Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Жарыштын аягына чыгалы»

«Жарыштын аягына чыгалы»

«Жарыштын аягына чыктым» (2 ТИМ. 4:7).

129-ЫР: Туруктуу бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Баарыбыз эмне кылышыбыз керек?

ООРУП же чарчап жүрсөңөр, жарышка түшөт белеңер? Антериңер күмөн. Бирок, элчи Пабыл айткандай, Машаяктын жолдоочуларынын баары жарышка катышууда (Евр. 12:1). Андыктан Жахаба бере турган байгеге жетиш үчүн ар бирибиз: карыбызбы же жашпызбы, күүлүү-күчтүүбүзбү же алсызбызбы, аягына чейин туруктуу болушубуз керек (Мт. 24:13).

2. 2 Тиметей 4:7, 8де жазылгандай, Пабыл эмне үчүн ишенимдештерин жарыштын соңуна чыгууга үндөй алган?

2 Пабыл «жарыштын аягына чыккандыктан» ишенимдештерин да ошого үндөй алган. (Окугула: 2 Тиметей 4:7, 8.) Ал кандай жарыш жөнүндө сөз кылган?

КАНДАЙ ЖАРЫШКА ТҮШКӨНБҮЗ?

3. Элчи Пабыл эмнени жарышка салыштырган?

3 Элчи Пабыл ишенимдештерин маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн кээде байыркы Грециядагы оюндарды мисал кылчу (1 Кор. 9:25—27; 2 Тим. 2:5). Алсак, Исанын жолун жолдогондордун жашоосун бир нече жолу жарышка салыштырган (1 Кор. 9:24; Гал. 2:2; Флп. 2:16). Өзүбүздү Жахабага арнап, чөмүлгөндө биз ошол «жарышка» түшөбүз (1 Пет. 3:21). Ал эми сыйлыкты — түбөлүк өмүрдү — марага жеткенде алабыз (Мт. 25:31—34, 46; 2 Тим. 4:8).

4. Бул макалада эмнелерди карайбыз?

4 Алыс аралыкка чуркоонун жана Кудайдын кызматчыларынын жашоосунун кандай окшош жактары бар? Санай берсек, көп. Анда алардын үчөөнө токтололу. Биринчиси — тандалган жол менен гана чуркоо. Экинчиси — марадан көздү албоо. Үчүнчүсү — кыйынчылыктарды жеңүү.

ТАНДАЛГАН ЖОЛ МЕНЕН ЧУРКОО

Баарыбыз тең Иса Машаяк көрсөткөн жолго түшүшүбүз керек (5—7-абзацтарды карагыла) *

5. Кайсы жолдо жүрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

5 Жөө күлүктөр байге алыш үчүн жарышты уюштургандар тандаган жол менен гана чуркашы керек. Ошо сыңары, биз да түбөлүк өмүр сыйлыгын алгыбыз келсе, Иса Машаяк көрсөткөн жол менен жүрүшүбүз зарыл (Элч. 20:24; 1 Пет. 2:21). Шайтан жана анын дүйнөсү болсо бизди түз жолдон адаштырып, алар менен чогуу «чуркашыбызды» көздөшөт (1 Пет. 4:4, шилт.). Алар ушундай жолду тандаганыбыз үчүн бизди шылдыңдап, өздөрү жүргөн жолдун жакшы экенин, эркин кыларын айтышат. Бирок алардын айткандарынын баары жалган (2 Пет. 2:19).

6. Брайандын башынан өткөндөрдөн эмнени билдиңер?

6 Шайтандын таасирине алдыргандар менен бирге чуркап бараткандардын баары, эртеби-кечпи, эркин болбой эле, Шайтанга жана өзүнүн каалоолоруна кул болуп калышат (Рим. 6:16). Брайанды мисалга алалы. Ата-энеси аны Жахабанын жолунда тарбиялап, ошол жолду тандоого үндөшчү. Бирок Брайан өспүрүм куракка келгенде ал жолго түшкөнү аны бактылуу кыларына күмөн санай баштаган. Ошон үчүн ал Шайтандын жолунда жүргөндөргө кошулуп кеткен. Брайан мындай деп эскерет: «Ал кезде эркин болом деп зыяндуу нерселердин кулу болуп каларымды түшүнгөн жокмун... Кийинчерээк... баңгизат колдонуп, адеп-ахлаксыз иштерди кылып, ичкилик ичип кеттим. Жылдар өткөн сайын, баңгизаттын улам күчтүүрөөгүн колдонуп, анын кулуна айландым... Аларга акча табыш үчүн баңгизат сатканга да өттүм». Бактыга жараша, ал жаман жолун таштап, кайрадан Жахабанын жолуна түшүүнү чечкен жана 2001-жылы чөмүлгөн. Учурда ал абдан бактылуу жашап жатат *.

7. Матай 7:13, 14тө кайсы эки жол жөнүндө айтылган?

7 Ырас, кайсы жолду тандаганыбыз маанилүү! Шайтан биздин «өмүргө алып бара» турган кууш жолдон чыгып, кенен жолго түшүшүбүздү көксөйт. Ал жолдо «чуркоо» оңой болгондуктан, дүйнөдөгү адамдардын көбү ошол жолдо баратат. Бирок ал акыры «өлүмгө алып барат». (Окугула: Матай 7:13, 14.) Адашып, туура жолдон чыгып кетпеш үчүн Жахабага таянышыбыз жана аны угушубуз керек.

КӨҢҮЛҮҢӨРДҮ МАРАГА ТОПТОГУЛА!

Көңүлүбүздү марага топтоп, башкаларды мүдүрүлтүүдөн качышыбыз зарыл (8—12-абзацтарды карагыла) *

8. Жөө күлүк мүдүрүлүп кетсе, эмне кылат?

8 Жарышка түшкөн жөө күлүктөр чуркап баратып мүдүрүлүп кетпеши үчүн алдыны гана карашы керек. Ошентсе да алардын атаандашы менен сүзүшүп же өңгүл-дөңгүл жерден чалынып кетип жыгылган учурлары болот. Андайда алар дароо кайра турат да, жолун улантып кетет. Анткени бүт көңүлүн чалынып кеткен нерсеге эмес, марага жана ала турган байгеге топтойт.

9. Мүдүрүлүп кетсек, эмне кылышыбыз зарыл?

9 Биз да өмүр жарышында көп мүдүрүлүшүбүз ыктымал. Башкача айтканда, сөзүбүздөн жаңылабыз же туура эмес иш кылып алабыз. Же болбосо биз менен кошо чуркап бараткан ишенимдешибиз сөзү же иши менен жүрөгүбүздү оорутушу мүмкүн. Буга таң калбашыбыз керек. Себеби баарыбыз тең ката кетиребиз, ошондой эле баарыбыз өмүргө алып барган тар жолдо баратабыз. Ошондуктан «сүзүшүп» кетишибиз толук ыктымал. Элчи Пабыл да кээде бири-бирибизге «нааразы болууга себеп болорун» айткан (Кол. 3:13). Андайда бизди мүдүрүлткөн нерселерге эмес, келечекте ала турган сыйлыкка көңүл топтойлу. Ал эми мүдүрүлүп жыгылсак, кайра туруп, жүрүшүбүздү уланталы. Эгер кимдир бирөөгө таарынып, жыгылган жерибизде жата берсек, марага да жетпейбиз, сыйлык да албай калабыз. Ал эле эмес, тар жолдо чуркап бараткан башка ишенимдештерибизге тоскоолдук жаратабыз.

10. Башкаларды мүдүрүлтпөш үчүн эмнелерден качканыбыз оң?

10 Андан сырткары, мүмкүн болгон учурларда ишенимдештерибиздин биз туура көргөндөй эмес, өздөрү каалагандай иш кылууга укуктуу экенин эске алганыбыз маанилүү. Ошенткенибизде алардын мүдүрүлүшүнө себеп болбойбуз (Рим. 14:13, 19—21; 1 Кор. 8:9, 13). Биз кадимки жөө күлүктөрдөн төмөнкү жактардан айырмаланабыз. Алар бири-бири менен атаандашып, сыйлык алууга өздөрү эле жеткиси келет. Ошондой эле биринчи кезекте керт башынын кызыкчылыгын эле ойлойт. Ошол себептен башка жөө күлүктөр алдыга чыкпашы үчүн аларды түртүп да жиберишет. Алардан айырмаланып, биз ишенимдештерибиз менен атаандашпайбыз (Гал. 5:26; 6:4). Анын ордуна, мүмкүн болушунча көптөрдүн биз менен чогуу мара сызыгын ашып, түбөлүк өмүр сыйлыгын алышын көздөйбүз. Ошондуктан Пабылдын: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деген кеңешин колдонууга умтулабыз (Флп. 2:4).

11. Жөө күлүктөр көңүлүн эмнеге топтошот жана эмне үчүн?

11 Алдын карагандан тышкары, жөө күлүктөр бүт көңүлүн марага топтошот. Мара сызыгын көрө албаса да, өздөрүнүн андан ашып өтүп, сыйлык алып жатканын элестете алышат. Ала турган сыйлыгын айкын элестеткендиктен алар эч нерсеге карабай чуркашат.

12. Мээримдүү Кудайыбыз Жахаба эмнени убада кылган?

12 Мээримдүү Кудайыбыз Жахаба өмүр үчүн жарышты соңуна чыгаргандарга, жер бетиндеги бейиштеби же асмандабы, түбөлүк өмүр сүрүү сыйлыгын сөзсүз берерин убада кылган. Ыйык Китепте ал сыйлык тууралуу көп нерсе жазылгандыктан, анын канчалык кереметтүү болорун так-даана элестете алабыз. Ал үмүтүбүз тууралуу дайыма ой жүгүртсөк, туруктуулук менен чуркап кете беребиз.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА КАРАБАЙ ЧУРКАЙ БЕРЕЛИ

Кыйынчылыктарга карабай өмүр үчүн жарышта чуркай бергенибиз маанилүү (13—20-абзацтарды карагыла) *

13. Биз, жөө күлүктөрдөн айырмаланып, күчтү кимден алабыз?

13 Байыркы Грецияда жөө күлүктөр чарчаганына, денесинин ооруганына карабай чуркашы керек болгон. Алар өзүнүн күчүнө, машыгуу учурунда эмнеге үйрөнсө, ошого гана таянышкан. Биз да, алардай болуп, өмүр жарышынын аягына чыкканга машыгып жатабыз. Бирок алардан айырмаланып, өз күчүбүзгө таянбайбыз. Бизге күчтү Жахаба берет. Анын күчү болсо эч качан түгөнбөйт. Эгер Жахабага таянсак, ал өзү убада кылгандай, бизди окутуп-үйрөтүп эле койбостон, күчтүү да кылат (1 Пет. 5:10).

14. 2 Корунттуктар 12:9, 10до жазылгандар бизге кыйынчылыктарды көтөрүүгө кандайча жардам берет?

14 Пабыл көп кыйынчылыктар менен күрөшкөн. Башкалардын кордогонуна, куугунтуктаганына чыдагандан тышкары, өзүн алсыз сезген учурлары болгон. Денесиндеги «тикен» менен алпурушууга да туура келген (2 Кор. 12:7). Бирок Пабыл ал кыйынчылыктарды багынганга себеп катары көрбөй, Жахабага таянганга мүмкүнчүлүк катары көргөн. (Окугула: 2 Корунттуктар 12:9, 10.) Ошондуктан Жахаба ага баарын көтөрүп кетүүгө жардам берген.

15. Пабылдан үлгү алсак, эмнени сезе алабыз?

15 Жахабага кызмат кылып жатканыбыз үчүн башкалар бизди шылдыңдашы, куугунтукташы мүмкүн. Ошондой эле начар ден соолуктун азабын тартып же чарчап-чаалыгып жүрүшүбүз ыктымал. Кандай болбосун, кыйынчылыктарга карата Пабылдыкындай көз карашта болсок, Жахабанын мээримдүүлүк менен колдоп жатканын сезе алабыз.

16. Ден соолугуңар начар болсо да, эмне кыла аласыңар?

16 Балким, оорудан улам төшөктөн турбай же таптакыр эле баспай калгандырсыңар. Же болбосо бутуңар ооруп жаткандыр же көзүңөрдүн курчу кете баштагандыр. Ошондой болсо да, силер жаш, күүлүү-күчтүү ишенимдештериңер менен чуркай аласыңар! Көптөр улгайганына, бейкаруу болгонуна карабай өмүр жолунда чуркап баратышат. Алар муну өз күчү менен кыла алмак эмес. Андай ишенимдештерибиз жыйналышты телефон аркылуу укканынын же анын жаздыруусун көргөнүнүн аркасында Жахабанын күч берип жатканын сезүүдө. Ошондой эле доктурларга, медайымдарга, туугандарына кабар айтып, шакирт даярдоо ишине катышууда.

17. Ден соолуктун азабын тартып жүргөндөргө Жахаба кандай карайт?

17 Жахабага оюңардагыдай кызмат кыла албай жатканыңардан улам көңүлүңөрдү чөгөрүп, өмүр жарышында чуркоого жараксызмын деп ойлобогула. Жахаба ага ишеним артып, туруктуулук менен кызмат кылып келатканыңар үчүн силерди абдан жакшы көрөт. Анын жардамына мурункудан да көбүрөөк муктаж болуп калганыңарды билгендиктен ал силерди эч качан таштабайт (Заб. 9:10). Тескерисинче, силерге ого бетер жакындайт. Оору менен күрөшүп жүргөн бир ишенимдешибиздин айткандарына көңүл бурсаңар. Ал мындай дейт: «Абалың барган сайын начарлай берсе, кабар айтууга мүмкүнчүлүктөрүң да азая берет экен. Бирок Жахабанын кичинекей аракетимди да баалаарын билгендиктен жүрөгүм кубанычка толот». Көңүлүңөр чөккөндө Жахабанын жаныңарда экенин унутпагыла. Элчи Пабылдын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүп, анын: «Алсыз болуудан... ырахат алам. Анткени алсыз болгонумда күчтүүмүн»,— деген сөздөрүн эстегиле (2 Кор. 12:10).

18. Айрымдар кандай өзгөчө кыйынчылыкка туш болушат?

18 Өмүр жарышында чуркап бараткандардын айрымдары кыйынчылыктын дагы бир түрүнө — депрессияга же өтө тынчсыздануу, коркунуч басуу сыяктуу ооруларга — туш болушат. Андай ооруларды, адатта, башкалар көп байкабайт же түшүнбөйт. Ошондой илдетке чалдыккан ишенимдештерибиздин жагдайын эмне үчүн өзгөчө оор деп айтса болот? Алсак, колу сынган же майыптар коляскасында отурган бирөөнү көргөндө боорубуз ооруп, ага көмөк көрсөткүбүз келет. Ал эми депрессия сыяктуу дартка чалдыккандардын ооруп жатканы билинбеши мүмкүн. Чынында, алардын оорусун бир жери сынган кишиникиндей эле деп айтууга болот. Бирок алардын кыйналып жатканын көрбөгөндүктөн эле башкалар аларга көңүл бөлбөй, жардам бербей жүрө бериши ыктымал.

19. Мепибешеттен эмнеге үйрөнө алабыз?

19 Эгер кайсы бир кыйынчылыкка кабылып жатсаңар же башкалар силерди түшүнбөгөндөй сезилип жатса, Мепибешеттин үлгүсү силерге дем-шык берери шексиз (2 Шем. 4:4). Ал майып болгондон сырткары, Дөөтү падышанын адилетсиз мамилесине дуушар болгон. Башына түшкөн ушундай мүшкүлдүн бирине да ал күнөөлүү эмес болчу. Ошентсе да Мепибешет жашоосуна нааразы болуп, кейип-кепчий бербей, жакшы нерселерге көңүл топтогон. Ал Дөөтү падышанын ага мурда кылган жакшылыктарына ыраазы болгон (2 Шем. 9:6—10). Дөөтү ага адилетсиз мамиле кылганда да, жагдайга ар тараптуу караганга аракет кылган. Дөөтүнүн катасынан улам жүрөгүн терс сезимдер ээлеп алышына жол берген эмес. Жахабаны да күнөөлөгөн эмес. Анын ордуна, Жахаба дайындаган падышаны кантип колдосо болорун ойлогон (2 Шем. 16:1—4; 19:24—30). Жахаба биздин пайдабызды көздөп, Мепибешеттин мыкты үлгүсү тууралуу Ыйык Жазмага жаздырып койгон (Рим. 15:4).

20. Тынчсыздануунун айрым түрлөрү кээ бир ишенимдештерибизге кандай таасир этет? Бирок алар эмнеден шектенбесе болот?

20 Катуу тынчсыздануунун ар кандай түрлөрүнөн жапа чеккен айрым ишенимдештерибиз элге аралашкандан коркуп, катуу кыйналышат. Эл чогулган жерге баруу оңойго турбаса да, алар жыйналыштарды, жыйындарды калтырышпайт. Чоочун бирөөлөр менен сүйлөшүү кыйын болгонуна карабай, кабар айтуу ишине катышышат. Силер да ушундай кыйынчылыкка туш болуп жатсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Себеби дүйнө жүзүндөгү көптөгөн ишенимдештериңер да ошондой кыйынчылык менен алпурушууда. Жахаба силердин жан-дилден кылган кызматыңарды жогору баалаарын унутпагыла. Багынбай келатканыңардын өзү эле Жахабанын силерге батасын төгүп, күч-кубат берип жатканын далилдеп турат * (Флп. 4:6, 7; 1 Пет. 5:7). Ооруңарга карабай Жахабага кызмат кылып жатсаңар, анын жүрөгүн кубантып жатканыңардан шектенбесеңер болот.

21. Жахабанын жардамы менен баарыбыз эмне кыла алабыз?

21 Айта кетчү нерсе, кадимки жарыш менен Пабыл айткан жарыштын айырмасы бар. Байыркы учурда жарышка катышкандардын арасынан бирөө эле байге алчу. Биз түшкөн жарышта болсо туруктуулук менен аягына чейин чуркагандардын баары түбөлүк өмүр сыйлыгын алышат (Жкн. 3:16). Кадимки жарышта жөө күлүктөрдүн ден соолугу чың болушу талап. Болбосо жеңишке жете алышпайт. Ал эми көпчүлүгүбүздүн ден соолугубуз начар болсо да, өмүр жарышында багынбай чуркап баратабыз (2 Кор. 4:16). Жахабанын жардамы менен баарыбыз марага жетебиз!

144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан

^ 5-абз. Бүгүнкү күндө Кудайдын көптөгөн кызматчылары жашы өр тартып бараткандыктан же алдан-күчтөн тайдырган ооруга чалдыккандыктан азап чегип келишет. Ошондой эле баарыбыздын тең чарчап-чаалыккан учурларыбыз болот. Андыктан жарышка түшүү дегенди укканда чочулашыбыз мүмкүн. Бул макаладан канткенде баарыбыз элчи Пабыл айткан өмүр жарышын туруктуулук менен соңуна чыгарып, байге ала аларыбызды билебиз.

^ 6-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2013-жыл, 1-январь, «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген макала.

^ 20-абз. Тынчсыздануу менен кантип күрөшсө болорун жана аны ийгиликтүү жеңип жаткандар тууралуу билиш үчүн jw.org® сайтындагы телеберүүнүн 2019-жылдын май айында чыккан программасын көргүлө. (Жолу: КИТЕПКАНА > JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ)

^ 63-абз. СҮРӨТ: Кызматта жигердүү болгону улгайган ишенимдешибизге Кудайдын жолунан чыкпоого жардам берүүдө.

^ 65-абз. СҮРӨТ: Биз айрымдарды ичимдик ичкенге кыйнап же, тескерисинче, өзүбүз ашыкча ичип кимдир бирөөнү мүдүрүлтүп коюшубуз мүмкүн.

^ 67-абз. СҮРӨТ: Ооруканада төшөктөн тура албай жатса да, ишенимдешибиз доктурга кабар айтып, өмүр жарышында туруктуулук менен чуркап баратат.