Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба берген эркиндик

Жахаба берген эркиндик

«Жериңерде жашагандардын бардыгына эркиндик жарыялагыла» (ЛЕБ. 25:10).

22-ЫР Кудайдын Падышалыгы келсин!

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Эркиндикке чыгуу жылы деген эмне? (« Эркиндикке чыгуу жылы деген эмне?» деген кутучаны карагыла.) б) Иса Лука 4:16—18-аяттарда эмне жөнүндө айткан?

КЭЭ БИР өлкөлөрдө падышанын же канышанын башкаруусунун 50 жылдыгы белгиленип, атайы майрам өткөрүлөт. Андай майрамдар бир күнгө, бир жумага же андан көп убакытка созулушу мүмкүн. Бирок ал акыры аягына чыгып, аны менен коштолгон кубаныч, шаан-шөкөт да унутта калат.

2 Байыркы Ысрайылда да ар бир 50 жыл сайын бир жылга дейре созулган өзгөчө майрам белгиленчү. Бул макалада андан сонун чараны — Эркиндикке чыгуу жылын — карап чыгабыз. Байыркы убакта ал жылы аны белгилеген адамдар боштондукка чыгышчу. Бул бизди эмне үчүн кызыктырышы керек? Себеби Эркиндикке чыгуу жылы Жахабанын биз үчүн көргөн эң жакшы чарасын эсибизге салат. Ал чаранын аркасында эркиндикке чыгабыз. Ал эркиндик түбөлүккө созулат. Анын пайдасын биз азыртадан эле көрүп жатабыз. Иса да ушул эркиндик жөнүндө айткан. (Окугула: Лука 4:16—19.)

Ысрайылдыктар Эркиндикке чыгуу жылында аябай кубанышчу, себеби кулчулукта жүргөндөр үй-бүлөсүнө, өз жерине кайтып келчү (3-абзацты карагыла) *

3. Лебилер 25:8—12-аяттарда жазылгандай, Эркиндикке чыгуу жылы ысрайылдыктарга кайсы жактардан пайдалуу болгон?

3 Иса эркиндик жөнүндө сөз кылганда эмнени айткысы келгенин жакшыраак түшүнүш үчүн адегенде Кудайдын байыркы убактагы эли белгилеши керек болгон Эркиндикке чыгуу жылы туурасындагы билдирүүгө токтололу. Жахаба ысрайылдыктарга мындай деген: «Элүүнчү жылды ыйыктап, жериңерде жашагандардын бардыгына эркиндик жарыялагыла. Ал жыл силер үчүн эркиндикке чыгуу жылы болсун, ар ким өзүнүн менчик жерине, туугандарына кайтсын». (Окугула: Лебилер 25:8—12.) Буга чейинки макалада ысрайылдыктарга Ишембини жума сайын белгилөө кайсы жагынан пайдалуу болгонун карап чыкканбыз. Ал эми Эркиндикке чыгуу жылы эмнеси менен пайдалуу болгон? Мисалы, ысрайылдык бир киши көп карызга батып, аны төлөө үчүн жерин сатууга мажбур болду дейли. Эркиндикке чыгуу жылында ал жерин кайтарып ала алмак. Ошентип, ал кишинин «менчик жери» өзүнө кайтарылып берилип, балдарынын мурасы жок болуп кетмек эмес. Же кысталыш учурунда карыздан кутулуш үчүн балдарынын бирин же өзүн кулчулукка сатууга аргасыз болгон бир кишинин жагдайын алалы. Эркиндикке чыгуу жылында ал кул үйүнө, «туугандарына кайтып» келе алмак. Демек, эч бир кул үмүтсүздүккө кептелип, өмүр бою кул болуп калмак эмес. Ооба, Жахаба кандай гана камкор Кудай!

4, 5. Байыркы убакта белгиленген Эркиндикке чыгуу жылы бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?

4 Эркиндикке чыгуу жылынын дагы кандай өзгөчөлүгү болгон? Жахаба: «Араңарда жакырлар болбошу керек, анткени Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерде Жахаба сага батасын берет»,— деген (Мыйз. 15:4). Бул байлар байып, жакырлар ого бетер жакырданып бараткан азыркы замандагы көрүнүштөн кандай гана айырмаланат!

5 Исанын жолдоочулары катары биз Мусанын мыйзамына карманбайбыз. Демек, бизден кулдарды боштондукка чыгаруу, карыздарды кечүү, үлүш жерлерди кайтарып берүү сыяктуу Эркиндикке чыгуу жылында аткарылган иш-аракеттерди кылуу талап кылынбайт (Рим. 7:4; 10:4; Эф. 2:15). Ошентсе да Эркиндикке чыгуу жылы жөнүндө көбүрөөк билүүгө жүйөлүү негиз бар. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Жахабанын ысрайылдыктар үчүн көргөн ал чарасы биздин эркиндикке, боштондукка, чыкканыбызды эске салып турат.

ИСА БОШТОНДУК ЖАРЫЯЛАГАН

6. Адамзат эмнеден эркиндикке чыгууга муктаж?

6 Биз күнөөнүн — ырайымсыз кожоюндун — кулчулугу астындабыз, андыктан кимдир бирөөнүн бизди эркиндикке чыгарышына муктажбыз. Күнөөкөр болгондуктан баарыбыз карыйбыз, ооруйбуз, акыры өлүмгө дуушар болобуз. Мындан эч ким качып кутула албай турганын күзгүгө каранганда же дарыланыш үчүн доктурга барганда түшүнөбүз. Күнөө кетирип алганыбызда да көңүлүбүз чөкпөй койбойт. Элчи Пабыл денесиндеги «күнөөнүн мыйзамына туткун» экенин моюнга алып: «Мен бир байкуш адаммын! Ушундай өлүмгө дуушар болуп жаткан денеден мени ким куткарат?» — деген (Рим. 7:23, 24).

7. Боштондук жөнүндө Ышая эмнени алдын ала айткан?

7 Бактыга жараша, Кудай бизди күнөөдөн арылтуунун, эркин кылуунун жолун ойлонуштуруп койгон. Ал эркиндикке Иса аркылуу гана жете алабыз. Б.з.ч. 8-кылымда Ышая келечекте боло турган улуу эркиндик жөнүндө алдын ала айткан. Ал улуу эркиндиктин маалында ысрайылдыктар белгилеген Эркиндикке чыгуу жылындагыдан да көп нерсе ишке ашмак. Ышая: «Эгедер Теңир Жахаба мага рухун берди, анткени Жахаба мени мүнөзү жумшактарга жакшы кабар айтуу үчүн майлады. Жүрөгү жаралангандарды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого... жиберди»,— деп жазган (Ыш. 61:1). Бул пайгамбарлык кимге карата айтылган?

8. Ышаянын боштондук жөнүндөгү пайгамбарлыгы кимдерге карата айтылган?

8 Боштондук жөнүндөгү бул маанилүү пайгамбарлык Иса жердеги кызматына киришкенде аткарыла баштаган. Ал чоңоюп-өскөн Назареттеги синагогага барып, ошол жерде чогулган жүйүттөргө Ышаянын ушул сөздөрүн окуп берген. Анан бул сөздөрдүн өзүнө тиешелүү экенин айтып: «Жахаба мага рухун берди, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурларга көздөрү ачыларын кабарлоого, эзилгендерди эркиндикке чыгарууга, Жахабанын ырайым кылар жылын жарыялоого жиберди»,— деген (Лк. 4:16—19). Иса бул пайгамбарлыкты кантип аткарган?

БОШТОНДУККА ЧЫГАРЫЛГАНДАРДЫН АЛГАЧКЫЛАРЫ

Иса Назареттеги синагогада боштондук жарыялаган (8, 9-абзацтарды карагыла)

9. Исанын убагында жашаган адамдар эмнеден бошонгусу келген?

9 Ышая алдын ала айткан жана Иса окуп берген пайгамбарлыктагы боштондукка, эркиндикке, айрымдар 1-кылымда ээ боло баштаган. Муну Исанын: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды»,— деген сөздөрүнөн биле алабыз (Лк. 4:21). Исанын бул сөздөрүн угуп турган көптөгөн адамдар саясий өзгөрүүлөр болорун, Рим өкмөтүнүн моюнтуругунан бошонорун күтүшсө керек. Сыягы, алар: «Биз болсо Ысрайылды куткара турган ошол деп үмүттөнүп жүргөн элек»,— деп айткан эки кишиникиндей ойдо болушкан (Лк. 24:13, 21). Бирок биз Иса өз жолдоочуларын укуругун салып турган Рим бийлигине каршы чыгууга үгүттөбөгөнүн жакшы билебиз. Тескерисинче, ал «падышага тиешелүүнү падышага» берүүгө үндөгөн (Мт. 22:21). Анда Иса ошол убакта элди кандай мааниде боштондукка чыгарган?

10. Иса адамдарды эмнеден боштондукка чыгарган?

10 Кудайдын Уулу адамдарды эки нерседен боштондукка, эркиндикке, чыгаруу үчүн келген. Биринчиден, диний жетекчилердин оор жүк сыяктуу басып турган окууларынан боштондукка чыгуунун жолун көрсөткөн. Ал убактагы көптөгөн жүйүттөр салт-санаалардын жана жалган окуулардын кулу болушкан (Мт. 5:31—37; 15:1—11). Рухий жактан көздү ача турган жетекчилердин өздөрүнүн көзү көр болгон. Машаякты жана ал берген рухий жарыкты четке каккандыктан, алар чылк караңгылыкта жана күнөөнүн туткунунда кала беришкен (Жкн. 9:1, 14—16, 35—41). Иса чындыкка окутуп, мыкты үлгү көрсөтүп, мүнөзү жумшак адамдарды рухий мааниде боштондукка чыгарган (Мр. 1:22; 2:23—3:5).

11. Иса бизди дагы эмнеден эркиндикке чыгарган?

11 Иса адамзатты дагы бир нерседен — тукум кууп өткөн күнөөнүн кулчулугунан — эркиндикке чыгарган. Анын куткаруу курмандыгынын негизинде Кудай ошол курмандыкка ишенгендердин жана аны кабыл алгандардын күнөөлөрүн кечирет (Евр. 10:12—18). Иса: «Эгерде силерди Уул эркиндикке чыгарса, анда чындап эркин болосуңар»,— деген (Жкн. 8:36). Ал эркиндиктин ысрайылдыктар Эркиндикке чыгуу жылында ээ болгон эркиндиктен алда канча чоң болгону шексиз. Ал жылы боштондукка чыккан киши кайра эле кул болушу, акыр-аягы өлүп калышы мүмкүн болчу. Ал эми Иса берген эркиндик түбөлүккө созулмак.

12. Иса жарыялаган боштондукка ээ болгондордун алгачкылары кимдер эле?

12 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жахаба элчилерди жана башка ишенимдүү эркек-аялдарды ыйык рух менен майлаган. Алар асмандагы жашоого тирилип, Иса менен чогуу бийлик жүргүзө алышы үчүн, Жахаба аларды уулдары катары асырап алган (Рим. 8:2, 15—17). Алар Иса Назареттеги синагогада жарыялаган боштондукка ээ болгондордун алгачкылары болгон. Ошол эркек-аялдар жалган окуулардын жана жүйүт диний жетекчилеринин Ыйык Жазмага негизделбеген үрп-адаттарынын кулу болбой калышкан. Андан тышкары, Кудайдын көз алдында алар өлүмгө дуушар кылган күнөөдөн боштондукка чыккан адамдардан болушкан. Б.з. 33-жылында Исанын жолдоочулары майланганда башталган каймана Эркиндикке чыгуу жылы Исанын Миң жылдык башкаруусунун соңунда аяктайт. Азыркы убактан баштап Исанын Миң жылдык башкаруусунун аягына чейин кандай жакшы нерселер болот?

БОШТОНДУККА ЧЫККАН МИЛЛИОНДОГОН АДАМДАР

13, 14. Майлангандардан сырткары, Иса жарыялаган эркиндикке дагы кимдер ээ боло алат?

13 Биздин күндөрдөгү ар улуттан чыккан миллиондогон жүрөгү таза адамдар «башка койлорго» кирет (Жкн. 10:16). Кудай аларды Иса менен асманда башкарууга тандаган эмес. Ыйык Китепте айтылгандай, алардын жер бетинде түбөлүк жашоого үмүтү бар. Сен да жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнөсүңбү?

14 Анда азыртадан эле Кудайдын асмандагы Падышалыгын түзгөндөр ээ болгон жакшы нерселерге ээ болуп жатасың. Исанын төгүлгөн канына ишенгендиктен Жахабадан күнөөлөрүңдүн кечирилишин сурай аласың. Натыйжада Кудайга жагарыңды сезип, анын алдында таза абийирге ээсиң (Эф. 1:7; Аян 7:14, 15). Ошондой эле жалган окуулардан боштондукка чыкканыңдын аркасында алып жаткан баталар тууралуу ойлонуп көрсөң. Иса: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жкн. 8:32). Ушундай эркиндикке ээ болгонубуз кандай сонун!

15. Келечекте кандай эркиндикке чыгабыз жана кандай баталарды алабыз?

15 Келечекте мындан да чоң эркиндикке ээ болобуз. Жакында Иса жалган динди жана адилетсиз бийликтин баарын буйдалбастан жок кылат. Кудай ага кызмат кылып жаткан «эбегейсиз көп адамдарды» коргоп, жер бети бейишке айланганда аларга батасын мол төгөт (Аян 7:9, 14). Миллиондогон адамдар тирилип, Адам атанын күнөөсүнүн кесепеттеринен арылып, эркиндикке чыгышат (Элч. 24:15).

16. Жакында адамзатка кандай эркиндик берилет?

16 Миң жылдык башкаруусунун тушунда Иса жана аны менен чогуу бийлик жүргүзө тургандар адамзатка жеткилең ден соолукка ээ болууга жана Кудайдын уулдары болууга жардам беришет. Баары калыбына келе турган, адамзат боштондукка чыга турган ал убак Ысрайылдагы Эркиндикке чыгуу жылындагы убакка окшош болот. Жахабага жер бетинде берилгендик менен кызмат кылгандардын баары жеткилеңдикке жетип, күнөөдөн биротоло арылышат.

Жаңы заманда пайдалуу жана канааттануу тартуулаган эмгектен рахат алабыз (17-абзацты карагыла)

17. Ышая 65:21—23-аяттарда Кудайдын эли кандай баталарды алары айтылган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

17 Жакында жердеги жашоо кандай болору жөнүндөгү пайгамбарлыкты Ышая 65:21—23-аяттардан табууга болот. (Аяттарды окугула.) Ал убакта жашоо кызыксыз болуп, эч ким зерикпейт. Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайдын эли пайдалуу, маңыздуу иш менен алек болот. Миң жылдык башкаруунун соңунда болсо жаратылгандын баары «жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгышат» (Рим. 8:21).

18. Эмне үчүн бизди сонун келечек күтүп турат деп ишенимдүү айта алабыз?

18 Жахаба ысрайылдыктар эмгектениши үчүн да, эс алышы үчүн да чара көргөн. Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун учурунда да ошондой болот. Ал кезде рухий иштер менен алек болууга убактыбыз кенен болот. Бактылуу болушубуз үчүн Кудайга сыйынганыбыз маанилүү, андыктан жаңы заманда Кудайга сыйынуу жашообуздун өзөгүн түзөт. Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун тушунда жашаган ишенимдүү адамдардын баары эмгектен ыракат аларын, рухий иштер менен алек болорун ойлогондо кубанбай койбойбуз.

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

^ 5-абз. Байыркы ысрайыл эли эркиндикке, боштондукка, чыга алышы үчүн, Жахаба атайын чара көргөн. Ал Эркиндикке чыгуу жылын белгилөөнү буйруган. Исанын жолдоочулары катары биз Мусанын мыйзамы боюнча жашабайбыз, анткен менен Эркиндикке чыгуу жылы биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул макаладан байыркы убакта белгиленген Эркиндикке чыгуу жылы жөнүндө көбүрөөк билип, Жахабанын биз үчүн эмнелерди кылганына жана ал чаранын бизге кандай пайдасы бар экенине токтолобуз.

^ 61-абз. СҮРӨТ. Эркиндикке чыгуу жылында кулчулукта жүргөндөр боштондукка чыгып, өз жерине, үй-бүлөлөрүнө кайтып бара алышкан.