Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйык Китепте кайсы бир маселени чечиш үчүн, бери дегенде, эки күбө болушу керектиги айтылат (Сан. 35:30; Мыйз. 17:6; 19:15; Мт. 18:16; 1 Тим. 5:19). Бирок Мыйзамда, эгер кайсы бир киши жигити менен баш кошууга макулдашып койгон кызды «талаада» зордуктап койсо, кыз жардамга чакырып кыйкырганы үчүн күнөөсүз болору, ал эми киши ойноштук кылганы үчүн күнөөлүү деп айыпталары айтылган. Кыздын зордукталганына күбө болгондор жок болсо, анда эмненин негизинде кыз күнөөсүз деп, ал эми эркек күнөөлүү деп табылчу?

Мыйзам 22:25—27-аяттар эркектин күнөөлүү экенин далилдөө максатында жазылган эмес, анткени анын күнөөлүү экени анык болгон. Бул мыйзамда кыздын айыпсыз экенин тастыктоого басым жасалган. Контекстке көңүл бурсаңар.

Буга чейинки аяттарда кайсы бир эркектин жигити менен убадалашып койгон кызды «шаарда» зордуктап койгону тууралуу сөз жүрөт. Андай жагдайда эркек ойноштук кылды деп айыпталган, себеби кыздын убадалашканы турмушка чыккандагыдай эле каралчу. Ал эми зордукталган кыз жөнүндө эмне айтууга болот? Аятта анын «шаарда жардамга чакырып кыйкырбаганы» айтылат. Эгер кыйкырса, башкалар аны угуп, коргоп калышмак. Бирок ал жардам сурап кыйкырган эмес. Демек, ал да ойноштук кылган. Ошон үчүн экөө тең күнөөлүү деп табылган (Мыйз. 22:23, 24).

Мыйзамда андан ары башка жагдай жөнүндө айтылган. «Эгер кайсы бир эркек талаадан жигити менен убадалашып койгон кызды кармап алып, аны менен жатса, анда ал өлүм жазасына тартылсын. Ал эми кызга тийбегиле, анткени ал өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылган жок. Бул кимдир бирөө башка бирөөнү өлтүрүп койгонго, өмүрдү кыйганга окшогон эле жагдай. Убадалашып койгон ал кызды тиги киши талаадан жолуктургандыктан, кыз кыйкырса да, аны куткара турган эч ким болгон эмес» (Мыйз. 22:25—27).

Андай жагдайда ишти караган соттор кыздын айткандарына ишенишкен. Эмненин негизинде? Соттор «кыз кыйкырса да, аны куткара турган эч ким болгон эмес» деген жыйынтык чыгара алмак. Андыктан ал ойноштук кылды деп эсептелген эмес. Ал эми «жигити менен убадалашып койгон кызды кармап алып, аны менен жаткан» эркек ойноштук кылды жана кызды зордуктады деген айып менен күнөөлүү деп табылчу.

Бул мыйзамда негизинен кыздын жазыксыз экенине басым жасалса да, анда жаман ишке барган кишинин кызды зордуктаганы, ойноштук кылганы ачык эле айыпталат. Андай учурларда соттордун «баарын жакшылап териштирип көргөнүнө» жана Кудайдын кайра-кайра айтылган, ачык-айкын принциптерине ылайык чечим чыгарганына шектенбесек болот (Мыйз. 13:14; 17:4; Чыг. 20:14).