Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ишенимдештерибизге мамиле кылууда Жахабадан үлгү алалы

Ишенимдештерибизге мамиле кылууда Жахабадан үлгү алалы

«Адамды сыртына карап соттогонуңарды токтоткула, адилет сот жүргүзгүлө» (ЖКН. 7:24).

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ыйык Китепте Жахаба тууралуу кандай бекемдээрлик чындык камтылган?

БАШКАЛАРДЫН силерге өңү-түсүңөргө же көлөмүңөргө карап баа беришин каалайт белеңер? Каалабайт деле болушуңар керек. Жахабанын бизге сыртыбызга карап баа бербей турганын билүү кандай гана бекемдээрлик. Алсак, ал Шемуел пайгамбарга Жышайдын уулдарынын бири Ысрайылга падыша болорун айткан. Бирок кайсы уулу экенин айткан эмес. Шемуел пайгамбар Жышайдыкына барганда Жахаба көргөндү көрө алган эмес. Ал Жышайдын тун уулу Элиапты көргөндө: «Жахабанын майланганы — ушул»,— деп айткан. Анткени Элиап келбеттүү болгон. Бирок Жахаба Шемуел пайгамбарга: «Анын сырткы көрүнүшүнө, боюнун узундугуна караба, мен аны четке кактым»,— деген. Мындан эмнени билсек болот? Ал андан ары: «Адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт»,— деп кошумчалаган (1 Шем. 16:1, 6, 7).

2. Жакан 7:24тө айтылгандай, эмне үчүн башкаларга сыртына карап баа бербешибиз керек? Мисал келтиргиле.

2 Жеткилең эмес болгондуктан баарыбыз эле башкаларга сыртына карап баа бергенге жакын келебиз. (Окугула: Жакан 7:24.) Бирок адамдын көрүнүшүнө карап эле көп нерсени биле албайбыз. Мисалы, доктур канчалык билимдүү, тажрыйбалуу болбосун, бейтаптын сыртына карап эле оорусун аныктай албайт. Ал анын мурда эмне менен ооруганын, азыркы абалын жана оорунун кандай белгилерин байкап жатканын кунт коюп угушу керек. Ошондой эле анын ички органдарынын кандай иштеп жатканын билиш үчүн рентгенге да жибериши мүмкүн. Антпесе, ооруну туура эмес аныктап алышы ыктымал. Анын сыңарындай, ишенимдештерибиздин сыртына карап эле алар жөнүндө баарын биле албайбыз. Ошондуктан алардын ички дүйнөсү тууралуу көбүрөөк билүүгө аракет кылышыбыз керек. Албетте, биз жүрөктөгүнү көрө албагандыктан, башкаларды Жахабадай болуп толук түшүнө албайбыз. Ошентсе да Жахабаны туураш үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак болот. Кантип?

3. Бул макалада талкуулана турган ыйык китептик билдирүүлөр Жахабаны туураганга кантип жардам берет?

3 Жахаба өзүнүн кызматчыларына кандай мамиле кылат? Ал аларды кунт коюп угат. Алардын башынан өткөн нерселерин, жагдайын эске алат. Ошондой эле боорукердик менен мамиле кылат. Бул макалада Жахабанын Жунуска, Илияска, Ажарга жана Лотко кандай мамиле кылганын жана ишенимдештерибизге мамиле кылууда андан кандай үлгү алсак болорун талкуулайбыз.

КУНТ КОЮП УККУЛА

4. Жунус жөнүндө эмне себептен туура эмес ойдо болушубуз мүмкүн?

4 Жунус пайгамбардын жагдайын толугу менен түшүнбөгөндүктөн аны ишенимсиз, атүгүл тоң моюн деп ойлошубуз мүмкүн. Жахаба ага Нинебиге барып, анын өкүмүн жарыялашы керектигин айткан. Жунус тил алгандын ордуна, таптакыр башка жакка бара турган кемеге түшүп, «Жахабадан... качып кетмекчи болгон» (Жун. 1:1—3). Силер Жунуска ал тапшырманы аткарганга дагы бир мүмкүнчүлүк берет белеңер? Муну айтыш кыйын. Бирок Жахаба ага дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү туура көргөн (Жун. 3:1, 2).

5. Жунус 2:1, 2, 9-аяттардагы сөздөрдөн Жунус пайгамбар жөнүндө эмнени билдиңер?

5 Жунустун кандай адам болгонун анын эмне деп тиленгенинен билүүгө болот. (Окугула: Жунус 2:1, 2, 9.) Анын көп жолу тиленгени шексиз. Балыктын ичинен тиленгенде айткан сөздөрүнөн анын жакшы жактарын да көрө алабыз. Айталы, ал тапшырылган ишти аткарбай качып кетсе да, момун, ыраазы боло билген, Жахабанын тилин алууга дилгир киши болгону көрүнүп турат. Ошондуктан Жахабанын анын туура эмес ишине көңүл топтобогону, тиленүүсүнө жооп бергени жана аны андан ары да пайгамбары катары колдоно бергени таң калыштуу эмес.

Жагдайды толук билсек, боорукер боло алабыз (6-абзацты карагыла) *

6. Эмне үчүн кунт коюп угушубуз керек?

6 Кимдир бирөөнү кунт коюп угуш үчүн момун жана чыдамкай болушубуз керек. Башкаларды көңүл коюп угуу, бери дегенде, үч жагынан пайдалуу. Биринчиден, алар жөнүндө шак эле туура эмес ойдо болуудан качабыз. Экинчиден, бул алардын сезимдерин, кайсы бир нерсени эмне үчүн кылып жатканын түшүнүп, боорукердик менен мамиле кылганга жардам берет. Үчүнчүдөн, кунт коюп уксак, ичиндегисин биз менен бөлүшүп жаткан киши өзүн-өзү көбүрөөк түшүнө алышы мүмкүн. Себеби айрым учурларда кимдир бирөөгө айтып бермейинче адам атүгүл өзүнүн сезимдерин да толук түшүнө албайт (Накыл 20:5). Азиядагы бир аксакал кандай ката кетиргени жөнүндө мындай деген: «Бир жолу бир ишенимдешиме аягына чейин укпай туруп эле кеңеш берип койгонум эсимде. Ага жыйналыштан жакшыраак жооп бергенге аракет кылышы керектигин айткам. Бирок кийинчерээк анын жакшы окуй албай турганын жана жооп бериш үчүн көп күч жумшаарын билдим». Мындан көрүнүп тургандай, аксакалдардын кимдир бирөөгө кеңеш берерден мурун аны жакшылап укканы абдан маанилүү (Накыл 18:13).

7. Жахабанын Илияс пайгамбарга кылган мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

7 Башынан өткөн нерселеринен, тарбиясынан, маданиятынан же кулк-мүнөзүнөн улам айрым ишенимдештерибизге сезимдерин башкалар менен бөлүшүү кыйынга турушу мүмкүн. Алар ичиндегисин оңой айта алышы үчүн, эмне кылсак болот? Жахабанын Изабелден качып жүргөн Илияс пайгамбарга кандай мамиле кылганына токтололу. Илияс көп күн өткөндөн кийин жүрөгүндөгүсүн Жахабага төккөн. Жахаба аны кунт коюп угуп, күч-кайратка толтурган жана маанилүү иш тапшырган (1 Пад. 19:1—18). Ишенимдештерибиз биз менен ээн-эркин сүйлөшө алышы үчүн, убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бирок алар ичиндегисин тартынбай айтканда гана сезимдерин жакшыраак түшүнө алабыз. Эгер Жахабаны туурап чыдамдуу болсок, алар бара-бара бизге ишеним арта башташат. Анан сезимдери менен бөлүшө баштаганда, кунт коюп угушубуз керек.

ЖАКШЫРААК БИЛГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛГЫЛА

8. Башталыш 16:7—13-аяттарда баяндалгандай, Жахаба Ажарга кантип жардам берген?

8 Сара күңү Ажарды Ыбрамга аялдыкка берген. Ажар боюна бүткөнүн билгенде текеберденип, мырзайымын тоготпой баштаган. Ошондон улам Сара да ага жаман мамиле кылып, жагдай оордоп кеткендиктен, Ажар качып кеткен (Башт. 16:4—6). Пенделик көз караш менен караганда, Ажар колу менен кылганын мойну менен тартышы керек болгон текебер аялдай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Жахаба ал тууралуу такыр башкача ойдо болгондуктан ага периштесин жиберген. Периште Ажарга оюн өзгөрткөнгө жардам берген жана Кудайдын ага батасын берип, тукумун көбөйтөрүн айткан. Ошондо Ажар Жахабанын ага дайыма көз салып келгенин жана жагдайын толугу менен билерин түшүнгөн. Бул жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, ал Жахабага: «Cен бардыгын [«мени», шилт.] көрүп турган Кудайсың»,— деген. (Окугула: Башталыш 16:7—13.)

9. Жахаба Ажарга мамиле кылууда эмнелерди эске алган?

9 Жахаба Ажардын эмнелерин эске алган? Ал анын тек-жайын, башынан эмнелер өткөнүн жакшы билчү (Накыл 15:3). Ажар еврейлердин үйүндө жашаган мисирлик келгин болгон. Анын кээде өзүн чоочун бирөөдөй сезген жана үйүндөгүлөрүн, киндик каны тамган жерин сагынган учурлары болсо керек. Ошондой эле ал Ыбрамдын жалгыз гана аялы болгон эмес. Анткени байыркы учурда Кудайдын ишенимдүү кызматчылары да бир нече аял алышкан. Бирок бул Жахабанын баштапкы ой-ниетине кирген эмес (Мт. 19:4—6). Ошондуктан күндөштөрдүн ортосунда кызганыч, жек көрүүчүлүк болгону айтпаса да түшүнүктүү. Жахаба Ажардын Сараны сыйлабаганын туура эмес деп эсептесе да, анын сезимдерин, жагдайын эске алган.

Ишенимдештерибизди жакшыраак таанып-биле берели (10—12-абзацтарды карагыла) *

10. Ишенимдештерибизди кантип жакшыраак биле алабыз?

10 Бири-бирибизди түшүнүүгө аракет кылуу менен Жахабаны туурай алабыз. Андыктан ишенимдештерибизди жакшыраак билгенге умтулушубуз кажет. Жыйналышка чейин же андан кийин алар менен пикир алышкыла, кызматка жана мүмкүн болсо, чайга чакырып тургула. Ошентсеңер, кишини жактырбагандай көрүнгөн ишенимдешибиздин жөн гана уялчаак экенин, балдары менен жыйналышка көп кечигип келген атанын же эненин үйүндө каршылыкка дуушар болуп жатканын же дүнүйөкордой көрүнгөн бир туугандын чынында берешен экенин билишиңер мүмкүн (Аюп 6:29). Албетте, биз «башкалардын ишине кийлигишпейбиз» (1 Тим. 5:13). Ошентсе да ишенимдештерибиздин жагдай-шартын, башынан эмнелерди өткөргөнүн билсек, аларды жакшыраак түшүнө алабыз.

11. Эмне үчүн аксакалдар койлорун жакшы билиши керек?

11 Өзгөчө, аксакалдар жыйналышындагыларды жакшы билиши керек. Райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Артурдун окуясына токтололу. Ал бир аксакал менен түнт, уялчаактай көрүнгөн ишенимдешибизге барган. Артур мындай деп эскерет: «Аны менен сүйлөшүп отуруп, турмуш кургандан бир нече эле жыл өткөндөн кийин жолдошу каза болуп калганын билдик. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай ал эки кызын Жахабаны жакшы көргөн кыздардан кылып чоңойтуптур. Кийин көзү жакшы көрбөй калгандыктан, көңүлү чөгүп, кыйналып жүрүптүр. Бирок Жахабага болгон сүйүүсү, ишеними дагы эле күчтүү бойдон экен. Биз ал ишенимдешибиздин үлгүсүнөн көп нерсеге үйрөндүк» (Флп. 2:3). Ооба, Артур Жахабадан үлгү алган. Жахаба өзүнүн койлорун жана алардын тарткан азабын эң сонун билет (Чыг. 3:7). Аксакалдар да койлорун канчалык жакшы билсе, аларга ошончолук жакшы жардам бере алышат.

12. Юп Йиенин бир ишенимдеши менен жакыныраак таанышканынын натыйжасы кандай болгон?

12 Балким, кайсы бир ишенимдешибиздин бир нерсесине кыжырыбыз келе береттир. Эгер аны менен жакыныраак таанышып, башынан кечирген нерселери тууралуу кененирээк билсек, ага түшүнүү менен мамиле кылуу бир топ жеңил болот. Бир мисалга токтолуп көрөлү. Азияда жашаган Юп Йие мындай дейт: «Бир ишенимдешим аябай катуу сүйлөгөндүктөн, аны өзүн кантип алып жүрүштү билбейт деп ойлочумун. Бирок аны менен кызматка чыкканда мурун ата-энесине базарда балык сатканга жардам бергенин билдим. Көрсө, кардарларды тартыш үчүн ага катуу сүйлөгөнгө туура келчү экен». Юп Йие: «Ушундан улам ишенимдештеримди түшүнүш үчүн аларды жакшыраак билишим керектигине ынандым»,— деп кошумчалайт. Жыйналыштагыларды жакшыраак билиш үчүн күч-аракет талап кылынат. Анткен менен Ыйык Китептеги: «Жүрөгүңөрдү кенен ачкыла»,— деген кеңешти колдонсоңор, «ар кандай адамдарды» жакшы көргөн Жахабадан үлгү алган болосуңар (2 Кор. 6:11—13; 1 Тим. 2:3, 4).

БООРУКЕРДИК МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛГЫЛА

13. Башталыш 19:15, 16да жазылгандай, Лот шашпай жүрүп алганда, периштелер эмне кылган жана эмне үчүн?

13 Лот жашоосундагы абдан маанилүү учурда Жахабанын айткандарын дароо аткарбай жүрүп алган. Жахабанын эки периштеси ага үй-бүлөсүн Содомдон алып чыгып кетиши керектигин айткан. Эмне үчүн? Периштелер ага: «Биз бул жерди талкалайбыз»,— дешкен (Башт. 19:12, 13). Бирок эртеси күнү таң аткандан кийин да Лот менен үй-бүлөсү шаардан чыгып кеткен эмес. Ошондуктан периштелер Лотко дагы эскертишкен. Ал ошондон кийин да шашпай жүрүп алган. Лот бизге Жахабанын айткандарына маани бербеген, атүгүл ага баш ийбеген кишидей көрүнүшү мүмкүн. Бирок Жахаба аны таштап койгон эмес. «Жахаба аны аягандыктан», периштелер аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышкан. (Окугула: Башталыш 19:15, 16.)

14. Жахаба Лотту эмне үчүн аяшы мүмкүн эле?

14 Жахабанын Лотту аяганынын бир нече себеби болушу мүмкүн. Балким, Лот шаардын сыртындагы кишилерден корккондуктан үйүнөн дароо чыгып кетпесе керек. Ошондой эле Содомдун жанындагы өрөөндө чайыр чуңкурлары көп эле жана Лот мурун эки падышанын ошол чуңкурларга түшүп кеткенин билген көрүнөт (Башт. 14:8—12). Үй-бүлө башчысы катары ал үйүндөгүлөрүн ойлоп тынчсызданганы шексиз. Андан сырткары, дүнүйө-мүлкү көп болгондуктан, Лоттун Содомдо заңгыраган үйү болушу мүмкүн эле (Башт. 13:5, 6). Албетте, бул себептердин бири да анын Жахабага дароо тил албаганын актай албайт. Анткен менен Жахаба анын ката-кемчилигине көңүл топтобой, аны «адил киши» деп эсептеген (2 Пет. 2:7, 8).

Башкаларды кунт коюп уксак, түшүнүү менен мамиле кыла алабыз (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. Башкаларды сыртына карап сындагандан көрө, эмне кылышыбыз керек?

15 Башкалар жөнүндө сыртына карап эле жыйынтык чыгара бербей, аларды жакшыраак түшүнгөнгө аракет кылышыбыз керек. Европада жашаган Вероника мындай деп бөлүшөт: «Жыйналыштагы бир жарчы дайыма көңүлү жок жүргөндөй сезилчү. Эч кимге деле кошулчу эмес. Кээде ага сүйлөгөндөн да коркчумун. Бирок ойлонуп, өзүмдү анын ордуна коюп көрдүм да, ага дос керек экенин түшүндүм. Ошондуктан андан ал-акыбалын сурап көрөйүн дедим. Анан сүйлөшүп жатканыбызда, ал акырындан ачылып, ички сезимдери менен бөлүштү. Ошондо аны көбүрөөк түшүнүп калдым».

16. Эмне үчүн Жахабадан боорукер болгонго жардам беришин сурашыбыз кажет?

16 Бизди Жахаба гана толук түшүнө алат (Накыл 15:11). Ошол себептен Жахабадан башкаларга ал карагандай караганга жана боорукердик менен мамиле кылганга жардам беришин сурагыла. Жахабадан тиленгени Анжелага боорукер болгонго жардам берген. Ага бир ишенимдеши менен тил табышуу кыйын болчу. Анжела: «Аны сындап, мамилелешпей жүрө берүү оңой эле болмок. Бирок Жахабадан ага түшүнүү менен мамиле кылганга жардам беришин сурадым»,— дейт. Жахаба анын тиленүүсүнө жооп бергенби? Анжела сөзүн мындай деп улайт: «Бир күнү экөөбүз кызматка чыктык. Андан кийин бир нече саат сүйлөштүк. Аны бүт дитим менен уктум. Азыр аны мурдагыга караганда көбүрөөк жакшы көрөм жана ага дайыма жөлөк-таяк болгум келет».

17. Эмне кыла беришибиз керек?

17 Биз бул татыктуу, бул татыксыз дебей, бардык ишенимдештерибизге жакшы мамиле кылышыбыз керек. Жунуска, Илияска, Ажарга жана Лотко окшоп, алардын баары кыйынчылыктарга кабылышат. Атүгүл айрым учурларда өздөрүнө өздөрү көйгөй жаратып алышат. Бирок баарыбыз эле кээде ошентип алабыз. Андыктан Жахабадан бири-бирибизге боор ооруу менен мамиле кылганга жардам сураганыбыз оң (1 Пет. 3:8). Анын тилин алсак, ар кандай адамдардан турган бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөбүздүн биримдигине салым кошобуз. Ошондуктан бири-бирибизди кунт коюп укканга, жакшыраак таанып-билгенге жана түшүнүү менен мамиле кылганга аракет кыла берели.

87-ЫР: Келип, жаныңды сергит

^ 5-абз. Жеткилең эмес болгондуктан биз адамдын өзү жана ниети тууралуу туура эмес жыйынтык чыгарууга жакын келебиз. Ал эми Жахаба «жүрөктөгүнү көрө» алат (1 Шем. 16:7). Бул макалада Жахабанын байыркы убактагы Жунус, Илияс, Ажар жана Лот деген кызматчыларына кантип мээримдүүлүк менен жардам бергенин карап чыгабыз. Ошондой эле макаладагы ойлор бизге ишенимдештерибизге мамиле кылууда Жахабадан үлгү алууга жардам берет.

^ 52-абз. СҮРӨТТӨР: Улуураак байке жыйналышка кечигип келген жашыраак ишенимдешин жактырбай карап жатат. Анан анын жол кырсыгына кабылгандыктан кечигип келгенин билет.

^ 54-абз. СҮРӨТТӨР: Кабар айтуу тобунун көзөмөлчүсүнө бир ишенимдеши башкаларды жактырбагандай көрүнөт. Бирок кийин анын жөн гана уялчаак экенин жана жакшы тааныбаган кишилердин арасында өзүн оңтойсуз сезерин билет.

^ 56-абз. СҮРӨТТӨР: Жарчы бир ишенимдешин жыйналыштан биринчи жолу көргөндө аны кабагы ачылбаган, эл менен иши жок экен деп ойлойт. Бирок жай отуруп, аны менен жакшылап таанышкандан кийин андай эмес экенин түшүнөт.