Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

52-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ата-энелер, балдарыңарга Жахабаны сүйгөндү үйрөткүлө

Ата-энелер, балдарыңарга Жахабаны сүйгөндү үйрөткүлө

«Балдар — Жахаба берген мурас» (ЗАБ. 127:3).

134-ЫР: Балдар — Кудайдын белеги

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба ата-энелерге кандай жоопкерчилик арткан?

ЖАХАБА биринчи түгөйдү балалуу болуу каалоосу менен жараткан. Ыйык Китепте: «Балдар — Жахаба берген мурас»,— деп таамай айтылган (Заб. 127:3). Бул эмнени билдирет? Досуңар силерге көп акчасын берип, аны сактап турушуңарды суранды деп коёлу. Кандай сезимде болот элеңер? Досуңардын силерге ишенгенине ыраазы болмоксуңар. Бирок ал ишенип тапшырган нерсени кантип сактайм деп тынчсызданмак болушуңар керек. Биздин эң жакын Досубуз Жахаба ата-энелерге акчадан да алда канча баалуу аманат тапшырган. Ал ата-энелерге балдарына жакшы кам көрүү жоопкерчилигин ыйгарган жана балдарынын балалыгы бактылуу өтүшү үчүн, алардан бүт күчүн жумшашын күтөт.

2. Кайсы суроолорду талкуулайбыз?

2 Жубайлардын балалуу болор-болбосун жана качан балалуу болорун ким чечиши керек? Балдары бактылуу болушу үчүн, ата-энелер эмне кыла алышат? Анда жубайларга туура чечим чыгарууга жардам берген Кудайдын Сөзүндөгү айрым принциптерге токтололу.

ЖУБАЙЛАРДЫН ЧЕЧИМИН СЫЙЛАГЫЛА

3. а) Жубайлардын балалуу болор-болбосун ким чечиши керек? б) Жубайлардын достору жана туугандары Ыйык Китептеги кайсы принциптерди эсинен чыгарбашы керек?

3 Айрым маданияттарда жаңы үйлөнгөндөрдөн баш кошору менен эле балалуу болуу күтүлөт. Атүгүл аларга үй-бүлөсүндөгүлөр жана башкалар эртерээк балалуу болгула деп кысым көрсөтүшү мүмкүн. Мисалы, Азияда жашаган Жетро мындай дейт: «Жыйналыштагы балдары бар айрым бир туугандар балалуу боло элек жубайларга „балалуу болбойсуңарбы“ деп кысым көрсөтүшөт». Азияда жашаган Жефри деген дагы башка бир тууганыбыз айрымдардын балдары жок жубайларга «карыганда силерди ким багат деп айтышарын» байкаган. Бирок жубайлар балалуу болор-болбосун өздөрү чечиши керек. Бул — алардын чечими, алардын жоопкерчилиги (Гал. 6:5). Албетте, жаңы үйлөнгөн жубайлардын достору жана туугандары алардын бактылуу болушун каалайт. Анткен менен баары балалуу болушабы же жокпу, жубайлар өздөрү чечерин түшүнүшү керек (1 Тес. 4:11).

4, 5. Жубайлар кайсы эки суроо жөнүндө ойлонушу керек жана алардын бул тууралуу качан сүйлөшкөнү орундуу? Түшүндүргүлө.

4 Балалуу болууну чечкен жубайлардын эки маанилүү суроо жөнүндө ойлонуп көргөнү дурус. Биринчиси, алар качан балалуу болгусу келет? Экинчиси, канча балалуу болууну каалашат? Жубайлардын бул суроолорду качан талкуулаганы орундуу? Жогорудагы эки суроо эмне үчүн абдан маанилүү?

5 Көп учурда жубайлардын балалуу болор-болбосу жөнүндө баш кошконго чейин эле сүйлөшүп алганы туура болот. Эмне үчүн? Анткени бул маселеде экөөнүн тең ою бирдей болгону маанилүү. Ошондой эле алар мындай жоопкерчиликке даярбы, жокпу, ойлонуп көрүшү кажет. Айрым жубайлар үйлөнгөндөн кийин, бери дегенде, бир же эки жыл балалуу болбой турууну чечишет. Балалуу болуу көп күчтү жана убакытты талап кылгандыктан, алар бир аз күтө туруу үй-бүлөлүк жашоого көнгөнгө жана бири-бири менен ынак мамиле өрчүткөнгө өбөлгө түзөт деп ойлонушат (Эф. 5:33).

6. Кайсы убакта жашап жатканыбызды эске алып айрым жубайлар кандай чечим чыгарышкан?

6 Исанын жолдоочуларынын айрымдары Нухтун үч уулу менен келиндеринен үлгү алышкан. Ал жубайлар үй-бүлө курары менен балалуу болушкан эмес (Башт. 6:18; 9:18, 19; 10:1; 2 Пет. 2:5). Иса биздин күндөрдү «Нухтун күндөрүнө» окшоштурган, андыктан «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатканыбызга шек жок (Мт. 24:37; 2 Тим. 3:1). Ушул себептен кээ бир жубайлар Кудайга кызмат кылууга көбүрөөк убакыт жумшай алышы үчүн балалуу болбой турууну туура көрүшкөн.

Акылдуу жубайлар балалуу болор-болбосун, канча балалуу болорун чечип жатканда «канча чыгым кетерин эсептеп чыгышат» (7-абзацты карагыла) *

7. Лука 14:28, 29дагы жана Накыл сөздөр 21:5теги принциптер жубайларга кандайча жардам берет?

7 Балалуу болор-болбосун жана канча балалуу болууну чечип жатканда акылдуу жубайлар «канча чыгым кетерин эсептеп чыгышат». (Окугула: Лука 14:28, 29.) Тажрыйбалуу ата-энелер балалуу болуу жана аларды чоңойтуу чыгымдар менен коштолгондон тышкары, убакытты жана күчтү да талап кыларын билишет. Ошондуктан жубайлардын төмөнкүдөй сыяктуу суроолор жөнүндө ойлонгону маанилүү: Үй-бүлөнү зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн экөөбүзгө тең иштөөгө туура келеби? «Зарыл нерселерге» эмнелер кирерине карата экөөбүз бирдей ойдобузбу? Эгер экөөбүзгө тең иштеш керек болсо, балдарыбызды ким карайт? Балдарыбыздын ой жүгүртүүсүнө жана иш аракеттерине кимдердин таасир этишин каалайбыз? Ушул суроолорду жай отуруп талкуулаган жубайлар Накыл сөздөр 21:5ке ылайык иш кылган болот. (Аятты окугула.)

Камкор күйөө жубайына жардам бериш үчүн колунан келгенди кылат (8-абзацты карагыла)

8. Жубайлар кандай кыйынчылыктарга даяр болушу керек жана камкор күйөө эмне кылат?

8 Бала атасынын да, энесинин да, ага жетиштүү убакыт бөлүшүнө, аны тарбиялоого күч жумшашына муктаж жана буга татыктуу. Андыктан удаа-удаа төрөлгөн бир нече балалуу жубайларга балдарынын ар бирине тийиштүү түрдө көңүл буруу кыйынга турушу мүмкүн. Эне ырп этерге алы жок болуп түзмө-түз да, эмоциялык жактан да аябай чарчашы ыктымал. Бул анын окуп-изилдеп турганына, дайыма тиленгенине жана кызматка үзгүлтүксүз катышканына таасир этиши мүмкүн. Ушунун айынан ага жыйналышта көңүл топтоого жана программадан толук пайда алууга кыйын болушу этимал. Албетте, камкор күйөө балдарына жыйналыштан да, үйүнөн да каралашып, жарына жардам бериш үчүн колунан келгенин кылат. Мисалы, үй-иштерине кол кабыш кылышы мүмкүн. Үй-бүлө менен сыйынууну дайыма өткөрүп, үй-бүлөсүнүн рухий саламаттыгына кам көргөнгө бүт күчүн жумшайт. Ошондой эле зайыбы, балдары менен кызматка үзгүлтүксүз чыгып турат.

БАЛДАРГА ЖАХАБАНЫ СҮЙГӨНДҮ ҮЙРӨТКҮЛӨ

9, 10. Балдарына жардам бергиси келген ата-энелер эмне кылышы керек?

9 Балдарына Жахабаны сүйгөндү үйрөтүш үчүн ата-энелер кыла ала турган нерселердин айрымдары кайсылар? Алар балдарын бузулган дүйнөдөн кантип коргой алышат? Анда ата-энелер кыла ала турган айрым нерселерди карап көрөлү.

10 Жахабадан жардам сурап тиленгиле. Шымшондун ата-энесинин, Маноах менен анын аялынын, үлгүсүнө көңүл бурсаңар. Маноах аялы экөө уулдуу болорун билгенде, ал баланы кантип чоңойтконго жетекчилик беришин сурап, Жахабага жалбарышкан.

11. Бийлер 13:8ге ылайык, айрым ата-энелер Маноахтан кандай үлгү алышкан?

11 Босния жана Герцеговинада жашаган Нихад менен Алма Маноахтан үлгү алышкан. Алар мындай дейт: «Биз Маноахтай болуп, жакшы ата-эне болгонго жардам бере көр деп Жахабага кайрылдык. Ал биздин тиленүүлөрүбүзгө ар кандай жолдор менен — Ыйык Жазма, ага негизделген адабияттар, жыйналыш жолугушуулары жана региондук жыйындар аркылуу — жооп берди». (Окугула: Бийлер 13:8.)

12. Жусуп менен Мариям балдарына кандай үлгү көрсөтүшкөн?

12 Үлгүңөр менен үйрөткүлө. Сөзүңөр менен үйрөткөнүңөр маанилүү, бирок иш-аракетиңер балаңарга көбүрөөк таасир этет. Жусуп менен Мариямдын балдарына, анын ичинде Исага эң сонун үлгү болушканы талашсыз. Жусуп үй-бүлөсүнө кам көрүш үчүн кара жанын карч уруп иштеген. Андан тышкары, үй-бүлөсүн рухий нерселерди баалаганга үндөгөн (Мыйз. 4:9, 10). Мыйзамда талап кылынбаса да, ал үй-бүлөсүн «жыл сайын» Иерусалимге Пасахты майрамдоого алып барып турчу (Лк. 2:41, 42). Ошол учурда кээ бир үй-бүлө башчылары бала-чакасы менен узак жол жүрүүнү ыңгайсыз, көп убакытты алган, көп чыгым кылган саякат деп эсептеши мүмкүн эле. Бирок Жусуптун рухий нерселерди жогору баалаганы жана балдарын да ошого үйрөткөнү күмөнсүз. Мариям да Ыйык Жазманы жакшы билген. Анын сөзү менен да, иши менен да балдарын Кудайдын Сөзүн сүйүүгө үйрөткөнү шексиз.

13. Бир жубайлар Жусуп менен Мариямдын үлгүсүнө кантип карманышкан?

13 Жогоруда айтылган Нихад менен Алма Жусуп менен Мариямдан үлгү алууну каалашкан. Бул аларга уулун Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылган бала кылып чоңойтууга кантип жардам берген? Алар мындай дейт: «Биз уулубузга Жахабанын принциптери боюнча жашоо канчалык жакшы экенин жашообуз менен көрсөткөнгө аракет кылдык». Нихад: «Балаңардын кандай адам болушун кааласаңар, өзүңөр ошондой адам болгула»,— деп кошумчалайт.

14. Эмне себептен ата-энелер балдарынын кимдер менен мамилелешип жатканын билүүгө тийиш?

14 Балдарыңарга жакшы чөйрө тандаганга жардам бергиле. Эне да, ата да балдарынын кимдер менен мамилелешип жатканын жана эмне менен алектенип жатканын билүүгө тийиш. Бул өз ичине балдарынын социалдык тармак жана чөнтөк телефон аркылуу кимдер менен байланышып жатканын билүүнү камтыйт. Андай чөйрө балдардын ой жүгүртүүсүнө жана иш-аракетине таасир этиши мүмкүн (1 Кор. 15:33).

15. Ата-энелер Жессинин үлгүсүнөн эмнени үйрөнө алышат?

15 Компьютер же электрондук каражаттар жөнүндө көп деле билбеген ата-энелер эмне кылса болот? Филиппинде жашаган Жесси деген бир ата мындай деп ой бөлүшөт: «Электрондук каражаттарды жакшы деле түшүнчү эмеспиз. Бирок бул балдарыбызга алардын кооптуу жактарын айтып үйрөткөнгө тоскоол болгон жок». Жесси электрондук каражаттарды жакшы билбегени үчүн эле балдарына аларды колдонгонго тыюу салган эмес. Ал мындай деп түшүндүрөт: «Мен балдарымды электрондук каражаттарды жаңы тилди үйрөнүш үчүн, жыйналышка даярданыш үчүн жана Ыйык Китепти күнүгө окуш үчүн колдонгонго үндөчүмүн». Эгер ата-эне болсоңор, интернет аркылуу жазышууда, сүрөт алмашууда тең салмактуу болууга үндөгөн jw.org® сайтындагы «Өспүрүмдөр» деген бөлүктөгү кеңештерди балдарыңар менен чогуу окуп-талкууладыңар беле? Алар менен бирге «Ким кожоюн? Сенби же электрондук каражатпы?» жана «Социалдык тармактарды колдонууда акыл-эстүү бол» * деген видеолорду көрүп-талкууладыңар беле? Балдарыңарга электрондук каражаттарды акылдуулук менен колдонгонду үйрөтүүдө бул материалдардын жардамы абдан чоң (Накыл 13:20).

16. Көптөгөн ата-энелер эмне кылышкан жана анын натыйжасы кандай болгон?

16 Көптөгөн ата-энелер балдарына Кудайга кызмат кылуу жагынан жакшы үлгү көрсөткөндөр менен чогуу убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бериш үчүн колунан келгендин баарын кылышкан. Алсак, Кот-д’Ивуарда жашаган жубайлар Ндэни менен Бомин көп учурда райондук көзөмөлчүнү үйүнө конокко алышчу. Ндэни мындай деп ой бөлүшөт: «Бул уулубузга аябай жакшы таасир этти. Ал пионер болуп кызмат кыла баштады. Учурда райондук көзөмөлчүнүн орун басары». Силер да балдарыңарга ушундай жакшы чөйрө түзүп бере аласыңарбы?

17, 18. Ата-энелер балдарын качан окутуп-үйрөтө башташы керек?

17 Балдарыңарды мүмкүн болушунча эртерээк окутуп-үйрөтө баштагыла. Балдарыңарды канчалык эртерээк окутуп-үйрөтө баштасаңар, ошончолук жакшы (Накыл 22:6). Чоңойгондо элчи Пабылды кызматта коштоп жүргөн Тиметейдин үлгүсү жөнүндө ойлонуп көрөлү. Апасы Эйнике менен таенеси Лоис аны «ымыркай кезинен» тартып окутуп-үйрөтүшкөн (2 Тим. 1:5; 3:15).

18 Кот-д’Ивуарда жашаган дагы бир жубайлар — Жан-Клод менен Пиис — алты баласын Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылган жакшы адамдардан кылып чоңойтушкан. Аларга балдарын жакшы тарбиялоого эмне жардам берген? Эйнике менен Лоистин үлгүсүнө кармануу жардам берген. Алар: «Биз балдарыбызга ымыркай кезинен, төрөлгөнүнөн тартып, Кудайдын Сөзүн үйрөтчүбүз»,— дейт (Мыйз. 6:6, 7).

19. Балдарга Кудайдын Сөзүн үйрөтүү өз ичине эмнени камтыйт?

19 Балдарга Жахабанын Сөзүн «үйрөтүү» деген эмнени билдирет? Мыйзам 6:7деги «үйрөтүү» деп берилген еврей тилиндеги сөз «кайра-кайра кайталап түшүндүрүү, үйрөтүү» деген маанини туюнтат. Ушундай кылыш үчүн ата-энелер балдары менен дайыма чогуу убакыт өткөрүшү керек. Кээде балдарга кайра-кайра айта бергенден ата-энелер чарчашы мүмкүн. Бирок алар муну балдарына Кудайдын Сөзүн түшүндүрүү жана анда жазылгандарды колдонууга үйрөтүү мүмкүнчүлүгү катары көрсө болот.

Ата-энелер балдарын кантип тарбиялаш керектигин түшүнүп алышы кажет (20-абзацты карагыла) *

20. Забур 127:4тө жазылгандарды балдарды чоңойтууга карата кантип колдонсо болорун түшүндүргүлө.

20 Балдарыңарды жакшы билгиле. 127-забурда балдар жебелерге салыштырылган. (Окугула: Забур 127:4.) Ар кандай материалдан жасалган, узундугу да ар башка болгон жебелер сыяктуу эле, балдар да бири-бирине окшош болбойт. Андыктан ата-энелер балдарынын ар бирин кантип тарбиялаш керектигин түшүнүп алышы кажет. Эки баласын Жахабага кызмат кылгыдай кылып тарбиялап-чоңойткон израилдик бир жубайларга эмне жардам берген? Алар: «Биз эки балабыз менен Ыйык Китепти эки бөлөк изилдечүбүз»,— дейт. Албетте, ар бир үй-бүлө башчысы мындай кылуу зарылбы же жокпу, мүмкүнбү же мүмкүн эмеспи, чечиши керек.

ЖАХАБА СИЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

21. Ата-энелер Жахабадан кандай жардам күтө алышат?

21 Кээде ата-энелерге балдарын окутуп-үйрөтүү бир топ эле кыйынга турушу мүмкүн, бирок балдар — Жахабанын белеги. Андыктан ал жардам бергенге дайыма даяр. Ал ата-энелердин тиленүүлөрүн кунт коюп угуп, Ыйык Китеп, ага негизделген адабияттар жана жыйналыштагы жетилген ата-энелердин үлгүсү менен кеңештери аркылуу жооп берет.

22. Ата-энелер балдарына бере ала турган эң жакшы нерселер кайсылар?

22 Ата-эне дайыма ата-эне бойдон кала берсе да, аларда балдарын Кудайды сүйгөн адам кылып чоңойтууга 20 эле жыл убактысы бар. Алар балдарына бере ала турган эң жакшы нерселердин айрымдары — бул алардын сүйүүсү, убактысы жана Ыйык Китепке негизделген тарбиясы. Ар бир бала окутуп-үйрөтүүнү ар башка кабыл алат. Анткен менен Жахабаны сүйгөн ата-эненин тарбиясын көргөн көптөгөн балдар Азияда жашаган Жоанна Ма бир туугандын сезимдерине ортоктош. Ал мындай дейт: «Артка кылчая карап мени жакшы тарбиялаганы, Жахабаны сүйүүгө үйрөткөнү үчүн ата-энеме миң мертебе ыраазымын. Алар мага өмүр эле бербестен, өмүрүмдү маңыздуу өткөргөнгө өбөлгө түзүштү» (Накыл 23:24, 25). Машаяктын миллиондогон жолдоочулары бул сөздөрдүн калетсиз экенине кошулушат.

59-ЫР: Жахты даңктайлы

^ 5-абз. Жубайлар балалуу болушу керекпи? Эгер балалуу болууну чечишсе, канча балалуу болушу керек? Алар балдарын Жахабаны сүйүүгө жана ага кызмат кылууга кантип үйрөтө алышат? Бул макалада бүгүнкү күндөгү мисалдар жана ушул суроолорго жооп алууга жардам берген Ыйык Китептеги принциптер каралат.

^ 15-абз. Карагыла: «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 1-том, 36-бөл. жана 2-том, 11-бөл.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Машаякты жолдогон жубайлар балалуу болор-болбосу жөнүндө сүйлөшүп, бала тарбиялоонун кубанычы менен жоопкерчилигин таразалап, ойлорун ортого салып отурушат.

^ 64-абз. СҮРӨТ. Жубайлар балдарынын курагын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, алардын ар бири менен өзүнчө изилдеп жатышат.