Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабаны канчалык жакшы билесиңер?

Жахабаны канчалык жакшы билесиңер?

«Сенин ысмыңды билгендер сага таянышат, анткени сен, Жахаба, өзүңдү издегендерди таштабайсың» (ЗАБ. 9:10).

56-ЫР: Чындык жолунда бекем бол

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Анхелитонун окуясынан көрүнүп тургандай, ар бирибиз эмне кылышыбыз керек?

АТА-ЭНЕҢ Жахабанын Күбөсүбү? Эгер ошондой болсо, Жахаба менен болгон мамилени алардан мураска албай турганыңды унутпа. Ата-энебиз Кудайга кызмат кылабы же жокпу, Жахаба менен жеке мамилени ар бирибиз өзүбүз түзүшүбүз керек.

2 Анхелито деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ошентсе да өспүрүм кезинде Кудай менен болгон мамилеси абдан ынак болгон эмес. Ал: «Мен Жахабага үй-бүлөм кызмат кылган үчүн эле кызмат кылчумун»,— дейт. Бирок Анхелито Кудайдын Сөзүн окууга, окугандары жөнүндө ой жүгүртүүгө көбүрөөк убакыт бөлүүнү чечкен жана Жахабадан көбүрөөк тилене баштаган. Мунун натыйжасы кандай болгон? Анхелито мындай деп кошумчалайт: «Мен сүйүктүү Жахаба Атамды жеке өзүм таанып-билгенде гана аны менен ынак боло аларымды түшүндүм». Анхелитонун окуясы мындай суроолордун үстүнөн ойлонуп көрүүгө түрткү берет: Жахабаны жөн гана билип коюу менен аны жакшы билүүнүн ортосунда кандай айырмачылык бар? Канткенде Жахабаны жакшы биле алабыз?

3. Жахаба жөнүндө билүү менен аны жакшы билүүнүн ортосунда кандай айырмачылык бар?

3 Эгер Кудайдын ысмын же анын айрым сөздөрүн, айрым иштерин билсек, Жахабаны билебиз деп айта алабыз. Бирок Жахабаны жакшы билүү андан да көптү камтыйт. Жахаба жөнүндө жана анын кереметтүү сапаттары жөнүндө билүүгө убакыт бөлүшүбүз керек. Ошондо гана Жахабанын эмне үчүн мындай же тигиндей деп айтканын же кылганын түшүнө баштайбыз. Бул көз карашыбыздын, чечимдерибиздин жана иш-аракеттерибиздин Жахабага жагар-жакпасын аңдаганга жардам берет. Жахабанын бизге карата эрки кандай экенин билгенден кийин ошого жараша иш-аракет кылышыбыз керек.

4. Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсүн карап чыгуу бизге эмнеси менен пайдалуу?

4 Айрымдар Жахабага кызмат кылгыбыз келгени үчүн бизди шылдыңдашы, атүгүл жыйналышка бара баштагандан тартып бизге көбүрөөк каршылык көрсөтүшү мүмкүн. Бирок Жахабага таянсак, ал бизди эч убакта таштабайт. Ошонун аркасында Жахаба менен түбөлүккө созула турган достуктун пайдубалын түптөй алабыз. Жахабаны чынында эле жакшы биле алабызбы? Ооба. Буга Муса жана Дөөтү падыша сыяктуу жеткилеңсиз адамдардын үлгүсү далил. Алардын кылган иштерин карап жатканда эки суроого жооп алабыз: Алар Жахабаны кантип таанып-билишкен? Алардын үлгүсүнөн эмнени үйрөнө алабыз?

МУСА «КӨРҮНБӨГӨНДҮ» КӨРГӨН

5. Муса эмне кылууну чечкен?

5 Муса Кудайга кызмат кылууну чечкен. 40тарга чыгып калганда ал «фараондун кызынын уулу» деп аталгандын ордуна, Кудайдын эли — ысрайылдыктар — менен бирге болууну тандаган (Евр. 11:24). Муса Жахабага кызмат кылыш үчүн бардык нерсесинен баш тарткан. Мисирде кул болуп жүргөн ысрайылдыктар тарапты ээлеп, эл кудай туткан кубаттуу башкаруучунун — фараондун — каарына калгандан корккон эмес. Кандай гана күчтүү ишеним! Ал Жахабага таянган. Ошонун аркасында ал Жахаба менен өмүр бою ынак мамиледе боло алган (Накыл 3:5).

6. Мусанын үлгүсүнөн эмнени үйрөнө алабыз?

6 Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Мусага окшоп, баарыбыз тең Кудайга кызмат кылып, анын эли менен бирге болобузбу же жокпу, чечишибиз керек. Кудайга кызмат кылыш үчүн жогору баалаган нерселерибизден баш тартууга туура келиши мүмкүн жана Жахабаны билбегендердин каршылыгына дуушар болушубуз ыктымал. Бирок асмандагы Атабызга таянсак, ал бизди сөзсүз колдойт.

7, 8. Муса эмнени таанып-биле берген?

7 Муса Жахабанын сапаттарын жана анын эркин таанып-биле берген. Мисалы, Жахаба Мусага ысрайыл элин Мисир кулчулугунан алып чыгышын айтканда, ал өзүн ишенимсиз сезип, ал ишти аткара албайм деп бир нече жолу айткан. Ошондо Кудай Мусага боорукердик көрсөтүп, ага жардам берген (Чыг. 4:10—16). Натыйжада Муса фараонго Жахабанын сот өкүмүн жарыялай алган. Ошондой эле Жахабанын кубаттуу күчүн колдонуп ысрайылдыктарды куткарганын, ал эми фараонду жана анын аскерин Кызыл деңизде жок кылганын өз көзү менен көргөн (Чыг. 14:26—31; Заб. 136:15).

8 Муса ысрайылдыктарды Мисир жеринен алып чыккандан кийин, эл ар кандай себеп менен наалый берген. Ошого карабай Жахаба азаттыкка чыккан элине зор чыдамдуулук көрсөтө берген. Муну Муса өз көзү менен көргөн (Заб. 78:40—43). Ал Жахабанын анын өтүнүчү менен оюн өзгөртүп, теңдешсиз момундук көрсөткөнүнө да күбө болгон (Чыг. 32:9—14).

9. Еврейлер 11:27де айтылгандарга ылайык, Мусанын Жахаба менен болгон мамилеси канчалык ынак болгон?

9 Эл Мисирден чыккандан кийин Мусанын Жахаба менен болгон мамилеси ого бетер ынак болуп калгандыктан ал асмандагы Атасын көрүп тургандай эле болгон. (Окугула: Еврейлер 11:27.) Алардын мамилеси канчалык жакын болгону тууралуу Ыйык Китепте: «Жахаба Муса менен, адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндөй, бетме-бет сүйлөшчү»,— делет (Чыг. 33:11).

10. Жахабаны жакшы билүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

10 Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Жахабаны жакшы билиш үчүн анын сапаттарын эле билип койбостон, эркин да аткарышыбыз керек. Жахаба бүгүнкү күндө «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тим. 2:3, 4). Жахабанын эркин аткаруунун бир жолу — башкаларга ал жөнүндө айтуу.

11. Башкаларга Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берип жатып кандайча өзүбүз аны жакшыраак таанып-биле беребиз?

11 Көбүнчө башкаларга Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берип жатып өзүбүз аны жакшыраак таанып-биле беребиз. Мисалы, анын бизди түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго жолуктуруш үчүн жетектегенинен боорукер экенин биле алабыз (Жкн. 6:44; Элч. 13:48). Биз менен изилдеп жаткан адам жаман адаттарынан арылып, жаңы табиятты кие баштаганын байкаганда Кудайдын Сөзүнүн күчүн көрө алабыз (Кол. 3:9, 10). Аймагыбыздагы көптөгөн адамдарга өзү жөнүндө билүүгө жана куткарылууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатканынан анын канчалык чыдамдуу экенине ынанабыз (Рим. 10:13—15).

12. Чыгуу 33:13төн көрүнүп тургандай, Муса Жахабадан эмнени сураган жана эмне үчүн?

12 Муса Жахаба менен болгон достугун баалаган. Муса Жахабанын атынан көптөгөн кереметтерди жасап, ал жөнүндө жакшы билсе да, Жахабадан аны андан ары да көбүрөөк таанып-биле бергенге жардам беришин сураган. (Окугула: Чыгуу 33:13.) Ошол учурда Муса 80ден ашып калган болчу, бирок ал асмандагы сүйүктүү Атасы жөнүндө дагы көп нерсе билиши керектигин түшүнгөн.

13. Кудай менен болгон мамилебизди баалай турганыбызды көрсөтүүнүн бир жолу кайсы?

13 Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Жахабага канчалык узак убакыттан бери кызмат кылып келатпайлы, аны менен болгон мамилебизди боло жүргөн нерседей көрбөшүбүз керек. Аны менен болгон мамилебизди баалай турганыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — ага кайрылып тиленүү.

14. Эмне үчүн тиленүү Жахабаны көбүрөөк таанып-билүүнүн маанилүү жолу?

14 Жакшы пикир алышуу — бекем мамиленин пайдубалы. Андыктан Кудайга жакындагыңар келсе, көп тиленгиле, ага ички сезимдериңерди ачык билдиргенден тартынбагыла (Эф. 6:18). Түркияда жашаган Криста мындай деп ой бөлүшөт: «Жахабага болгон сүйүүм жана ишенимим ага жүрөгүмдөгүнүн баарын төккөн сайын жана анын мага жардам берип жатканын көргөн сайын өсөт. Жахабанын тиленүүлөрүмө кантип жооп берип жатканын көргөнүм аны Атамдай, Досумдай көрүүгө жардам берди».

ЖАХАБАНЫН ЖҮРӨГҮНӨ ЖАККАН АДАМ

15. Жахаба Дөөтүнү кантип сыпаттаган?

15 Дөөтү падыша төрөлгөнүнөн тартып Жахаба Кудайга арналган элдин арасында чоңоюп-өскөн. Бирок ал үй-бүлөсү Жахабага сыйынганы үчүн эле ага кызмат кылган эмес. Ал Жахаба менен жеке мамиле өрчүткөн жана Жахаба да аны абдан жакшы көргөн. Жахаба Дөөтүнү «жүрөгүмө жаккан адам» деп сыпаттаган (Элч. 13:22). Дөөтү Жахаба менен кантип ынак болуп калган?

16. Дөөтү табиятка байкоо салуу менен Жахаба тууралуу эмнелерди билген?

16 Дөөтү Жахабаны табият аркылуу таанып-билген. Дөөтү бала чагында атасынын койлорун кайтарып, көп убактысын табияттын койнунда өткөргөн. Сыягы, ал ошол маалда Жахабанын колунан бүткөн нерселер тууралуу ой жүгүртө баштаса керек. Мисалы, түнкүсүн асманга көз чаптырганда тек гана жымыңдаган жылдыздарды көргөн эмес. Ал ошол жылдыздарды жараткандын касиет-сапаттарын да көрө алган. Бул ага: «Асман Кудайдын даңкын жар салат, асман мейкиндиги анын колунан бүткөн иштерди кабарлайт»,— деп жазганга түрткү берген (Заб. 19:1, 2). Ошондой эле адамдын кандай гана кереметтүү жаратылганы тууралуу ой жүгүрткөндө Жахабанын акылмандыгынын тереңдигин баамдаган (Заб. 139:14). Ооба, ал Жахабанын иштери жөнүндө ой жүгүрткөндө анын алдында эч нерсеге арзыбаган пенде экенин түшүнгөн (Заб. 139:6).

17. Жаратылыш тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында эмнелерди биле алабыз?

17 Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Табият менен таттуу мамиледе болгула. Жахаба жараткан ажайып кооз жаратылышка байкоо салганга убакыт бөлгүлө, суктангыла! Күнүмдүк жашоодо айлана-тегерегиңердеги нерселерден, мисалы, өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан жана адамдардан Жахаба жөнүндө эмнени билсе болору тууралуу ой жүгүрткүлө. Ошондо күн сайын сүйүктүү Атаңар жөнүндө көп нерселерди билесиңер (Рим. 1:20). Мунун аркасында ага болгон сүйүүңөр күндөн-күнгө арта берет.

18. 18-забурда айтылгандай, Дөөтү эмнени түшүнгөн?

18 Дөөтү Жахабанын жардам берип жатканын сезген. Алсак, ал атасынын койлорун арстандан жана аюудан коргоп калганда ошол күчтүү жырткычтарды жеңүүгө Жахаба жардам бергенин билген. Алп жоокер Голиатты сулатканда аны Жахаба өзү жетектегенин так-айкын көрө билген (1 Шем. 17:37). Көрө албас Шабул падышадан качып жүргөндө Жахабанын калкалап-коргоп жатканын сезген (Заб. 18, башындагы сөздөр). Текебер киши мунун баарын өз күчүм менен кылдым деп ойломок. Бирок Дөөтү момун болгон, ошондуктан жашоосунда Жахабанын колдоосун көрө алган (Заб. 138:6).

19. Дөөтүдөн кандай үлгү ала алабыз?

19 Мындан эмнени билсек болот? Биз Жахабадан жардам сурап койгондон да көптү кылышыбыз керек. Анын качан жана кантип жардам берип жатканын аңдаганга аракет кылганыбыз маанилүү. Эгер мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин момундук менен моюнга алсак, өзүбүз кыла албаган нерселерди кылганга Жахаба жардам бергенин түшүнөбүз. Жахабанын жардамын сезген сайын, аны менен болгон мамилебиз бекемделе берет. Жахабага көп жылдан бери кызмат кылган Фижиде жашаган Исаак деген бир тууган мунун калетсиз экенине кошулат. Ал мындай дейт: «Артка кылчая карап, Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып азыркыга чейин Жахабанын мага жардам берип келатканын түшүндүм. Ал мени жандап жүргөндөй эле сезилет».

20. Дөөтүнүн Кудай менен болгон мамилесинен эмнелерди биле алабыз?

20 Дөөтү Жахабанын сапаттарын чагылдырган. Жахаба бизди анын сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан (Башт. 1:26). Жахабанын табиятына мүнөздүү сапаттарды канчалык жакшыраак билсек, аны ошончолук жакшыраак туурай алыбыз. Дөөтү асмандагы Атасын жакшы билгендиктен башкалар менен мамилелешүүдө аны туурай алган. Анын жашоосундагы бир мисалга токтололу. Ал Батшеба менен ойноштук кылып, анын күйөөсүн өлтүртүп, Жахабага каршы күнөө кылса да, Жахаба Дөөтүгө ырайым кылууну туура көргөн (2 Шем. 11:1—4, 15). Анткени Дөөтү өзү да, Жахабадай болуп, башкаларга ырайым кылчу. Дөөтү Жахаба менен абдан ынак мамиледе болгондуктан ысрайыл элинин эң сүйүктүү падышаларынын бири болгон жана Жахаба аны башка падышаларга үлгү кылган (1 Пад. 15:11; 2 Пад. 14:1—3).

21. Эфестиктер 4:24кө жана 5:1ге ылайык, «Кудайды туураганыбыздын» натыйжасы кандай болот?

21 Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Биз «Кудайды туурашыбыз» керек. Кудайды туураганыбыз — өзүбүзгө эле пайдалуу болгондон тышкары, аны таанып-билүүгө жардам берет. Эгер биз Жахабанын сапаттарын чагылдырганга аракет кылсак, анын балдары экенибизди далилдейбиз. (Окугула: Эфестиктер 4:24; 5:1.)

ЖАХАБАНЫ МЫНДАН АРЫ ДА ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ УМТУЛА БЕРГИЛЕ

22, 23. Жахаба тууралуу билгендерибизди иш жүзүндө колдонгонубуздун натыйжасы кандай болот?

22 Жогорудан билгенибиздей, Жахаба бизге өзүнүн кандай Кудай экенин табияты жана Сөзү болгон Ыйык Китеби аркылуу ачып берүүдө. Ал өзгөчө китепте биз үлгү ала турган Муса, Дөөтү сыяктуу көптөгөн ишенимдүү кызматчылардын үлгүсү жазылган. Ооба, Жахаба өзү жөнүндө билишибиз үчүн керектүүнүн баарын берген. Табиятка байкоо салып, Сөзүнө кулак төшөп, жүрөгүбүздү ачарыбыз өзүбүздөн көз каранды.

23 Биз Жахабаны түбөлүк таанып-биле беребиз (Нас. 3:11). Ал тууралуу канчалык көп билгенибиз эмес, ошол билгендерибизди канчалык колдонуп жатканыбыз маанилүү. Эгер алган билимибизди иш жүзүндө колдонуп, сүйүктүү Атабызды туураганга аракет кыла берсек, ал бизге жакындай берет (Жкп. 4:8). Өз Сөзү аркылуу ал аны таанып-билүүгө умтулгандарды эч качан таштабай турганына ынандырат.

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

^ 5-абз. Көптөр Кудайдын бар экенине ишенишет, бирок чынында аны жакшы билишпейт. Жахабаны билүү деген эмнени билдирет? Аны менен ынак мамиле түзүү жагынан Мусадан жана Дөөтү падышадан эмнени үйрөнсөк болот? Бул макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.