Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Аймагыңардагы адамдарга кандай карайсыңар?

Аймагыңардагы адамдарга кандай карайсыңар?

«Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды» (ЖКН. 4:35).

64-ЫР: Түшүм жыйноого кубаныч менен катышалы

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Исанын Жакан 4:35, 36да жазылган сөздөрү эмнени билдирет?

ИСА МАШАЯК Галилеяга баратып эгин себилген талааны аралап өткөн (Жкн. 4:3—6). Үрөн жаңы эле өнүп чыккандыктан, оруп-жыюу маалына дагы төрт айдай бар болчу. Ошентсе да Иса шакирттерине: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деген. Бул сөздөр аларга кызыктай сезилиши мүмкүн эле. (Окугула: Жакан 4:35, 36). Иса муну менен эмнени айткысы келген?

2 Ал каймана маанидеги оруп-жыюу иши жөнүндө айткан. Муну түшүнүш үчүн ошонун алдында эмне болгонун карап көрөлү. Жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешпесе да, Иса самариялык аялга кабар айткан. Аял анын айткандарын кызыгып уккан. Иса шакирттерине: «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деп айтып жатканда, аялдан Иса жөнүндө уккан самариялыктар аны көздөй келатышкан. Алар анын сөздөрүн өз оозунан уккусу келген (Жкн. 4:9, 39—42). Бир окумуштуу айткандай, адамдардын Кудай жөнүндө билүүгө ынтызар болгону алардын оргонго даяр болуп калган эгинге окшош болгонун көрсөтүп турган.

«Эгин оргонго даяр болуп... калганын» сезсек, эмне кылышыбыз керек? (3-абзацты карагыла)

3. Башкаларга Иса карагандай карасак, эмне үчүн кабарды жакшыраак айтабыз?

3 Кабар айтып жүргөндө жолуккан адамдарга кандай карайсыңар? Аларды оргонго даяр болуп калган эгиндей көрөсүңөрбү? Эгер ошондой болсо, төмөнкү үч нерсени кыларыңар шексиз. Биринчиден, шашылыш түрдө кабар айтасыңар. Анткени оруп-жыюу иши кыска эле убакытка созулгандыктан, убакытты текке кетирбеш керек. Экинчиден, адамдардын жакшы кабарды угуп жатканын көрүп, кубанасыңар. Ыйык Китепте: «Алар... оруу-жыюу маалындагыдай... кубанышты»,— делет (Ыш. 9:3). Үчүнчүдөн, кызматта жолуктурган ар бир адамды Исанын келечектеги жолдоочусу катары көрүп, сөздү аларга кызыктуу болгудай кылып баштайсыңар.

4. Бул макалада Пабыл тууралуу эмнелерди карап чыгабыз?

4 Балким, айрым шакирттер самариялыктарды эч качан Исанын жолун жолдобойт деп ойлошкондур. Бирок Иса аларды болочок жолдоочуларындай көргөн. Биз да аймактагыларды келечектеги ишенимдештерибиз катары көрүшүбүз керек. Бул жагынан элчи Пабыл сонун үлгү көрсөткөн. Андан эмнени үйрөнө алабыз? Бул макалада анын маектешкен адамдарынын эмнеге ишенерин, эмнеге кызыгарын кантип билгенин жана аларды Исанын келечектеги жолдоочулары катары көргөнүн карап чыгабыз.

ЭМНЕГЕ ИШЕНИШЕТ?

5. Эмне үчүн Пабыл синагогага баргандарды жакшы түшүнгөн?

5 Пабыл жүйүттөрдүн синагогаларында көп кабар айтчу. Мисалы, Тесалоникадагы синагогада жүйүттөр менен «үч ишемби катары менен Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзгөн» (Элч. 17:1, 2). Пабыл өзү жүйүт болчу. Ошондуктан синагогада өзүн эркин сезген көрүнөт (Элч. 26:4, 5). Жүйүттөрдү жакшы билгендиктен аларга ишенимдүү түрдө кабар айта алган (Флп. 3:4, 5).

6. Пабыл кабар айткан синагогадагылар менен Афиндеги базар аянтындагылардын ортосунда кандай айырма болгон?

6 Каршылаштары куугунтуктагандыктан, Пабыл Тесалоникадан Берояга, ал эми ал жактан Афинге качууга аргасыз болгон. Афинде да «синагогадагы жүйүттөр жана Кудайга сыйынган башка адамдар менен талкуу жүргүзүп жүргөн» (Элч. 17:17). Ал эми базар аянтында кабар айтканда башкаларга жолуккан. Алардын арасында башка улуттагылар жана философтор болгон. Алар Пабылдын айткандарын «жаңы окуу» деп ойлоп, ага: «Сен айтып жаткандарды мурун такыр укпаптырбыз»,— дешкен (Элч. 17:18—20).

7. Элчилер 17:22, 23төн көрүнүп тургандай, Пабыл угуучуларына кантип ылайыкташкан?

7 Окугула: Элчилер 17:22, 23. Афинде башка улуттагылар менен сүйлөшкөндө Пабыл синагогадагы жүйүттөргө кабар айткандагыдай ыкманы колдонгон эмес. Ал айлана-чөйрөсүнө байкоо салып, афиндиктердин эмнеге ишенери тууралуу ойлонуп, алардын диний каада-салттарына кылдат көңүл бурган. Ошондой эле Ыйык Жазмадагы чындыкты айтарда алар кошулушу мүмкүн болгон нерседен баштаган. Бул туурасында бир окумуштуу мындай деген: «Ал бутпарас гректердин жүйүттөр менен Машаяктын жолдоочулары „чыныгы“ Кудай деп эсептеген Кудайга сыйынбай турганын баамдаган. Ошентсе да афиндиктерге өзү айтып жаткан Кудайдын алар үчүн таптакыр чоочун эмес экенин түшүндүргөнгө аракет кылган». Ошондуктан Пабыл сөзүн аларга ылайыкташтырган. Ал афиндиктерге алар сыйынып жүргөн «Белгисиз Кудай» жөнүндө жарыялап жүргөнүн айткан. Башка кудайларга табынгандар Ыйык Жазма менен тааныш болбосо да, Пабыл алардын чындык жолуна түшөрүнөн үмүтүн үзгөн эмес. Аларды оруп-жыюуга даяр болуп калган эгиндей көрүп, жакшы кабарды аларга ылайыкташтырып айткан.

Пабылдан үлгү алып, кыраакы болгула, кызматта жолуккан адамдарга ылайыкташкыла, аларды келечектеги ишенимдештериңердей көргүлө (8, 12, 18-абзацтарды карагыла) *

8. а) Аймактагылардын эмнеге ишенерин кантип билсе болот? б) Кимдир бирөө туткан дини бар экенин айтса, эмне десе болот?

8 Пабылга окшоп, кыраакы болгула. Үй ээсинин эмнеге ишенерин көрсөткөн нерселерди байкаганга аракет кылгыла. Айталы, үйүн же машинесин кантип жасалгалаганына көңүл бургула. Ысмы, кийими, сырткы көрүнүшү же сүйлөгөн сөздөрү туткан дини тууралуу эмнени айтып турат? Балким, ал өзүнүн дини бар экенин айтышы мүмкүн. Кимдир бирөө ушинтип айтканда, Флутура деген атайын пионер ага: «Мен башкаларды өзүмдүн диниме тартыш үчүн эмес, бул тууралуу сүйлөшкөнү келдим...» — дейт.

9. Динге ишенген адам менен кандай жалпылыкты тапсак болот?

9 Динге ишенген адам менен эмне тууралуу сүйлөшсө болот? Жалпылыкты тапканга аракет кылгыла. Мүмкүн, ал жалгыз чыныгы Кудайга, Исанын пайгамбар экенине же ыймансыз дүйнөнүн соңуна аз калган убакта жашап жатканыбызга ишенеттир. Жалпылыкты тапкандан кийин, Ыйык Китептеги кабарды ага кызыктуу болгондой кылып айткыла.

10. Эмнени билгенге аракет кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

10 Адам кайсы бир динди тутса да, дининдеги окуулардын баарына эле ишене бербеши мүмкүн экенин унутпагыла. Ошондуктан анын кайсы динге карманарын билгенден кийин жеке өзү эмнелерге ишенерин билгенге аракет кылгыла. Австралияда кызмат кылган Дэйвид деген атайын пионер: «Азыр көптөр өздөрүнүн диний ишенимдерин философия менен аралаштырып алган»,— дейт. Ал эми Албаниядагы Дональта деген ишенимдешибиз: «Биз жолуктурган адамдардын айрымдары өз дини бар экенин айтышат. Бирок кийинчерээк алар Кудайга анча деле ишене бербей турганын ачык айтышат»,— деп бөлүшөт. Аргентинадагы бир миссионер болсо: «Кээ бирлер Үчилтикке ишенерин айтса да, чынында, Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун бир Кудай экенине ишенбеши деле мүмкүн»,— деген. Ал: «Адамдын өзүнүн дини үйрөткөн ар бир эле окууга ишене бербей турганын эстеп жүрсөк, аны менен жалпылыкты табуу оңоюраак болот»,— деп кошумчалаган. Андыктан кызматта кезиктирген адамдардын чындап эмнеге ишенерин билгенге аракет кылгыла. Ошондо, Пабылга окшоп, «бардыгы үчүн бардыгы боло» аласыңар (1 Кор. 9:19—23).

ЭМНЕГЕ КЫЗЫГЫШАТ?

11. Элчилер 14:14—17-аяттардан көрүнгөндөй, Пабыл листралыктарга кантип ылайыкташкан?

11 Окугула: Элчилер 14:14—17. Пабыл кабар айткан адамдарынын эмнеге кызыгарын билгенден кийин аларга ылайыкташчу. Алсак, ал Листрадан топ элге жолуккан. Алар Ыйык Жазманы анча-мынча эле билчү же такыр эле билчү эмес. Ошондуктан Пабыл аларга тааныш нерселер, маселен, мол түшүм жана ырахаттанып жашоо тууралуу сөз кылган. Ал угармандары оңой түшүнө турган сөздөрдү жана мисалдарды колдонгон.

12. Кимдир бирөөнүн эмнеге кызыгарын кантип биле алабыз? Сөзүбүздү ага кантип ылайыкташтырсак болот?

12 Аймагыңарда жашагандардын эмнеге кызыгарын билип, сөзүңөрдү аларга ылайыкташтыргыла. Алардын эмнеге кызыгарын кантип билсе болот? Мында да кыраакылык жардам берет. Балким, үй ээси бакчасында иштеп же китеп окуп жаткандыр. Же машинесин оңдоп же дагы башка нерсе менен алек болуп жаткандыр. Эгер ылайыктуу болсо, сөздү ошол нерседен баштасак болот (Жкн. 4:7). Кээде адамдын кийиминен кайсы бир нерселерди, алсак, анын улуту, иштеген жумушу же жакшы көргөн спорттук командасы тууралуу билүүгө болот. Густаво деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Бир жолу 19 жаштагы улан менен сүйлөшүп калдым. Футболкасында бир атактуу ырчынын сүрөтү тартылыптыр. Андан ошол тууралуу сурасам, ал ырчынын эмне үчүн жагарын айтып берди. Ошол маектин натыйжасында Ыйык Китепти изилдей баштады. Азыр ал биздин ишенимдешибиз».

13. Ыйык Китепти изилдөөнү кантип кызыктуу кылып сунуштасак болот?

13 Кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылганда ага жагымдуу болгудай кылып сунуштагыла. Изилдөө ага эмнеси менен пайдалуу болорун түшүнүүгө жардам бергиле (Жкн. 4:13—15). Мисалы, Пэппи деген ишенимдешибиз бир аялга кабар айтканда, ал кызыгып калып, үйүнө киргизген. Пэппи дубалдан анын окутуу ыкмаларын жакшыртуу багытында эмгектенген профессор болгонун ырастаган күбөлүктү көрүп, биздин да Ыйык Китеп жана жыйналыш аркылуу элге билим берерибизди баса белгилеген. Ал аял Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон жана кийинки күнү жыйналышка барган. Ошондой эле көп өтпөй райондук жыйынга да катышкан. Ал эми бир жылдан кийин чөмүлгөн. Ар бирибиз: «Кызыккандарга кайра барганда кандай максатты көздөйм? Ыйык Китепти изилдөөнү аларга кызыктуу болгудай кылып сунуштаймбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз кажет.

14. Канткенде изилдөөнү адамдын муктаждыгына ылайыкташтырып өткөрө алабыз?

14 Кимдир бирөө менен изилдөө баштагандан кийин ар бир изилдөөгө өзүнчө даярдангыла. Изилдеп жаткан кишинин тек-жайы, билим деңгээли, башынан өткөндөрү жана эмнеге кызыгары жөнүндө ойлонгула. Даярданып жатканда кайсы аяттарды талкууларыңарды, кайсы видеолорду көрсөтөрүңөрдү, Ыйык Китептеги кайсы бир чындыкты түшүндүрүш үчүн кандай мисал келтирериңерди чечип алгыла. Анын жүрөгүн эмне козгошу мүмкүн экени тууралуу ой жүгүрткүлө (Накыл 16:23). Албаниядагы Флора деген пионер бир аял менен изилдөө өткөрчү. Ал: «Мен өлгөндөрдүн тирилерине такыр ишене албайм»,— дегенде, Флора аны мажбурлаган эмес. Флора: «Ал адегенде өлгөндөрдүн тирилерин убада кылган Кудайды таанып-билиши керек деп ойлодум»,— дейт. Ошондон тартып ал ар бир изилдөөдө Жахабанын сүйүүсүнө, акылмандыгына, күчүнө басым жасай баштаган. Кийинчерээк ал аял маркумдардын тирилерине шектенбей калган. Азыр ал Жахабага ынталуу кызмат кылып жатат.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ИШЕНИМДЕШИБИЗ КАТАРЫ КӨРГҮЛӨ

15. Элчилер 17:16—18-аяттарда жазылгандай, афиндиктердин кайсы иштери Пабылды бушайман кылган, бирок ал эмне үчүн аларга кабар айта берген?

15 Окугула: Элчилер 17:16—18. Афин бурканга табынуучулук, жыныстык адеп-ахлаксыздык, бутпарастардын философиясы кеңири тараган шаар болсо да, Пабыл анын тургундарынын чындыкты кабыл аларынан үмүт үзгөн эмес. Алардын шылдыңдап-кордогонуна карабай кабар айта берген. Анткени ал өзү да бир кезде «акарат кылуучу, куугунтуктоочу жана уятсыз киши болгон», бирок кийин Машаяктын жолун жолдогон (1 Тим. 1:13). Иса аны болочоктогу шакирти катары көргөндөй эле, Пабыл да афиндиктерди келечектеги ишенимдештери катары көргөн. Анын кылган аракетинин акыбети кайтпай койгон эмес (Элч. 9:13—15; 17:34).

16, 17. Ар кандай адамдардын Машаяктын шакирти боло аларын эмне көрсөтүп турат? Мисал келтиргиле.

16 1-кылымда ар кандай адамдар Исанын жолдоочусу болушкан. Пабыл Грециянын Корунт шаарындагы жыйналышка жолдогон катында алардын айрымдарынын бир кездерде кылмышкер болгонун же төбө чачты тик тургузган адеп-ахлаксыз иштерди кылышканын жазган. Анан: «Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер. Бирок... жуулдуңар»,— деп кошумчалаган (1 Кор. 6:9—11). Силер да алардын келечекте өзгөрүп, Исанын шакирти болоруна ишенет белеңер?

17 Бүгүнкү күндө да Машаяктын жолдоочусу болуш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү кылууга даяр адамдар арбын. Алсак, Австралияда атайын пионер болуп кызмат кылып жаткан Юкина Ыйык Китептеги кабарга ар кандай адамдардын кулак кагарына ынанган. Бир жолу ал кыймылсыз мүлк боюнча иш жүргүзгөн кеңседен бир ишкер аялга жолуккан. Ал денесине жазууларды чегип, шалбыраган кийим кийип алыптыр. Юкина: «Башында бир аз тартынсам да, аны менен сүйлөшө баштадым. Анын Ыйык Китепке ушунчалык кызыгарын, денесиндеги жазуулардын айрымдары Забур китебиндеги аяттар экенин билдим!» — дейт. Ал аял Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, жыйналышка бара баштаган *.

18. Эмне үчүн башкалар жөнүндө терс ойдо болбошубуз керек?

18 Иса көптөр анын жолун жолдойт деп күткөндүктөн эгинди оруп-жыюуга даяр болуп калды дегенби? Таптакыр андай эмес. Ыйык Жазмада салыштырмалуу аз эле киши ага ишенери алдын ала айтылган (Жкн. 12:37, 38). Андан сырткары, Иса адамдардын жүрөгү кандай экенин көрө алгандыктан жакшы кабарды көптөр кабыл албай турганын билген (Мт. 9:4). Ошентсе да ал өзүнө ишене турган ошол аз кишини табууга бүт көңүлүн топтоп, ар бир кишиге кабар айткан. Андан айырмаланып, биз башкалардын жүрөгүндөгүсүн көрө албайбыз. Андыктан аймагыбыз же кайсы бир киши тууралуу алдын ала терс ойдо болуудан качканыбыз оң. Анын ордуна, аларды келечектеги ишенимдештерибиз катары көрө билишибиз керек. Буркина-Фасодо миссионер болуп кызмат кылып жаткан Марк мындай дейт: «Мен ийгилик кылат деп ойлогон адамдар көбүнчө изилдөөсүн токтотуп коюшат. Ал эми ийгилик кылбайт деп ойлогондор, адатта, жакшы ийгилик кылышат. Ошондуктан чындыкты издегендерди табыш үчүн Жахабанын рухунун жетектешине жол бергенибиз маанилүү экенин түшүндүм».

19. Аймагыбыздагыларга кандай карашыбыз керек?

19 Бир караганда, аймагыбызда оргонго даяр болуп калган эгинге окшогон адамдар дээрлик жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок Исанын шакирттерине айткан сөздөрүн унутпайлы. Чынында эле, эгин оргонго даяр болуп, бышып калды. Көптөр өзгөрүп, Машаяктын жолдоочусу боло алышат. Жахаба ошол болочок кызматчыларын «асыл заттар» деп эсептейт (Акай 2:7). Эгер башкаларга Жахаба менен Иса карагандай карасак, алардын өзү, кызыккан нерселери тууралуу билгенге аракет кылабыз. Аларды чоочун бирөөлөрдөй эмес, келечектеги ишенимдештерибиздей көрөбүз.

57-ЫР: Бардык адамдарга кабар айталы

^ 5-абз. Аймактагыларга болгон көз карашыбыз кабарды кантип айтарыбызга жана кантип окутарыбызга таасир этет. Кандайча? Бул макалада Исанын жана элчи Пабылдын аларды уккандарга кандай мамиле кылганын карап чыгабыз. Ошондой эле, аларга окшоп, жолуккан адамдардын ишенген, кызыккан нерселерин эске алууга жана аларды келечектеги ишенимдештерибиздей көрүүгө эмне жардам берерин талкуулайбыз.

^ 17-абз. «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикадан көптөрдүн кантип өзгөргөнү тууралуу билүүгө болот. Ал рубрика 2017-жылга чейин «Күзөт мунарасына» чыкчу. Азыр jw.org® сайтына чыгууда. Жолу: БИЗ ЖӨНҮНДӨ > КЫЗМАТТА БОЛГОН ОКУЯЛАР.

^ 57-абз. СҮРӨТТӨР: Жубайлар үймө-үй кабар айтып жүрүп ар кандай үйлөргө барышат: 1) жакшы каралган, эшигинин алдында гүлдөр өскөн үй; 2) жаш жубайлар жашаган үй; 3) ичи-тышы кир, каралбаган үй; 4) динге ишенген кишилер жашаган үй. Чындыкты эңсеген адамдар кайсы үйдөн чыгат деп ойлойсуңар?