Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Мырзабыздын жолун жолдош үчүн көп нерседен баш тарттым

Мырзабыздын жолун жолдош үчүн көп нерседен баш тарттым

«Кабар айтканы кете турган болсоң, кайра келбе. Келсең, бутуңду сындырам». Атам ушинтип коркутса да, кетип калдым. Мырзабыздын жолун жолдош үчүн ошондо биринчи жолу баалуу нерсемден баш тарткам. Ал кезде 16 эле жашта болчумун.

БУЛ кандайча болгонун айтып берейин. Мен 1929-жылы 29-июлда жарык дүйнөгө келип, Филиппиндин Булакан провинциясындагы бир айылда чоңоюп-өскөм. Ошол убак каржы каатчылыгына туш келгендиктен, эл жөнөкөй жашачу. Бала кезимде согуш оту тутанып, жапон аскерлери Филиппинди басып киришкен. Бирок биздин айыл бир топ эле ыраак жайгашкандыктан, согуштан түзмө-түз жапа чеккен жокпуз. Радио да, телевизор да, гезит да жок болчу. Ошо себептен согуш жөнүндөгү кабарларды бирөөлөрдөн эле укчубуз.

Мен сегиз баланын экинчисимин. Сегиз жашымда мени таенем менен таятам багып алган. Католик динин тутсак да, таятам диндерге карата калыс көз карашта болгондуктан достору берген диний адабияттарды чогулта берчү. Бир жолу анын мага Жахабанын Күбөлөрү чыгарган, жалган диндин окуулары ашкереленген тагал тилиндеги китепчелерди жана Ыйык Китепти көрсөткөнү эсимде. Мага Ыйык Китепти, өзгөчө, төрт Инжилди окуган аябай жакчу. Ошонун аркасында Исанын жолун жолдоого түрткү алгам (Жкн. 10:27).

МЫРЗАБЫЗДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОЙ БАШТАШЫМ

Жапон аскерлери өлкөбүздөн 1945-жылы кетишти. Ошол убактарда ата-энем үйгө кайтып келишимди суранды. Таятам да барышым керектигин айткандыктан, үйгө кайтып бардым.

Көп өтпөй, 1945-жылы декабрда, Ангат шаарчасынан Жахабанын Күбөлөрү кабар айтканы айылыбызга келишти. Жашы улуураак бир Жахабанын Күбөсү үйүбүзгө келип, Ыйык Китепте «акыркы күндөр» жөнүндө эмне делерин түшүндүрүп берди (2 Тим. 3:1—5). Анан бизди кошуна айылда өткөрүлгөн ыйык китептик изилдөөгө чакырды. Ата-энем барбаса да, мен бардым. Ал жакка 20дай киши чогулуп, айрымдары Ыйык Китепке байланыштуу суроолорду беришти.

Изилдөөдө айтылгандардын бирин да түшүнбөгөндүктөн кетейин деп ойлодум. Бирок так ошол убакта Падышалыктын ырын ырдап калышты. Ыр аябай таасир эткендиктен, калып калдым. Ыр бүтүп, тиленгенден кийин баарыбызды кийинки жекшембиде Ангатта өткөрүлө турган жолугушууга чакырышты.

Бир нечебиз 8 чакырымдай жөө жүрүп, Крустардын үйүндө өткөн жолугушууга бардык. Келгендердин 50 пайызы балдар болчу. Алардын Ыйык Китепке байланышкан терең суроолорго жооп берип жатканын көрүп абдан таасирлендим. Ал жолугушууга бир нече жолу катышканымдан кийин, Дамиан Сантос деген жашы өтүп калган пионер мени түнөп кетүүгө чакырды. Экөөбүз түн бир оокумга чейин Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөштүк.

Ал кезде көбүбүз Ыйык Китептеги негизги окууларды дароо эле кабыл алган болчубуз. Жолугушууга бир нече жолу катышканыбыздан кийин эле, байкелер менден жана башкалардан: «Чөмүлгүңөр келеби?» — деп сурашты. Мен: «Ооба, келет»,— деп жооп бердим. Себеби Кожоюнубузга, «Машаякка, анын кулу» катары кызмат кылгым келчү (Кол. 3:24). Ошентип, 1946-жылы 15-февралда жакын жердеги дарыяга барып, арабыздан экөөбүз чөмүлдүк.

Биз Машаяктын чөмүлгөн жолдоочулары катары ага окшоп дайыма кабар айтышыбыз керектигин түшүнчүбүз. Тилекке каршы, бул атама жаккан жок. Ошондуктан ал: «Сен кабар айтканга али жашсың. Дарыяга чөмүлгөндүктөн эле кабарчы болуп калбайсың»,— деди. Мен Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтуу Кудайдын эрки экенин түшүндүрдүм (Мт. 24:14). Анан: «Кудайга берген антымды аткарышым керек»,— дедим. Ошондо атам, сөзүмдүн башында айткандай, мени коркута баштады. Ал кабар айтышыма тоскоолдук кылгысы келди. Бул рухий максаттарыма жетүү үчүн көп нерседен баш тартууга жол ачкан эң биринчи окуя болду.

Крустардын үй-бүлөсү мени өздөрү менен чогуу Ангатта жашап турууга чакырышты. Ошондой эле кичүү кызы Нораны жана мени пионер болгонго үндөштү. Экөөбүз тең пионердик кызматты 1947-жылы 1-ноябрда баштадык. Нора башка шаарда, мен болсо Ангатта кызмат кылып жаттым.

ДАГЫ БИР НЕРСЕДЕН БАШ ТАРТЫШЫМ

Пионер болгонума үч жыл болуп калганда, филиалдан келген Ёрл Стьюарт деген бир тууган Ангаттагы аянтта баяндама айтты. Аны 500дөн ашуун киши укту. Ал англис тилинде сүйлөдү, мен болсо анын айткандарын тагал тилине жалпылап которуп жаттым. Мен мектептен 7 эле жыл билим алгам. Бирок мугалимдерибиз дайыма англисче сүйлөшчү. Англисчемдин жакшырышына дагы бир нерсе шарт түздү: ал убакта тагал тилинде Ыйык Китепке негизделген адабияттар аябай эле аз болчу. Ошондуктан адабияттардын көбүн англис тилинде окучумун. Анын аркасында англисчем жакшырып, ошол баяндаманы жана кийинчерээк башка баяндамаларды которуп бере алдым.

Стьюарт бир туугандын баяндамасын которуп берген күнү ал жергиликтүү жыйналыштагыларга Бейтелге пионер болуп кызмат кылган бир же эки эркек бир тууган керек экенин айтты. Себеби миссионерлер 1950-жылы Нью-Йоркто өткөрүлө турган «Теократиянын өсүшү» деген жыйынга кеткенде, алардын ордуна кызмат кыла турган бир туугандар керек болуп жатыптыр. Чакырылгандардын бири мен болдум. Ошентип, дагы бир жолу өзүмө жаккан нерселерди: жеримди, жакшы тааныган бир туугандарды калтырып, Бейтелге жардам бериш үчүн кеттим.

Бейтелге 1950-жылы 19-июнда барып, жаңы дайындоомо кириштим. Бейтел 1 гектардай жерди ээлеген бакыйган бак-дарактардын курчоосундагы бир чоң, эски үйдө жайгашыптыр. Ал жакта 12 чакты бойдок эркек бир тууган кызмат кылып жаткан экен. Эртең менен эрте ашканага жардам берчүмүн. Саат 9дарда болсо кир жуучу жайга барып, кийим үтүктөшчүмүн. Түштөн кийин да ушул эле иштерди кылчумун. Миссионерлер эл аралык жыйындан кайтып келгенден кийин деле Бейтелде кызмат кыла бердим. Почтодон жөнөтүш үчүн журнал таңгактап, журналдарга жазылгандарга кам көрүүгө жардам берчүмүн, кабылдамада кызмат кылчумун, кыскасы, кандай иш тапшырылбасын, аткара берчүмүн.

ГИЛАТКА БАРЫШ ҮЧҮН ФИЛИППИНДЕН КЕТИШИМ

1952-жылы Филиппинден 6 бир тууган менен чогуу Гилат мектебинин 20-классына чакырылып, төбөм көккө жете сүйүндүм. Кошмо Штаттарга барганда көп нерсе биз үчүн таптакыр жаңы, башкача болду. Ал жак кичинекей айылыбыздан абдан эле айырмаланат экен.

Гилатта чогуу окуган бир туугандар менен

Мисалы, бизге өмүрү көрбөгөн шаймандарды, буюм-тайымдарды колдонгонду үйрөнүүгө туура келди. Атүгүл аба ырайы да башкача экен. Бир күнү эртең менен эшикке чыксам, айлана апаппак болуп калыптыр. Ошондо биринчи жолу карды көрдүм. Эшик аябай суук экен!

Бирок Гилаттан алган баа жеткис билимге салыштырмалуу ал айырмачылыктар болбогон эле нерсе болуп калды. Нускоочулар абдан натыйжалуу ыкмаларды колдонуп окутушчу. Ал жактан терең окуп-изилдегенди үйрөндүк. Алган билимим рухий жактан өсүшүмө өбөлгө түздү.

Гилатты бүткөндөн кийин убактылуу Нью-Йорк шаарындагы Бронкс районуна атайын пионер болуп дайындалдым. 1953-жылы июлда ошол эле райондо өткөрүлгөн «Жаңы дүйнө коому» деген жыйынга катыштым. Жыйындан кийин кайра Филиппинде кызмат кылууга дайындалдым.

ШААРДЫН ЫҢГАЙЛУУ ШАРТЫН ТАШТАШЫМ

Филиалдагы бир туугандар мага: «Эми сен райондук ишти аткарасың»,— дешти. Анын аркасында Жахабанын койлоруна жардам берүү үчүн алыскы айыл-кыштактарды, шаарларды кыдырган Мырзабыздын изи менен жүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү (1 Пет. 2:21). Мен кыдыра турган районго Филиппиндеги Лусон деген эң чоң аралдын борборундагы килейген аймак кирчү. Ал өз ичине Булакан, Нуэва-Эсиха, Тарлак, Самбалес деген провинцияларды камтычу. Айрым шаарчаларга барыш үчүн Сьерра Мадре Маунтинс тоо кыркасы аркылуу өтүүгө туура келер эле. Ал жактарга бир да коомдук унаа каттачу эмес. Ошондуктан жүк ташуучу чоң машинелерди айдагандардан жүктөлгөн устундардын үстүнө отуруп алсам болор-болбосун сурачумун. Көп учурда макул болушчу. Бирок устундардын үстүндө отуруп баруу аябай ыңгайсыз эле.

Жыйналыштардын көбү салыштырмалуу кичинекей, жаңы болчу. Андыктан бир туугандар жолугушууларды, кабар айтуу ишин жакшыраак уюштурууга жардам бергениме абдан ыраазы болушар эле.

Кийинчерээк бүтүндөй Биколду камтыган районго дайындалдым. Ал жакта негизинен обочо топтор бар эле жана атайын пионерлер такыр иштетилбеген аймактарга барып кабар айтышчу. Бир үйдө жерди казып, ортосуна эки устунду узунунан коюп, даараткана жасап койгон экен. Ага кирем деп, устундар менен чогуу чуңкурга түшүп кеттим. Жуунуп-тазаланганга бир топ убакыт кетти. Анан келип, эртең мененки тамагымды ичтим.

Ошол убактарда мурун Булаканда пионердик кызматты баштаган Нора жөнүндө ойлоно баштадым. Ал Думагете шаарында атайын пионер болуп кызмат кылып жаткан. Ага жолугуш үчүн ошол жакка бардым. Экөөбүз бир нече убакыт кат жазышып жүрүп, 1956-жылы баш коштук. Үйлөнгөндөн кийинки жумада Рапу-Рапу аралындагы жыйналышка бардык. Ал жактан тоолорду ашып, бир топ жолду басып өттүк. Бирок ошондой ыраак жактагы бир туугандарга кызмат кылуу жубайым экөөбүзгө зор кубаныч тартуулады.

КАЙРАДАН БЕЙТЕЛГЕ ЧАКЫРЫЛЫШЫМ

Нора экөөбүз чогуу төрт жылдай кыдыруучулук ишти аткаргандан кийин 1960-жылы январда филиалда кызмат кылууга чакырылдык. Ошентип, Бейтелдеги узак убакытка созулган кызматыбыз башталды. Бейтелде чоң жоопкерчиликтерди аркалаган бир туугандар менен кызматташып, аябагандай көп нерсеге үйрөндүм. Нора болсо ар кандай иштерди аткарып келди.

Жыйында баяндама сүйлөгөм, ал себуан тилине которулган

Бейтелде кызмат кылуунун аркасында Филиппинде болгон укмуштуудай рухий өсүшкө күбө болдум. Жаш, бойдок жигит катары Бейтелге биринчи жолу келгенимде, бүтүндөй өлкө боюнча 10 000дей жарчы бар болчу. Азыр болсо 200 000ден ашты. Алардын арасында абдан маанилүү кабар айтуу ишин колдоп жаткан жүздөгөн бейтелдиктер бар.

Ишибиз кеңири кулач жайган сайын, Бейтелдеги имараттар тардык кыла баштады. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш бизден жаңы, чоң имарат курганга жер издөөнү суранды. Басмакананын көзөмөлчүсү экөөбүз филиалдын жанындагы үйлөрдү кыдырып, тургундардан жерин сатар-сатпасын сурап жүрдүк. Баары эле «жок» деп жооп берип жатты. Ал жакта кытай улутундагылар көп эле. Бир кытай киши: «Кытайлар сатпайт. Биз, тескерисинче, сатып алабыз»,— деди.

Алберт Шрёдердин баяндамасын которуп берүүдөмүн

Бирок күндөрдүн биринде бир киши келип, жерин сатып алар-албасыбызды сурап калса болобу. Көрсө, ал Кошмо Штаттарга көчкөнү жатыптыр. Биз ишенип-ишене албай туруп калдык. Анан дагы бир кошунабыз жерин сатууну чечиптир; ал башкаларды да өздөрүнүкүн сатууга көндүрүптүр. Атүгүл: «Кытайлар сатпайт»,— деген киши да сатты. Көп өтпөй филиалыбыз кеңейип, мурдагыдан үч эседен ашык жерди ээлеп калды. Мунун баары Жахаба Кудай каалагандыктан болду деп ишенем.

1950-жылы Бейтел үй-бүлөсүнүн эң жаш мүчөсү болчумун. Азыр болсо жубайым экөөбүз эң улуусубуз. Мырзабыздын жолун жолдоп, ал каякка багыттаса, ошол жакка барганыма эч өкүнбөйм. Ата-энем үйдөн кууп чыкса да, Жахаба мени ишенимдештеримден турган чоң үй-бүлөгө ээ кылды. Кызматтын кандай түрүнө дайындалбайлы, Жахабанын зарыл нерсенин баары менен камсыз кыларына кенедей да шектенбейм. Нора экөөбүз камкордугу үчүн Жахабага чексиз ыраазыбыз жана башкаларды да аны сынап көрүүгө үндөйбүз (Мал. 3:10).

Бир жолу Иса Машаяк Леби деп да коюшкан Матай деген салык жыйноочуну: «Менин жолдоочум бол»,— деп чакырган. Ал кандай жооп кайтарган? «Бардыгын таштап, ордунан турган» да, «Исанын артынан жөнөгөн» (Лк. 5:27, 28). Мага да ошондой мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мен башкаларды да ушундай иш-аракет кылып, мол бата алууга чакырам.

Филиппиндеги өсүшкө салым кошуп жатканыма сүйүнөм