Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жыйналышта бири-бирибизди бекемдейли!

Жыйналышта бири-бирибизди бекемдейли!

«Бири-бирибизге көңүл бөлөлү... бири-бирибизди... бекемдейли» (ЕВР. 10:24, 25).

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Жыйналыштан эмне үчүн жооп беребиз?

 БИЗ жыйналышка эмне үчүн катышабыз? Эң негизги себеби Жахабаны даңкташ үчүн (Заб. 26:12; 111:1). Ошондой эле азыркы оор күндөрдө бири-бирибизге жөлөк болуш үчүн катышабыз (1 Тес. 5:11). Жооп бергенибизде ушул экөөнү тең кылган болобуз.

2. Жолугушууларыбызда жооп бергенге кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

2 Бизде жума сайын жыйналыштан жооп бергенге мүмкүнчүлүк бар. Мисал үчүн, дем алыш күндөрүндөгү жолугушууда «Күзөт мунарасынан» жооп бере алабыз. Иш күндөрүндө өткөрүлгөн жолугушууда да жооп берсек болот. Алсак, рухий берметтерде, жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө жана башка бөлүктөрүндө талкууга катыша алабыз.

3. Жооп бергенде кандай кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн жана Еврейлер 10:24, 25те жазылгандар кантип жардам бере алат?

3 Баарыбыз Жахабаны даңктагыбыз жана ишенимдештерибизди кайраттандыргыбыз келет. Бирок жооп берейин деп жатканда кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн. Жооп бергенден тартынышыбыз, коркушубуз ыктымал. Же аябай жооп бергибиз келет, бирок бизди көп сурабашы мүмкүн. Мындайда эмне кылсак болот? Мунун жообун элчи Пабылдын еврейлерге жазган катынан таба алабыз. Ал жыйналышка эмне үчүн чогулуп турарыбыз жөнүндө кеп козгогон. Анан анын максаты «бири-бирибизди... бекемдөө» болушу керектигин айткан. (Окугула: Еврейлер 10:24, 25.) Андыктан жыйналыштан жөнөкөй эле сөздөр менен жооп берсек болот. Бул ишенимдештерибизге дем-шык берет. Ушуну эсибизде бек сактасак, коркпой эле кол көтөрөбүз. Жооп бергенибиз ишенимибизден да кабар берет. Биз өзүбүз каалагандай көп жооп бере албай калышыбыз мүмкүн. Ошентсе да кубансак болот. Анткени башкаларга катышканга мүмкүнчүлүк түзүлөт (1 Пет. 3:8).

4. Бул макалада кайсы үч нерсени талкуулайбыз?

4 Бул макалада төмөнкүлөргө токтолобуз. Биринчиси, кичинекей жыйналыштарда жооп бергендер аз болот. Андайда бири-бирибизди кантип бекемдей алабыз? Экинчиси, кол көтөргөндөр көп болгон чоң жыйналыштарда бири-бирибизди кантип бекемдесек болот? Башкаларды бекемдей алышыбыз үчүн жоопторубуз кандай болушу керек? Аягында, ушуну карайбыз.

КИЧИНЕКЕЙ ЖЫЙНАЛЫШТАРДА

5. Чакан жыйналышта же топто бири-бирибизди кантип бекемдей алабыз?

5 Чакан жыйналышта же топто жооп бергендердин саны аз болушу мүмкүн. Кээде талкууну алпарган ишенимдешибизге кимдир бирөө кол көтөргөнгө чейин күткөнгө туура келиши ыктымал. Андайда жыйналыш кызыксыз, эч ким деле бекемделбегендей сезилиши этимал. Ошондо эмне кылса болот? Кайра-кайра кол көтөргөнгө аракет кылгыла. Ошентсеңер, башкаларга да катышканга түрткү беришиңер мүмкүн.

6, 7. Жооп бергенде көп тынчсызданбаш үчүн эмне кылсаңар болот?

6 Жооп бериш керек дегенде эле калтырай баштасаңарчы? Көптөр ушинтет. Баарыбыз эле жыйналыштагылардын ишенимин курчуткубуз келет. Анда коркпой жооп бериш үчүн эмне кылсаңар болот? Мунун айрым жолдорун карап көрөлү.

7 «Күзөт мунарасынын» мурунку сандарына чыккан айрым кеңештер силерге пайдалуу болушу мүмкүн b. Мисалы, жакшы даярдангыла (Накыл 21:5). Материалды канчалык жакшы билсеңер, жооп берүү ошончолук оңоюраак болот. Ошондой эле кыска-нуска жооп бергиле (Накыл 15:23; 17:27). Ошондо көп тынчсызданбайсыңар. Кыскача, балким, бир-эки эле сүйлөм менен жооп береттирсиңер. Анткени бир нече ой камтылган узун жоопторго караганда, кыска жоопторду түшүнүш оңоюраак. Өз сөзүңөр менен кыска жооп бергениңер жакшы даярданганыңардан кабар берет. Материалды да жакшы түшүнгөнүңөрдү көрсөтөт.

8. Колубуздан келгендин баарын кылсак, эмнеден шектенбесек болот?

8 Жогорудагы кеңештерди колдонгон күндө да жыйналыштан бир же эки, же андан көп жооп бергенден коркуп жатсаңар, эмне кылсаңар болот? Жахаба колуңардан келгенди кылыш үчүн жан-дилден кылган аракетиңерди жогору баалайт (Лк. 21:1—4). Ал силер кыла албаган нерсени талап кылбайт (Флп. 4:5). Андыктан алыңар эмнеге жетерин аныктап алгыла. Анан ошону ишке ашырганга максат койгула. Тынчсызданбаш үчүн Жахабадан тиленгиле. Балким, башында айрымдарыңар кыскача бир жолу жооп берем деп максат коёттурсуңар.

ЧОҢ ЖЫЙНАЛЫШТАРДА

9. Чоң жыйналыштарда кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн?

9 Эгер жыйналышыңарда жарчылар көп болсо, анда жооп берүүдө башка кыйынчылыкка туш болушуңар мүмкүн. Жыйналышта көптөр кол көтөргөндүктөн, силерди көп сурабашы ыктымал. Даниелланы мисалга алалы. Ага жыйналыштан дайыма жооп берген жагат c. Ал муну сыйынуусунун бир бөлүгү, башкаларды бекемдөөнүн, Ыйык Китепте жазылгандарга болгон ишенимин чыңдоонун жолу катары көрөт. Даниелла чоңураак жыйналышка которулган. Ал жактан мурдагыдай көп жооп бере албай калган. Кээде атүгүл жыйналыштан аны бир да жолу сурашчу эмес. Ал мындай дейт: «Аябай жаман болгом. Өзүмдү бир жакшы нерседен кол жууп калгандай эле сезгем. Сени такыр эле сурабай коюшса, „эмне, атайын кылып жатышабы“ деген ой кетет экен».

10. Көбүрөөк жооп бериш үчүн эмне кылсак болот?

10 Силердин да өзүңөрдү Даниелладай сезген учурларыңар болду беле? Эгер болсо, унчукпай эле башкаларды угуп отурайынчы дегендирсиңер. Бирок багынбагыла. Жооп бергенге аракет кыла бергиле. Ан үчүн эмне кылсаңар болот? Балким, ар бир жолугушууга бир нече жооп даярдап алаттырсыңар. Ошондо талкуунун башында силерди сурашпаса да, жолугушуунун аягына чейин жооп бергенге мүмкүнчүлүгүңөр болот. «Күзөт мунарасына» даярданып жатканда: «Ар бир абзац макаланын темасы менен кандай байланышта?» — деп ойлонгула. Эгер ошентсеңер, изилдөө учурунда жакшы ойлор менен бөлүшө аласыңар. Андан тышкары, кээде терең чындыктар талкууланган абзацтар болот. Аларды түшүндүрүш кыйынга турат. Ошон үчүн аларга майын чыгара даярданып койсоңор болот (1 Кор. 2:10). Анын үстүнө, андай абзацтарга көптөр деле кол көтөрбөшү мүмкүн. Ушул кеңештердин баарын колдондуңар деп коёлу. Ошентсе да бир нече жыйналыш бою силерди сурабай коюшсачы? Анда алпарган бир тууганга барып, кайсы суроого жооп бергиңер келерин билдирип койгула.

11. Филипиликтер 2:4 эмнеге үндөйт?

11 Окугула: Филипиликтер 2:4. Ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл ишенимдештерин башкалардын кызыкчылыгын ойлогонго чакырган. Ошол кеңешти жолугушуу учурунда кантип колдонсок болот? Биздей болуп, башкалар да жооп бергиси келет. Ушуну эсибизден чыгарбаганыбыз жакшы.

Башкалар менен сүйлөшүп жатканда сөзгө конок бергендей эле, жыйналышта да башкаларга жооп бергенге мүмкүнчүлүк бергиле (12-абзацты карагыла)

12. Жыйналыштан башкаларды бекемдөөнүн жакшы жолу кайсы? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Минтип ойлонуп көрсөңөр болот: «Досторум менен отурганда сөзгө конок бербей, кечке эле сүйлөй берет белем?» Албетте жок. Анткени алардын да сөзгө аралашышын каалайсыңар. Ошол сыяктуу эле, жыйналыштан көптөргө жооп бергенге мүмкүнчүлүк бергибиз келет. Ооба, ишенимдештерибизди бекемдөөнүн эң мыкты жолдорунун бири — аларга жооп бергенге мүмкүнчүлүк берүү (1 Кор. 10:24). Анда муну кантип кылсак болоруна токтололу.

13. Башкалар да көбүрөөк жооп бере алышы үчүн, эмне кылсак болот?

13 Кыска-нуска жооп берсе болот. Ошондо башкаларга жооп бергенге көбүрөөк убакыт калат. Аксакалдар жана башка тажрыйбалуу жарчылар бул жагынан жакшы үлгү боло алат. Атүгүл кыска жооп берген күндө да, бир нече ойду бир айтып салгандан качкыла. Абзацтагы ойдун баарын айтып салсаңар, башкаларга эч нерсе калбай калат. Мисал үчүн, ушул абзацта эки ой бар. 1) Кыскача жооп бергиле. 2) Бир нече ойду айткандан качкыла. Эгер силерди биринчи сурап калышса, ушул эки ойдун бирин эле айтсаңар болот.

Кайсы учурларда кол көтөрбөй эле коюуну чечишибиз мүмкүн? (14-абзацты карагыла) f

14. Канча жолу жооп берерибизди чечкенге эмне жардам берет? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Канча жолу жооп берериңерди ойлонуп жатканда эстүү болгула. Эгер кайра-кайра эле кол көтөрө берсек, алпарып жаткан кишиге кысым көрсөтүп жаткандай болуп калышыбыз мүмкүн. Ошондойдо ал башкаларды сурай элек болсо да, бизди сурашым керек деп ойлоп алышы ыктымал. Мунун айынан башкалардын кол көтөргүсү келбей калышы этимал (Нас. 3:7).

15. а) Бизди сурабаса, эмне кылбашыбыз керек? б) Алпарып жаткан киши баарын эске аларын кантип көрсөтсө болот? (« Эгер сен алпарсаң...» деген кутучаны карагыла.)

15 Жолугушууда көптөр кол көтөрсө, өзүбүз каалагандай көп жооп бере албай калышыбыз мүмкүн. Кээде алпарган киши бизди такыр сурай албай кылышы ыктымал. Андайда көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Бирок бизди сурай албай калганы үчүн таарынганга шашпашыбыз керек (Нас. 7:9).

16. Жооп бергендерди кантип бекемдесеңер болот?

16 Эгер каалашыңарча жооп бере албай калсаңар, башкалардын жообун кунт коюп уккула. Анан жыйналыштан кийин аларды мактагыла. Жыйналыштан жооп бергенде башкаларды бекемдемексиңер. Аларды жооп бергени үчүн мактаганыңар да ошого эле тете (Накыл 10:21). Ооба, башкаларды мактоо — аларды бекемдөөнүн дагы бир жолу.

ДАГЫ КАНТИП БЕКЕМДЕСЕК БОЛОТ?

17. а) Ата-энелер балдарына жаш-курагына жараша жооп даярдаганга кантип жардам бере алышат? б) Мультфильмден көргөнүбүздөй, кайсы 4 кадамды кылсак болот? (Шилтемени да карагыла.)

17 Жыйналыштан бири-бирибизди дагы кантип бекемдей алабыз? Эгер балдарыңар бар болсо, аларга жаш-курагына жараша жооп даярдаганга жардам бергиле (Мт. 21:16). Айрым учурларда жыйналышта үй-бүлөдөгү көйгөйлөр же адеп-ахлак нормалары сыяктуу олуттуу темалар каралат. Бирок балдар жооп бере ала турган бир-эки абзац болушу мүмкүн. Аларга эмне үчүн кол көтөргөндө дайыма эле сурай бербей турганын да түшүндүрүп койгула. Ошондо «эмнеге мени сурабай, тигини сурады» деп көңүлү чөкпөйт (1 Тим. 6:18) d.

18. Жооп берип жатканда канткенде өзүбүзгө көңүл бурдурбайбыз? (Накыл сөздөр 27:2)

18 Баарыбыз тең Жахабаны даңктагыдай жана ишенимдештерибизди бекемдегидей жоопторду даярдай алабыз (Накыл 25:11). Жооп берип жатканда башыбыздан өткөндөрдү айтып берсек болот. Бирок өзүбүз жөнүндө өтө эле көп айткандан качканыбыз жакшы. (Окугула: Накыл сөздөр 27:2; 2 Кор. 10:18.) Тескерисинче, көңүлдү Жахабага, анын Сөзүнө жана элине бурганга аракет кылганыбыз дурус (Аян 4:11). Ал эми абзацтын суроосу жеке оюбузду айткыдай болуп түзүлсө, ошондой кылганыбыз деле жакшы. Муну кийинки абзацтан карайбыз.

19. а) Жыйналыштан өзүбүздү эмес, өзгөнү ойлогонубуздун натыйжасы кандай болот? (Римдиктер 1:11, 12). б) Сага жыйналыштан жооп бергендин эмнеси жагат?

19 Жооп берип жатканда буга байланыштуу кандайдыр бир эрежелерге карманууга эмес, башкаларды бекемдөөгө умтулушубуз керек. Ан үчүн адаттагыдан көбүрөөк кол көтөрүшүбүз керек болушу мүмкүн. Же жооп бергенге мүмкүнчүлүк болгонуна топук кылып, башкалардын жооп бергенине да сүйүнгөнбүз жакшы. Жыйналыштан өзүбүздү эмес, өзгөнү ойлосок, «бири-бирибизди бекемдеп», кубанычка бөлөнөбүз. (Окугула: Римдиктер 1:11, 12.)

93-ЫР: Жыйналышыбызга батаңды бер

a Жыйналыштан жооп бергенде бири-бирибизди бекемдей алабыз. Анткен менен айрымдар жооп бергенден коркушат. Башкалар коркушпайт, бирок аларды көбүрөөк сурашын каалашат. Эки жагдайда тең жыйналыштагылардын баары бекемделиши үчүн эмне кылсак болот? Башкаларды канткенде эске ала алабыз? Ошондой эле ишенимдештерибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөш үчүн кантип жооп берсек болот? Бул макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

b Кошумча кеңештерди төмөнкү макалалардан карагыла: «Күзөт мунарасы», 2019-ж., янв., 8—13-б.; 2003-ж., 1-сент., 19—22-б., ор.

c Ысмы өзгөртүлдү.

d jw.org сайтынан «Жахаба Кудай менен дос бол. Жооп бергенге даярдан» деген мультфильмди көргүлө.

f СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Чоң жыйналышта кызмат кылган ишенимдешибиз өзү жооп бергенден кийин башкаларга да мүмкүнчүлүк берип жатат.