Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

«Жахаба... жакшылык кылды»

«Жахаба... жакшылык кылды»

АЯЛЫМ Даниэла экөөбүз жаңы эле бир мейманканага барып, катталганыбызда, кабылдамада иштеген аял мага: «Кечиресиз, чек ара полициясына чалып коёсузбу»,— деп калды. Батыш Африка өлкөлөрүнө кирген, 1970-жылдары ишибизге тыюу салынган Габонго келгенибизге бир нече эле саат болгон.

Дээринен зээндүү Даниэла кулагыма: «Полицияга чалбай эле кой, алар биякка келип калышыптыр»,— деп шыбырай калды. Көрсө, арт жагыбызга, мейманкананын оозуна, бир машине келип токтоп калыптыр. Бир нече мүнөт өтүп-өтпөй бизди кармап кетишти. Бирок Даниэла аларды шак байкай койгондуктан, айрым документтерди башка бир тууганга бергенге жетишип калдым.

Полиция бөлүмүн көздөй баратканыбызда ушундай эр жүрөк, рухий жактан жетилген аялым бар экенине ичимен абдан сүйүнүп бараттым. Даниэла экөөбүз далай жолу ушинтип эриш-аркак кызматташтык. Бул ошол учурлардын бири гана болчу. Анда кабар айтуу ишибизге тыюу салынган өлкөлөргө эмнеден улам барып калганыбызды айтып берейин.

ЖАХАБА КӨКҮРӨГҮМДҮ АЧТЫ

Мен 1930-жылы Франциянын түндүгүндөгү Круа деген чакан шаарчада католик динине бек карманган үй-бүлөдө төрөлгөм. Биз жума сайын үй-бүлөбүз менен Мессага (чиркөөдөгү негизги каада-салтка) катышып турар элек. Атам болсо чиркөөнүн иштерин жан-дили менен аткарчу. Бирок 14 жаштарымда бир окуядан улам чиркөөдөгү дин кызматчылардын эки жүздүү экенине көзүм жетти.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Францияны немистер басып алышты. Чиркөөдөн сөз сүйлөп чыкканда дин кызматчыбыз нацисттердин тарабын жактаган Виши өкмөтүн (Франция) колдоого дайыма үндөй турган. Анын сөздөрүн укканда төбө чачыбыз тик турчу. Франциядагы көптөгөн адамдардай эле, биз «Би-би-си» радиосунан Гитлерге каршы согушкан өлкөлөр тарабынан берилген жаңылыктарды жашыруун угуп турчубуз. 1944-жылы сентябрь айында баягы дин кызматчы Гитлерге каршы согушкан өлкөлөр тарапка ооп кетип, алардын ийгилигин белгилөө үчүн чиркөөдө ыраазычылык каадасын уюштурган. Анын эки жүздүүлүгүнө ушунчалык таң калып, дин кызматчылардан иренжип калгам.

Согуш бүткөндөн көп узабай атам өтүп кетти. Улуу эжем Симона болсо турмушка чыгып, Бельгияда жашап жаткан. Ошон үчүн апама мен кам көрүшүм керек болду. Ошентип, кездеме токуучу ишканага жумушка орноштум. Ишкананын жетекчиси менен анын уулу католик динин бек тутушчу. Ал жакта иштей берсем, бутума туруп, чоң ийгиликке жетмекмин. Бирок ошол убакта олуттуу чечим чыгарууга туура келди.

Жахабанын Күбөсү болгон улуу эжем 1953-жылы ал-жайыбызды билиш үчүн үйгө келип калды. Ал өзүнүн Ыйык Китебин чебер колдонуп, католик чиркөөсүнүн тозок оту, Үчилтик, жандын өлбөстүгү деген окууларынын жалган экенин далилдеп берди. Башында католик Ыйык Китебин колдонбогонуна нааразы болуп жаткам, бирок көп өтпөй эле анын айткандары чындык экенине ынандым. Кийинчерээк ал мага «Күзөт мунарасынын» эски сандарын алып келип берди. Мен аларды кечкисин баш көтөрбөй окуп жаттым. Анан бул жолдун чындык экенине бат эле көзүм жетти. Бирок Жахабанын тарабын ээлесем, жумушуман айрылып каламбы деп да коркуп жаттым.

Ошентип, бир нече ай бою Ыйык Китеп менен «Күзөт мунарасындагы» макалаларды өз алдынча окуп жүрдүм. Акыры, Падышалык залына барайын деп чечтим. Ал жакка барганда жыйналыштагылардын жылуу мамилеси жүрөгүмдү козгобой койгон жок. Ыйык Китепти тажрыйбалуу бир тууган менен алты ай изилдегенден кийин 1954-жылы сентябрда чөмүлдүм. Ошондон көп өтпөй апам менен карындашым да Жахабанын Күбөсү болуп, төбөм көккө жете сүйүндүм.

ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТ КЫЛУУДА ЖАХАБАГА ТАЯНЫШЫБЫЗ

1958-жылы Нью-Йоркто өткөрүлгөн эл аралык жыйынга катыштым. Өкүнүчтүүсү, ал жыйынга бир нече жума калганда апам каза болуп калды. Үй-бүлөдөгү милдеттеримен бошоп калгандыктан, жумушумду таштап, пионердик кызматка кириштим. Ал ортодо пионер болуп ынталуу кызмат кылган Даниэла Делие деген кыз менен сүйлөшүп, экөөбүз баш кошолу деп чечтик. 1959-жылдын май айында ал менин сүйүктүү өмүрлүк жарым болду.

Даниэла үйүнөн бир топ алыс жайгашкан Бретань деген аймакта толук убакыт кызмат кыла баштаган экен. Католик дини күч алган ал жерде кызмат кылып, айыл-кыштактарды велосипед менен кыдырыш үчүн андан эр жүрөк болуу талап кылынган. Бирок ал да, мендей болуп, кабар айтуунун шашылыш иш экенин терең түшүнчү. Экөөбүз тең дүйнөнүн акырына абдан аз калганына бекем ишенчүбүз (Мт. 25:13). Анын жан аябастыгы бизге толук убакыт кызматты туруктуулук менен аткара берүүгө жардам берди.

Үйлөнгөнүбүздөн бир нече күн өткөндөн кийин эле кыдыруучулук ишке дайындалдык. Жөнөкөй жашоого бат эле көнүп кеттик. Биз эң алгач 14 жарчыдан турган жыйналышка бардык. Бир туугандардын колунда жок болгондуктан эч кимиси бизди үйүнө конокко ала алган жок. Ошол себептен түнкүсүн Падышалык залынын секичесинде уктаганга туура келди. Бул ыңгайсыз болсо да, белибизге бир топ эле пайдалуу болду!

Чакан машинебиз менен жыйналыштарды кыдырчубуз

Иш чачтан көп болгонуна карабай Даниэла кыдыруучулук кызматка бат эле ылайыкташып кетти. Көп учурда күтүүсүздөн аксакалдардын жолугушуусун өткөрүүгө туура келип калчу. Ошондо Даниэла чакан унаабызда мени күтүп отурчу, эч качан кабак-кашым дечү эмес. Биз кыдыруучулук ишти эки жылдай эле аркаладык. Ал убакыт аралыгында экөөбүз жубайлардын бири-бири менен ачык сүйлөшүп турганы жана баарын биргелешип кылганы канчалык маанилүү экенин түшүндүк (Нас. 4:9).

КЫЗМАТТЫН ЖАҢЫ ТҮРҮНӨ ДАЙЫНДАЛЫШЫБЫЗ

1962-жылы Бруклиндеги (Нью-Йорк) 10 айга созулган Гилат мектебинин 37-классына чакырылып калдык. 100 студенттин арасында 13 түгөй окудук. Ошондуктан экөөбүз бирге окуганга мүмкүнчүлүк болгонуна аябай сүйүндүк. Ал жактан Фредерик Френц, Юлиссис Гласс жана Александр Макмиллан сыяктуу чындыктын тиректери менен пикир алышкан күндөрүбүздү дагы деле жылуу сезим менен эскерем.

Гилат мектебинде чогуу окуганыбызга сүйүнгөнбүз

Гилат мектебинде окуп жүргөндө айлана-тегерегибизге кылдат байкоо салууга үйрөнүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип турчу. Ошондуктан окутуу программасында айрым ишемби күндөрү түштөн кийин, сабак бүткөн соң, Нью-Йорктун кооз жерлерин көрүү камтылган. Анан көргөндөрүбүздү дүйшөмбү күнү жазып тапшырчубуз. Ишемби күнү кечкисин адатта бутубузду тарта албай келчүбүз. Ошого карабай бизди кыдыртып келген бейтелдик бир тууган сынакка даярдаш үчүн көргөндөрүбүздүн орчундуу жерлерин эстеп калууга жардам бере турган суроолорду берчү. Бир жолу түштөн кийин кечке чейин шаар кыдырып жүрдүк. Асман телолоруна байкоо жүргүзүү үчүн курулган илимий мекемеге барып, метеорлор менен метеориттерди көрдүк. Ал эми Америка табият таржымалы музейинен аллигатор менен крокодилдин айырмасын билдик. Бейтелге келгенибизде, бизге шаар көрсөткөн бир тууган: «Метеор менен метеориттин айырмасы кандай экен?» — деп сурады. Ошондо ырп этерге алы келбей калган Даниэла: «Метеориттин тиши узунураак экен»,— деп айтса болобу.

Африкадагы ишенимдүү бир туугандарыбызды кыдырганды аябай жакшы көрчүбүз

Экөөбүз Франциядагы филиалга дайындалганда аябай таң калдык. Бул жакта чогуу 53 жыл кызмат кылдык. 1976-жылы филиалдын комитетинин координатору болуп дайындалдым. Ошондой эле бизге Африкадагы жана Ортоңку Чыгыштагы кабар айтуу ишибизге тыюу салынган же чектөөлөр коюлган өлкөлөрдү кыдыруу иши тапшырылды. Ошентип, Габонго барып, сөзүмдүн башында айткан жагдайга туш болуп калганбыз. Ачыгын айтканда, ушул сыяктуу күтпөгөн жерден алган тапшырмаларды аткара аларыма дайыма эле көзүм жете берчү эмес. Бирок Даниэла, кандай тапшырма албайлы, алардын баарын аркалап кеткенге көмөк кылып турчу.

«Кудайдын адилеттүүлүгү» деген жыйында Теодор Ярачтын баяндамасын которуп бергем, Париж, 1988-жыл

ООР СЫНООГО ТУШ БОЛУШУБУЗ

Биз башынан эле Бейтелдеги жашоону жакшы көрүп калдык. Даниэла Гилат мектебинде окуурдун алдында беш ай англис тилин үйрөнгөн болчу. Ошондуктан ал мыкты котормочу болуп, биздин адабияттарды которууга салымын кошо алды. Биз Бейтелдеги ишибизди аткаруудан ыракат алчубуз. Бирок жыйналыштын иштерине толук кандуу катышканыбыз кубанычыбызга кубаныч кошо турган. Даниэла экөөбүз бир нече ыйык китептик изилдөө өткөргөндөн кийин түндө Париждин метросу менен үйгө суй жыгыла чарчап, бирок кубанычыбыз ашып-ташып келчүбүз. Ошол учурларды эстегенде жүрөгүм кадимкидей жылый түшөт. Тилекке каршы, Даниэланын ден соолугу күтүлбөгөн жерден начарлай баштады. Ошондуктан көп иштерди мурдагыдай жигердүү аткара албай калды.

1993-жылы анын эмчек рагы менен ооруй турганы аныкталды. Ал операция болду, күчөтүлгөн химиотерапия алды. Ошондон улам бир топ азап тартты. Бирок 15 жылдан кийин анын кайра рак менен ооруй турганы, мунусунда рактын абдан оор түрүнө чалдыкканы айкын болду. Ушунун баарына карабай жубайым котормочулук ишти ушунчалык баалагандыктан, бир аз жакшы болсо эле, ошол иш менен алек болчу.

Даниэла жан кейиткен оору менен алпурушса да, бейтелдик кызматты токтотолу деп эч качан ойлочу эмеспиз. Бейтелде начар ден соолук менен кызмат кылуунун өзүнүн кыйынчылыктары болот. Өзгөчө, башкалар сенин абалыңдын канчалык оор экенин билбеген учурларда кыйын болот экен (Накыл 14:13). Жубайым 75тен ашып калса да, сынынан кетпегендиктен, ошондой эле жүзүнөн нур чачырап тургандыктан, сыртынан ооруп жатканы билинчү деле эмес. Ал өзүн аяп отура бербей, башкаларга жардам берүүгө умтулуп турчу. Айрыкча, кыйналып жаткандарды кунт коюп угуп, аларга жөлөк-таяк болгусу келчү (Накыл 17:17). Жубайым башынан өткөргөндөрүн айтып берип, көптөгөн рухий эже-сиңдилерине рактан коркпогонго жардам берген.

Даниэла экөөбүзгө жаңы жагдай-шартка ылайыкташууга туура келди. Ал толук убакыт кызмат кыла албай калды. Бирок мага ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтүп жатты. Анын аркасында филиалдын комитетинин координатору болуп 37 жыл кызмат кыла алдым. Мисалы, ал баарын белендеп койгондуктан, экөөбүздүн күн сайын түштө бөлмөбүздө чогуу тамактанып, бир аз эс алып алганга мүмкүнчүлүгүбүз болчу (Накыл 18:22).

БИР ЭЛЕ КҮНДҮН ТҮЙШҮГҮН ОЙЛОГОНГО ҮЙРӨНДҮК

Даниэла бардык нерсенин жакшы жагын көрө билчү, жашоону да абдан сүйчү. Тилекке каршы, ал үчүнчү жолу рак болуп калды. Ошондо өзүбүздү жарга такалгандай сездик. Бир катар химиотерапия алып, нур менен дарылангандын айынан ушунчалык алдан-күчтөн тайгандыктан кыбырап араң басып калган. Бир кезде чебер котормочу болгон сүйүктүү жарымдын ойлорун айта албай кыйналып жатканын көргөндө жүрөгүм зыркырап кетчү.

Эмне кыларыбызды билбей, айлабыз куруган учурларда да тынбай тилене берчүбүз жана Жахабанын алыбыз жетпеген кыйынчылыкка кабылышыбызга жол бербей турганына эч шектенчү эмеспиз (1 Кор. 10:13). Жахабанын өзүнүн Сөзү, Бейтелдеги доктур бир туугандар жана бизди жакшы көргөн рухий үй-бүлөбүз аркылуу көрсөткөн жардамын дайыма баалачубуз.

Дарылоонун кайсы ыкмасын тандашыбыз керектигин билиш үчүн ар дайым Жахабадан жетекчилик сурачубуз. Бир жолу дарылануунун жолун таппай кыйналган учурубуз болгон. Анткени 23 жыл бою Даниэланы дарылап жүргөн доктур анын химиотерапия алган сайын эмне үчүн эс-учун жоготорун түшүндүрүп бере албай койгон. Анын ордуна башка дарылоо ыкмасын да сунуштаган эмес. Аргабыз түгөнүп, эмне кыларыбызды билбей калганбыз. Анан эле башка доктур Даниэланы дарылоого макул болуп калды. Ошондо санаанын сазына батып кетпешибиз үчүн Жахаба кыйынчылыктан чыгуунун жолун көрсөткөндөй эле болгон.

Тынчсызданууга алдырбаш үчүн бир эле күндүн түйшүгүн ойлогонго үйрөндүк. Иса: «Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү»,— деп таамай айткан (Мт. 6:34). Оң маанай сактаганыбыз, тамашакөй болгонубуз да бир топ жардам бере турган. Маселен, жубайымдын эки ай химиотерапия албай калганда күлүмсүрөп: «Өзүмдү мынчалык жакшы сезип көргөн эмесмин»,— деп айтканы эсимде (Накыл 17:22). Жаны сыздап турса да, Даниэла Падышалыктын жаңы ырларын үнүн бийик чыгарып ырдап көнүккөндү жакшы көрчү.

Жубайымдын дайыма оң маанай сактаганы мага колуман келбеген кайсы бир нерселерди кыла албай калганымда шаабайымды суутпаганга жардам берчү. Ал 57 жыл бою мага абдан жакшы кам көрдү. Ал тургай, мага жумуртка да куурутчу эмес. Ошон үчүн ал катуу ооруп, билегинен күч кеткенде, мага идиш-аяк, кир жууганды, жөнөкөй тамактарды жасаганды үйрөнүүгө туура келди. Казан-аяк кармап жүрүп бир нече идиш сындырдым, бирок аялыма ушинтип кам көрүп жатканыма аябай сүйүнчүмүн *.

ЖАХАБАНЫН МЭЭРИМДҮҮЛҮГҮНӨ МИҢ МЕРТЕБЕ ЫРААЗЫМЫН

Артка кылчая карап, ден соолуктун, карылыктын айынан мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү болуп калганынан көп нерсеге үйрөндүм деп айта алам. Биринчиден, иштерибиз канчалык көп болбосун, сүйүктүү өмүрлүк жарыбызга көңүл бурбай койбошубуз керек. Күчкө толуп турган убактан пайдаланып, жакындарыбызга мүмкүн болушунча жакшы кам көрүүгө умтулушубуз зарыл (Нас. 9:9). Экинчиден, майда-чүйдө нерселерге көңүл бура бербегенибиз маанилүү, болбосо күн сайын алып жаткан көптөгөн баталар көз жаздымында калып калышы мүмкүн (Накыл 15:15).

Толук убакыт кызмат кылган жылдарыбыз тууралуу ой жүгүрткөндө Жахабанын үч уктасак да түшүбүзгө кирбеген баталарды бергенине абдан ыраазы болом. Мен: «Жахаба [мага] жакшылык кылды»,— деп айткан забурчунун сөздөрүнө толук кошулам (Заб. 116:7).

^ 32-абз. Бул макала даярдалып жатканда, Даниэла Бокайер бир тууган 78 жашында көз жумду.