Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнени изилдесе болот?

Эмнени изилдесе болот?

«Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралындагы» аяттардын түшүндүрүлүшү. Пайдасын көрүп жатасыңарбы?

Бул Кудайдын Сөзүн терең изилдегенге жардам берет. Ал жакта кайсы бир аятка байланыштуу тарыхий маалымат камтылышы, аяттын эмне үчүн жазылганы, кимге тиешелүү экени же белгилүү бир сөздүн, сөз айкашынын түшүндүрүлүшү болушу мүмкүн.

Аятка берилген булактарды «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдан» табууга болот. Бул курал «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасынан» да, JW Library® тиркемесинен да түз эле ачылат. Булактар Ыйык Китептин кайсы котормосу бар болсо, ошонун изилдөө талаачасынан ачылат.

Булактардагы маалыматты карап жатканда анын датасына көңүл бургула. Жаңыраактары өйдө жагына чыгат. Ылдыйраак жагында берилген мурунку макалалардагы маалымат эски болушу мүмкүн (бирок кийинчерээк тактоо киргизилген).

  • Аттарга берилген «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдагы» булактар «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасында» да бар.

  • Аяттарга берилген булактарды JW Library тиркемесинен ачып окуш үчүн «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдын» акыркы чыкканын жүктөп алып тургула. Ан үчүн Ыйык Китептин каалаган бөлүмүн ачып, изилдөө талаачасынын жогору жагындагы баскычты баскыла.