Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Кудайдын бизге боору ооруй турганына Ыйык Китепте кандай далилдер бар?

Байыркы ысрайыл эли Мисирде кул болуп жүргөндө, Кудай алардын тарткан азабын билип эле койбостон, алар менен кошо кыйналган (Чыг. 3:7; Ыш. 63:9). Кудай бизди өзүнө окшош кылып жараткандыктан, бизде да боорукердик сапаты бар. Кээде өзүбүздү Кудайдын сүйүүсүнө татыксыз сезсек да, ал бизге боорукердик көрсөтөт (wp18.3, 8, 9-б.).

Иса Машаяктын окуулары бейкалыстыкты жеңүүгө кандайча жардам берген?

Анын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр башкаларга карата бейкалыс пикирде болушкан. Иса улутунан улам бой көтөрбөө, момун болуу маанилүү экенин баса белгилеген жана жолдоочуларын бири-бирин бир тууган катары көрүүгө чакырган (w18.06, 9, 10-б.).

Кудайдын Мусанын Убадаланган жерге киришине жол бербегенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

Муса пайгамбар Жахаба менен ынак мамиледе болгон (Мыйз. 34:10). 40 жылдык чөл кезүүсү аяктап калганда, ысрайылдыктар суунун жоктугун айтып, экинчи жолу наалышкан. Жахаба Мусага аскага барып айтууну буйруган. Бирок Муса ошенткендин ордуна асканы чапкан. Жахаба Мусага, сыягы, анын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылбай койгону же ал керемет аркылуу Кудайды даңктабаганы үчүн ачууланган (Сан. 20:6—12). Бул окуядан Жахабага баш ийүү жана даңкты ага ыйгаруу канчалык маанилүү экенин көрсөк болот (w18.07, 13, 14-б.).

Кимдир бирөөгө сыртына карап эле баа берсек, эмне үчүн оңой эле жаңылып калышыбыз мүмкүн?

Башкаларга болгон көз карашыбызга үч нерсе таасир этиши ыктымал: алардын улуту же уруусу, байлыгы жана жаш курагы. Биз бет карама эмес Кудайыбыз Жахабадан үлгү алып, адамдарга ал карагандай кароого үйрөнүшүбүз зарыл (Элч. 10:34, 35). (w18.08, 8—12-б.).

Улгайган бир туугандар башкаларга кандай жолдор менен көмөк көрсөтө алышат?

Дайындоосу өзгөргөн кары бир туугандар дагы деле Жахабанын көз алдында абдан баалуу жана башкалар үчүн көптү кыла алышат. Мисалы, айрымдары кайсы бир бир туугандын ишенимдеш эмес жарына, жигердүү эмес жарчыларга рухий жактан жардам берүүдө. Ошондой эле ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүп, кызматтын ар кандай түрүнө катышууда (w18.09, 8—11-б.).

Негизги окутуу куралдарыбызга эмнелер кирет?

Байланыш карточкасы, чакыруу баракчасы, сөз баштоого оңой сегиз баракча, «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдары. Ошондой эле бир нече китепче, изилдөө өткөргөнгө арналган негизги эки китеп жана төрт кызыктуу видео, анын ичинде «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген видео да кирет (w18.10, 16-б.).

Накыл сөздөр 23:23тө кеңеш кылынгандай, кандай мааниде «чындыкты сатып алабыз»?

Чындыкты сатып алыш үчүн акча төлөбөйбүз. Бирок ага ээ болуш үчүн бизден убакыт жана көп күч-аракет талап кылынат (w18.11, 4-б.).

Ошуя пайгамбардын аялы Гомерге жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот?

Гомер кайра-кайра ойноштук кылса да, Ошуя аны кечирип, ажырашкан эмес. Кудайга кызмат кылган жубайлардын бири жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганда, күнөөсүз тарап аны кечирүүнү туура көрүшү мүмкүн. Эгер жары ишенимсиздик кылгандан кийин, күнөөсүз тарап аны менен кайрадан жыныстык мамиледе болсо, ажырашканга жол берген ыйык китептик негиз жокко чыгарылат (w18.12, 13-б.).