Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле»

«Бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле»

ӨЗҮҢӨРДҮ ыраазы боло билген, дайыма рахмат айткан адам деп эсептейсиңерби? Баарыбыз ушул суроо тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек. Ыйык Китепте биздин күндөрдө көптөрдүн «жакшылыкты билбеген» адамдардан болору алдын ала айтылган (2 Тим. 3:2). Балким, силер баары аларга кызмат кылганга же бир нерсе бергенге милдеттүү деп эсептеген кишилерди жолуктургандырсыңар. Алар кылынган жакшылык үчүн ыраазычылык билдирбей эле койсо болот деп ойлошу мүмкүн. Ушундай адамдардын арасында болуу жагымсыз экенине кошуласыңарбы?

Ал эми Жахабанын кызматчылары «дайыма ыраазы боло» билүүгө чакырылат. Биз «бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиришибиз» керек (Кол. 3:15; 1 Тес. 5:18). Ыраазы боло билүү сезимин өрчүткөнүбүз өзүбүзгө эле пайдалуу. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Мунун бир нече себеби бар.

ЫРААЗЫ БОЛО БИЛҮҮ — ЖАГЫМДУУ СЕЗИМ

Ыраазы боло билүү сезимин өрчүтүшүбүз керектигинин бирден-бир себеби бул өзүбүздү жакшы сезүүгө жардам берет. Рахмат айткан киши да, ыраазычылыкты кабыл алган киши да жагымдуу сезимдерге чулганат. Эмне үчүн ыраазычылык билдирүү эки тарапты тең бактылуу кылат? Бул жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: башкалардын силер үчүн чын жүрөктөн бир нерсе кылганы силердин ага татыктуу экениңерди билдирет. Алар силерди ойлогондуктан ошентишет. Андай камкордукту сезгенде өзүңөрдү жакшы сезесиңер. Рут да өзүн так ушундай сезсе керек. Анткени Бууз ага берешендик көрсөткөн. Анын камкордугун сезгенде Руттун бактылуу болгону шексиз (Рут 2:10—13).

Өзгөчө, Кудайга ыраазычылык билдиргенибиз маанилүү. Кээде анын берип келген жана берип жаткан көптөгөн рухий да, кадимки да белектери жөнүндө ойлоноруңар күмөнсүз (Мыйз. 8:17, 18; Элч. 14:17). Бирок Кудайдын жакшылыктары жөнүндө бир саамга эле токтоп ойлонуп койбостон, анын силерге жана жакшы көргөн жакындарыңарга төгүп жаткан сансыз баталары тууралуу ой жүгүртүүгө атайын убакыт бөлгөнүңөр туура. Жаратканыңардын марттыгы жөнүндө ой жүгүрткөнүңөрдө ага болгон ыраазычылыгыңар артып, анын силерди жакшы көрөрүнө жана жогору баалаарына мурункудан да көбүрөөк ынанасыңар (1 Жкн. 4:9).

Бирок Кудайдын берешендиги жана төгүп жаткан баталары тууралуу ойлонуп коюу эле жетишсиз. Жахабага жакшылыктары үчүн рахмат айткыла (Заб. 100:4, 5). «Ыраазычылык билдирүү ыраазычылык билдирген кишини бактылуураак кылат»,— деп бекеринен айтылбайт.

ЫРААЗЫ БОЛО БИЛҮҮ — ЫНАКТЫКТЫН АЧКЫЧЫ

Ыраазы боло билишибиз керектигинин дагы бир себеби бул достукту чыңдайт. Баарыбыз эле башкалардын бизге ыраазы экенин сезгибиз келет. Кимдир бирөөгө кылган жакшылыгы үчүн чын жүрөктөн рахмат айтканда ортодогу мамиле ого бетер бекемделет (Рим. 16:3, 4). Ыраазы боло билген адамдар башкаларга жардам берүүгө көбүрөөк ынтызар келет. Алар өздөрүнө кылынган жакшылыкты баамдап, андан ары да жакшылык кыла берүүгө түрткү алышат. Ооба, башкалардан жардамын аябагандар — бактылуу адамдар. Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп кандай гана таамай айткан! (Элч. 20:35).

Калифорния университетинде жүргүзүлгөн ыраазы боло билүү сезимин изилдөө боюнча долбоордун жетекчисинин жардамчысы Роберт Эммонс мындай дейт: «Ыраазы боло билиш үчүн бири-бирибизден көз каранды экенибизди түшүнүшүбүз керек. Кээде башкалар бизге берсе, кээде биз аларга беребиз». Ооба, тирүү жүргөнүбүзгө жана бактылуу жашап жатканыбызга башкалардын кошкон салымы чоң. Мисалы, айрымдар бизди тамак-аш менен камсыз кылса, башкалары медициналык жардам көрсөтүшү мүмкүн (1 Кор. 12:21). Жүрөгү ыраазычылыкка толгон киши башкалардын ал үчүн кылган иштерин байкабай койбойт. Силер жөнүндө эмне дешке болот? Силерге жакшылык кылгандарга ыраазычылык билдирүүнү адат кылып алдыңар беле?

ЫРААЗЫ БОЛО БИЛҮҮ ЖАНА ЖАШООГО КАРАТА КӨЗ КАРАШЫБЫЗ

Ыраазы боло билишибиз керектигинин дагы башка себеби бул бизге жаман нерселерге эмес, жакшы нерселерге көңүл топтогонго жардам берет. Мындайча айтканда, мээбиз, чыпка сымал, оңду терстен иргей баштайт. Ошондо жакшы нерселер жөнүндө эле ойлонуп, жаман нерселерди көңүлгө албаганга үйрөнөбүз. Оң маанай сактап, көйгөйлөргө анча көп көңүл бурбай калабыз. Канчалык ыраазы болгон сайын, жакшы нерселерди ошончолук көбүрөөк көрө баштайбыз. Натыйжада ыраазычылыгыбыз арткандан арта берет. Башкаларга рахмат айтуунун жолдорун издей берсек, элчи Пабылдын: «Теңир жолунда дайыма кубангыла»,— деген сөздөрүнө ылайык жашоо кыйынга турбайт (Флп. 4:4).

Ыраазы боло билүү — терс маанайдын уу кесери. Жүрөктө бир эле учурда ыраазылык сезими да, ачуулануу да, кайгыруу да, таарынуу да болушу мүмкүн эмес. Ыраазы боло билген киши дүнүйө-мүлк топтоого умтулбай, топук кылат. Ал колунда болгон нерсесине каниет кылат, дагы көбүрөөк болсо экен дебейт (Флп. 4:12).

БАТАЛАРЫҢАРДЫ САНАГЫЛА

Шайтан азыркы акыркы күндөрдө Машаяктын жолдоочуларынын кыйынчылыктарга моюн сунуп, багынып беришин каалаарын жакшы билебиз. Терс маанай чагылдырып, наалып-напчый берсек, анын чырагына май тамат. Жакшы кабарды мындай маанай менен күйүп-жанып айта албайбыз. Негизи, ыраазы боло билүү Кудайдын рухунун жемишин жандап жүрөт. Алсак, Кудайдын бизге кылган жакшылыктарына кубанабыз жана анын бардык убадаларына ишенебиз. Ошентип, рухтун жемишине кирген кубаныч менен ишенимди чагылдырабыз (Гал. 5:22, 23).

Жахабанын кызматчылары катары бул макаладагы ыраазы боло билүү жөнүндө айтылгандарга кошулат чыгарсыңар. Ошентсе да ыраазы болуу, оң маанай сактоо оңой-олтоң иштерден эмес экенин билесиңер. Бирок көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Силер ыраазылык сезимин өрчүтүп, сактай аласыңар. Кантип? «Жашоомдо эмнелер үчүн ыраазы болсом болот?» — деп ой жүгүрткөнгө күн сайын убакыт бөлгүлө. Эгер ушундай кыла берсеңер, ыраазы боло билүү табиятыңардын ажырагыс бөлүгү болуп калат. Ошондо кыйынчылыктарга эле көңүл топтой берген адамдарга караганда алда канча бактылуу болосуңар. Кудайдын жана башкалардын силерди бекемдеп-кубаттаган жана кубанычка бөлөгөн жакшы иштери жөнүндө ой жүгүрткүлө. Балким, аларды жазып жүргөнгө дептер ачып алаттырсыңар. Ага ар бир күнү жүрөгүңөрдү ыраазычылыкка толтурган нерселерди жазсаңар болот.

Ыраазы боло билүү жөнүндө изилдөө жүргүзгөн адистердин айтымында, «дайыма ыраазычылык билдирүү мээнин функцияларын жашоодогу жакшы нерселерге оңой көңүл топтогудай кылып жөндөп коё алат». Ыраазы боло билген киши — эң бактылуу киши. Андыктан баталарыңарды санагыла, жашооңордогу жакшы нерселерге кубангыла, дайыма ыраазычылык билдиргиле! Бардыгын боло жүргөн нерсе катары көрбөй, «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы». Ооба, «бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле» (1 Жылн. 16:34; 1 Тес. 5:18).