Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бир тууганың тирилет»!

«Бир тууганың тирилет»!

«Иса [Мартага]: „Бир тууганың тирилет“,— деди» (ЖКН. 11:23).

151-ЫР: Ал чакырат

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Бир бала өлгөндөрдүн тирилерине ишенерин кантип билдирген?

 МЭТЬЮ деген бир бала катуу ооруга чалдыгып, көп операция жасатышы керек болгон. Бир жолу ал ата-энеси менен JW телеберүүсүн көргөн. Аягында жаңы ырды угушкан. Анда өлгөндөр тирилип, жакындары аларды тосуп алып жатканы көрсөтүлгөн b. Көрүп бүтүшкөндөн кийин Мэтью ата-энесинин колун кармап: «Ата, апа, көрдүңөрбү, эгер мен өлүп калсам да, кайра тирилем. Кичине эле күтсөңөр, баары жакшы болот»,— деген. Ошондо ал 7 жашта болчу. Ошол баланын тирилүүгө болгон үмүтү аябай бекем болгон. Ата-энеси анын сөздөрүн укканда кандай сезимде болгонун элестетип көрсөңөр!

2, 3. Өлгөндөр тирилет деген убада тууралуу ой жүгүртүп турганыбыз эмне үчүн жакшы?

2 Ыйык Китепте келечекте өлгөндөрдүн тирилери убада кылынган. Баарыбыз тең маал-маалы менен ошол жөнүндө ой жүгүртүп турганыбыз жакшы (Жкн. 5:28, 29). Эмне үчүн? Анткени өмүрүбүзгө коркунуч туудурган ооруга чалдыгышыбыз же күтүлбөгөн жерден өлүм жакындарыбызды колубуздан сууруп кетиши мүмкүн (Нас. 9:11; Жкп. 4:13, 14). Ошондой учурларда тирилүүгө болгон үмүт кайрат берет (1 Тес. 4:13). Ыйык Жазмада асмандагы Атабыздын бизди абдан жакшы билери жана жакшы көрөрү жазылган (Лк. 12:7). Кулк-мүнөзүбүздү, эс-тутумубузду кандай болсо, так ошондой кылып кайра жаратыш үчүн Жахаба бизди канчалык жакшы билиши керек? Ушул жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал бизди ушунчалык жакшы көрөт жана түбөлүк жашашыбызга жол ачкан. Атүгүл көзүбүз өтүп кетсе да, тирилтет!

3 Бул макалада адегенде өлгөндөрдүн тирилерине эмне үчүн ишенерибизди карайбыз. Анан Ыйык Китептеги ишенимибизди бекемдеген бир окуяга токтолобуз. «Бир тууганың тирилет» деген бул макаланын темасы ошол окуядан алынган (Жкн. 11:23). Аягында өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүтүбүздү дагы кантип бекемдесек болорун билебиз.

ӨЛГӨНДӨР ТИРИЛЕТ ДЕГЕН УБАДАГА ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНСЕК БОЛОТ?

4. Кайсы бир убадага ишениш үчүн эмнеге көзүбүз жетиши керек? Мисал келтиргиле.

4 Кайсы бир убадага ишениш үчүн аны берген кишинин убадасын аткарууга каалоосу да бар экенине, кудурети да жетерине көзүбүз жетиши керек. Буга бир мисал келтирели. Үйүңөр катуу жер титирөөдө талкаланып калды дейли. Анан досуңар келип: «Үйүңдү оңдогонго жардам берем»,— деп убада берет. Ал муну чын жүрөктөн айтат. Анын силерге жардам бергенге каалоосу бар экенинен да шектенбейсиңер. Эгер ал чебер уста болсо жана керектүү шаймандары да бар болсо, анын кол кабыш кыларынан күмөн санабайсыңар. Кыскасы, анын убадасына ишенесиңер. Анда Кудайдын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасы тууралуу эмне дешке болот? Анын сөзүнө турганга чын эле каалоосу барбы? Кудурети жетеби?

5, 6. Жахабанын өлгөндөрдү тирилткиси келерине эмне үчүн ишенсек болот?

5 Жахаба өлгөндөрдү тирилтүүнү каалайбы? Албетте! Ал бир нече пайгамбарына келечекте өлгөндөр тирилет деген убаданы жазганга ыйык руху менен түрткү берген (Ыш. 26:19; Ош. 13:14; Аян 20:11—13). Жахаба болсо сөзүнө турат (Жаш. 23:14). Анын үстүнө, ал өлгөндөрдү тирилтүүнү абдан каалайт. Эмне үчүн минтип айта алабыз?

6 Журт атасы Аюптун эмне дегенин карап көрөлү. Ал атүгүл каза болуп калса да, Жахаба аны сагынарын билген (Аюп 14:14, 15). Анын сыңарындай, Жахаба көз жумган кызматчыларынын баарын көргүсү келип, куса болот. Аларга кайрадан өмүр тартуулап, чың ден соолукта, бактылуу жашашын абдан каалайт. Ал эми миллиарддаган кишилер Жахаба жөнүндө билгенге мүмкүнчүлүгү болбой дүйнөдөн өтүп кетишкен. Аларчы, алар эмне болот? Мээримдүү Кудайыбыз аларды да тирилткиси келет (Элч. 24:15). Ошондой эле алардын түбөлүк жашашын жана аны менен дос болушун каалайт (Жкн. 3:16). Ооба, Жахабанын өлгөндөрдү тирилткиси келери айдан ачык.

7, 8. Жахабанын өлгөндөрдү тирилткенге кудурети жетерине эмне үчүн ишенсек болот?

7 Жахабанын өлгөндөрдү тирилткенге кудурети жетеби? Албетте, жетет. Анткени ал — «Кудурети Күчтүү» Кудай (Аян 1:8). Кандай душман болбосун, атүгүл өлүмдү да жеңгенге күчү жетет (1 Кор. 15:26). Бул бизге дем-күч берет жана сооротуп-жубатат. Эмма Арнольд деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда анын үй-бүлөсү чоң кыйынчылыктарга туш болуп, ишеними сыналган. Алардын жакындары нацисттик концлагерде каза табышкан. Ал кызын сооротуш үчүн: «Эгер өлүм адамзатты түбөлүккө туткундап ала алса, ал Кудайдан да күчтүү болуп калмак, туурабы?» — деп айткан. Күч жагынан Жахабага эч ким, эч нерсе тең келбейт! Өмүр бергенге кудурети жеткен Кудайдын өлгөндөрдү тирилткенге да кудурети жетет.

8 Кудайдын өлгөндөрдү тирилте аларына ишенгенге дагы бир себеп бар. Анын эс тутуму чексиз. Ал жылдыздардын ар бирин атынан атайт (Ыш. 40:26). Ошондой эле кайтыш болуп кеткендердин эч бирин унутпайт (Аюп 14:13; Лк. 20:37, 38). Ал тириле тургандар жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин билет. Мисалы, генетикалык кодун, башынан өткөргөндөрүн жана эс тутумун.

9. Жахабанын келечекте өлгөндөрдү тирилтерине эмне үчүн ишенесиң?

9 Ооба, Жахабанын келечекте өлгөндөрдү тирилтем деген убадасына ишенсек болот. Анткени анын муну кылганга каалоосу да бар, кудурети да жетет. Бул убадага ишенсек болорунун дагы бир себеби бар. Жахаба өлгөндөрдү тирилткен. Байыркы учурда ал айрым ишенимдүү кызматчыларына, анын ичинде Исага өлгөндөрдү тирилткенге күч берген. Анда Исанын бир кишини тирилткенин карап көрөлү. Ал Жакан 11-бөлүмдө жазылган.

ИСА ЖАКШЫ КӨРГӨН ДОСУНАН АЙРЫЛАТ

10. Иса Иордандын аркы өйүзүндө кабар айтып жүргөндө эмне болгон жана ал эмне кылган? (Жакан 11:1—3)

10 Окугула: Жакан 11:1—3. Б.з. 32-жылынын аяк чени. Исанын жакшы көргөн достору Бетания деген айылда турушат. Алар: Лазар, Мариям жана Марта. Үчөө — бир тууган (Лк. 10:38—42). Бир күнү Лазар катуу ооруп калат. Мариям менен Марта жанын коёрго жер таппай, чый-пыйы чыгат. Алар Исага: «Лазар ооруп калды»,— деп киши жиберишет. Иса Иордандын аркы өйүзүндө эле. Ал жерден Бетанияга чейин эки күндүк жол (Жкн. 10:40). Кейиштүүсү, кабарчы Исага жеткен маалда Лазардын көзү өтүп кетет. Иса досунун жаңы эле каза болуп калганын билсе да, дароо эле Бетанияга сапар тартпайт. Ошол жерде дагы эки күн болуп, анан жолго чыгат. Ошентип, Иса келгенге чейин Лазардын өлгөнүнө төрт күн болуп кетет. Бирок Иса досторун кубанычка бөлөп, Кудайды да даңктай турган бир нерсе кылганы жаткан (Жкн. 11:4, 6, 11, 17).

11. Бул окуядан достук жөнүндө эмнени билсек болот?

11 Бул окуядан достук жөнүндө бир нерсени билсек болот. Көңүл бурсаңар, Мариям менен Марта Исага киши жибергенде андан Бетанияга келишин суранган эмес. Алар жөн эле: «Жакшы көргөн досуң ооруп жатат»,— деп айттырып ийишкен (Жкн. 11:3). Лазар каза болуп калганда, Иса аны алыстан эле тирилтип коё алмак. Бирок ал досторунун, Мариям менен Мартанын, жанында болуш үчүн Бетанияга барууну чечкен. Силердин да айттырбай эле жардамга келген досуңар барбы? Эгер бар болсо, анын «кыйын мезгилде» жөлөк-таяк болорунан шектенбейсиңер (Накыл 17:17). Келгиле, Исадай болуп, биз да досторубузга арка-бел бололу. Эми окуя андан ары кантип өрчүгөнү тууралуу сүйлөшөлү.

12. Иса Мартага эмне деп убада берген жана эмне үчүн ал жөн эле куру сөз болгон эмес? (Жакан 11:23—26)

12 Окугула: Жакан 11:23—26. Марта Исанын Бетанияга келип калганын угат. Ал аны тоскону чуркап жөнөйт. Жолукканда ага: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу»,— деп айтат (Жкн. 11:21). Чын эле, Иса Лазарды сакайта алмак. Бирок Иса андан да укмуш бир нерсени кылууну ойлоп жаткан. Ал Мартага: «Бир тууганың тирилет»,— деп айтат. Анан эмне үчүн ушул убадага ишенсе болорун көрсөтүш үчүн: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— дейт. Ооба, Кудай ага өмүрдүн да, өлүмдүн да үстүнөн бийлик берген. Мурунураак ал бир кичинекей кызды көз жумгандан көп өтпөй эле тирилткен. Анан дагы бир жигитти, кыязы, ал өлгөн күнү эле тирилткен (Лк. 7:11—15; 8:49—55). Бирок ал өлгөнүнө төрт күн болгон, сөөгү жыттана баштаган кишини тирилте алат беле?

«ЛАЗАР ЧЫК!»

Иса досторунун күйүт тартып жатканын көргөндө аларга абдан боору ачыган (13, 14-абзацтарды карагыла)

13. Жакан 11:32—35 аяттарда жазылгандай, Иса Мариямдын жана башкалардын боздогонун укканда эмне кылган? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Окугула: Жакан 11:32—35. Андан ары эмне болгонун көз алдыңарга тартсаңар. Мариям да Исаны тоскону жөнөйт. Ал да Мартадай болуп: «Мырзам, эгерде сен бул жерде болсоң, бир тууганым өлмөк эмес»,— деп айтат. Мариям да, жанындагылар да кан жутуп турушкан. Алардын боздогон үнүн угуп Исанын каңырыгы түтөгөн. Досторуна ушунчалык боору ооругандыктан көзүнө жаш алган. Иса жакыныбыздан айрылганда жүрөгүбүз тилинерин жакшы түшүнөт. Андыктан ал көз жашыбызды көлдөткөн азап-кайгыны тамыры менен жулганга ынтызар.

14. Исанын Мариямга боору ооруганынан Жахаба жөнүндө эмнени билсек болот?

14 Исанын боздоп жаткан Мариямга кылган мамилесинен Жахаба жөнүндө эмнени билсек болот? Ырас, Жахаба — чексиз боорукер Кудай. Эмне үчүн минтип айтканга болот? Буга чейинки макаладан билгенибиздей, Иса асмандагы Атасынын ой жүгүртүүсүн жана сезимдерин жеткилең түрдө чагылдырат (Жкн. 12:45). Бул үзүндүдөн окуганыбыздай, күйүт тартып жаткан досторун көргөндө Иса боору ачыганынан ыйлап жиберген. Демек, Жахаба да азап тартып жатканыбызды көргөндө кайдыгер карап тура албайт (Заб. 56:8). Бул силерге боорукер Кудайга көбүрөөк жакындаганга түрткү бербейби?

Иса өлүмдүн үстүнөн да бийлиги бар экенин көрсөткөн (15, 16-абзацтарды карагыла)

15. Жакан 11:41—44 аяттарга ылайык, Лазардын мүрзөсүнүн жанында эмне болгонун айтып бергиле. (Сүрөттү да карагыла.)

15 Окугула: Жакан 11:41—44. Ошентип, Иса Лазар коюлган мүрзөгө келет. Анан мүрзөнүн оозундагы ташты алып салгыла дейт. Ошондо Марта: «Эмдигиче жыттанып кетсе керек»,— деп айтат. Иса ага: «Эгер ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң деп айткан элем го»,— деп жооп берет (Жкн. 11:39, 40). Андан соң Иса асманды карап баарынын көзүнчө тиленет. Ал андан ары бир иш кылганы турган. Ошону көргөндөрдүн Жахабаны даңкташын каалаган. Иса: «Лазар, чык!» — деп айткан. Ошондо Лазар мүрзөдөн чыгып келген. Исанын жаңы эле кылган кереметин көптөр мүмкүн эмес деп ойлошкон. (Карагыла: w08 1/1 31-б.)

16. Жакан 11-бөлүмдө жазылгандар тирилүүгө болгон үмүтүбүздү кандайча чыңдайт?

16 Жакан 11-бөлүмдө жазылгандар тирилүүгө болгон үмүтүбүздү чыңдайт. Кандайча? Исанын Мартага: «Бир тууганың тирилет»,— деп айткан убадасын эстесеңер (Жкн. 11:23). Атасындай болуп, Исанын ошол убадасын аткарганга каалоосу да бар, кудурети да жетет. Анын көзүнө жаш алганы өлүмдү жана анын азапка салган кесепеттерин жоюуну абдан каалаарын көрсөтүп турат. Лазар мүрзөдөн чыгып келгенде, Иса өлгөндөрдү тирилткенге кудурети жетерин дагы бир ирет далилдеген. Ошондой эле Исанын Мартага айткан сөздөрү тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ал: «Эгер ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң деп айткан элем го»,— деген (Жкн. 11:40). Ооба, бизде Кудайдын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасына ишенбей койгонго эч кандай себеп жок. Анда ошол убаданын аткарыларына болгон үмүтүбүздү дагы да кантип чыңдасак болот?

ӨЛГӨНДӨР ТИРИЛЕТ ДЕГЕН ҮМҮТҮБҮЗДҮ ДАГЫ КАНТИП ЧЫҢДАСАК БОЛОТ?

17. Ыйык Китептен өлгөндөрдүн тирилгени жөнүндө окуганда эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

17 Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндө жазылган окуялар тууралуу окугула жана ой жүгүрткүлө. Ыйык Китепте сегиз кишинин тирилтилгени айтылат c. Ошолордун ар бирин майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп көргүлө. Изилдеп жатканда алардын чынында эле жашаган эркектер, аялдар жана балдар болгонун эсиңерден чыгарбагыла. Ошол окуялардан эмнелерди билсеңер болот? Алардын ар бири Кудайдын өлгөндөрдү тирилтүүнү каалаарын жана буга кудурети жетерин кандайча көрсөтүп турат? Ушулар жөнүндө ойлонгула. Баарынан да, Исанын тирилгени жөнүндө кылдат ой жүгүрткүлө. Анткени анын тирилиши алда канча маанилүү болгон. Бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла. Исанын тирилгенине жүздөгөн кишилер күбө болгон жана бул өлгөндөр тирилет деген ишенимибизге күчтүү негиз болуп берет (1 Кор. 15:3—6, 20—22).

18. Тирилүү жөнүндөгү ырларды укканыбыздын жана жаттап алганыбыздын кандай пайдасы бар? (Шилтемени да карагыла.)

18 Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндөгү «рухий ырларды» уккула жана ой жүгүрткүлө d (Эф. 5:19). Андай ырлар өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүтүбүздү жана ишенимибизди ого бетер чыңдайт. Ошондуктан аларды уккула. Ырдап көнүккүлө жана үй-бүлө менен сыйынууда маанисин талкуулагыла. Алар акылыңар менен жүрөгүңөрдөн түнөк тапсын. Ошондо өмүрүңөргө коркунуч туудурган сыноолорго туш болгондо же жакыныңардан айрылганда, Жахабанын ыйык руху силерге ал ырларды эстегенге жардам берет, жубатат жана күч берет.

19. Өлгөндөрдүн тирилерин кантип элестетсек болот? (« Эмнелерди сурайт элеңер?» деген кутучаны карагыла.)

19 Элестеткиле. Жахаба бизге сонун жөндөм берген. Биз жаңы заманда жашап жатканыбызды элестете алабыз. Бир ишенимдешибиз: «Жаңы заманда жашап жатканымды элестеткенге кенен убакыт бөлөм. Ошондо Бейиште бажырайып ачкан розалардын аңкыган жытын сезгендей болом. Чын эле бейиште жүргөндөй туюлат»,— дейт. Байыркы убакта жашаган Жахабанын ишенимдүү кызматчылары менен жолугуп жатканыңарды элестеткиле. Өзгөчө, кимди көргүңөр келет? Ага кандай суроолорду берет элеңер? Мындан тышкары, көзү өтүп кеткен жакындарыңар менен кайрадан жолугуп жатканыңарды да көз алдыңарга тартсаңар. Ошону майда-чүйдөсүнө чейин элестетип көргүлө. Аларга эмне дейт элеңер? Сагынычыңар тарагыча кучакташып, сүйүнгөнүңөрдөн көзүңөргө жаш алат болушуңар керек.

20. Эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Жахабанын өлгөндөрдү тирилтем деген убадасына кандай гана ыраазыбыз! Биз бул убаданын сөзсүз аткарыларынан шектенбейбиз. Анткени Жахабада аны аткарууга каалоо да, күч да бар. Келгиле, мындан ары да баалуу үмүтүбүзгө болгон ишенимибизди чыңдаганга чечкиндүү бололу. Эгер ошентсек, Кудайыбызга ого бетер жакындай беребиз. Ал ар бирибизге өлгөн жакындарыңар тирилет деп убада берген.

147-ЫР: Кудай түбөлүк өмүр убада кылган

a Эгер жакыныңардан айрылган болсоңор, өлгөндөр тирилет деген убада силерди сооротору шексиз. Ушул убадага эмне үчүн ишенериңерди башкаларга кантип түшүндүрүп берет элеңер? Өлгөндөрдүн тирилерине болгон ишенимиңерди дагы бекемдеш үчүн эмне кылсаңар болот? Бул макаланын максаты — өлгөндөр тирилет деген үмүтүбүздү чыңдаганга жардам берүү.

b Ыр «Ашты кыялың ишке» деп аталат. Ал 2016-жылдын ноябрь айындагы телеберүүгө чыккан.

c «Тирилгени ыйык китепте жазылган сегиз киши» деген кутучаны карагыла. «Күзөт мунарасы», 2015-ж., 1-авг., 4-б.

d «Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деген китептен төмөнкү ырларды карагыла: «Жаңы дүйнөдө сен да бол» (139-ыр), «Көзүңдү алба сыйлыктан» (144-ыр), «Ал чакырат» (151-ыр). Ошондой эле jw.org сайтынан төмөнкү ырларды да карагыла: «Ашты кыялың ишке», «Келет жаңы заман», «Бейиште жашайсың сен дагы».