Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, «куткарылууңарга... жетүүгө» умтула бергиле!

Жаштар, «куткарылууңарга... жетүүгө» умтула бергиле!

«Дайыма тил алып келгениңердей,.. мындан ары да куткарылууңарга коркуп, титиреп жеткиле» (ФЛП. 2:12).

ЫРЛАР: 133, 135

1. Эмне үчүн чөмүлүү маанилүү кадам болуп эсептелет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖЫЛ сайын миңдегендер чөмүлөт. Көбүн өспүрүмдөр менен ал куракка жете электер түзөт. Алардын айрымдары чындык жолунда чоңоюп-өскөн. Сен да ошондой жаштардын бирисиңби? Анда мактоого татыктуусуң. Чөмүлүү — Кудайдын кызматчысы болгусу келгендерге коюлган талап жана куткарылууга алып бара турган маанилүү кадам (Мт. 28:19, 20; 1 Пет. 3:21).

2. Эмне үчүн Кудайга арналгандан коркпош керек?

2 Чөмүлүү Кудайдан көп бата алууга жол ачса да, анын жоопкерчиликтери да бар. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Чөмүлгөн күнү сен: «Иса Машаяктын курмандыгына ишенгендиктен күнөөлөрүң үчүн өкүнүп, Жахабага анын эркин аткаруу үчүн өзүңдү арнадыңбы?» — деген суроого «ооба» деп жооп бергенсиң. Чөмүлүү менен Кудайга арналганыңды көрсөткөнсүң. Арналганда сен Жахабага аны бүт жүрөгүң менен сүйөрүңдү, эркин аткарууну бардык нерседен жогору коёруңду убада кылгансың. Ушундай олуттуу убада бергениң үчүн өкүнүшүң керекпи? Албетте, жок. Өзүңдү Жахабанын колуна тапшыруу менен эң туура кылгансың. Кудайга кызмат кылбагандар тууралуу ой жүгүртүп көрсөң. Анын мыйзамдарына карманып жашабаган киши Шайтандын бийлиги астында болот. Шайтан куткарылышыңды такыр каалабайт. Эгер анын тарабын ээлеп, Жахабанын эгедерлигине каршы чыгып, түбөлүк өмүргө жетпей калсаң, ал аябай сүйүнөт.

3. Өзүңдү Жахабага арноонун аркасында кандай баталарды алып жатасың?

3 Шайтанды колдобой, Кудайдын арналган жана чөмүлгөн кызматчысы катары кандай баталарды алып жатканың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Өмүрүңдү Жахабанын колуна тапшыргандыктан: «Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм. Пенде мага эмне кыла алат?» — деп мурдагыдан да ишенимдүү түрдө айта аласың (Заб. 118:6). Кудайдын тарабын ээлеп, анын жактыруусуна ээ болуудан өткөн сыймык жок.

ЖЕКЕ ЖООПКЕРЧИЛИК

4, 5. а) Кудайга арналуу кандай мааниде ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги? б) Кудайдын бардык курактагы кызматчылары кандай кыйынчылыктарга кабылат?

4 Сен Кудайдын чөмүлгөн кызматчысы болгондуктан, аны менен болгон мамилең ата-энеңен сага мураска өтчү кайсы бир мүлккө окшош эмес. Алар менен бир үйдө жашасаң да, куткарылыш үчүн өзүң аракет кылышың керек. Муну ар убак эсиңде сактап жүргөнүң эмне үчүн маанилүү? Анткени алдыда кандай кыйынчылыктарга дуушар болоруңду дайыма эле биле бербейсиң. Мисалы, кичинекей кезиңде чөмүлгөн болсоң, чоңойгон сайын жаңы сезимдер чулгап, жаңы кыйынчылыктарга кабылышың мүмкүн. Бир өспүрүм кыз муну мындай деп түшүндүргөн: «Мектепте бирөөнүн туулган күнүндө торт жебей калганы үчүн бала Жахабанын Күбөсү болгонуна өкүнбөйт. Бирок бир нече жылдан кийин жыныстык мамиледе болууга азгырык күчөй баштаганда, ал Жахабанын мыйзамдарына баш ийүү дайыма туура экенине толук ынанышы керек болот».

5 Албетте, жаңы кыйынчылыктарга жаштар эле кабылбайт. Чоңдор деле чөмүлгөндөн кийин күтүлбөгөн жерден ар кандай көйгөйлөргө дуушар болуп, ишеними сыналат. Айталы, үй-бүлөлүк жашоосуна, ден соолугуна же жумушуна байланыштуу кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Жаш курагыбызга карабай, ар бирибиз Жахабага болгон берилгендигибиз сынала турган жагдайларга кабылабыз (Жкп. 1:12—14).

6. а) Жахабага берген убадаң өзгөрүлгүс экени эмнени билдирет? б) Филипиликтер 4:11—13-аяттардан эмнени билүүгө болот?

6 Бардык учурда ишенимдүү бойдон калыш үчүн Жахабага берген убадаңдын өзгөрүлгүс экенин унутпа. Башкача айтканда, сен Ааламдын Эгедерине ага эч нерсеге карабай, атүгүл досторуң же ата-энең кызмат кылбай калса да, кызмат кыла берериңди убада кылгансың (Заб. 27:10). Кандай жагдай болбосун, арналууңа ылайык жашаш үчүн Жахабадан жардам сура. (Оку: Филипиликтер 4:11—13.)

7. «Куткарылууңарга коркуп, титиреп жеткиле»,— деген сөздөр эмнени билдирет?

7 Жахаба сени менен дос болгусу келет. Бирок аны менен дос бойдон калышың жана куткарылышың үчүн күч-аракет жумшашың зарыл. Филипиликтер 2:12де: «Мындан ары да куткарылууңарга коркуп, титиреп жеткиле»,— делет. Бул сөздөр эч нерсеге карабай канткенде Жахаба менен болгон достугуңду сактап, ага ишенимдүү бойдон кала аларың жөнүндө ойлонушуң зарыл экенин көрсөтүп турат. Өзүңө таянба. Кудайга атүгүл узак убакыттан бери кызмат кылып келаткандар да түз жолдон чыгып кеткен учурлар болгон. Анда куткарылуу үчүн эмнелерди кылышың керек?

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕ

8. Өздүк изилдөө өз ичине эмнелерди камтыйт жана ал эмне үчүн маанилүү?

8 Жахаба менен дос болуу үчүн эки нерсе: угуу жана сүйлөө зарыл. Жахабаны угуунун негизги жолу — Ыйык Китепти өз алдынча изилдөө. Бул Кудайдын Сөзүн жана ага негизделген адабияттарды окуп-изилдеп, ой жүгүртүүнү камтыйт. Бирок Ыйык Китепти изилдөө жөн эле билим алып коюу эмес экенин унутпа. Ал мектептеги сынактан өтүш үчүн маалыматты жаттап алууга окшош эмес. Аны жаңы нерселерди изилдеп билүүгө жол ачкан кызыктуу саякатка салыштырууга болот. Изилдөө жүргүзүүнүн аркасында Жахаба жөнүндө жаңы нерселерди билесиң. Бул ага жакындаганга жардам берет. Натыйжада ал да сага жакындайт (Жкп. 4:8).

Жахаба менен канчалык көп сүйлөшөсүң? (8—11-абзацтарды кара)

9. Өздүк изилдөө жүргүзүүгө кайсы куралдар жардам берет?

9 Жахабанын уюму сага натыйжалуу изилдөө жүргүзүүгө көмөк кылуу үчүн көптөгөн куралдарды берип келет. Мисалы, jw.org сайтындагы «Өспүрүмдөр» деген бөлүктө «Ыйык Китепти изилдөө үчүн тапшырмалар» бар. Алар Ыйык Китептеги окуялардан пайдалуу нерселерге үйрөнүүгө шарт түзөт. Сайттагы «Изилдөөгө жардам» деген бөлүкчөдөгү «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген рубрика Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга бекем ишенүүгө көмөк кылат. Ошондой эле аны колдонуунун аркасында ишенген нерселериңди башкаларга түшүндүрүп берүүгө үйрөнөсүң. «Ойгонгула!» журналынын 2009-жылдын апрелиндеги санынын (ор.) «Жаштардын суроолору» рубрикасына «Канткенде Ыйык Китепти окуу кызыктуу болот?» деген макала чыккан. Анда изилдөө жүргүзүүгө байланыштуу дагы башка кеңештер бар. Изилдөө жана ой жүгүртүү куткарылышың үчүн абдан маанилүү. (Оку: Забур 119:105.)

ТИЛЕН

10. Кудайдын кызматчысы эмне үчүн тилениши керек?

10 Өздүк изилдөө жүргүзгөндө Жахабаны уккан болсок, тиленгенде ага сүйлөгөн болобуз. Кудайдын кызматчысы тиленүүнү эч кандай маани-маңызы жок адат катары же кайсы бир иште ийгиликке жеткире турган касиеттүү нерсе катары көрбөшү керек. Тиленүү — бул Жараткан менен пикирлешүү. Кудай сенин айткандарыңды уккусу келет. (Оку: Филипиликтер 4:6.) Кайсы бир нерсеге тынчсызданганыңда Ыйык Китептеги: «Жүгүңдү Жахабага арт»,— деген даанышман кеңешке ылайык иш кыл (Заб. 55:22). Ал кеңештин тууралыгына ишенесиңби? Анын чындап эле жардам берерин миллиондогон бир туугандарыбыз ырастай алышат. Ал кеңеш сага да жардам берет!

11. Эмне үчүн Жахабага дайыма ыраазычылык билдиришибиз керек?

11 Тиленгенде Жахабадан жардам сурап эле койбошубуз керек. Ыйык Китепте: «Дайыма ыраазы болгула»,— делет (Кол. 3:15). Кээде кыйынчылыктарга эле көңүл топтоп алгандыктан алып жаткан көптөгөн баталарыбызды көрбөй калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан күн сайын, жок эле дегенде, үч жакшы нерсе жөнүндө ой жүгүрт. Анан тиленгенде Жахабага ошол баталары үчүн ыраазычылык билдир. 12 жашында чөмүлгөн Абигейил деген өспүрүм кыз мындай дейт: «Ыраазычылык билдиришибизге аалам боюнча Жахаба баарынан көбүрөөк татыктуу. Ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, берген белектери үчүн ага рахмат айтышыбыз керек. Бир жолу мындай сонун ой уккам: бүгүн Жахабага кайсы нерселер үчүн ыраазычылык билдирсең, эртең менен турганда ошолор гана кала турган болсо, эмнелериң калат эле?» *

ТАЖРЫЙБАНЫН БААЛУУЛУГУ

12, 13. Жахабанын жакшы экенин кандай жолдор менен татып көрүүдөсүң жана бул жөнүндө ой жүгүрткөнүң эмне үчүн маанилүү?

12 Жахабанын күчү менен далай азап-тозокко чыдаган Дөөтү падыша: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер»,— деп ырдаган (Заб. 34:8). Бул сөздөр кайсы бир нерсеге өз тажрыйбаңан ынануу баалуу экенин көрсөтүп турат. Ыйык Китепти, адабияттарды окуганда жана жыйналыш жолугушууларына барганда Кудайдын башкаларга ишенимин сактаганга кантип жардам бергенин билип, аябай бекемделериң шексиз. Бирок рухий жактан өскөн сайын Жахабанын сени кантип коргоп-колдоп келатканын сезип-билгенге аракет кыл. Анда Жахабанын жакшы экенин кантип татып көрсөң болот?

13 Кудайдын бардык кызматчылары анын жакшы экенин бир жол менен татып көрүшкөн. Башкача айтканда, Кудай аларды өзүнө жана Уулуна жакындоого чакырган. Иса пайгамбар: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген (Жкн. 6:44). Бул сөздөр сага да тиешелүүбү? Айрым жаштар: «Жахаба ата-энемди жакындаткан. Мен болсо жөн эле алардын артынан ээрчип жүрөм»,— деп ойлошу мүмкүн. Бирок өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөндө аны менен өзгөчө мамиледе боло баштагансың. Азыр ал сени жакшы билет. Ыйык Китепте: «Ким Кудайды сүйсө, Кудай аны билет»,— деп жазылган (1 Кор. 8:3). Андыктан Жахабанын уюмундагы ордуңду дайыма баалаганга аракет кыл.

14, 15. Кабар айтуу кандайча ишенимиңди бекемдейт?

14 Жахабанын жакшы экенин татып көрүүнүн дагы бир жолу — кабар айтканда анын колдоосун сезүү. Анын колдоп жатканын кызматта жүргөндө, анын ичинде мектепте кабар айтканда сезесиң. Айрымдарга мектептен классташтарына кабар айтуу кыйынга турат. Балким, сен мунун себебин жакшы билеттирсиң. Алар айткандарыңды кандай кабыл аларын алдын ала биле албайсың. Сага классташтарың менен өз-өзүнчө эмес, баары чогулуп турганда сүйлөшүү өзгөчө кыйын болушу ыктымал. Андайда эмне кылсаң болот?

15 Эң алды, Ыйык Китепте жазылгандарга эмне үчүн бекем ишенериң тууралуу ойлон. jw.org сайтындагы изилдөөгө жардам берген куралдар сенин тилиңде да барбы? Билбей жатсаң, убакыт бөлүп, карап көр. Андагы макалалар ишенген нерселериң жөнүндө ой жүгүртүүгө, аларга эмне үчүн ишенериңди аныктаганга жана аларды башкаларга түшүндүрүп берүүгө жардам берет. Эгер ишенимиңди бекемдеп, жакшы даярдансаң, Жахабанын ысымын жарыялоого түрткү аласың (Жер. 20:8, 9).

16. Кабар айткандан тартынбаганга эмне жардам берет?

16 Кээде даярдансаң деле кабар айткандан тартынышың мүмкүн. 13 жашында чөмүлгөн 18 жаштагы бир кыз: «Мен эмнеге ишенеримди жакшы билем, бирок айрым учурларда оюмду жеткире албай кыйнала берем»,— дейт. Ага эмне жардам берет? Ал өзүн эркин кармап, адатта кандай сүйлөсө, ошондой сүйлөгөнгө аракет кылат. Ал мындай деп кошумчалайт: «Классташтарым өздөрү кылган нерселер жөнүндө бири-бирине эркин эле айта беришет. Мен да ошентишим керек деп ойлодум. Ошондуктан болуп өткөн кайсы бир нерсе жөнүндө сөз баштайм. Мисалы: „Баягы күнү бирөөгө Ыйык Китеп жөнүндө айтып берип жатсам...“ — дейм да, анан эмне болгонун айтып берем. Сөз Ыйык Китептин өзү жөнүндө болбосо да, көбүнчө алар аны окутуп жатканда эмне кыларыма кызыгышат. Кээде ага байланыштуу суроолорду беришет. Бул ыкманы канчалык көп колдонгон сайын, ошончолук оңоюраак болууда. Кабар айткандан кийин дайыма сүйүнүп калам».

17. Ишенген нерселериңе болгон көз карашың кабар айтышыңа кандай таасир этет?

17 Башкаларды урматтап-сыйлап, чын дилден кызыгуу көрсөтсөң, алар сени кунт коюп угушу мүмкүн. «Ыйык Китеп жөнүндө айтсам, башкалар мени фанат деп ойлоп калат деп корко берчүмүн»,— дейт кичинекей кезинде чөмүлгөн 17 жаштагы Оливия. Кийин ал оюн өзгөртүп, көп коркпой калган. Ал мындай деп ой жүгүрткөн: «Жаштардын көбү Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эчтеке билбейт. Алар бизден башка Жахабанын Күбөлөрүн тааныбайт. Ошондуктан алардын кандай жооп кайтарары биздин иш-аракетибизге жараша болот. Эгер ишенген нерселерибиз жөнүндө айткандан кысынып-тартынсак, ыңгайсыздансак же корксок, кандай болот? Аларга Кудайдын кызматчысы экенибизге сыймыктанбай тургандай көрүнүп калышыбыз мүмкүн. Өзүбүздү ишенимсиз сезип жатканыбызды көрүп, атүгүл айткандарыбызды укпай коюшу ыктымал. Ал эми ишенген нерселерибиз жөнүндө айтып берип жатканда кадимкидей эле ээн-эркин, ишенимдүү сүйлөсөк, алар бизди көбүрөөк сыйлап калышы мүмкүн».

КУТКАРЫЛУУ ҮЧҮН АРАКЕТ КЫЛА БЕР

18. Куткарылыш үчүн эмнелерди кылышың керек?

18 Бул макалада талкуулаганыбыздай, куткарылууга жетүү үчүн иш-аракет кылуу — олуттуу жоопкерчилик. Андай иш-аракеттерге Кудайдын Сөзүн окуу, ой жүгүртүү, Жахабадан тиленүү жана анын жеке сага кандай баталарды берип жатканы жөнүндө ой жүгүртүү кирет. Аларды кылуунун аркасында Жахаба менен болгон достугуң ого бетер чыңдалат. Бул ишенген нерселериң жөнүндө башкаларга айтууга түрткү берет. (Оку: Забур 73:28.)

19. Куткарылыш үчүн күч-аракет жумшоо эмне себептен арзырлык?

19 Иса Машаяк: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун»,— деген (Мт. 16:24). Анын жолдоочусу болуу үчүн Кудайга арналуу жана чөмүлүү талап. Мунун аркасында азыртадан эле көптөгөн баталарды алабыз, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болобуз. Демек, сенде куткарылыш үчүн күч-аракет жумшоого көп себептер бар!

^ 11-абз. Буга байланыштуу көбүрөөк билиш үчүн jw.org сайтындагы «Жаштардын суроолору. Эмне үчүн тиленишим керек?» деген макаланы жана анын иштөө барагын кара.