Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайга үмүт артам»

«Кудайга үмүт артам»

«Акыркы Адам өмүр берүүчү рух болуп калды» (1 КОР. 15:45).

ЫРЛАР: 151, 147

1—3. а) Негизги окууларыбыздын катарына кайсы окууну да кошушубуз керек? б) Тирилүү жөнүндөгү окуу эмне үчүн маанилүү? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

КИМДИР БИРӨӨ: «Сен ишенген негизги окуулар кайсы?» — деп сураса, эмне деп жооп берет элең? Жахабанын Жаратканыбыз жана Өмүр Берүүчүбүз экенине ишенериңди айтмактыгың шексиз. Балким, өмүрүн биз үчүн кун катары берген Иса Машаякка ишенериңди да сөз кылмактырсың. Ошондой эле келечекте жер бети бейишке айланып, Кудайдын эли түбөлүк жашаары жөнүндө айтып бермектирсиң. Бирок абдан жогору баалаган ошол окуулардын катарына тирилүүгө болгон үмүтүңдү да кошот белең?

2 Улуу алааматтан аман өтүп, жерде түбөлүк өмүр сүрөрүбүзгө ишенсек да, тирилүүгө болгон үмүтүбүздү негизги окуулардын катарына кошууга орчундуу себептер бар. Элчи Пабыл тирилүү жөнүндөгү окуунун эмне үчүн ишенимибиздин негизин түзөрүн көрсөтүп: «Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес»,— деген. Ооба, эгер Машаяк тирилбесе, анда ал азыр асмандан Падыша катары башкармак эмес. Анын бийлик кылып жатканы жөнүндөгү окуубуз да эч кандай мааниге ээ болбой калмак. (Оку: 1 Корунттуктар 15:12—19.) Бирок биз Исанын чынында эле тирилгенин билебиз. Буга бекем ишенгендиктен биз өлгөндөрдүн тирилерин четке каккан садукейлерден айырмаланабыз. Шылдыңга алынсак да, тирилүүгө болгон үмүтүбүзгө бекем карманабыз (Мр. 12:18; Элч. 4:2, 3; 17:32; 23:6—8).

3 Пабыл «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окуулар» тууралуу жазганда «өлгөндөрдүн тирилүүсү... жөнүндөгү окууну» да сөз кылган (Евр. 6:1, 2). Ошондой эле өзүнүн тирилүүгө ишенерин баса белгилеген (Элч. 24:10, 15, 24, 25). Анткен менен тирилүүнүн «Кудайдын ыйык сөздөрүндөгү баштапкы окуулардын» катарына киргени анын терең изилдөөнү талап кылбаган окуу экенин билдирбейт (Евр. 5:12). Эмне үчүн?

4. Тирилүүгө байланыштуу кандай суроолор туулушу мүмкүн?

4 Ыйык Китепти изилдей баштагандардын көбү байыркы убакта тирилгендер, алсак, Лазар жөнүндө окуп-билишет. Ошондой эле Ыбрайым, Аюп жана Даниел пайгамбарлардын келечекте өлгөндөрдүн тирилерине бекем ишенгени тууралуу да окушат. Бирок кимдир бирөө сенден көптөгөн жылдар, атүгүл кылымдар мурун айтылган тирилүү жөнүндөгү убаданын чынында эле аткарыларына кандай далилдер бар экенин сураса, эмне деп жооп берет элең? Ыйык Китепте тирилүүнүн качан болору айтылганбы? Бул суроолордун жообу ишенимибизди бекемдээри шексиз. Андыктан Ыйык Китепте алар тууралуу эмне делгенин карап көрөлү.

ТИРИЛЕРИ КЫЛЫМДАР МУРУН АЙТЫЛГАН

5. Тирилүүгө байланыштуу адегенде эмнени карап чыгабыз?

5 Өлгөн кишинин көп өтпөй эле тирилгенин элестетүү анчалык кыйын болбошу мүмкүн (Жкн. 11:11; Элч. 20:9, 10). Ал эми өлгөндөрдүн көп жылдардан, атүгүл кылымдардан кийин тирилери жөнүндөгү убадага ишенүү оңой болбошу ыктымал. Жакында эле каза болгон же көз жумганына бир топ жыл болуп калган кимдир бирөөнүн көп убакыттан кийин тирилерине ишенүүгө негиз барбы? Ооба. Мисалы, бир кишинин тирилери кылымдар мурун айтылган жана ал кийин чындап эле тирилген. Буга сен да ишенесиң. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Мунун келечекте өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүтүң менен кандай байланышы бар?

6. Забур 118-бөлүмдө жазылгандардын Исага кандай тиешеси бар?

6 Тирилери көптөгөн жылдар мурун айтылган ошол киши туурасында Забур 118-бөлүмдө эмне делгенин карап көрөлү. Айрымдар аны Дөөтү падыша жазган деп айтышат. Ал забурда: «Оо, Жахаба, бизди куткара көр! Жахабанын ысмы менен келатканга бата тийсин»,— деген өтүнүч камтылат. Иса 9-нисанда, өлөрүнө бир нече күн калганда, Иерусалимге кодик минип келгенде, элдин Машаякка байланыштуу бул сөздөрдү цитата кылганы эсиңде чыгар (Заб. 118:25, 26; Мт. 21:7—9). Бирок эмне үчүн Забур 118-бөлүмдө нечендеген жылдардан кийин боло турган тирилүү жөнүндө айтылган десек болот? Пайгамбарлык мааниси бар ал забурда: «Куруучулар жаратпай койгон таш бурчка коюлган таш болуп калды»,— деп да айтылганына көңүл бурсаң (Заб. 118:22).

«Куруучулар» Машаякты четке кагышкан (7-абзацты кара)

7. Жүйүттөр Исаны канчалык четке кагышкан?

7 «Куруучулар», тагыраак айтканда, жүйүт диний жетекчилери Машаякты четке кагышкан. Бирок алар тек гана андан жүзүн буруп, аны Машаяк катары кабыл албай коюшкан эмес. Жүйүттөрдүн көбү кыйкырып, анын өлтүрүлүшүн талап кылышкан (Лк. 23:18—23). Ошентип, алар да Исанын өлүмүнө себепкер болушкан.

Иса тирилип, «бурчка коюлуучу негизги таш» болгон (8, 9-абзацтарды кара)

8. Иса кантип «бурчка коюлуучу негизги таш» боло алмак?

8 Эгер Иса четке кагылып, өлтүрүлгөн болсо, кантип «бурчка коюлуучу негизги таш» боло алмак? Бул анын тирилгенинин аркасында гана мүмкүн болмок. Муну Иса өзү да бышыктап, жүзүмзарын багбандарга ижарага берген киши жөнүндө мисал айтып берген. Ал мисалга ылайык, жүзүмзардын ээси багбандарга өзүнүн кулдарын жөнөткөндө, багбандар аларга жаман мамиле кылышкан. Ысрайылдыктар да аларга жиберилген пайгамбарларга так ошондой мамиле кылышкан. Мисалда андан ары жүзүмзардын ээсинин өзүнүн сүйүктүү уулун жана мурасчысын жөнөткөнү айтылат. Багбандар аны кабыл алышты беле? Кайдан. Алар аны өлтүрүп салышкан. Иса ал мисалды айткандан кийин пайгамбарлык мааниси бар Забур 118:22ни цитата кылган (Лк. 20:9—17). Элчи Петир да Иерусалимге чогулган жүйүт элинин башчыларына, аксакалдарына жана китепчилерге сүйлөп жатканда ошол сөздөрдү колдонгон. Ал аларга өздөрү «устунга кадап өлтүргөн, бирок Кудай тирилтип алган назареттик Иса Машаяк» жөнүндө айткан. Анан: «Ошол Иса — „силер, куруучулар, жаратпай койгон, бирок бурчка коюлган таш“»,— деген (Элч. 3:15; 4:5—11; 1 Пет. 2:5—7).

9. Забур 118:22де кайсы өзгөчө окуя жөнүндө айтылган?

9 Ооба, Забур 118:22де жүздөгөн жылдардан кийин боло турган тирилүү жөнүндө алдын ала айтылган. Машаяк четке кагылып, өлтүрүлмөк, бирок «бурчка коюлуучу негизги таш» болуш үчүн кайра тирилмек. Ошентип, Кудайдын тирилген Уулу «куткарылышыбыз үчүн... адамдарга берилген» жалгыз ысымдын ээси болуп калган (Элч. 4:12; Эф. 1:20).

10. а) Забур 16:10до эмне алдын ала айтылган? б) Забур 16:10до жазылгандар Дөөтүгө тиешелүү болгон эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Тирилүү жөнүндөгү дагы бир аятка токтололу. Андагы сөздөр миңдеген жылдардан кийин аткарылган. Бул бизге тирилүүгө байланыштуу убаданын узак убактан кийин аткарыларына ишенүүгө негиз берет. Дөөтү падыша жазган 16-забурдан: «Сен жанымды көрдө калтырбайсың. Ишенимдүү кызматчыңдын өлүм аңын көрүшүнө жол бербейсиң»,— дегенди окуйбуз (Заб. 16:10). Дөөтү өзүнүн эч качан өлбөй турганын же мүрзөгө коюлбай турганын айткан эмес. Ыйык Китепте анын карып, өлүмгө моюн сунганы ачык эле айтылат. Ал «ата-бабаларына кошулган» жана «анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына коюшкан» (1 Пад. 2:1, 10). Анда Забур 16:10до ким жөнүндө жазылган?

11. Элчи Петир Забур 16:10до жазылгандарды качан сөз кылган?

11 Мунун жообу айкын. Ал забур жазылгандан миң жыл өткөндөн кийин жана Исанын өлүп, кайра тирилгенине бир нече жума болгондо, элчи Петир миңдеген жүйүттөр менен жүйүт динин кабыл алгандарга сүйлөп жатып Забур 16:10до жазылгандарды сөз кылган. (Оку: Элчилер 2:29—32.) Ал Дөөтүнүн чынында эле өлгөнүн жана мүрзөгө коюлганын айткан. Муну Петирди угуп тургандар жакшы билген. Ал Дөөтүнүн «Машаяктын тирилерин алдын ала көрө билгени» тууралуу айтканда, кимдир бирөөнүн муну талашка салганы Ыйык Китепте айтылбайт.

12. Забур 16:10до жазылгандар кантип аткарылган жана бул тирилүү жөнүндөгү убадага байланыштуу бизди эмнеге ынандырат?

12 Петир айткандарын тастыкташ үчүн Дөөтүнүн Забур 110:1деги сөздөрүн цитата кылган. (Оку: Элчилер 2:33—36.) Анын Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзгөнүнүн аркасында көптөр Исанын «Мырза да, Машаяк да» экенине ынанышкан. Ошондой эле алар Забур 16:10до жазылгандар Иса тирилгенде аткарылганын түшүнүшкөн. Кийинчерээк элчи Пабыл да Писидиядагы Антиохия шаарында жашаган жүйүттөр менен сүйлөшкөндө ошондой жүйөлүү далилдерди келтирген. Анын айткандары күчтүү таасир эткендиктен, алар аны дагы уккусу келген. (Оку: Элчилер 13:32—37, 42.) Жүздөгөн жылдардан кийин аткарылса да, Ыйык Китепте жазылган тирилүү жөнүндөгү ошол пайгамбарлыктардын ишенүүгө татыктуу болгону бизге да терең таасир этет.

ТИРИЛҮҮ КАЧАН БОЛОТ?

13. Тирилүүгө байланыштуу кандай суроолор пайда болушу мүмкүн?

13 Тирилүү жөнүндөгү убаданын бир топ убакыт өткөндөн кийин аткарылышы мүмкүн экенин билүү бизди бекемдейт. Анткен менен кимдир бирөө: «Көзү өтүп кеткен жакын адамым менен көрүшүү үчүн көпкө күтүшүм керекпи? Мен үмүттөнгөн тирилүү качан болот?» — деп ойлонушу ыктымал. Иса элчилерине алар билбеген жана биле албай турган нерселер бар экенин айткан. Биз Жахаба Атабыз «белгилеген убакыт-мөөнөттөргө» байланыштуу баарын биле бербейбиз (Элч. 1:6, 7; Жкн. 16:12). Бирок бул тирилүүнүн качан болорун биле албайбыз дегенди билдирбейт.

14. Исанын тирилүүсү ага чейин тирилген адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланган?

14 Муну түшүнүү үчүн Ыйык Китепте тирилүүнүн кандай түрлөрү жөнүндө алдын ала айтылганын эстеп көрсөң. Исанын тирилүүсү алардын баарынан маанилүү болгон. Эгер ал тирилбесе, эч кимибиз өлгөн жакындарыбызды көрүүгө үмүттөнө албайт болчубуз. Исага чейин тирилгендер, алсак, Илияс, Элиша пайгамбарлар тирилткен адамдар түбөлүк жашаган эмес. Алар кайрадан өлүп, көрдө чирип, жок болушкан. Ал эми «өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машаяктын кайра өлбөй турганын, өлүмдүн ага эми үстөмдүк кылбай турганын» билебиз. Ал асманда чирибес өмүргө ээ болгондуктан «түбөлүктөн түбөлүккө» жашайт (Рим. 6:9; Аян 1:5, 18; Кол. 1:18; 1 Пет. 3:18).

15. Исанын «биринчи түшүм катары» тирилгени эмне үчүн көңүлгө аларлык?

15 Иса асмандагы жашоого эң биринчи болуп тирилген жана анын тирилүүсү баарынан маанилүү болгон (Элч. 26:23). Бирок башкалардын да асманга рухий жаратуу катары тирилери алдын ала айтылган. Иса өзүнүн ишенимдүү элчилерин аны менен асманда чогуу бийлик кыларына ынандырган (Лк. 22:28—30). Алар андай сыйлыкка ээ болуш үчүн адегенде өлүшү керек болчу. Андан кийин, Машаяктай болуп, рухий денеде тирилишмек. Элчи Пабыл: «Машаяк тирилген. Ал өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан биринчи түшүм катары тирилген»,— деп жазган. Ал асмандагы жашоого дагы башкалардын тирилерин көрсөтүп: «Баары өз кезеги менен тирилет: биринчи Машаяк, андан кийин, анын катышуусунун убагында, Машаякка таандык болгондор тирилет»,— деп кошумчалаган (1 Кор. 15:20, 23).

16. Асмандагы жашоого тирилүүнүн качан башталганын билүүгө эмне жардам берет?

16 Пабылдын сөздөрү асмандагы жашоого тирилүүнүн качан башталганын билүүгө жардам берет. Ал Машаяктын «катышуусунун убагында» болмок. Жахабанын Күбөлөрү 1914-жылдан бери Исанын «катышуусунун убагында» жашап жатканыбызды Ыйык Жазманын негизинде көп жыл мурун эле аныкташкан. Анын катышуусу дагы деле уланууда жана азыркы ыймансыз дүйнөнүн соңуна аз калды.

17, 18. Машаяктын катышуусунун убагында майлангандардын айрымдары эмне болот?

17 Ыйык Китепте асмандагы жашоого тирилүү жөнүндө дагы мындай делет: «Өлүм уйкусунда жаткандар жөнүндө билишиңерди каалайбыз. Анткени Исанын өлгөнүнө жана кайра тирилгенине ишенсек, анда Кудайдын Иса менен биримдикте өлүм уйкусуна кеткендерге аны менен бирге болушу үчүн өмүр берерине да ишенебиз... Мырзабыздын катышуусунун убагында жашай тургандарыбыз өлүм уйкусуна кеткендерден озуп кетпейбиз. Анткени Мырзабыз өзү асмандан... буйрук берип,.. түшүп келет, ошондо Машаяктын жолунда жүрүп өлгөндөр биринчи болуп тирилишет. Андан кийин биз, жашап жаткандар, тирүү жүргөндөр, алар менен болуу үчүн жана Мырзабыз менен абада жолугушуу үчүн булуттар менен алынып кетебиз да, дайыма Мырзабыз менен болобуз» (1 Тес. 4:13—17).

18 Биринчи тирилүү, тактап айтканда, асмандагы жашоого тирилүү Машаяктын «катышуусу» башталгандан бир нече убакыт өткөндөн кийин башталган. Ал эми улуу алаамат учурунда тирүү боло турган майлангандар «булуттар менен алынып кетет». Алар «өлүм уйкусуна... кетпейт», башкача айтканда, көп убакыт бою өлүк бойдон жата бербейт, «бир заматта, көз ачып-жумгуча, акыркы сурнай тартылып жатканда өзгөрүлөт» (1 Кор. 15:51, 52; Мт. 24:31).

19. Алдыда кандай «жакшыраак тирилүү» болот?

19 Бүгүнкү күндө Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын көпчүлүгү майланган болбогондуктан Машаяк менен асмандан башкарууга чакырылган эмес. Алар бул ыймансыз дүйнө жок кылына турган «Жахабанын күнүн» күтүп жатышат. Анын качан келерин эч ким билбейт, бирок белгилер ал убакка аз калганын көрсөтүп турат (1 Тес. 5:1—3). Андан кийин тирилүүнүн башка түрү болот, тагыраак айтканда, өлгөндөр жер бетиндеги бейиште жашоо үчүн тирилишет. Аларга жеткилеңдикке жетип, түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Анын «жакшыраак тирилүү» болору шексиз, себеби байыркы убакта «аялдар өлгөн жакындарын тирилүү аркылуу алышканы» менен, алар кийин кайра эле өлүшкөн (Евр. 11:35).

20. Келечектеги тирилүү тартип менен болот деп эмне үчүн ишенимдүү түрдө айта алабыз?

20 Ыйык Китепте асмандагы жашоого тириле тургандардын «өз кезеги менен тирилери» жазылган (1 Кор. 15:23). Жер бетиндеги тирилүү да тартип менен болот деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Бул бүйүр кызытарлык болгондуктан, бизде мындай суроолор туулушу мүмкүн: «Биздин күндөрдө өлгөндөр Иса Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталгандан көп өтпөй эле тирилип, жакындары менен көрүшөбү? Мурда жетекчиликти колго алган ишенимдүү эркектер эртерээк тирилип, жаңы дүйнөдө Кудайдын элин уюштурууга жардам беришеби? Жахабага эч качан кызмат кылбагандар жөнүндө эмне айтууга болот? Алар качан жана каякта тирилишет?» Мындан башка да көптөгөн суроолор болушу ыктымал. Бирок азыр буларды ойлоп, тынчсыздануунун зарылдыгы барбы? Андан көрө, убагы келгенче күтө турганыбыз жакшы эмеспи?! Жахабанын ар бир нерсени кантип ишке ашырганын өз көзүбүз менен көргөндө кубанычка бөлөнөрүбүзгө такыр шектенбесек болот.

21. Сен эмнеге үмүттөнөсүң?

21 Ал убак келгенге чейин, Жахабага болгон ишенимибизди бекемдей беришибиз керек. Ал Иса аркылуу бизди өзүнүн эс тутумундагы адамдарды тирилтерине ынандырган (Жкн. 5:28, 29; 11:23). Иса бир жолу Ыбрайым пайгамбардын, Ыскактын, Жакыптын Жахаба үчүн тирүү экенин айтып, анын өлгөндөрдү тирилтүүгө кудурети жетерин ырастаган (Лк. 20:37, 38). Андыктан бизде элчи Пабылдай болуп: «Адамдардын... тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам»,— деп айтууга көптөгөн себептер бар (Элч. 24:15).