Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Адил адам Жахабанын иштерине кубанат»

«Адил адам Жахабанын иштерине кубанат»

ДИАНА деген ишенимдешибиз 80ден ашып калды. Күйөөсү Альцгеймер оорусуна чалдыгып, бейтаптар үйүндө бир канча жыл жаткандан кийин көз жумган. Андан сырткары, Диана бир тууган эки уулунан ажыраган. Өзү болсо эмчек рагына кабылган. Бирок ушунун баарына карабай жыйналышындагылар анын, Падышалык залында болобу же кызматтабы, дайыма кубанычтуу жүргөнүн көрүшөт.

Жон бир тууган 43 жылдан ашуун кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган. Ал бул кызматты жакшы көрчү, өзүн ансыз элестете алчу эмес. Өкүнүчтүүсү, жакындарынын бири катуу ооруп калып, ага кам көрүш үчүн кыдыруучулук ишин токтотууга туура келген. Учурда ал жергиликтүү жыйналышта кызмат кылууда. Мурун-кийин билгендер аны менен жыйындардан жолугуп калганда дагы деле жадырап-жайнап жүргөнүн айтышат. Ооба, Жон бир туугандын жүзүнөн азыр да кубанычтын нуру чачырап турат.

Бул эки ишенимдешибизге кубанычын жоготпогонго эмне жардам берүүдө? Көп азап көргөндөр жана жан дүйнөсү жабыркагандар да кубанычтуу жүрө алышабы? Аябай жогору баалаган кызматын токтоткондор кубанычын кантип сактай алышат? Бул суроолордун жообу Ыйык Китептеги: «Адил адам Жахабанын иштерине кубанат»,— деген сөздөрдө камтылган (Заб. 64:10). Муну тереңирээк түшүнүүгө жүрөгүбүздө кубаныч өкүм сүрүшү үчүн эмне зарыл, эмне зарыл эмес экенин жакшылап билип алуу жардам берет.

УБАКТЫЛУУ КУБАНЫЧ

Айрым нерселер дээрлик дайыма кубаныч тартууларына баарыбыз эле кошулабыз. Мисалы, сүйүшүп жүрүп баш кошкон жубайлар же чүрпөлүү болгон ата-эне, же кызматта кайсы бир сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгон бир тууган жөнүндө ойлонуп көрсөң. Мындай нерселер кубаныч тартуулары шексиз. Алар Жахабанын белеги болуп эсептелет. Себеби Жахаба нике түзүлүшүн негиздеген, адамдарга тукум улоо жөндөмүн берген жана кызматчыларына жыйналыштан сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалоого мүмкүнчүлүк берип келет (Башт. 2:18, 22; Заб. 127:3; 1 Тим. 3:1).

Тилекке каршы, кээде кубанычыбыз көпкө созулбай калат. Маселен, жубайлардын бири жарына ишенимсиздик кылышы же каза болуп калышы мүмкүн (Жез. 24:18; Ош. 3:1). Кээ бир балдар кийин ата-энесине да, Кудайга да баш ийбей калат, атүгүл жыйналыштан чыгарылып калат. Айталы, Шемуел пайгамбардын уулдары Жахабага жаккандай кызмат кылышкан эмес. Ал эми Дөөтү падыша олуттуу күнөө кетиргендиктен, үй-бүлөсүндө көп көйгөйлөр болгон (1 Шем. 8:1—3; 2 Шем. 12:11). Мындай нерселер кубаныч эмей эле, кайгы-капа, кыйынчылык алып келет.

Ошондой эле ден соолугу начарлагандыктан, үй-бүлөсүндөгү милдеттерден же уюмдагы кайсы бир өзгөрүүлөрдөн улам айрым бир туугандарыбыз аркалап келаткан кызматын токтотушу ыктымал. Андай ишенимдештерибиздин көбү ошол кызматынан зор канааттануу алышканын, ошол күндөрүн сагынарын айтышат.

Мындан көрүнүп тургандай, ушу сыяктуу нерселерден алган кубанычыбыз кээде убактылуу болушу мүмкүн. Анда жагдай-шартыбыз өзгөргөндөн кийин да өчпөй турган кубаныч барбы? Ооба. Шемуел менен Дөөтү пайгамбар жана башкалар кыйынчылык учурунда да кубанычын жоготушкан эмес.

ТУРУКТУУ КУБАНЫЧ

Иса Машаяк кубаныч деген эмне экенин жакшы билген. Жерге келгенге чейин ал асманда эң сонун чөйрөдө жашап, Жахабанын «алдында ар дайым кубанып турган» (Накыл 8:30). Ал эми жерде жүргөндө чоң кыйынчылыктарга кабылган учурлары болгон. Ошого карабай ал Атасынын эркин аткаруудан кубаныч ала берген (Жкн. 4:34). Анын жердеги өмүрүнүн акыркы азаптуу сааттары жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепте: «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп,.. жаза устунунда өлгөн»,— делет (Евр. 12:2). Андыктан Исанын чыныгы кубаныч тартуулаган эки нерсе жөнүндө айткандарын карап чыкканыбыз маанилүү.

Бир жолу 70 шакирти кабар айтып, кайра Исага кайтып келишкен. Алар кереметтерди жасап, атүгүл жиндерди кууп чыгышкандыктан кубанычы койнуна батпай сүйүнүп келишкен. Ошондо Иса аларга: «Жиндердин баш ийип жатканына эмес, ысмыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— деген (Лк. 10:1—9, 17, 20). Ооба, кайсы бир өзгөчө сыймыкка ээ болууга караганда Жахабанын жактыруусуна ээ болуу алда канча маанилүү. Ошентип, Иса эмне көбүрөөк кубаныч тартууларын ишенимдүү элчилеринин эсине салган.

Дагы бир жолкусунда Иса пайгамбар калың элге сөз сүйлөп жаткан. Бир убакта жүйүт улутунан болгон бир аял ушундай мыкты устатты төрөгөн эне канчалык бактылуу экенин айткан. Бирок Иса анын оюн тууралап: «Жок, Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деген (Лк. 11:27, 28). Албетте, баласынын жакшы чыгып, эл оозуна алынганы ата-энеге тоодой бакыт тартуулайт. Бирок Жахабага баш ийип, аны менен ынак мамиледе болуу андан алда канча ашып түшөт.

Чынында эле, Жахабага жагарыбызды билүү жүрөгүбүздү терең кубанычка бөлөйт. Кыйынчылыктардын өзү жагымсыз болсо да, кубанычыбызды эч качан жок кыла албайт. Тескерисинче, кыйынчылык учурунда кынтыксыздыгыбыздан жазбай, ишенимдүү бойдон калсак, кубанычыбыз ого бетер артат (Рим. 5:3—5). Андан сырткары, Жахаба ага таянгандарга ыйык рухун берет. Кубаныч болсо ыйык рухтун жемишине кирет (Гал. 5:22). Бул Забур 64:10до: «Адил адам Жахабанын иштерине кубанат»,— деп эмне үчүн айтылганын түшүнүүгө жардам берет.

Жон бир тууганга кубанычын жоготпогонго эмне жардам берип келет?

Ошондой эле бул жогоруда сөз кылынган Диана менен Жон бир туугандардын оор жагдайларга карабай кубанычын кантип сактап калышканын түшүнүүгө да көмөк кылат. Диана бир тууган: «Кичинекей бала ата-энесинен коргоо издегендей, мен Жахабаны баш маана кылып келем»,— дейт. Ал Кудайдын колдоп жатканын эмнеден улам сезет? «Кудайдын мага кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз жана кубаныч менен катышууга көмөк кылып, батасын берип жатканын сезем»,— дейт ал. Жон бир тууганга кыдыруучулук ишин токтоткондон кийин да кубанычын жоготпой, кызматка жигердүү катышууга эмне жардам берүүдө? Ал: «1998-жылы Кызматка окутуу мектебинде сабак берүүгө дайындалгандан бери өздүк изилдөөмө мурдагыдан да көбүрөөк убакыт бөлө баштадым»,— дейт. Ошондой эле аялы экөө тең дайыма, Жахаба кандай иш тапшырбасын, ошол ишти аткарууга даяр болушкандыктан, аларга өзгөрүүнү кабыл алуу оңоюраак болгон. Алар Жахабага ошондой маанай менен кызмат кылышканына эч качан өкүнүшпөйт.

Забур 64:10догу сөздөрдүн калетсиз экенине дагы башка көптөгөн ишенимдештерибиз өз тажрыйбасынан ынанууда. Мисалга Кошмо Штаттардагы Бейтелде 30 жылдан ашуун кызмат кылгандан кийин атайын пионер болуп дайындалган бир жубайларды алалы. «Жакшы көргөн нерсеңден айрылганда кайгырганың — табигый эле нерсе. Бирок түбөлүккө эле кайгыра бербейсиң да»,— деп бөлүшөт алар. Ал жубайлар жаңы дайындоосуна барары менен эле жыйналышындагылар менен кызматташа башташкан. Алар мындай деп кошумчалайт: «Айрым нерселер жөнүндө айкын-так тилендик. Анан ошол тиленүүлөрүбүзгө жооп алганыбызда абдан кубанып, бекемделип калдык. Биз келгенден көп өтпөй, жыйналыштагы кээ бир жарчылар пионердик кызматты башташты. Эки ыйык китептик изилдөө таптык; экөө тең жемиштүү болууда».

ТҮБӨЛҮККӨ СОЗУЛГАН КУБАНЫЧ

Албетте, кубанычты сактоо дайыма эле оңойго тура бербейт. Кээде кайгыга баткан күндөрүбүз болот. Анткен менен Жахаба Забур 64:10догу сөздөр аркылуу бизди жубатып-бекемдөөдө. Ырас, көңүлүбүзгө көлөкө түшкөн учурларда да биз эч нерсеге карабай ишенимдүү бойдон калган «адил адамдардын» «Жахабанын иштерине кубанарына» толук ишене алабыз. Андан сырткары, Кудайдын «жаңы асман менен жаңы жер» жөнүндөгү убадасы аткарыла турган убакты көрүүгө үмүттөнө алабыз. Ал кезде жеткилеңсиздиктен толугу менен арылып, Кудай «жаратып жаткан нерселерди көрүп, шаттанабыз», «түбөлүк кубанабыз» (Ыш. 65:17, 18).

Элестетсең, ден соолугубуз чың болот, ар бир күндү жаңы күч менен баштайбыз. Азыркы заманда башыбыздан кандай кыйынчылык кечирбейли, көкүрөктөгү жараатыбыз канчалык терең болбосун, алардын баары өткөндүн ишине айланат. Жахаба бизди: «Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деп ынандырууда. Өлгөндөр тирилгенде, көзү өтүп кеткен сүйүктүү жакындарыбызды тосуп алабыз. Ошол убакта сан жеткис адамдар, Иса тирилткен 12 жашар кыздын ата-энесине окшоп, «абдан кубанышат» (Мр. 5:42). Акыр-аягы, жер бетинде жашагандардын баары толук мааниде «адил адам» болуп, түбөлүккө «Жахабанын иштерине кубанат».