Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын жаңы заман жөнүндөгү убадасына болгон ишенимибизди бекемдейли

Жахабанын жаңы заман жөнүндөгү убадасына болгон ишенимибизди бекемдейли

«[Жахаба] айтканын аткарбай коймок беле?» (САН. 23:19).

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Жаңы замандын келерин күтүп жатып эмне кылышыбыз керек?

 ЖАХАБА бул дүйнөнү жок кылып, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орнотом деп убада берген. Биз ал убаданы абдан баалайбыз (2 Пет. 3:13). Жаңы заман качан келерин билбейбиз. Бирок ага аз калганына күмөн санабайбыз. Анткени бүгүнкү күндөгү окуялар муну далилдеп турат (Мт. 24:32—34, 36; Элч. 1:7).

2 Ал убак келгенге чейин, чындык жолунда жүргөнүбүзгө канча жыл болбосун, баарыбыз тең Жахабанын ошол убадасына болгон ишенимибизди чыңдашыбыз керек. Эмне үчүн? Анткени атүгүл бекем ишеним да солгундап калышы мүмкүн. Ошол себептен элчи Пабыл ишенимдин жетишсиздигин «оңой эле чырмап ала турган күнөө» деп атаган (Евр. 12:1). Анда ишенимибиз солгундап калбашы үчүн эмне кылсак болот? Жаңы замандын жакында келеринен кабар берген далилдер тууралуу терең ой жүгүртүп турганыбыз маанилүү (Евр. 11:1).

3. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

3 Жахабанын жаңы заманды орнотом деген убадасына болгон ишенимибизди бекемдеш үчүн үч нерсени кылсак болот. Бул макалада ошолорду талкуулайбыз. 1) Кун жөнүндө, 2) Жахабанын күчү жөнүндө ой жүгүртүү; 3) рухий иштер менен алек болуу. Андан соң Жахабанын Хабакукка айткан сөздөрүн талкуулайбыз. Ал сөздөр бүгүнкү күндө биздин ишенимибизди да бекемдейт. Бирок башында бир нерсеге токтололу. Жашоодо кээ бир жагдайларга туш болобуз. Ошондо жаңы заман келет деген убадага бекем ишенишибиз керек болот. Анда киришели.

БЕКЕМ ИШЕНИМДИ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР

4. Кандай чечимдерди чыгарарда бекем ишеним талап кылынат?

4 Биз күн сайын күчтүү ишенимди талап кылган чечимдерди чыгарабыз. Мисалы, алар чөйрөгө, көңүл ачууга, билим алууга, никеге, балдарга жана жумушка байланыштуу. Андыктан минтип ойлонуп көргөнүбүз дурус: «Чыгарган чечимдеримен бул дүйнөнүн убактылуу экенине жана жакында Кудай жаңы заманды орноторуна ишенерим көрүнүп турабы? Же чечимдериме „бүгүн барбыз, эртең жокпуз“ деп жашагандардын көз карашы таасир этип жатабы?» (Мт. 6:19, 20; Лк. 12:16—21). Биз жаңы замандын босогосунда турабыз. Эгер ушуга болгон ишенимибизди бекемдей берсек, туура чечимдерди чыгарабыз.

5, 6. Көңүлүбүз чөккөндө эмне үчүн бекем ишеним керек болот? Мисал келтиргиле.

5 Козголгус ишенимди талап кылган кыйынчылыктарга да туш болобуз. Мисалы, куугунтукталышыбыз, катуу ооруп калышыбыз мүмкүн. Же көңүлдү чөгөргөн башка себептер болушу ыктымал. Башында андай сыноолорго тике карашыбыз этимал. Бирок көбүнчө ушундай кыйынчылыктар узакка созулуп кетет. Ошондо туруктуулугубуздан жазбай, Жахабага кубанып кызмат кыла бериш үчүн бекем ишеним керек болот (Рим. 12:12; 1 Пет. 1:6, 7).

6 Бирок сыноолор шакардай кайнап жаткан маалда Жахабанын жаңы заманы келбечүдөй сезилип кетиши мүмкүн. Бул ишенимибиздин алсыз экенин билдиреби? Андай деле эмес. Келгиле, бир мисалды карайлы. Кыштын кыраан чилдесинде бизге жай эч качан келбечүдөй туюлуп кетет. Бирок жай келбей койбойт да. Ошо сыңары, көңүлүбүз аябай чөгүп турганда жаңы заман эч качан келбечүдөй сезилип кетиши ыктымал. Бирок ишенимибиз бекем болсо, Кудайдын убадалары сөзсүз аткарыларын билебиз (Заб. 94:3, 14, 15; Евр. 6:17—19). Мындай бекем ишеним Жахабага сыйынууну жашообузда дайыма биринчи орунга койгонго жардам берет.

7. Кандай көз караштан сак болушубуз керек?

7 Эми солгундабаган ишенимди талап кылган дагы бир нерсеге токтололу. Бул — кабар айтуу иши. Көптөр Кудай жаңы заманды орнотот деген «жакшы кабарды» жөө жомок деп эсептешет (Мт. 24:14; Жез. 33:32). Бирок ушундай көз караштын бизге жугушуна эч качан жол бергибиз келбейт. Ан үчүн ишенимибизди курчута бергенибиз маанилүү. Муну кантип кылсак болорунун үч жолун карайлы.

КУН ЖӨНҮНДӨ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

8, 9. Кун жөнүндө ой жүгүртүү кандайча ишенимибизди чыңайт?

8 Ишенимибизди чыңоонун дагы бир жолу — кун жөнүндө ой жүгүртүү. Кун Кудайдын убадаларынын аткарыларына кепилдик берет. Кун эмне үчүн төлөнгөнү жана анын канчалык кымбат экени жөнүндө ой калчайлы. Ошондо Кудайдын бейиште жыргап-куунап жашайсыңар деген убадасынын аткарыларына болгон ишенимибиз чыңала берет. Эмне үчүн минтип айтсак болот?

9 Кун Жахаба үчүн канчалык кымбат болгон? Ал жанындай жакшы көргөн тун Уулун, жакын досун, асмандан жерге жиберген. Ошентип, Иса жерде жеткилең киши болуп төрөлгөн. Жерде жүргөндө болсо башына түшкөн бардык кыйынчылыктарды көтөргөн. Ал көрбөгөн кордукту көргөн жана сай сөөгү сыздап көз жумган. Мына Жахаба ушундай кымбат бааны төлөгөн. Мээримдүү Кудай, биз телегейи тегиз заманда кыска эле убакытка өмүр сүрүшүбүз үчүн, Уулунун ушунчалык азап тартышына жана өлүшүнө жол бербейт болчу (Жкн. 3:16; 1 Пет. 1:18, 19). Ооба, ал жакшы көргөн Уулун биз жаңы заманда түбөлүк жашашыбыз үчүн берген.

ЖАХАБАНЫН КҮЧҮ ЖӨНҮНДӨ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

10. Эфестиктер 3:20га ылайык, Жахабанын эмне кылганга кудурети жетет?

10 Ишенимибизди кайрап туруунун дагы бир жолу — Жахабанын күчү жөнүндө ой жүгүртүү. Ал убадаларынын баарын ишке ашырганга кудуреттүү. Жахабанын жаңы заманда өлбөй, түбөлүк жашайсыңар деген убадасы, чын эле, көптөргө мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Бирок ал дайыма эч качан адам баласынын колунан келбей турган убадаларды берет. Анан аларды сөзсүз ишке ашырат. Анткени ал — Кудурети күчтүү Кудай (Аюп 42:2; Мр. 10:27). Андыктан анын таң калдырган убадаларды бергенинин таң калыштуу эч нерсеси жок. (Окугула: Эфестиктер 3:20.)

11. Кудайдын аткарылбачудай сезилген убадаларына мисал келтиргиле. (« Аткарылбачудай көрүнгөн убадалар» деген кутучаны карагыла.)

11 Жахаба байыркы убакта да өз элине убадаларды берген. Алар айрымдарга аткарылбачудай сезилген. Анда ошолордун кээ бирлерине токтололу. Алсак, Жахаба улгайып калган Ыбрайым менен Саарага уулдуу болосуңар деп айткан (Башт. 17:15—17). Ошондой эле Ыбрайымга анын урпактары Канаан жерине ээлик кыларын айткан. Бирок анын урпактары, ысрайылдыктар, көп жылдар бою Мисирде кул болушкан. Ошол себептен Жахабанын убадасы аткарылбачудай сезилсе керек. Бирок анын убадасы аткарылган. Кийинчерээк Жахаба жашы өр тартып калган Элизабетке уулдуу болорун билдирген. Мындан тышкары, турмушка чыга элек Мариямга өзүнүн Уулу Исанын энеси болорун айткан. Ушундайча Жахаба миңдеген жылдар мунун Эйден багында берген убада аткарылмак (Башт. 3:15).

12. Жашыя 23:14 менен Ышая 55:10, 11ден Жахабанын күчүнө байланыштуу эмнеге бекем ишенсек болот?

12 Жахабанын убадалары жана аларды кантип аткарганы жөнүндө ойлонгондо анын кудурети чексиз экенин түшүнөбүз. (Окугула: Жашыя 23:14; Ышая 55:10, 11.) Мунун аркасында Жахабанын жаңы заманды орнотом деген убадасына болгон ишенимибиз бекемделет. Мындай ишеним бизди жаңы заман куру кыял эмес экенин башкаларга түшүндүргөнгө даярдайт. Жаңы асман менен жаңы жердин сөзсүз болорун тастыкташ үчүн Жахаба өзү: «Бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын»,— деп айткан (Аян 21:1, 5).

РУХИЙ ИШТЕР МЕНЕН АЛЕК БОЛУУ

ЖЫЙНАЛЫШ

Бул рухий иш-чара канткенде ишенимиңерди бекемдейт? (13-абзацты карагыла)

13. Жолугушуулар ишенимибизди кандайча бекемдейт? Түшүндүргүлө.

13 Ишенимибизди бекемдөөнүн үчүнчү жолу — рухий иштерге убакыт бөлүү. Келгиле, жыйналышка катышканыбыздын кандай пайдасы бар экенине токтололу. Анна ондогон жылдар бою толук убакыт кызматтын ар кандай түрлөрүн аркалаган. Ал мындай дейт: «Жолугушуулар ишенимимди кеме казыктай бекем кармап турат. Кээде баяндамачы жакшы окута албашы же жаңы ойлорду айтпашы деле мүмкүн. Ошентсе да угуп отурганда Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгөнгө жардам берген ойлорду тапканга аракет кылам. Бул менин ишенимимди бекемдейт» b. Жыйналыштагылардын жооп бергени да ишенимибизди курчутары шексиз. Биз аларга ошон үчүн ыраазыбыз (Рим. 1:11, 12; 10:17).

КЫЗМАТ

Бул рухий иш-чара канткенде ишенимиңерди бекемдейт? (14-абзацты карагыла)

14. Кабар айтканыбыз кандайча ишенимибизди бекемдейт?

14 Кабарга чыкканда да ишенимибизди чыңдайбыз (Евр. 10:23). Барбара деген ишенимдешибиздин Жахабага кызмат кылып жатканына 70 жылдан ашты. Ал мындай дейт: «Кабар айтканда ишенимим кадимкидей бекемделет. Башкаларга Жахабанын кереметтүү убадалары жөнүндө канчалык көп айткан сайын, өзүмдүн ишенимим ошончолук бекемделе берет».

ӨЗДҮК ИЗИЛДӨӨ

Бул рухий иш-чара канткенде ишенимиңерди бекемдейт? (15-абзацты карагыла)

15. Өздүк изилдөө ишенимибизди кандайча курчутат? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

15 Ишенимибизди курчуткан дагы бир нерсеге токтололу. Бул — өздүк изилдөө. Сюзан өздүк изилдөөнүн жакшы күн тартибин түзүп алган. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Базар күнү кийинки жумадагы „Күзөт мунарасына“ даярданам. Ал эми биринчи, экинчи күнү иш күндөрүндөгү жолугушууга даярданам. Калган күндөрү болсо өздүк изилдөө кылам». Күн тартипке бекем кармангандыктан Сюзандын ишеними дайыма курчуп турат. Айрин бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта ондогон жылдардан бери кызмат кылып келет. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды изилдегени анын ишенимин бекемдейт. Айрин: «Жахабанын айткандарынын майда-чүйдөсүнө чейин аткарылганына аябай таң калам»,— дейт c.

«СӨЗСҮЗ АТКАРЫЛАТ»

16. Жахабанын Хабакукту жубаткан сөздөрү эмне үчүн бизге да тиешелүү? (Еврейлер 10:36, 37)

16 Жахабанын кээ бир кызматчылары бул дүйнөнүн аягын көп жылдардан бери күтүп келатышат. Адамдык көз караш менен караганда, Кудайдын убадасынын аткарылышы кечигип жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Жахаба кызматчыларынын муну ойлоп тынчсызданарын билет. Ошон үчүн Хабакук пайгамбарды: «Бул аян аткарыла турган убак али алдыда. Ал аткарыла турган убак тездик менен жакындап келатат, ал алдабайт. Создуктурулуп жатса да, күт, анткени сөзсүз аткарылат, кечикпейт»,— деп соороткон (Хаб. 2:3). Кудай бул сөздөрдү Хабакукту сооротуш үчүн эле айтканбы? Же алардын бизге да тиешеси барбы? Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен ушул сөздөрдү жаңы дүйнөнү эңсеп күтүп жаткан ишенимдештерине карата колдонгон. (Окугула: Еврейлер 10:36, 37.) Ооба, Жахабанын куткарам деген убадасы создуктурулуп жаткандай сезилсе да, ал «сөзсүз аткарылат, кечикпейт».

17. Бир ишенимдешибиз Жахабанын Хабакукка берген кеңешин кантип колдонгон?

17 Жахабанын көптөгөн кызматчылары ондогон жылдардан бери анын «күт» деген кеңешине ылайык жашап келатышат. Луиза деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал 1939-жылы Жахабага кызмат кыла баштаган. Луиза мындай дейт: «Ошол кезде Армагедон мен мектепти бүткөнгө чейин эле келет болуш керек деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Көп жылдардан бери өзүм атап алгандай „күтө билгендердин окуясын“ окугандын пайдасын көрүп келатам. Мисалы, Нух, Ыбрайым, Жусуп жана башкалардын окуясын изилдейм. Алар Жахаба убада кылган сыйлыкты алганга чейин көп убакыт күтүшкөн. Күтүп келатканым мага да, башкаларга да жаңы заманга аз калганына шектенбегенге жардам берет». Жахабанын жолунда көп жылдарды карыткан ишенимдештерибиз бул сөздөргө толук кошулат!

18. Жаратылышка байкоо салуу жаңы заман келет деген ишенимибизди кандайча чыңдайт?

18 Ооба, жаңы заман азырынча келе элек. Бирок жылдыздар, бак-дарактар, жаныбарлар жана адамдар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Мунун баары бар, бизди курчап турат. Бирок бир учурда жок болчу. Алар азыр Жахаба жаратканы үчүн бар (Башт. 1:1, 26, 27). Кудайыбыз жаңы заманды да жаратам деп убада берип жатат. Ал сөзсүз сөзүнө турат. Ошол заманда адамдар чың ден соолукта болуп, жашоонун рахатына батып түбөлүк жашашат. Бир кезде жок болгон аалам азыр бар болгондой эле, Кудайдын белгилеген убагы келгенде жаңы заман да сөзсүз болот (Ыш. 65:17; Аян 21:3, 4).

19. Ишенимиңерди кантип бекемдесеңер болот?

19 Ал убак келгенге чейин ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп ишенимиңерди бекемдей бергиле. Кунга болгон ыраазычылыгыңар арта берсин. Жахабанын күчү жөнүндө ой жүгүрткүлө. Рухий иштер менен алек боло бергиле. Эгер ошентсеңер, «ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардын» арасында болосуңар (Евр. 6:11, 12; Рим. 5:5)

139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол

a Бүгүн көптөр Ыйык Китептеги жаңы заман болот деген убадага ишенбейт. Алар муну куру кыял, жомок же болбогон нерсе деп ойлошот. Бирок биз Жахабанын убадаларынын баары аткарыларынан шектенбейбиз. Ошентсе да ишенимибизди бекемдеп турушубуз керек. Кантип? Бул макалада ушул жөнүндө сөз болот.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

c Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышы жөнүндөгү макалаларды «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдын» «Ыйык Китеп» деген бөлүгүнөн тапсаңар болот. Мисалы, «Күзөт мунарасынын» 2008-жылы 1-январда чыккан санындагы «Жахабанын айткандары аткарылган» деген макаланы карагыла.