Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, балаңарга куткарылуу үчүн акылмандыкка ээ болууга жардам бергиле

Ата-энелер, балаңарга куткарылуу үчүн акылмандыкка ээ болууга жардам бергиле

«Сени акылман кыла ала турган ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен билесиң. Андай акылмандык... куткарылууга алып барат» (2 ТИМ. 3:15).

ЫРЛАР: 141, 134

1, 2. Баласы Кудайга арналып, чөмүлгүсү келгенде, айрым ата-энелер эмне үчүн тынчсызданышы мүмкүн?

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдеген миңдеген адамдар өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлүүдө. Алардын арасында чындык жолунда чоңоюп-өскөн, жашоодогу эң мыкты жолду тандаган көптөгөн жаштар да бар (Заб. 1:1—3). Эгер силер Жахабага кызмат кылган ата-эне болсоңор, балаңар чөмүлө турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканыңар шексиз. (Салыштыргыла: 3 Жакан 4.)

2 Анткен менен айрым нерселерди ойлоп тынчсызданып да жаткандырсыңар. Мисалы, көп жаштардын чөмүлүп, бирок кийин Кудайдын мыйзам-принциптери боюнча жашоонун тууралыгына шектене баштаганын көргөндүрсүңөр. Кудайдын уюмун таштап кеткендер да аз эмес. Ошондуктан балабыз чындык жолуна түшүп, бирок кийинчерээк өзгөрүп кетсечи, 1-кылымдагы Эфес шаарында жашаган айрым бир туугандардай болуп алгачкы сүйүүсүн сактабай калсачы деп сарсанаа болоттурсуңар. Иса аларга: «Сен биринчи сүйүүңдү сактаган жоксуң»,— деп айткан (Аян 2:4). Мындай болбошу үчүн эмне кылышыңар керек жана канткенде балаңарга «куткарылууга жетүүгө» жардам бере аласыңар? (1 Пет. 2:2). Бул суроого жооп алыш үчүн Тиметейдин үлгүсүн карап көрөлү.

«ЫЙЫК ЖАЗМАЛАРДЫ... БИЛЕСИҢ»

3. а) Тиметей качан Иса Машаяктын жолдоочусу болгон жана анын окууларын кандай кабыл алган? б) Пабыл Тиметейге кайсы үч нерсе жөнүндө айткан?

3 Тиметей Иса Машаяктын окуулары менен, кыязы, б.з. 47-жылы Пабыл Листрага биринчи жолу барганда таанышкан. Ошол убакта ал өспүрүм болсо да, үйрөнүп-билгендерин жакшы колдонгон. Эки жылдан кийин Пабылды коштоп, миссионердик сапарга чыга баштаган. Ошондон 16 жылдай өткөндө Пабыл ага мындай деп жазган: «Сен болсо эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман, анткени кимдерден үйрөнгөнүңдү билесиң. Ошондой эле сени акылман кыла ала турган ыйык жазмаларды [Еврей Жазмаларын] ымыркай кезиңен билесиң. Андай акылмандык сени Машаяк Исага болгон ишеним аркылуу куткарылууга алып барат» (2 Тим. 3:14, 15). Мындан көрүнүп тургандай, Пабыл үч нерсени баса белгилеген: 1) ыйык жазмаларды билүү, 2) үйрөнгөн нерселерге ынануу, 3) Машаяк Исага болгон ишеним аркылуу куткарылууга алып бара турган акылмандыкка ээ болуу.

4. Балдарыңарды окутуп-үйрөтүүдө кайсы куралдардын натыйжалуу экенин байкадыңар? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Кудайга кызмат кылган ата-эне катары силер балаңардын бүгүнкү күндө Еврей жана Грек Жазмаларын камтыган ыйык жазмаларды билишин каалаарыңар күмөнсүз. Жөндөмүнө жараша ар бир бала, атүгүл кичинекейлер да Ыйык Китептеги адамдар жана окуялар жөнүндө негизги нерселерди биле алат. Ата-энелер балдарына жардам бере алышы үчүн, Жахабанын уюму ар кандай куралдарды чыгарып берүүдө. Силердин тилиңерде алардын кайсылары бар? Жахаба менен болгон ынак мамиле Ыйык Жазмадагы билимге негизделерин унутпагыла.

«ЫНАНГАНСЫҢ»

5. а) «Ынануу» деген сөз эмнени билдирет? б) Тиметейдин Иса жөнүндөгү жакшы кабарга бекем ишенгенин эмнеден билүүгө болот?

5 Ыйык Жазмадан билим алуу абдан маанилүү. Бирок балдарга рухий таалим-тарбия берүү Ыйык Китептеги адамдар, окуялар жөнүндө билим берүүдөн да көптү билдирет. Тиметейдин үйрөнгөн нерселерине «ынанганын» эстесеңер. Түп нускадагы «ынануу» деген сөз «бир нерсенин чындык экенине көзү жетүү, бекем ишенүү» деген маанини туюнтат. Тиметей Еврей Жазмаларын ымыркай кезинен эле билген. Ал эми кийинчерээк жүйөлүү далилдерден улам Исанын Машаяк экенине ынанган. Иса жөнүндөгү жакшы кабарга болгон ишеними ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал чөмүлүп, кийин Пабылды миссионердик сапарында коштоп жүргөн.

6. Балаңарга Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ынанууга кантип жардам бере аласыңар?

6 Балаңар Тиметейдикиндей ишенимге ээ болушу үчүн, ага үйрөнгөн нерселерине ынанууга кантип жардам берсеңер болот? Эң биринчиден, чыдамкай болгула. Бир нерсеге ынануу үчүн убакыт талап кылынат жана кайсы бир нерсеге силер ишенсеңер эле балаңар да ишенип калбайт. Ыйык Китептеги чындыкка болгон ишенимин өрчүтүү үчүн ар бир бала өзүнүн «акыл жөндөмүн» колдонушу керек. (Оку: Римдиктер 12:1.) Бул жагынан силердин жардамыңар зор. Өзгөчө, алар суроо бергенде, ишенимин чыңдаганга аракет кылгыла. Буга байланыштуу бир мисалга токтололу.

7, 8. а) Бир ата кызын окутуп-үйрөтүүдө кандайча чыдамдуулук көрсөтөт? б) Силерге кайсы учурда чыдамдуулук керек болду эле?

7 11 жаштагы кызы бар Томас мындай дейт: «Кызым: „Жахаба тиричиликти эволюция жолу менен жаратышы мүмкүн беле?“ же „Жашоону жакшыртуу максатында коомго аралашсак, мисалы, башкалар менен бирге шайлоого катышсак болбойбу?“ — деген сыяктуу суроолорду берип калат. Жөн эле эмнеге ишениш керектигин айтып койбош үчүн кээде өзүмдү тыйганга туура келет. Анткени бир нерсенин чындык экенине ынаныш үчүн бир чоң фактыны билип коюу жетишсиз. Ан үчүн көптөгөн майда-чүйдө далилдер талап кылынат».

8 Томас түшүнгөндөй, балдарды окутуп-үйрөтүүдө чыдамдуу болуу зарыл. Чынында, ал сапатты Кудайдын бардык кызматчылары өрчүтүшү керек (Кол. 3:12). Томас балдарга бир нерсеге ынанууга жардам бериш үчүн кайра-кайра талкуу жүргүзүүгө туура келерин жакшы билет. Ал кызына окуп-билгендеринин чындык экенине ишенүүгө көмөк кылууда Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзөт. Томас мындай дейт: «Айрыкча, орчундуу маселелерде жубайым экөөбүз кызыбыздын үйрөнгөн нерселерине чындап эле ишенер-ишенбесин, аларды түшүнүп жаткан-жатпаганын аңдаганга аракет кылабыз. Анын суроо бергени аябай жакшы. Себеби суроо бербей эле ишене берсе, буга тынчсызданмакмын».

9. Балаңарга Ыйык Китепте айтылгандарга ишенүүгө кантип жардам бере аласыңар?

9 Ата-энеси чыдамдуулук менен окутуп-үйрөтсө, балдар «чындыктын кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин» акырындык менен түшүнө башташат (Эф. 3:18). Аларды окутууда жашын, жөндөмдүүлүктөрүн эске алышыбыз керек. Үйрөнүп-билгендеринин чындык экенине ынанса, алар көз карашын башкалардын, анын ичинде классташтарынын алдында коргой алышат (1 Пет. 3:15). Мисалы, балаңар адам өлгөндөн кийин эмне болорун Ыйык Китепти колдонуп түшүндүрүп бере алабы? Ыйык Китепте бул тууралуу жазылгандарды жакшы түшүнөбү? * Балаңарга Ыйык Китепте айтылгандарга ишенүүгө жардам бериш үчүн чыдамкайлык талап кылынат, бирок мунун акыбети сөзсүз кайтат (Мыйз. 6:6, 7).

10. Балдарды окутууда эмне маанилүү?

10 Балаңарга ишеним өрчүтүүгө жардам берүүдө үлгүңөр да абдан маанилүү. Үч кыздын энеси Стефани мындай деп ой бөлүшөт: «Кыздарым кичинекей кезде эле: „Өзүмдүн Жахабанын бар экенине, бизди сүйөрүнө, жолдорунун туура экенине эмне үчүн ишенеримди кыздарыма айтамбы? Менин Жахабаны сүйөрүм аларга айкын көрүнүп турабы?“ — деп ойлончумун. Себеби өзүм ишенбесем, алар кантип ишенмек эле?»

«АКЫЛМАНДЫК... КУТКАРЫЛУУГА АЛЫП БАРАТ»

11, 12. Акылмандык деген эмне жана ал адамдын жашы менен эле аныкталбайт деп эмне үчүн айта алабыз?

11 Буга чейин билгенибиздей, Тиметей 1) ыйык жазмалардан билим алган жана 2) окуп-билгендерине ынанган. Бирок Пабыл ага ыйык жазмалар «куткарылууга алып бара» турган акылмандыкка ээ кыларын айтканда эмне дегиси келген?

12 «Жазманы түшүнүү» эмгегинин 2-томунда айтылгандай, Ыйык Китептеги акылмандык кыйынчылыктарды чечүүдө, кооптуу нерселерден качууда же алардын алдын алууда, кайсы бир максатка жетүүдө же башкаларга бул жагынан жардам берүүдө билим менен түшүнүктү жакшы колдоно билүү жөндөмүн билдирет. Ал — акылсыздыктын карама-каршысы. Ыйык Китепте: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган»,— деп жазылган (Накыл 22:15). Андыктан акылсыздыктын карама-каршысы болгон акылмандык жетилгендиктин бир белгиси болуп саналат. Адамдын рухий жактан жетилгени, негизинен, жаш-курагынан эмес, Жахабадан коркконунан жана анын мыйзам-принциптерин даярдуулук менен аткарганынан көрүнөт. (Оку: Забур 111:10.)

13. Жаштар куткарылууга алып бара турган акылмандыкка ээ экенин кантип көрсөтө алышат?

13 Рухий жактан жетилген жаштар каалоолорунан же курбу-курдаштарынын кысымынан улам «толкун сыяктуу ары-бери чайпалбайт» (Эф. 4:14). Тескерисинче, алар «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырып» жатышат (Евр. 5:14). Жаштардын рухий жактан жетилип баратканы ата-энеси же дагы башка чоң кишилер жокто да акылдуулук менен чечим чыгарганынан көрүнөт (Флп. 2:12). Куткарылуу үчүн так ушундай акылмандык керек. (Оку: Накыл сөздөр 24:14.) Балаңарга андай сапатка ээ болууга кантип жардам бере аласыңар? Эң биринчи кезекте, аларга өзүңөр баалаган нерселерди так-айкын түшүндүргүлө. Ошондой эле Ыйык Китептеги нормаларга ылайык жашоого аракет кылып жатканыңар сөзүңөрдөн да, ишиңерден да көрүнүп турсун (Рим. 2:21—23).

Ата-эненин талыкпай күч жумшай бергени эмне үчүн маанилүү? (14—18-абзацтарды карагыла)

14, 15. а) Чөмүлгүсү келген жаштар кайсы суроолор тууралуу ойлонуп көрүшү керек? б) Балаңарга Кудайдын мыйзамдарына баш ийүүнүн аркасында ала турган баталар жөнүндө ой жүгүртүүгө кантип жардам бере аласыңар?

14 Бирок балаңарга эмне туура, эмне туура эмес экенин айтып койгонуңар жетишсиз. Ага: «Ыйык Китепте денеге мүнөздүү нерселерге эмне үчүн тыюу салынат? Ыйык Китептеги нормалардын өзүмө эле пайда алып келерине эмне үчүн ишенем?» — деген сыяктуу суроолор жөнүндө ой жүгүртүүгө да жардам бергиле (Ыш. 48:17, 18).

15 Чөмүлгүсү келерин айткан балага дагы башка нерселер тууралуу ойлонуп көрүүгө түрткү берүү зарыл. Маселен, ал Кудайдын кызматчысы болуунун аркасында келчү жоопкерчиликтерге кандай карайт? Кудайга кызмат кылуунун кандай пайдасы бар? Кандай кыйынчылыктар менен коштолот? Эмне үчүн кыйынчылыктарына караганда пайдасы көп деп айтууга болот? (Мр. 10:29, 30). Булар — маанилүү суроолор. Ошондуктан чөмүлүүнү каалагандар ал олуттуу кадамды жасаганга чейин алар жөнүндө кылдат ойлонушу керек. Ата-энелер балдарына тил алчаак болуунун аркасында кандай бата аларын, ал эми баш ийбестиктин арты канчалык кесепеттүү болорун түшүндүрүп берсе, алардын ишеними өрчүйт. Кандайча? Алар Ыйык Китептеги нормалардын дайыма пайда гана алып келерине ынанышат (Мыйз. 30:19, 20).

ЧӨМҮЛГӨНДӨН КИЙИН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА КАБЫЛСА

16. Чөмүлгөн баласынын ишеними солгундай баштаса, ата-эне эмне кылышы керек?

16 Балаңар чөмүлгөнүнөн канча бир убакыт өткөндөн кийин кайсы бир нерсеге шек санай баштаса, эмне кылсаңар болот? Алсак, чөмүлгөн өспүрүм дүйнөдөгү нерселерге кызыгышы же Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашоонун тууралыгына күмөн санай башташы мүмкүн (Заб. 73:1—3, 12, 13). Андайда кандай жооп кайтарарыңар балаңардын Жахабага кызмат кыла беришине же, тескерисинче, андан алыстап кетишине таасир этет. Андыктан али жашпы же өспүрүмбү, аны менен талашып-тартышкандан качкыла. Силердин максатыңар балаңарга сүйүү көрсөтүп, аны колдоо болушу керек.

17, 18. Баласы күмөн санап жатса, ата-энеси ага кантип жардам берсе болот?

17 Албетте, чөмүлгөн бала өзүн Жахабага арнаган. Арналганда ал Кудайга аны сүйөрүн жана эркин баарынан жогору коёрун айтып, олуттуу убада берген. (Оку: Марк 12:30.) Жахаба буга жеңил ойлуу карабайт, убада бергендер да жеңил ойлуу карабашы керек (Нас. 5:4, 5). Андыктан ылайыктуу убакытты тандап, балаңарга ушул нерселерди жылуу-жумшак эскерткиле. Бирок адегенде Жахабанын уюму ата-энелер үчүн чыгарып берип жаткан материалдарды окуп-изилдегиле. Бул балаңарга өмүрүбүздү Жахабага арнап, анын кызматчысы болгонубуз олуттуу экенин жана көптөгөн баталар менен коштолорун түшүндүрүп беришиңерге өбөлгө түзөт.

18 Мисалы, «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» китебинин 1-томунун «Ата-энелердин суроолору» деген тиркемесинде жакшы кеңештер камтылган. Ал жерде: «Өспүрүм балаңар силер ишенген нерселерди четке кагып жатат деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла. Буга көп учурда анча байкала бербеген нерселер себеп болушу мүмкүн»,— делет. Балким, курбу-курдаштарынын кысымы себеп болуп жаткандыр. Же жалгызсырап жүрүшү же башка жаштар мага караганда рухий жактан жакшы ийгиликтерди кылып жатат деп ойлоп, жаман болуп жатышы ыктымал. Тиркемеде андан ары: «Албетте, жогоруда саналган нерселер балаңардын силер ишенген нерселерге шектенип жатканын билдирбейт. Болгону эле, ишеними сыналып жаткан жагдай-шарттан улам ушундай болуп жаткандыр»,— делет. Ошондой эле ал жерде ата-энелер ишеними солгундап бараткан баласына кантип жардам берсе болоруна байланыштуу кеңештер жазылат.

19. Ата-эне баласына «куткарылууга алып бара турган» акылмандыкка ээ болууга кантип жардам бере алат?

19 Ата-эне катары силер олуттуу жоопкерчиликке да, сыймыкка да ээсиңер. Башкача айтканда, балдарыңарга «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоого» милдеттүүсүңөр (Эф. 6:4). Жогоруда талкуулангандай, бул аларга Ыйык Китепте эмне делерин окутуп коюуну эле эмес, анда жазылгандардын туура экенине ынанууга жардам берүүнү да билдирет. Ооба, алар өздөрүн Жахабага арнап, чын жүрөктөн кызмат кылууга түрткү бере тургандай күчтүү ишенимге ээ болушу керек. Анда эмесе, Жахабанын Сөзү, ыйык руху жана силердин күч-аракетиңер балаңарга «куткарылууга алып бара турган» акылмандыкка ээ болууга жардам бере берсин.

^ 9-абз. jw.org/ky сайтындагы «Изилдөөгө жардам» деген бөлүкчөдөгү «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген рубрикага чыккан тапшырмалар жаштарга да, чоңдорго да Ыйык Китептеги чындыкты түшүнүүгө жана башкаларга түшүндүрүп берүүгө көмөк кылат. Ал тапшырмалар көп тилдерде бар. Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ЫЙЫК КИТЕПТИ ТЕРЕҢ ИЗИЛДӨӨ.