Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылганда, Жахаба жардам берет

Күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылганда, Жахаба жардам берет

«Адил адамдын кыйынчылыгы көп, бирок Жахаба анын баарынан арылтат» (ЗАБ. 34:19).

44-ЫР: Кыйналган адамдын тиленүүсү

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Эмнеден шектенбейбиз?

 БИЗ Жахабанын элибиз. Ошондуктан анын бизди жакшы көрөрүн жана жашоонун рахатын көрүп жашашыбызды каалаарын билебиз (Рим. 8:35—39). Ошондой эле Ыйык Китептеги принциптерге кармансак, алардын пайдасын көрөрүбүздөн да шектенбейбиз (Ыш. 48:17, 18). Бирок капысынан кыйынчылыкка кабылып калсакчы? Эмне кылсак болот?

2. Кандай кыйынчылыктарга туш болушубуз жана ушундан улам кандай ойлор келиши мүмкүн?

2 Жахабанын кыйынчылыкка туш болбогон бир да кызматчысы жок. Мисалы, үйдөгүлөрдөн кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутуп коюшу мүмкүн. Же катуу ооруга чалдыгып калып, Жахабага өзүбүз каалагандай кызмат кыла албай калышыбыз ыктымал. Же болбосо табигый кырсыктын кесепетин тартып жатышыбыз, Кудайга ишенгенибиз үчүн куугунтукталып жатышыбыз этимал. Ушулардан улам мындай ойлор келиши мүмкүн: «Эмнеге бул менин башыма түштү? Эмнемен жаздым? Бул Жахаба батасын бербей калганын билдиреби?» Эгер силерди да ушундай ойлор каптаган болсо, анда көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Анткени Жахабанын көптөгөн берилген кызматчылары да өздөрүн ушундай сезген учурлары болгон (Заб. 22:1, 2; Хаб. 1:2, 3).

3. Забур 34:19дан эмнени билсек болот?

3 Окугула: Забур 34:19. Бул забурда эки маанилүү ой камтылган: 1) Адил адамдын кыйынчылыгы көп. 2) Жахаба анын баарынан арылтат. Кантип? Мунун бир жолу — турмуш түйшүктөрүнө туура көз карашта болуу. Ал ушинткенге жардам берет. Жахаба мага кызмат кылгандан рахат аласыңар деп убада берген. Бирок санаага батпай, телегейи тегиз жашайсыңар деп кепилдик берген эмес (Ыш. 66:14). Ал түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Ошол заманга аз калды. Жахаба бизди ошого көңүл топтогонго үндөйт (2 Кор. 4:16—18). Ал убак келгенге чейин талбай кызмат кыла бергенге азыртадан эле күч берет (Ый 3:22—24).

4. Бул макалада эмне жөнүндө сөз кылабыз?

4 Жахабанын байыркы учурдагы жана бүгүнкү күндөгү кызматчыларынан эмнени үйрөнө алабыз? Азыр ушул жөнүндө сөз кылабыз. Бул макаланын жүрүшүнөн биле турганыбыздай, күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Бирок Жахабага таянсак, ал түк да калтырбайт (Заб. 55:22). Анын кызматчыларынын үлгүсүн карап жатканда: «Ушундай жагдайга кабылсам, мен эмне кылмак элем? Алардын үлгүсү Жахабага ого бетер таянганга кандайча жардам берет? Бул окуяда мен жашоомдо колдонорлук кандай ойлор камтылган?» — деп ойлонуп көргүлө.

БАЙЫРКЫ УБАК

Жахаба амалкөй таякеси Лабанга 20 жыл иштеген Жакыпка батасын берген (5-абзацты карагыла)

5. Лабандын айынан Жакып кандай кыйынчылыктарга кабылган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

5 Байыркы убакта Жахабанын кызматчылары капилеттен кыйынчылыктарга кабылышчу. Буга Жакыпты мисал кылсак болот. Ага атасы Кудайга сыйынган таякеси Лабандын кыздарынан алышы керектигин айткан. Ошондо Жахаба Жакыпка батасын мол бермек (Башт. 28:1—4). Жакып ошентип туура иш кылган. Ал Канаандан чыгып, таякеси Лабандыкын көздөй бет алган. Анын Лия, Рахил деген эки кызы бар болчу. Жакып Лабандын кичүү кызы Рахилди сүйүп калган. Аны алыш үчүн атасына 7 жыл иштеп берем деген (Башт. 29:18). Бирок баары Жакып күткөндөй болбой калган. Лабан аны алдап, улуу кызы Лияны берип койгон. Ал эми кичүү кызы Рахилди бир жумадан кийин берген. Бирок ал үчүн дагы 7 жыл иштеши керектигин айткан (Башт. 29:25—27). Лабан Жакыпка ишкердик маселелерде да адилетсиздик кылган. Бул баш-аягы 20 жылга созулган (Башт. 31:41, 42).

6. Жакыптын башына дагы кандай кыйынчылыктар түшкөн?

6 Жакыптын кыйынчылыктары ушуну менен эле бүтүп калган эмес. Анын үй-бүлөсү чоң болгон. Бирок балдарынын ортосунда ынтымак жок болчу. Алар атүгүл уялашы Жусупту кулчулукка сатып жиберишкен. Шымон менен Леби деген эки уулу болсо үйүндөгүлөрүнүн эл караган бетин жер караткан жана Жахабанын ысымына сөз тийгизишкен. Үстөккө-босток кайгы басып, сүйүктүү аялы Рахил экинчи уулун төрөп жатканда көз жумган. Кийинчерээк катуу ачарчылык болгон. Ошондо жашы өр тартып калган Жакып үй-бүлөсү менен Мисирге көчкөнгө аргасыз болгон (Башт. 34:30; 35:16—19; 37:28; 45:9—11, 28).

7. Жахаба Жакыпты жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?

7 Ушулардын баарына карабай, Жакып Жахабага жана анын убадаларына бекем ишене берген. Жахаба болсо Жакыпты жакшы көрөрүн көрсөткөн. Мисалы, Лабандын амалкөйлүгүнө карабай, Жакыпка батасын берип, байыта берген. Ошондой эле Жакып уулу Жусупту көптөгөн жылдар мурун эле каза болуп калды деп ойлоп келген. Бирок аны көргөндө Жахабага канчалык ыраазы болгонун элестетсеңер! Жакып Жахабанын ынак досу болгон. Мунун аркасында бир да сыноого сынган эмес (Башт. 30:43; 32:9, 10; 46:28—30). Биз да Жахаба менен ынак достордон болсок, күтүлбөгөн сыноолорду ийгиликтүү көтөрүп кете алабыз.

8. Дөөтү падыша эмне кылгысы келген?

8 Дөөтү падыша Жахаба үчүн көп нерселерди кылгысы келген. Бирок баарын эле кыла алган эмес. Мисал үчүн, анын Кудайга арнап ибадаткана курганга каалоосу күч болгон. Ал муну Натан пайгамбарга билдирген. Ал болсо Дөөтүгө: «Жүрөгүң эмнени каалап жатса, ошону кыл, анткени чыныгы Кудай сени менен»,— деген (1 Жылн. 17:1, 2). Ошондо Дөөтүнүн канчалык кудуңдап сүйүнгөнүн элестетсеңер! Ал дароо эле ошол чоң долбоорду пландаштыра баштаса керек.

9. Дөөтү шаабайын суута турган кабарды укканда эмне кылган?

9 Бирок бир аздан кийин эле Жахабанын пайгамбары Дөөтүнүн шаабайын суута турган кабар менен келген. «Ошол түнү» Жахаба Натан пайгамбарга кайрылган. Ал ибадаткананы Дөөтү эмес, анын уулдарынын бири курарын айткан (1 Жылн. 17:3, 4, 11, 12). Муну укканда Дөөтү эмне кылган? Максатын өзгөрткөн. Ал ошол долбоорго керектүү нерселерди жана акча-каражатты топтой баштаган. Анткени аларды уулу Сулайман курулушта керектемек (1 Жылн. 29:1—5).

10. Жахаба Дөөтүгө кандай бата берген?

10 Дөөтүгө ибадаткананы сен курбайсың деп айттыргандан кийин эле Жахаба аны менен келишим түзгөн. Жахаба ага сенин урпактарыңдын бири түбөлүккө башкарат деп убада берген (2 Шем. 7:16). Бейиште Дөөтү 1000 жыл бою башкара турган Падышанын, Исанын, анын тукумунан чыкканын билет. Ошондо анын канчалык кубанарын көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Мындан бир нерсени билсек болот. Кээде Кудай үчүн кылам деп ниет кылган нерселердин баарын эле кыла албай калышыбыз мүмкүн. Бирок ошондой учурда Жахабадан өзүбүз күтпөгөн баталарды алышыбыз ыктымал.

11. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары күткөн нерсеси орундалбай калса да, кандай бата алышкан? (Элчилер 6:7)

11 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары күтпөгөн кыйынчылыктарга кабылышкан. Мисалы, алар Кудайдын Падышалыгынын келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн. Бирок анын качан келерин билишкен эмес (Элч. 1:6, 7). Ошондо алар эмне кылышкан? Жакшы кабар айта беришкен. Жакшы кабар канчалык тараган сайын, Жахабанын алардын эмгегине ошончолук батасына берип жатканын айкын көрүшкөн. (Окугула: Элчилер 6:7.)

12. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ачарчылык учурунда эмне кылышкан?

12 1-кылымда «бардык жерде катуу ачарчылык болгон» (Элч. 11:28). Ал Исанын жолдоочуларынан кыя өткөн эмес. Ошондо алардын канчалык кыйналганын элестетсеңер. Ата-энелердин балдарынын курсагын ойлоп тынчсызданганы айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми көбүрөөк кызмат кылайын деп ойлонуп жүргөн жаштарчы? Алар эмне кылган? Ачарчылык бүткөнчө күтө турайын деп ойлошконбу? Шарты кандай болбосун, баары ылайыкташып кетишкен. Алар мүмкүн болгон жагдайлардын баарында кабар айта беришкен. Ошондой эле Жүйүт жериндеги ишенимдештерине жардам бериш үчүн колунда болгон нерселери менен чын жүрөктөн бөлүшүшкөн (Элч. 11:29, 30).

13. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ачарчылык учурунда кандай баталарды алышкан?

13 1-кылымдагылар ачарчылык учурунда кандай баталарды алышкан? Жардам алгандар Жахабанын камкордугун сезишкен (Мт. 6:31—33). Ошондой эле боорукер ишенимдештерине мурункудан да ынак болуп калышса керек. Ал эми тартуу кылгандар жана башка жолдор менен кол кабыш кылгандар жөнүндө эмне айтууга болот? (Элч. 20:35). Алар берешендик көрсөткөнү үчүн кубанышкан. Жагдайга ылайыкташып кеткени үчүн Жахаба алардын баарына батасын берген.

14. Барнаба менен Пабыл кандай жагдайга туш болушкан жана натыйжасы кандай болгон? (Элчилер 14:21, 22)

14 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары көп куугунтукталышчу. Бул көбүнчө күтүлбөгөн жерден боло турган. Барнаба менен элчи Пабыл Листрада кабар айтып жүргөндө эмне болгонун карайлы. Башында эл аларды жакшы кабыл алган. Бирок кийинчерээк каршылаштар «элди тукуруп койгон». Ошондо элдин ичинен эле айрымдар Пабылды таш бараңга алып, өлдү деп таштап кетишкен (Элч. 14:19). Бирок Барнаба менен Пабыл башка жакта кабар айтканын уланта беришкен. Натыйжада алар «бир топ шакирт» даярдашкан. Ошондой эле алар сөздөрү, үлгүсү менен ишенимдештерин бекемдешкен. (Окугула: Элчилер 14:21, 22.) Ооба, Барнаба менен Пабыл күтпөгөн жерден куугунтукка кабылышса да, багынышкан эмес. Мунун пайдасын көптөр көргөн. Жахаба тапшырган ишти багынбай аткара берсек, биз да бата алабыз.

БИЗДИН КҮНДӨР

15. Макмиллан бир тууганыбыздан эмнени үйрөндүңөр?

15 1914-жылга чейин Жахабанын эли бир нерселерди көксөп күтүп келген. Буга Макмиллан бир тууганды мисал кылса болот. Ошол кездеги көптөгөн ишенимдештериндей эле, ал асмандагы сыйлыгын мына-мына алам деп күтүп жүргөн. 1914-жылы сентябрда эл алдында сүйлөп жатып: «Бул менин акыркы баяндамам болуш керек»,— деген. Бирок ал акыркы баяндамасы болгон эмес. Кийинчерээк мындай деп жазган: «Айрымдарыбыз дароо эле асманга кетебиз деп эсептечүбүз. Ошон үчүн оюбуздун баары эле ушу болуп калса керек». Анан: «Негизи, Мырзабыздын иши менен алек болушубуз керек болчу»,— деп кошумчалаган. Өзү так ошондой кылып, кызматка бар күчүн салган. Мисалы, ал бейтараптуу болгону үчүн түрмөдө отурган ишенимдештерин бекемдечү. Анткени ага ушундай сыймыктуу жоопкерчилик артылган. Ал чачын бубак басып, өмүрүнүн акыркы жылдарында жашап жатса да, жыйналыштарды калтырган эмес. Макмиллан бир тууган сыйлыгын күтүп жатып Жахабага жан-дилден кызмат кыла берген. Мунун натыйжасы кандай болгон? 1966-жылы өлөрүнө аз калганда ал: «Азыр ишенимим болуп көрбөгөндөй бекем»,— деп жазган. Кандай сонун маанай чагылдырган! Андан баарыбыз үлгү алсак болот. Айрыкча, сыноолор биз күткөндөн да көпкө узап кеткенде (Евр. 13:7).

16. Херберт менен жубайы ойдо жок жерден кандай кыйынчылыкка кабылышкан? (Жакып 4:14)

16 Жахабанын көптөгөн кызматчылары ойлобогон жерден ооруга да чалдыгып калышат. Мисалга Херберт Дженнингс b бир тууганды алсак болот. Ал аялы экөө Ганада миссионер болуп кызмат кылып, кубанычтуу күндөрдү өткөрүп жүрүшкөн. Бирок Херберт убакыттын өтүшү менен психикалык бузулуунун оор түрүнө чалдыккан. Ал Жакып 4:14төгү «эртең» деген сөз анын оорусун таамай сүрөттөп турганын айткан. Анткени алар ошондой болуп кетерин билишкен эмес. (Аятты окугула.) Ал: «баарын таразалап көрүп, [дарыланганы] Канадага барышыбыз керектигин түшүндүк. Ганадагы досторубуз менен коштошуп, кетишибиз керек болду»,— деп жазган. Жахаба Херберт менен анын аялына ошондой кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү бойдон кызмат кыла бергенге жардам берген.

17. Херберт бир туугандын өмүр баяны ишенимдештерине кандай таасир эткен?

17 Херберт бир тууган өмүр баянында болгонун болгондой айтып берген. Бул көптөргө аябай жакшы таасир эткен. Бир эже мындай деп жазган: «Бул макаланы окуганда жүрөгүм ушунчалык козголду. Мурун мындай болуп көргөн эмес... Херберт дарыланыш үчүн кызматын токтотуптур. Мындан жагдайыма тең салмактуу караганга үйрөндүм». Дагы бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Он жыл аксакал болуп кызмат кылгандан кийин токтотушум керек болуп калды. Анткени акыл-эс оорусуна чалдыгып калдым. Эми эч нерсеге жарабай калдым деп ойлогондуктан бирөөлөрдүн өмүр баяндарын окуганда аябай көңүлүм чөкчү... Херберт байкенин туруктуулук менен алдыга кете бергени мени кадимкидей жандандырды». Мындан бир нерсени билсек болот. Күтүүсүздөн кабылган кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрсөк, башкаларга дем-шык беребиз. Жашообуз биз ойлогондой болбой калышы мүмкүн. Ошентсе да ишенимибизди бек сактап, туруктуу болсок, башкаларга үлгү көрсөтө алабыз (1 Пет. 5:9).

Жахабага таянсак, жашоодогу күтүлбөгөн кыйынчылыктар бизди ага жакындатат (18-абзацты карагыла)

18. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Нигериялык жесир аялдын окуясынан эмнени үйрөндүңөр?

18 COVID-19 пандемиясы же башка ушу сыяктуу табигый кырсыктар Жахабанын кызматчыларынын көбүнө залакасын тийгизип келет. Мисалы, Нигерияда жашаган бир жесир аялдын бир аз эле тамак-ашы калган. Бир күнү эртең менен кызы: «Чыныдагы акыркы күрүчтү бышырып жегенден кийин эмне жейбиз?» — деп сураган. Ал кызына: «Ооба, акчабыз да, тамак-ашыбыз да түгөндү. Бирок Сарепаттык жесир аялдан үлгү алышыбыз керек. Азыр болгонун бышырып жейбиз да, калганын Жахабага тапшырабыз»,— деген (1 Пад. 17:8—16). Анан алар түштө эмне жейбиз деп ойлонгонго чейин эле ишенимдештери келип калган. Алар үч жумага жетип-жетпегидей азык-түлүк көтөрүп келишкен. «Мен кызыма ушул сөздөрдү айтып жатканда, Жахаба бизди кунт коюп угуптур. Мен буга маани деле бербептирмин»,— дейт ал. Ооба, биз дагы Жахабага таянсак, күтүлбөгөн кыйынчылыктар башка түшкөндө ага ого бетер жакын болуп калабыз (1 Пет. 5:6, 7).

19. Алексей Ершов кандай куугунтукка кабылган?

19 Акыркы жылдары көптөгөн ишенимдештерибиз күтпөгөн жерден куугунтукка алынып жатышат. Орусияда жашаган Алексей Ершовду мисалга алалы. Алексей 1994-жылы чөмүлгөн. Ошол кезде ал жактагы ишенимдештерибиз Жахабага ээн-эркин сыйынышчу. Бирок жылдардын өтүшү менен Орусияда жагдай өзгөргөн. 2020-жылы өкмөттүн кишилери Алексейдин үйүнө кирип барышкан жана тинтишкен. Анын көп буюм-тайымдарын тартып алышкан. Бир нече айдан кийин болсо ага каршы кылмыш иши козголгон. Баарынан жаманы, ага жалаа жабыш үчүн бир жылдан ашык убакыт бою Ыйык Китепти изилдегенге кызыгымыш болгон бир кишинин тартып жүргөн видеолорун колдонушкан. Ал киши кандай гана чыккынчылык кылган.

20. Алексей бир тууганыбыз Жахаба менен болгон мамилесин кантип бекемдеген?

20 Алексей бир тууганыбыздын куугунтукталганынын натыйжасы кандай болгон? Жахаба менен болгон мамилеси мурункудан да бекем болуп калган. Ал: «Жубайым экөөбүз мурункудан да көбүрөөк тиленип жатабыз. Жахаба жардам бербесе, мунун бирин да көтөрө алмак эмесмин»,— деген. Андан ары мындай деп кошумчалаган: «Мага өздүк изилдөөм жардам берди. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынын үлгүсү жөнүндө да ой жүгүртөм. Ыйык Китепте дүрбөлөңгө түшпөй, Жахабага таянуу канчалык маанилүү экени баса белгиленген көптөгөн окуялар бар».

21. Бул макаладан эмнелерди билдик?

21 Бул макаладан эмнелерди билдик? Айрым учурларда күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Ошондой болсо да, Жахаба ага таянган кызматчыларына дайыма жардам берет. Ушул макаланын негизги аятында айтылгандай, «адил адамдын кыйынчылыгы көп, бирок Жахаба анын баарынан арылтат» (Заб. 34:19). Келгиле, мындан ары да башыбызга түшкөн кыйынчылыктарга эмес, Жахабанын күчүнө көңүл топтойлу. Ошондо элчи Пабылдай болуп: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айта алабыз (Флп. 4:13).

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

a Жашоодо күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Ошондой учурларда Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын таштабай турганына бекем ишенсек болот. Жахаба байыркы убактагы кызматчыларына кантип жардам берген? Бүгүнкү күндөчү? Бул макалада Жахабанын байыркы жана азыркы учурдагы кызматчыларына кантип көмөк көрсөткөнүн карап чыгабыз. Бул Жахабага таянсак, анын бизге да колдоо көрсөтөрүнөн шектенбегенге жардам берет.