Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Чындык жолундагы жубайлар бойго бүтүрбөөчү каражаттын бири болгон ЖКСны (жатындын ичине коюлуучу спиралды) колдонсо болобу?

Кудайга кызмат кылган жубайлардын ар бири буга байланыштуу фактылар менен Ыйык Китептеги принциптерди жакшылап таразалап көрүшү керек. Андан соң Кудайдын алдында абийирин булгабай тургандай чечим чыгарышы кажет.

Жер бетинде эки эле адам болгон кезде (жана кийин Топон суудан сегиз гана киши аман калганда), Жахаба аларга: «Укумдап-тукумдагыла»,— деген буйрук берген (Башт. 1:28; 9:1). Ыйык Китепте Машаяктын жолдоочуларынын бул буйрукка баш ийиши керектиги айтылбайт. Ошондуктан канча балалуу болууну же качан балалуу болууну чечүүдө бойго бүтүрбөөчү каражаттардын айрым түрлөрүн колдонор-колдонбосун ар бир түгөй өзү чечиши керек. Андайда эмнелерди эске алуу маанилүү?

Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын кайсынысы болбосун, Кудайдын кызматчылары аны Ыйык Китептеги принциптердин негизинде талдап көрүшү зарыл. Маселен, алар бойдон алдыруудан качышат. Анткени өз эрки менен бойдон алдыруу өмүрдү баалоого байланыштуу Ыйык Китепте айтылгандарга каршы келет. Өрчүп отуруп, акыры бала катары жарык дүйнөгө келе турган түйүлдүктү жок кылууга Кудайдын кызматчысы эч качан макул болбойт (Чыг. 20:13; 21:22, 23; Заб. 139:16; Жер. 1:5). Анда ЖКС жөнүндө эмне айтууга болот?

Бул суроо 1979-жылы 15-майда чыккан «Күзөт мунарасынын» 30, 31-беттеринде талкууланган *. Ал убакта кеңири колдонулган жана бойго бүтүрбөө үчүн жатындын ичине коюлган ЖКСлардын көбү желимден жасалчу. Жогорудагы журналда ЖКСнын кандай иштээри толук белгисиз экени жазылган. Көптөгөн адистер жатындын ичине коюлган спираль эркектин сперматозоиддеринин аялдын жумуртка клеткалары менен биригип, аларды уруктандырышына тоскоолдук кылат деп айтышчу. Эгер жумуртка клеткалары уруктанбаса, жаңы түйүлдүк пайда болбойт.

Анткен менен айрым далилдерден жумуртка клеткасы баары бир деле уруктанышы мүмкүн экени көрүнгөн. Андайда жаңы уруктанган жумуртка жатын түтүгүндө өрчүй башташы (түйүлдүк жатындын сыртына бүтүшү) же жатындын ичин көздөй жылышы мүмкүн. Уруктанган жумуртка жатындын ичин көздөй жылганда, коюлган спираль анын жатындын ички былжыр челинен орун алып, демейдегидей өрчүй башташына бөгөт коёт. Өрчүп келаткан андай түйүлдүктү жок кылуу бойдон алдырууга барабар. Макалада мындай делген: «Кудайдын кызматчысы ЖКСны колдонуу туура болор-болбосу жөнүндө ойлонуп жатканда ага байланыштуу бул маалыматты өмүрдүн ыйыктыгы тууралуу Ыйык Китепте жазылгандардын негизинде кылдат карап чыгышы керек» (Заб. 36:9).

1979-жылы ошол макала чыккандан бери буга байланыштуу илимде же медицинада жаңы маанилүү ачылыштар болдубу?

ЖКСнын эки түрү кеңири колдонулууда. Алардын биринин курамына жез кошулат жана ал Кошмо Штаттарда 1988-жылга чейин эле белгилүү болчу. Ал эми гормон бөлүп чыгаруучу түрү 2001-жылы сатыкка чыга баштаган. ЖКСнын бул эки түрүнүн кандай иштээрине байланыштуу эмнелерди билебиз?

Жез. Буга чейин айтылгандай, кыязы, ЖКС сперманын жатын аркылуу өтүп, аялдын жумуртка клеткасына жетишине тоскоолдук кылат. Андан сырткары, жез кошулган ЖКС сперманы ууландырып, анын өлүшүнө алып келет *. Ошондой эле ал жатындын ички былжыр челинин курамын өзгөртүп жиберет.

Гормон. Гормон бөлүп чыгаруучу ЖКСнын ар кандай түрлөрү бар. Алардын курамындагы гормон бойго бүтүрбөөчү таблеткаларда кездешкен гормонго окшош. ЖКСнын мындай түрлөрү жатында гормон бөлүп чыгарат. Ошондой эле алар, сыягы, айрым аялдарда овуляция процессин, жумуртка клеткаларынын бөлүнүп чыгышын, басаңдатат. Эгер эч кандай энелик жумуртка бөлүнүп чыкпаса, анда уруктануу да болбойт. Андан тышкары, ЖКСлардын курамындагы гормон жатындын ички былжыр челин жукартат *. Ал жатын моюнчасындагы былжырды коюулантып, сперманын жатын кынынан жатындын ичин көздөй жылышына да бөгөт коёт. Булар — ЖКСлар аткарган функциялардын айрымдары.

Жогоруда талкуулангандай, ЖКСнын эки түрү тең жатындын ички былжыр челинин курамын өзгөртөт. Эгер овуляция процесси жүрүп, жумуртка уруктанса, эмне болот? Ал жатынга кириши, бирок тийиштүү жерден орун албай калышы мүмкүн. Натыйжада түйүлдүк өрчүп баштаганда эле өлүп калат. Адистердин айтымында, мындай жагдайлар сейрек кездешет. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар жөнүндө да ушуну айтууга болот.

Курамына жез кошулган же гормон бөлүп чыгарган ЖКСлар жумуртканын уруктанышына сөзсүз тоскоолдук кылат деп эч ким толугу менен кепилдик бере албайт. Анткен менен илимий далилдер көрсөткөндөй, ЖКСлар жогоруда айтылган функцияларды аткаргандыктан, аларды колдонгондордун боюна бүтүп калган учурлар чанда кездешет.

Кудайга кызмат кылган жубайлар ЖКСны колдонсо болор-болбосун ойлонуп жатканда тажрыйбалуу адистерге кайрылып, анын өздөрү жашаган жерде колдонулган түрлөрү жана алардын аялдын организмине тийгизген пайдасы менен зыяны жөнүндө сүйлөшүп көрсө болот. Алар чечим чыгарышына эч кимдин, атүгүл доктурдун да таасир этишине жол бербеши керек (Рим. 14:12; Гал. 6:4, 5). Бул — жубайлар өздөрү чыгара турган чечим. Алар Кудайга жаккыдай жана абийирин булгап албагыдай чечим чыгарышы зарыл. (Салыштыр: 1 Тиметей 1:18, 19; 2 Тиметей 1:3.)

^ 4-абз. Ал макала орус тилинде «Күзөт мунарасынын» 1999-жылдын 15-февралындагы санынын 30, 31-беттерине чыккан.

^ 4-абз. Англиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы билдиргендей, курамына көбүрөөк жез кошулган ЖКСнын натыйжалуугу 99%дан ашат. Бул 1 жылдын ичинде аны колдонгон 100 аялдын 1инин гана боюна бүтүп калышы мүмкүн дегенди билдирет. Ал эми курамына азыраак жез кошулган ЖКСнын таасири азыраак болот.

^ 5-абз. Гормон бөлүп чыгаруучу ЖКСлар жатындын ички былжыр челин жукарткандыктан, этек кир убагында кандын көп келүүсүн жөнгө салуу үчүн дарыгерлер аларды айрым айымдарга сунушташат.