15-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Исанын кереметтеринен эмнелерди үйрөнсөк болот?
«Иса бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып,.. кыйналып жүргөндөрдүн баарын айыктырган» (ЭЛЧ. 10:38).
13-ЫР: Машаяк бизге үлгү
БУЛ МАКАЛАДА a
1. Иса биринчи кереметин кандай жагдайда жасаганын сүрөттөп бергиле.
БИЗДИН ЗАМАНДЫН 29-жылынын аяк чени. Иса кызматын жаңы эле баштаган кез. Иса жана анын апасы Мариям, ошондой эле айрым шакирттер Каанадагы үйлөнүү тоюна чакырылышат. Каана айылы Иса чоңойгон Назареттин түндүгүндө жайгашкан. Мариям баш кошуп жаткандардын досу болгондуктан конокторду тейлегенге жардам берип жатса керек. Бирок той кызуусуна келгенде күйөө менен колукту жана алардын үй-бүлөсү уятка кала тургандай бир кыйынчылык туулат — шарап түгөнүп калат b. Калыбы, конокко чакырылгандан да көп киши келген көрүнөт. Мариям ыкчамдык менен уулуна барып: «Шарабы түгөнүп калыптыр»,— деп айтат (Жкн. 2:1—3). Ошондо Иса эмне кылган? Ал керемет жолу менен сууну «жакшы шарапка» айландырган (Жкн. 2:9, 10).
2, 3. а) Иса кереметтүү күчүн кантип колдонгон? б) Исанын кереметтерин карап чыгуунун кандай пайдалары бар?
2 Иса кызмат кылып жүргөндө мындан башка да көптөгөн кереметтерди жасаган c. Ал кереметтүү күчүн он миңдеген адамдарга жардам бериш үчүн колдонгон. Анын эки эле кереметин мисалга алалы. Бир жолу ал 5 000 кишинин, кийинчерээк 4 000 кишинин курсагын тойгузган. Ошол жердеги аялдар менен балдарды кошкондо, кыязы, тамактангандардын саны 27 000ден ашса керек (Мт. 14:15—21; 15:32—38). Эки жолкусунда тең Иса элди тойгузуп эле койбостон, оорулууларды да айыктырган (Мт. 14:14; 15:30, 31). Анын ошондогу кереметтерин көргөн калың элдин канчалык таң калганын элестетсеңер!
3 Биз бүгүн Исанын кереметтеринен көп нерсени үйрөнө алабыз. Ушул макалада анын кереметтеринен эмнелерди билсек болоруна жана алар ишенимибизди кандайча бекемдээрине токтолобуз. Иса кереметтерди жасап жатканда анын момун жана боорукер экени айкын болгон. Биз бул жагынан аны кантип туурасак болорун да карайбыз.
ЖАХАБА ЖАНА ИСА ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕБИЗ?
4. Исанын кереметтеринен ким жөнүндө биле алабыз?
4 Исанын кереметтеринен ал тууралуу эле эмес, Атасы жөнүндө да көп нерсени биле алабыз. Себеби ага кереметтерди жасаганга күчтү Атасы Жахаба берген. Окуп-билгендерибиз Жахаба менен Исага болгон ишенимибизди бекемдээри шексиз. Элчилер 10:38де: «Кудай аны ыйык руху, күчү менен майлаган. Иса бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып, Ибилистин айынан кыйналып жүргөндөрдүн баарын айыктырган, анткени Кудай аны менен болгон»,— деп жазылган. Эске алчу нерсе, Иса эмне дебесин, эмне кылбасын, Атасынын ой жүгүртүүсүн жана сезимдерин так чагылдырган. Бул анын кереметтеринен да көрүнүп турган (Жкн. 14:9). Исанын кереметтеринен үч нерсени үйрөнсөк болот. Ошолорго токтололу.
5. Исага кереметтерди жасаганга эмне түрткү берген? (Матай 20:30—34)
5 Биринчиден, Иса менен Атасы бизди абдан жакшы көрөт. Иса жерде жүргөндө кереметтүү күчүн колдонуп, элди азаптан арылткан. Муну менен аларды жакшы көрөрүн көрсөткөн. Бир жолу эки сокур киши ага жардам сурап кайрылган. (Окугула: Матай 20:30—34.) Ошондо Исанын адегенде «боору ооруп», анан айыктырганы көңүлгө аларлык. Бул жердеги «боор ооруу» деп которулган грек тилиндеги этиш ичтен чыккан күчтүү сезимди туюнтат. Ушундай күчтүү сезим Исанын адамдарды жакшы көрөрүн айгинелеп турган. Так ушул нерсе ага ачкаларды тойгузганга жана пес оорулууларды айыктырганга түрткү берген (Мт. 15:32; Мр. 1:41). Ооба, «боорукердиктин» Кудайы Жахаба жана анын Уулу бизди абдан жакшы көрөт. Ошондой эле кыйналганыбызда, кошо кыйналышат. Мындан шектенбесек болот (Лк. 1:78; 1 Пет. 5:7). Ырас, алар адамзатты мүңкүрөткөн кайгы-касиреттердин баарын жоё турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
6. Кудай Исага канчалык зор күч берген?
6 Экинчиден, Кудай Исага бүтүндөй адамзаттын көйгөйлөрүн чечкенге күч берген. Иса кереметтерди жасаганда адамзаттын бардык кыйынчылыктарын чече аларын көрсөткөн. Биз аларды өз күчүбүз менен эч качан чече алмак эмеспиз. Алсак, ал көйгөйлөрдүн тамырын жулганга кудуреттүү. Тагыраак айтканда, күнөөнү жана анын кесепетин: ооруну, өлүмдү жоё алат (Мт. 9:1—6; Рим. 5:12, 18, 19). Анын кереметтери — «ар кандай оору-дарттарды» айыктыра аларынын, жада калса, өлгөндөрдү тирилте аларынын далили (Мт. 4:23; Жкн. 11:43, 44). Ошондой эле ал табият күчтөрүн башкара алат жана адамдарды жин-перилердин таасиринен арылта алат (Мр. 4:37—39; Лк. 8:2). Жахабанын Уулуна ушунчалык чоң күч бергени бизге дем-шык берет.
7, 8. а) Исанын кереметтеринен улам эмнеге толук ишенсек болот? б) Сен жаңы заманда өзгөчө кайсы кереметтин болушун чыдамсыздык менен күтүп жатасың?
7 Үчүнчүдөн, Падышалыктын бийлиги алдында Кудайдын убадаларынын баары сөзсүз аткарыларына толук ишенсек болот. Иса жерде жүргөндө жасаган кереметтери эмнеден кабар берип турат? Иса Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары жакында ошол кереметтерин бүтүндөй жер жүзү боюнча жасайт. Келгиле анда, анын ошондо эмнелерди кыларына токтололу. Ден соолугубуз жеткилең болот, анткени Иса жан сыздатып, кубатыбызды алган дарттын баарын жок кылат (Ыш. 33:24; 35:5, 6; Аян 21:3, 4). Ачарчылык деген унутулат. Бүлгүнгө учураткан табигый кырсыктын кесепетин да тартпайбыз (Ыш. 25:6; Мр. 4:41). Мүрзөлөрдө жаткан жакындарыбыз тирилгенде, аларды тосуп алабыз. Ошондо маңдайыбыз жарыла сүйүнөбүз (Жкн. 5:28, 29). Сен жаңы заманда өзгөчө кайсы кереметтин болушун чыдамсыздык менен күтүп жатасың?
8 Исанын кереметтеринен анын момундугу жана боорукердиги көрүнүп турган. Биз да бул сапаттарды өрчүтүшүбүз керек. Анда буга тиешелүү эки мисал карап көрөлү. Адегенде башында айтылган Каанадагы үйлөнүү тою жөнүндө сүйлөшөлү.
МОМУНДУК
9. Иса Каанадагы үйлөнүү тоюнда эмне үчүн керемет жасаган? (Жакан 2:6—10)
9 Окугула: Жакан 2:6—10. Үйлөнүү тоюнда шарап түгөнүп калганда Иса бир нерсе кылганга милдеттүү беле? Жок. Ал сууну шарапка керемет жолу менен айлантат деп бир да пайгамбарлык айтылган эмес. Силердин үйлөнүү тоюңарда ичимдик түгөнүп калса, кантет элеңер? Иса той өткөрүп жаткан үй-бүлөгө, айрыкча, күйөө менен колуктуга боор ооруса керек. Ошондой эле алардын уят болушун каалаган эмес. Ошондуктан, макаланын башында айтылгандай, ал керемет жасап, 390 литрдей сууну эң жакшы шарапка айланткан. Эмне үчүн Иса ушунча көп сууну шарапка айланткан? Ал, кейпи, калган шарап кийин да колдонулат же жаңы үйлөнгөндөр аны сатып тыйын-тыпыр кылып алат деп ойлогон. Ошондо жаш жубайлар ага абдан ыраазы болсо керек.
10. Жакан Инжилинин 2-бөлүмүндө жазылган окуянын кайсы жактары өзгөчө көңүлгө аларлык? (Сүрөттү да карагыла.)
10 Келгиле, Жакандын Инжилинин 2-бөлүмүндө жазылган бул окуянын көңүлгө аларлык жактарына токтололу. Көңүл бурсаңар, кумараларга сууну Иса өзү толтурган эмес. Ал өзүнө көңүл бурдурбаш үчүн муну кызматчыларга тапшырган (6, 7-аяттар). Анан сууну шарапка айланткандан кийин шарапты той башыга өзү алып барган эмес. Кайра эле кызматчыларды жиберген (8-аят). Иса шарап куюлган чөйчөктү өйдө кармап, конокторго: «Мен жаңы эле жасаган ушул шараптан ооз тийип көргүлөчү!» — деп мактанган эмес.
11. Исанын кереметинен эмнени билсек болот?
11 Исанын сууну шарапка айлантканынан эмнени билсек болот? Момун болгонубуз маанилүү. Иса ошол кереметин айтып мактанган эмес. Деги эле, ал «муну кылдым, тигини кылдым» деп эч качан көкүрөгүн каккан эмес. Анын ордуна, момун болуп, бардык даңкты дайыма Атасына ыйгарган (Жкн. 5:19, 30; 8:28). Биз да, Исадай болуп, момун болсок, кылган иштерибизди айтып мактанбайбыз. Жахабанын ишинде эмнелерди кылбайлы, эч качан мактанбайлы. Тескерисинче, ага кызмат кылуу сыймыгын ыйгарган кереметтүү Кудайыбыз менен мактаналы (Жер. 9:23, 24). Даңкталууга ал гана татыктуу! Чын эле, Жахаба болбосо, биздин колубуздан эмне келмек эле?! (1 Кор. 1:26—31).
12. Момун болуу жагынан Исаны дагы кантип туурасак болот? Мисал келтиргиле.
12 Момун болуу жагынан Исаны дагы кантип туурасак болорун кеп кылалы. Мындай жагдайды элестетсеңер. Бир аксакал жаш кызмат жардамчысына көмөк кылганга көп убактысын жумшайт. Ал кызмат жардамчысы жалпыга арналган эң биринчи баяндамасын айтканы жаткан. Аксакал жакшы жардам бергендиктен, кызмат жардамчысы сонун баяндама айтып, жыйналышты бекемдейт. Жыйналыштан кийин кээ бирлер жанагы аксакалга барып: «Тиги бир тууган аябай жакшы баяндама айтты, ээ!» — деп айтышат. Ошондо аксакал: «Ой менин убактымдын баары эле ошого жардам бергенге кетти»,— деп айтышы керекпи? Же момундук менен: «Ооба, туура айтасыңар. Угуп жатканда тим эле сыймыктанып отурдум»,— дейби? Ооба, момун болсок, башкаларга кылган жакшылыгыбызды айтып өзүбүздүн атыбызды чыгарбайбыз. Биздин кылып жаткандарыбызды Жахаба көрүп, баалап жатканынын өзү эле жетиштүү. (Салыштыр: Матай 6:2—4; Евр. 13:16.) Исадан үлгү алып, момун болсок, Жахабаны кубантабыз (1 Пет. 5:6).
БООРУКЕРДИК
13. Иса Наин шаарынын жанынан кимдерди көргөн жана эмне кылган? (Лука 7:11—15)
13 Окугула: Лука 7:11—15. Эми дагы бир жагдайды элестетели. Исанын кызматы ортолоп калган кез. Ал Галилеядагы Шунем шаарынан анча алыс эмес, Наин шаарына жол тартып бараткан. Элиша пайгамбар 900 жылдай мурун Шунем шаарында бир аялдын уулун тирилткен болчу (2 Пад. 4:32—37). Иса шаардын дарбазасына жакындап калганда сөөк көтөрүп чыгып бараткан элди көрөт. Көргөндөрдүн баары көзүнө жаш алчудай. Анткени жесир аялдын жалгыз медери каза болуп калыптыр. Бирок байкуш эне жалгыз эмес. Аны шаардагы калың эл коштоп баратат. Ошондо Иса элди токтотуп, кан жутуп турган энени таң калтырган бир нерсе кылган: уулун тирилтип берген! Инжилде Исанын үч кишини тирилткени баяндалат. Бул ошолордун биринчиси болчу.
14. Лука китебинин 7-бөлүмүндө баяндалган окуяда көңүлгө аларлык кандай кызыктуу ойлор камтылган? (Сүрөттү да карагыла.)
14 Эми Лука китебинин 7-бөлүмүндө жазылган ушул окуяны талдайлы. Ал жерден көңүлгө аларлык кызыктуу нерселерди байкасак болот. Көңүл бурсаңар, Иса адегенде кайгырып турган аялды «көргөн», анан ага «боору ооруган» (13-аят). Балким, ал табыттын алдында ботодой боздоп бараткан аялды байкагандыр. Анан жүрөгү тилинип, ага боору ачыган. Бирок ал аялга жөн эле боор ооруп койбой, муну иш жүзүндө көрсөткөн. Ал ага кайрылып, жумшак үн менен: «Ыйлаба»,— деп айтканы шексиз. Анан демилгени колго алып, бир нерсе кылган. Баланы тирилтип, «энесине тапшырган» (14, 15-аяттар).
15. Исанын кереметинен эмнелерди биле алабыз?
15 Исанын жесир аялдын уулун тирилткенинен эмнелерди биле алабыз? Кайгынын чеңгелинде калгандарга боорукердик менен мамиле кылганыбыз маанилүү. Албетте, Исадай болуп, өлгөндөрдү тирилте албайбыз. Ошентсе да Исадай баамчыл болуп, күйүт тартып жаткандарга боорукердик көрсөтө алабыз. Муну кантип кылсак болот? Демилгени колго алып, жылуу сөздөрдү айтсак же кол кабыш кылсак болот. Ушундайча аларга жөлөк болуп, соорото алабыз d (Накыл 17:17; 2 Кор. 1:3, 4; 1 Пет. 3:8). Атүгүл жөнөкөй эле сөздөрүбүз жана кичинекей жакшылыгыбыз аларга тоодой кайрат бериши мүмкүн.
16. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, кызынан айрылып калган эненин окуясынан эмнени билдиңер?
16 Бир окуяны карап көрөлү. Бир нече жыл мурун бир эже жыйналыштан ыр ырдалып жатканда жакын жердеги бир катарда ыйлап жаткан энени байкап калган. Ал ыр өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө болчу. Байкуш эне жакында эле кичинекей кызынан айрылып калган эле. Муну билгендиктен тиги эже дароо анын жанына барып, кучактап, ырды аягына чейин аны менен чогуу ырдаган. Кызынан айрылган эне кийинчерээк: «Ишенимдештеримдин мени канчалык жакшы көрөрүн ошондо кадимкидей сезгем»,— деген. Ал ошол күнү жыйналышка барганына аябай кубанган. «Бизге жөлөк-таяк болчулар жыйналышта, Падышалык залында»,— деп да кошумчалаган. Бир нерседен шектенбесек болот. Жахаба күйүт тартып кыйналгандарга боорукердик көрсөтүш үчүн кенедей эле бир нерсе кылсак дагы, ошону сөзсүз байкайт жана жогору баалайт (Заб. 34:18).
ТЕРЕҢИРЭЭК ИЗИЛДЕП КӨРБӨЙСҮҢӨРБҮ
17. Бул макаладан эмнелерди билдик?
17 Исанын Ыйык Китепте жазылган кереметтерин изилдесек, ишенимибиз кадимкидей бекемделет. Анын кереметтерин изилдегендин аркасында Жахаба менен Исанын бизди абдан жакшы көрөрүнө ынанабыз. Исанын адамзаттын бардык көйгөйлөрүн чече аларын билебиз. Ошондой эле Кудай Падышалыгы аркылуу көп баталарды төгө турган убакытка абдан аз калды. Мына ушуга болгон ишенимибиз да бекемделет. Кереметтер жөнүндө изилдеп жатканда: «Исанын сонун сапаттарын кантип туурай алабыз?» — деп ой жүгүртсөк болот. Өздүк изилдөөңөрдө же үй-бүлө менен сыйынууда Исанын башка кереметтерин да изилдеп көрөттүрсүңөр. Муну атайын күн тартибиңерге киргизип алганга эмне үчүн болбосун? Окугандарыңардан эмнелерди үйрөнсөңөр болору жөнүндө ойлонуп, аларды башкаларга да айтып бергиле. Ошондо өзүңөрдүн да, башкалардын да ишеними бекемделет (Рим. 1:11, 12).
18. Эмки макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?
18 Кызматы соңуна чыгып калганда Иса дагы бир кишини тирилткен. Ал Ыйык Китепте баяндалган Иса тирилткен үч кишинин үчүнчүсү болчу. Ошол тирилүү беркилерден өзгөчө болгон. Анткени анын өлгөнүнө төрт күн болуп калган. Ал Исанын жакын досу болчу. Исанын ошол кереметинен эмнени билсек болот? Ошондой эле өлгөндөр тирилет деген үмүтүбүздү кантип бекемдей алабыз? Эмки макалада ушул суроолорго жооп алабыз.
20-ЫР: Жалгыз Уулуңду бердиң
a Ал алай-дүлөй түшкөн деңиздеги шамалды тыйган, оорулууларды айыктырган жана өлгөндөрдү тирилткен. Ооба, Иса жасаган кереметтер жөнүндө окуганда жүрөгүбүз толкубай койбойт. Ыйык Китепке ал окуялар жөн эле көңүлүбүздү ачыш үчүн эмес, бизди бир нерсеге үйрөтүш үчүн жазылган. Бул макалада Исанын айрым кереметтерине токтолобуз. Аларды талкуулап жатканда Жахаба менен Исага болгон ишенимибиз бекемделет жана кайсы сапаттарды өрчүтүшүбүз керектигин билебиз.
b Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу мындай деген: «Чыгыш эли меймандостукту ыйык милдет деп эсептеген. Алар коноктордун алдына түркүн-дүйүм тамактарды коюшчу. Меймандос кожоюн, айрыкча, үйлөнүү тоюнда тамак-ашты да, ичимдикти да жайнатып койчу».
c Инжилде Иса жасаган 30дан ашык керемет жазылган. Бирок Иса андан да көп кереметтерди кылган. Болгону, Ыйык Китепте алардын ар бири өз-өзүнчө сүрөттөлгөн эмес. Бир жолу ага «шаардагылардын баары» барган. Анан ал алардын арасынан «далай кишилерди айыктырган» (Мр. 1:32—34).
d Күйүт тарткандарды сооротуш үчүн эмне айтып, эмне кылсаңар болорун билгиңер келсе, «Күйүт тарткандарды жубатуу» деген макаланы карагыла: «Күзөт мунарасы», №3 2016.
e СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Күйөө менен колукту жана коноктор жакшы шарапты тамшанып ичип жатышат. Иса болсо алардын артында турат.