Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Элчи Пабыл кандай мааниде «үчүнчү асманга» жана «бейишке көтөрүлгөн»? (2 Кор. 12:2—4).

2 Корунттуктар 12:2, 3тө Пабыл бир кишинин «үчүнчү асманга көтөрүлгөнү» жөнүндө жазган. Ал ким болгон? Корунттагы жыйналышка жолдогон катында Пабыл Кудайдын аны элчи катары колдонуп жатканын баса белгилеген (2 Кор. 11:5, 23). Андан соң: «Мырзабыздын табияттан тыш көрүнүштөрү жана аяндары жөнүндө сөз кылууга өтөйүн»,— деген. Пабылдын бул сөздөрүнүн контекстинен анын кайсы бир ишенимдеши тууралуу айтпаганы көрүнүп турат. Ошондуктан көрүнүштөрдү жана аяндарды көргөн киши тууралуу сөз кылганда ал өзү жөнүндө айткан деп жыйынтык чыгарууга болот (2 Кор. 12:1, 5).

Демек, «үчүнчү асманга» жана «бейишке көтөрүлгөн» киши Пабыл болгон (2 Кор. 12:2—4). Ал колдонгон «аяндар» деген сөздөн анын келечекте боло турган нерселер тууралуу айтканы көрүнүп турат.

Пабыл көргөн «үчүнчү асман» эмнени билдирет?

Ыйык Китепте «асман» деген сөз кээде кадимки асманга карата айтылат (Башт. 11:4; 27:28; Мт. 6:26). Бирок ал башка мааниде да колдонулат. Айрым учурларда ал адамдардын башкаруусун билдирет (Дан. 4:20—22). Же Кудайдын башкаруусун, мисалы, өзүнүн Падышалыгы аркылуу жүргүзгөн бийлигин билдирет (Аян 21:1).

Пабылдын «үчүнчү асман» деген сөздөрү кандай мааниге ээ? Ыйык Китепте кайсы бир нерсени баса белгилеп же күчөтүп айтуу үчүн ал сөз үч ирет кайталанат (Ыш. 6:3; Жез. 21:27; Аян 4:8). Кыязы, «үчүнчү асман» деп айтуу менен Пабыл Машаяк жана 144 000 башкарган Падышалыктын абдан теңдешсиз экенин баса белгилегиси келген. Элчи Петир жазгандай, биз Кудай убадалаган ошол «жаңы асманды» күтүп жатабыз (2 Пет. 3:13).

Пабыл көргөн «бейиш» жөнүндө эмне айтууга болот?

«Бейиш» деген сөз да ар кандай маанини туюнтушу мүмкүн: 1) адам баласынын эң башында бейиште жашаганын эске алганда, ал сөздү келечекте жер бетине орной турган бейишке карата айтууга болот; 2) ал жаңы дүйнөдө Кудайдын эли ыракат ала турган рухий чөйрөнү билдириши мүмкүн; 3) асманда өкүм сүргөн кереметтүү абалды — Аян 2:7де айтылган «Кудайдын бейишин» — билдириши ыктымал. (Кара: «Күзөт мунарасы», 2015-жыл, 15-июль, 8-б., 8-абз.)

Элчи Пабыл 2 Корунттуктар 12:4тө айткан «бейиш» ушул үч нерсенин баарын тең камтышы мүмкүн.

Эми жыйынтыктап көрөлү:

2 Корунттуктар 12:2де айтылган «үчүнчү асман», кыязы, Иса Машаяк жана 144 000 бийлик кылган Падышалыкты — «жаңы асманды» — билдирет (2 Пет. 3:13).

Ал Падышалык башкаруунун абдан мыкты жана эң жогорку түрү болгондуктан, «үчүнчү асман» деп айтылган.

Пабыл «көтөрүлгөн» «бейиш», сыягы, 1) жер бетинде боло турган кадимки бейишти, 2) азыркы рухий бейиштен алда канча кеңейе турган келечектеги рухий бейишти жана 3) жаңы дүйнөдө алар менен бир учурда боло турган асмандагы «Кудайдын бейишин» билдирет.

Андыктан жаңы дүйнө өз ичине жаңы асманды да, жаңы жерди да камтыйт. Ал асмандагы Падышалыкты жана жер бетиндеги бейиште Жахабага кызмат кылган адамзат коомун камтыган жаңы түзүлүш болот.