

13. Бизге кандай иш тапшырылган?

13 Жахаба бүгүнкү күндө бизге эмнени буйрук кылган? Биз Кудайдын Иса Машаякка кабар айтуу ишин тапшырганын, ал болсо аны шакирттерине өткөрүп бергенин билебиз. (Оку: Лука 4:18, 19.) Бул дүйнөнүн кудайы көптөрдүн акылын сокур кылып койгон жана алар диний, экономикалык, социалдык жактан кул болуп жүрүшөт (2 Кор. 4:4). Биз Исадан үлгү алып, башкаларга эркиндиктин Кудайы Жахабаны таанып-билип, ага сыйынууга жардам берүүнү сыймык катары көрөбүз (Мт. 28:19, 20). Көп кыйынчылыктар менен коштолгон бул ишти аткаруу оңой эмес. Кээ бир жерлерде адамдар айткан кабарыбызга кош көңүл карашат, атүгүл айрымдары катуу каршылык көрсөтүшөт. Бирок ал ишти бизге Кудай тапшыргандыктан: «Эркиндигимди Падышалыктын ишине көбүрөөк салым кошууга колдонуп жатамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

14, 15. Жахабанын кызматчыларынын көбү эмне кылууну чечишкен? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

14 Көптөрдүн убакыттын аз калганын түшүнүп, толук убакыт кызмат кылыш үчүн жашоосун жөнөкөйлөтүп жатканы бизди абдан бекемдейт (1 Кор. 9:19, 23). Айрымдары өздөрү жашаган жерде кызмат кылса, башкалары жарчылар көбүрөөк керек болгон жерлерге көчүп кетүүдө. Акыркы беш жылдын ичинде 250 000ден ашуун бир тууган үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштап, учурда пионерлердин орточо саны 1 100 000ден ашты. Көп бир туугандарыбыздын Жахабага кызмат кылууда эркиндигин акылдуулук менен колдонгонунун натыйжасы кандай сонун болууда! (Заб. 110:3).

15 Аларга эмне жардам берген? 30 жылдын ичинде ар кайсы өлкөдө кызмат кылган Жон менен Жудитти мисалга алалы. Алар 1977-жылы Пионердик кызмат мектеби өткөрүлө баштаганда жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерге көчүп барууга басым жасалганын айтышат. Жөнөкөй жашап, жубайы экөө ошол максатына жетиш үчүн Жон көп жолу жумушун алмаштырган. Акыры чет өлкөгө көчүп барышкан. Алар Жахабадан тиленүү, ага таянуу жаңы тилди үйрөнүүдө, жаңы маданиятка көнүүдө туш болгон кыйынчылыктарга жана аба ырайынын катаал шарттарына чыдаганга жардам бергенин эскеришет. Ошол жылдары кылган кызматы аларга кандай таасир эткен? «Өмүрүмдөгү эң сонун ишке өзүмдү толугу менен арнадым,— дейт Жон.— Жахабанын чыныгы Кудай экенине ого бетер ынанып, аны мээримдүү атадай көрүп калдым. Азыр Жакып 4:8деги: „Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт“,— деген сөздөрдү жакшы түшүнөм. Мен эңсеп келген нерсемди, жашоонун чыныгы маңызын, таптым».

16. Миңдеген бир туугандар эркиндигин кандайча акылдуулук менен колдонууда?

16 Жон менен Жудиттен айырмаланып, кээ бир ишенимдештерибиздин жагдай-шарты толук убакыт кызматты көпкө аркалоого жол бербейт. Анткен менен алар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дүйнө жүзүндөгү теократиялык ар кандай имараттарды курууга көмөк кылууда. Алсак, Уориктеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкты курууга 27 000дей бир тууган катышты. Айрымдары эки жума же бир нече ай, башкалары бир жыл же андан көп убакыт кызмат кылды. Ал ишке катышуу үчүн көптөрү ар кандай курмандыктарга барышкан. Жахаба Кудай берген эркиндигин аны даңкташ үчүн колдонуу жагынан алар кандай сонун үлгү калтырышкан!

17. Кудай берген эркиндигин акылдуулук менен колдонгондорду кандай кереметтүү келечек күтүп турат?

17 Биз Жахабаны таанып-билип, ага кызмат кылуунун аркасында ээ болгон эркиндигибиз үчүн ага абдан ыраазыбыз. Ал эркиндикти баалаарыбызды чыгарган чечимдерибиз менен көрсөтө берели. Аны өз кызыкчылыгыбыз үчүн эмес, Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылуу үчүн колдонолу. Ошондой кылсак: «Алар өзүлөрү да жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнүшөт»,— деген пайгамбарлык аткарылганда, Жахабанын баталарына ээ болобуз (Рим. 8:21).