Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бейиштен көрүшөбүз!»

«Бейиштен көрүшөбүз!»

«Сен мени менен Бейиште болосуң» (ЛК. 23:43).

ЫРЛАР: 145, 139

1, 2. Айрымдар бейишти кандай түшүнөт?

КОРЕЯНЫН Сеул шаарындагы стадиондо өткөн жыйынга башка өлкөлөрдөн көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү барышкан. Ал ишенимдештерибиз кетип баратканда, жергиликтүү бир туугандар: «Бейиштен көрүшөбүз!» — деп кол булгалашкан. Ошол учур жүрөк толкутарлык болгон. Алар кайсы бейиш жөнүндө айтышкан?

2 Бейиш дегенди ар ким ар кандай түшүнөт. Кээ бирлер үчүн ал жөн эле куру кыял. Башкалары болсо кайсы жерден кубаныч, канааттануу алса, ошол жерди бейиш деп эсептешет. Ачкачылыктан кыйналган киши тойдо жайнаган дасторкон үстүндө отурганда өзүн бейиште жүргөндөй сезиши мүмкүн. Ал эми 19-кылымда жашаган бир аял биринен сала бири кулпурган тоо гүлдөрүнө толгон өрөөндү көргөндө: «Бах, чиркин, бейиш эмей эмне!» — деп тамшанган. Жылына 15 метрден ашык кар жааса да, ал жер дагы деле Бейиш деп аталат. Сен үчүн бейиш деген эмнени билдирет? Анын болоруна үмүттөнөсүңбү?

3. Ыйык Китеп бейишти элестеткенге кандайча жардам берет?

3 Ыйык Китепте мурун болгон бейиш жөнүндө да, келечекте боло турган бейиш тууралуу да айтылат. Бейиш жөнүндө анын эң биринчи китебинде жазылган. Латын тилинен которулган бир Ыйык Китепте Башталыш 2:8: «Кудай Теңир башында ырахат тартуулаган бейишти жаратып, ал жерге өзү жараткан [Адамды] жайгаштырган»,— деп которулган (жантайыңкы ариптер биздики). Ал эми еврей тилиндеги тексттин ал жеринде «Эйден багы» деп жазылган. «Эйден» деген сөз «ырахат» деген маанини туюнтат жана ал бак, чынында эле, жанга жагымдуу жер болгон. Эйден багы жер-жемиштин молдугу, табиятынын кооздугу менен өзгөчөлөнүп турган. Жаныбарлардын да эч кандай зыяны жок болгон (Башт. 1:29—31).

4. Эйден багы бейиш болгон деп эмне үчүн айтууга болот?

4 Еврей тилиндеги «бак» деген сөз грек тилиндеги текстте пара́дейсос деп берилген. Ал «бейиш» дегенди билдирет. Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында пара́дейсос жөнүндө мындай делет: «Бул сөздү укканда грек саякатчысы аябай жайык, кенен, зыяндуу нерсенин баарынан корголгон, табиятынын бир да жери бүлүнбөгөн бакчаны, анын ичиндеги көпчүлүгү мөмө берген бакыйган бак-дарактарды, аларды сугарган туптунук суу агымдарын жана суу жээктеп жүргөн отор-отор койлорду, антилопаларды элестетчү». (Салыштыр: Башталыш 2:15, 16.)

5, 6. Адамдар Бейиштен кантип айрылып калышкан жана ушундан улам кандай суроо туулат?

5 Кудай Адам ата менен Обо энени ушундай бейишке жайгаштырган, бирок алар ал жерде көпкө жашаган эмес. Эмне үчүн? Кудайга баш ийбей коюшкандыктан ал жакта жашаганга татыксыз болуп калышкан. Ошентип, бейиштен өздөрү эле эмес, урпактары да кол жууп калышкан (Башт. 3:23, 24). Ошондон тартып ал бакчанын ичинде эч ким жашабаса да, сыягы, ал Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон сууга чейин жок кылынган эмес.

6 Айрымдар: «Качандыр бир убакта жер бетинде кайрадан Бейиш болобу?» — деп ойлонушу мүмкүн. Бейиш болоруна кандай далилдер бар? Эгер сен жакындарың менен чогуу ошондой заманда жашоого үмүттөнүп жүрсөң, буга негиз барбы? Келечекте сөзсүз Бейиш болорун башкаларга түшүндүрүп бере аласыңбы?

КЕЛЕЧЕКТЕ БЕЙИШ БОЛОРУНА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР БАР?

7, 8. а) Кудай Ыбрайым пайгамбарга кандай убада берген? б) Кудайдын убадасын укканда Ыбрайым, сыягы, эмне тууралуу ойлонгон?

7 Бул суроого канааттандырарлык жоопту Ыйык Китептен таба алабыз. Анткени аны алгачкы Бейишти жараткан Кудай жаздырган. Мисалы, Жахабанын өзүнүн досу Ыбрайымга эмне дегенин карап көрөлү. Ал ага урпактарын «деңиз жээгиндеги кумдай көбөйтөрүн» айткан. Анан: «Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»,— деп терең мааниге ээ убаданы берген (Башт. 22:17, 18). Кудай ошол убадасын Ыбрайым пайгамбардын уулуна, кийинчерээк небересине да берген. (Оку: Башталыш 26:4; 28:14.)

8 Ыбрайым пайгамбар адамдар акыр-аягы асмандагы бейиште жашайт деп ойлогон эмес; бул жөнүндө Ыйык Китептин эч жеринде жазылбайт. Кудайдын: «Жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»,— деген сөздөрүн укканда ал жер бетиндеги баталар тууралуу ойлонгон деп айтуу акылга сыярлык. Ал убаданы Кудай бергендиктен, Ыбрайым келечекте «жер жүзүндөгү бардык элдер» эң сонун шарттарда жашаарына ишенген. Жер бети бейишке айланарына Ыйык Китепте дагы башка далилдер барбы?

9, 10. Кийинчерээк айтылган кайсы убадалар келечектеги бейишти күтүүгө негиз берет?

9 Ыбрайымдын урпактарынын бири болгон Дөөтү пайгамбар «жамандык кылгандар» менен «ыймансыздык кылгандардын» баары келечекте жок болорун айткан (Заб. 37:1, 2, 10). «Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат». Дөөтү пайгамбар: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп да алдын ала айткан (Заб. 37:11, 29; 2 Шем. 23:2). Бул сөздөр Кудайдын эркин аткарууга умтулгандарга кандай таасир этет? Бул аларга жер бетинде жалаң адил адамдар жашаган убакта Эйден багына окшогон бейиш болоруна ишенүүгө негиз берет.

10 Жахабага кызмат кылабыз деп ырастаган ысрайылдыктардын көбү убакыттын өтүшү менен андан жана таза сыйынуудан баш тартып кетишкен. Ошондуктан Жахаба бабылдыктарга өзүнүн элин басып алууга, жерин кыйратып, көптөрүн туткундап кетүүгө жол берип койгон (2 Жылн. 36:15—21; Жер. 4:22—27). Анткен менен Кудайдын пайгамбарлары 70 жылдан кийин ысрайылдыктардын мекенине кайтып келерин айтышкан. Алардын сөздөрү аткарылган. Мунун бизге да тиешеси бар. Анда эмесе, ал пайгамбарлыктардын айрымдарына токтололу. Аларды талкуулап жатканда көңүлүбүздү келечекте жер бетине орной турган бейишке топтогонубуз маанилүү.

11. Ышая 11:6—9-аяттарда жазылгандар кантип аткарылган жана буга байланыштуу дагы кандай суроо туулат?

11 Оку: Ышая 11:6—9. Ышая пайгамбар аркылуу Кудай өзүнүн эли мекенине кайтып келгенде бейкуттукта жашаарын айткан. Эч кимиси жырткыч жаныбарлар же адамдар кол салат деп коркмок эмес. Жаштар да, карылар да өздөрүн коопсуз сезмек. Бул Кудай жараткан Эйден багындагы жагдай-шартты эсибизге салат (Ыш. 51:3). Ышая пайгамбар: «Деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот»,— деп да айткан. Бул аяттагы «жер» деген сөз ысрайыл элине эле эмес, бүт жер жүзүнө тиешелүү. Ал убак качан болот?

12. а) Туткундан кайтып келгендер кандай баталарды алышкан? б) Ышая 35:5—10-аяттарда жазылгандардын келечекте да аткарыларын эмне көрсөтүп турат?

12 Оку: Ышая 35:5—10. Ышая өз мекенине кайтып келген ысрайылдыктарга жан-жаныбарлар да, адамдар да эч кандай зыян келтирбей турганын дагы бир жолу баса белгилеген. Андан тышкары, суу көп болгондуктан, алардын жери Эйден багындай жакшы сугарылмак, ошондон улам мөмө-жемиш мол болмок (Башт. 2:10—14; Жер. 31:12). Ышаянын пайгамбарлык сөздөрү ошол убакта толугу менен аткарылып бүткөнбү? Ал сокурлардын, аксактардын, дүлөйлөрдүн айыгарын да айткан. Бирок туткундан кайтып келген ысрайылдыктардын керемет жолу менен оору-дарттарынан айыгып кеткени эч жерде айтылбайт. Мисалы, сокурлар көрүп калган эмес. Андыктан Кудай адамдардын сөздүн түз маанисинде келечекте айыгарын айткан.

13, 14. Ысрайылдыктар туткундан кайтып келгенде, Ышая 65:21—23-аяттардагы пайгамбарлык кантип аткарылган жана анын кайсы бөлүгү келечекте ишке ашат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

13 Оку: Ышая 65:21—23. Жүйүттөр Бабылдан кайтып келери менен ыңгайлуу, заңгыраган үйлөрдө жашап калышкан эмес. Алардын жери да, жүзүмзарлары да иштетилбей жаткан. Бирок Кудай батасын берип, бара-бара жагдай өзгөргөн. Өздөрүнө үй куруп, анда жашай баштаганда алардын жүрөктөрү кубанычка толгону шексиз. Алар эгин эгип, анын түшүмүн жыйнап, эмгегинин үзүрүн көрүшкөн.

14 Жогорку абзацтагы аяттарда жазылган пайгамбарлыктын маанилүү бөлүгүнө көңүл буралы. Өмүрүбүз «дарактын өмүрүндөй боло» турган убак келеби? Айрым дарактар миңдеген жылдар бою жашайт. Адамдар ошондой узак өмүр сүрүшү үчүн, ден соолугу чың болушу керек. Эгер алар Ышая айткандай жагдай-шартта жашай турган болсо, анда бейиш жөнүндөгү кыялы ишке ашмак! Анын аркасында бул пайгамбарлык аткарылмак!

Исанын Бейиш жөнүндө айткан убадасы кантип аткарылат? (15, 16-абзацтарды кара)

15. Ышая китебинде жазылган баталардын айрымдары кайсылар?

15 Кудайдын жогоруда талкууланган убадалары келечектеги бейиште кантип аткарылары жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Бүт жер жүзүндө жашагандар Кудайдан бата алат. Эч кимге жаныбарлардан да, адамдардан да коркуунун кереги жок болот. Сокурлар, дүлөйлөр, аксактар оорусунан айыгат. Адамдар өздөрүнө үйлөрдү куруп, өз колу менен пайдалуу азык-түлүктөрдү өндүрүп, ырахат алышат. Алар дарактардан алда канча узак өмүр сүрүшөт. Ооба, бизди ушундай жаркын келечек күтүп турганына Ыйык Китепте орчундуу далилдер бар. Анткен менен айрымдар ал пайгамбарлыктардын келечекте аткарылып, жер бетинде бейиш болоруна шектениши мүмкүн. Аларга эмне десек болот? Бейиш заманды чыдамсыздык менен күтүүгө сенде кандай жүйөлүү далилдер бар? Буга тарыхта жашаган эң улуу адамдын — Иса Машаяктын — сөздөрүнөн жооп таба алабыз.

СЕН БЕЙИШТЕ БОЛОСУҢ!

16, 17. Иса Бейиш жөнүндө кандай жагдайда айткан?

16 Эч кандай күнөөсү жок болсо да, Исаны ак жерден каралап, устунга кадап коюшкан. Эки жагына болсо жүйүт элинен болгон эки кылмышкерди кадашкан. Өлүм алдында турганда алардын бири Исанын падыша экенине ишенип, андан: «Иса, падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп өтүнгөн (Лк. 23:39—42). Исанын ага айткан сөздөрү Лука 23:43тө жазылган. Алар сенин келечегиңе да тиешелүү. Бүгүнкү күндөгү окумуштуулардын кээ бирлери анын сөздөрүн: «Сага айтамын, бүгүн сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп бериш керек деп эсептешет. «Бүгүн» деген сөзгө көңүл бурсаң. Иса ал сөз менен эмнени айткысы келген? Буга байланыштуу ар ким ар кандай ойдо.

17 Азыр көптөгөн тилдерде сүйлөмдүн маанисин бериш үчүн же айкын кылыш үчүн үтүр колдонулат. Ал эми грек тилиндеги байыркы кол жазмаларда тыныш белгилери дайыма эле колдонула берчү эмес. Ошондуктан мындай суроо туулат: «Иса: „Сага айтам, бүгүн сен мени менен Бейиште болосуң“ дегенби же: „Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң“ — дегенби?» Котормочулар үтүрдү Исанын айткандарын өздөрү кандай түшүнгөнүнө жараша коюшат. Андыктан Ыйык Китептин көпчүлүк колдонгон котормолорунан тигини да, муну да кезиктирүүгө болот.

18, 19. Исанын сөздөрүн туура түшүнүүгө эмне жардам берет?

18 Бирок Исанын ага чейин жолдоочуларына: «Адам Уулу... жер койнунда үч күн, үч түн болот»,— дегенин эстесең. Ал: «Адам Уулун душмандарынын колуна салып беришет. Алар аны өлтүрүшөт, бирок ал үчүнчү күнү тирилет»,— деп да айткан (Мт. 12:40; 16:21; 17:22, 23; Мр. 10:34). Элчи Петир кийин чындап эле ошондой болгонун ырастаган (Элч. 10:39, 40). Демек, Иса өзү жана жанында кадалып турган кылмышкер өлгөн күнү эч кандай Бейишке барган эмес. Ал Кудай тирилткенге чейин бир нече күн көрдө жаткан (Элч. 2:31, 32) *.

19 Мындан Исанын кылмышкерге берген убадасын: «Сага бүгүн айтамын»,— деп баштаганын билүүгө болот. Ушинтип сүйлөө атүгүл Муса пайгамбардын убагында да кеңири тараган болчу. Бир жолу ал: «Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта»,— деген (Мыйз. 6:6; 7:11; 8:1).

20. Исанын сөздөрүн туура түшүнүүгө дагы эмне көмөк кылат?

20 Ортоңку Чыгышта жашаган, Ыйык Китепти которгон бир котормочу Исанын кылмышкерге айткан сөздөрүнө байланыштуу мындай деген: «Бул сүйлөмдө басым „бүгүн“ деген сөзгө түшөт. Ошондуктан ал: „Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң“,— деп окулушу керек. Иса убаданы өлөр күнү берген, бирок ал кийин аткарылмак. Белгилүү бир күнү убада берүү жана аны аткаруу Чыгыш тургундарына мүнөздүү нерсе болгон». Ошондуктан 5-кылымда жарык көргөн сирия тилиндеги Ыйык Китепте Исанын сөздөрү: «Оомийин! Сага бүгүн айтам, сен мени менен Эйден багында болосуң»,— деп которулган. Анын убадасы баарыбызды бекемдейт.

21. Кылмышкер кандай сыймыкка ээ болгон эмес жана эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

21 Ишенимдүү элчилери асман Падышалыгында өзү менен бирге болушу үчүн, Иса алар менен келишим түзгөн. Устунда кадалып турган кылмышкер бул тууралуу эч нерсе билген эмес (Лк. 22:29). Андан тышкары, ал чөмүлгөн эмес болчу (Жкн. 3:3—6, 12). Мындан Исанын ага жерде боло турган бейиш жөнүндө айтканын билүүгө болот. Бир канча жылдан кийин элчи Пабыл «бейишке көтөрүлгөн» киши жөнүндө аян көргөнүн айткан (2 Кор. 12:1—4). Кылмышкерден айырмаланып, Пабыл менен башка ишенимдүү элчилер Иса менен чогуу асманда падышалык кылууга тандалышкан. Анткен менен Пабыл келечектеги нерсе — «бейиш» — жөнүндө айткан *. Анын жер менен байланышы барбы? Сен ал бейиште жашайсыңбы?

КЕЛЕЧЕКТЕН ЭМНЕНИ КҮТСӨК БОЛОТ?

22, 23. Эмнени күтүп жатасың?

22 Дөөтү пайгамбардын «адил адамдар жерди мураска аларын» алдын ала айтканын эстесең (Заб. 37:29; 2 Пет. 3:13). Ал келечекте жер тургундары Кудайдын адил нормаларына ылайык жашай турган убак жөнүндө айткан. Ышая 65:22де болсо: «Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот»,— деген пайгамбарлык жазылган. Бул адамдардын кылымдардан кылымдарга өмүр сүрөрүн көрсөтүп турат. Алардын арасында сен да болосуңбу? Албетте. Аян 21:1—4-аяттарга ылайык, Кудай адамзатка назарын салат. Ошондо анын «өлүм болбойт» деген убадасы да аткарылат. Кудай убада кылган жана адилдик өкүм сүрө турган жаңы заманда ага кызмат кылгандар муну өз көзү менен көрүшөт.

23 Ыйык Китепте Бейиш жөнүндө айтылгандардын мааниси бизге айкын. Адам ата менен Обо эне Бейиштен, Эйден багынан, айрылып калышкан. Бирок жакында жерде кайрадан бейиш болот. Кудай убада кылгандай, адамдар анын батасына ээ болушат. Ыйык рухтун жетеги менен Дөөтү пайгамбар мүнөзү жумшактар менен адил адамдардын жерди түбөлүккө мураска аларын айткан. Ышая китебиндеги пайгамбарлыктар бизге алдыдагы сонун нерселерди эңсеп күтүүгө түрткү берет. Алар качан болот? Исанын кылмышкерге берген убадасы аткарылган убакта. Ал Бейиште сен да жашай аласың. Ошол убакта Кореядагы жыйынга катышкан бир туугандардын: «Бейиштен көрүшөбүз!» — деген сөздөрү аткарылат.

^ 18-абз. Марвин Пэйт деген профессор мындай деп жазган: «Көптөр „бүгүн“ деген сөз жыйырма төрт сааттан турган убакытты билдирет деп түшүнүп келишет. Бирок мындай көз караш Ыйык Китептин Исанын өлгөндөн кийин адегенде көргө „түшкөнү“ (Мт. 12:40; Элч. 2:31; Рим. 10:7), андан кийин асманга көтөрүлгөнү жөнүндө айтылган жерлерине таптакыр карама-каршы келет».