Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Шайтан Обо энеге жакшы менен жаманды таанытып билдире турган жемиштен жесе, өлбөй турганын айтканда бүгүнкү күндө кеңири тараган жандын өлбөстүгү жөнүндөгү түшүнүктү айткысы келди беле?

Андай эмес көрүнөт. Ибилис Обого Кудай тыюу салган жемиштен жесе, өзү өлүп, жаны кайсы бир жерде жашай берет деп айткан эмес. Шайтан Обону жылан аркылуу ошол жемиштен жесе, такыр өлбөй турганына ишендирген. Ал ага жер бетинде андан ары жыргап-куунап жашай берерин, Кудайдан көз каранды болбой өмүр сүрөрүн кыйытып айткан (Башт. 2:17; 3:3—5).

Бүгүнкү күндө кеңири тараган жандын өлбөстүгү жөнүндөгү жалган окуу Эйденде пайда болбосо, качан пайда болгон? Биз муну так айта албайбыз. Бир билгенибиз, жалган сыйынуунун баары Нух пайгамбардын күндөрүндөгү Топон сууда жок болгон. Топон суудан чыныгы Кудайга сыйынган Нух менен анын үй-бүлөсү гана аман өткөндүктөн, жалган диний түшүнүктөрдү тараткан эч ким болгон эмес.

Демек, азыр көптөр ишенген жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окуу Топон суудан кийин пайда болгон деп айта алабыз. Кудай Бабылда тилдерди аралаштырып салганда, «бүт жер бетине тарап» кеткен адамдар адамдын өлбөс жаны бар деген жалган түшүнүктү барган жерлеринде жайылта баштаганы шексиз (Башт. 11:8, 9). Бул жалган түшүнүк качан пайда болбосун, артында «жалгандын атасы» Шайтан Ибилистин турганы жана анын бул түшүнүктүн кеңири кулач жайып жатканына абдан сүйүнгөнү талашсыз (Жкн. 8:44).