Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Жер которгон ата-энелер балдарына рухий жактан жардам берүүдө эмне үчүн тилди да эске алышы керек?

Балдар жергиликтүү тилди мектептен, тегерегиндегилерден үйрөнүшү мүмкүн. Алардын башка тилди билгени жакшы. Баласы жергиликтүү тилдеги жыйналышка барганда чындыкты терең түшүнүп, рухий жактан ийгилик кылабы же өздөрүнүн тилиндеги жыйналышка баргандабы? Ата-эне ушуну эске алышы жана анын рухий жыргалчылыгын өз кызыкчылыктарынан жогору коюшу керек (w17.05, 9—11-б.).

Иса Петирден: «Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп сураган. Ал «буларга» деп эмнени айткан? (Жкн. 21:15).

Иса, кыязы, жакын жерде жаткан балыктарды жана/же балык уулоо ишин айткан. Мырзасы өлгөндөн кийин, Петир кайрадан балык уулоо менен алектенип кеткен. Кудайдын кызматчысы жумушу жүрөгүн ээлеп алган-албаганын текшерип турушу керек (w17.05, 22, 23-б.).

Ыбрайым эмне үчүн аялынан: «Карындашымын деп койчу»,— деп суранган? (Башт. 12:10—13).

Саара чындап эле анын аталаш карындашы болгон. Эгер ал аялымын десе, Ыбрайым өмүрүнөн айрылып калышы мүмкүн эле. Анда Кудай ага убада кылган тукум чыкпай калмак (wp17.3, 14, 15-б.).

Еврей тилин үйрөнгүсү келгендерге жардам бериш үчүн Элиас Гуттер кандай ыкманы ойлоп тапкан?

Ал студенттерге Ыйык Китептеги еврей сөздөрүнүн уңгусу менен алардын алдына же артына жалгануучу мүчөлөрдү айырмалап билгенге жардам бергиси келген. Ан үчүн уңгу сөздөрдү кара арип менен, ал эми мүчөлөрдү кадимки арип менен басып чыгарган. Англис тилиндеги «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу (шилтемелери менен)» деген басылыштагы шилтемелерде да ушул сыяктуу ыкма колдонулган (wp17.4, 11, 12-б.).

Коргонуу үчүн ок атуучу куралды үйдө сактоого же алып жүрүүгө байланыштуу эмнени эске алуу керек?

Эске алчу айрым нерселер: Кудай өмүрдү ыйык деп эсептейт. Ошондой эле Иса шакирттерине кылычты коргонуу үчүн алышы керектигин айткан эмес (Лк. 22:36, 38). Биз кылычыбыздан соконун тишин жасашыбыз керек. Өмүр материалдык нерселерден алда канча баалуу. Биз башкалардын абийирин сыйлайбыз жана үлгүлүү болгубуз келет (2 Кор. 4:2) (w17.07, 31, 32-б.).

Матай менен Луканын Исанын жашоосунун алгачкы жылдары жөнүндө жазгандары эмне үчүн айырмаланат?

Матай Жусупка байланышкан нерселерге басым жасаган. Алсак, анын Мариямдын боюна бүткөндө, Кудай Мисирге качышы керектигин жана кийин кайра кайтып келиши керектигин эскерткенде эмне кылганын жазган. Лука болсо Мариямга, мисалы, анын Элизабеттикине барганына, кичинекей Иса ибадатканада калып калганда эмне кылганына көбүрөөк көңүл бурган (w17.08, 32-б.).

Ыйык Китеп кандай тоскоолдуктарга карабай сакталып калган?

Ыйык Китептеги айрым сөздөр, сөз айкаштары бара-бара башка маанини туюнтуп калган. Саясий өзгөрүүлөр жалпы эл сүйлөгөн орток тилге таасир эткен. Ыйык Китептин карапайым эл сүйлөгөн тилге которулушуна каршылыктар көрсөтүлгөн (w17.09, 19—21-б.).

Колдоочу периштебиз барбы?

Жок. Иса шакирттеринин периштелери Кудайдын жүзүн көрүп турарын айткан (Мт. 18:10). Муну менен периштелер алардын ар бирин кереметтүү түрдө коргоорун эмес, аларга кызыгуу менен көз салып турарын айткан (wp17.5, 5-б.).

Сүйүүнүн эң жогорку түрү кайсы?

Туура принциптерге негизделген агапи сүйүүсү. Ал өз ичине назик, ынак сезимдерди камтыса да, негизинен, башкалардын жыргалчылыгы үчүн чын ниеттен жасалган иш-аракеттерден көрүнөт (w17.10, 7-б.).