Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Эмгектенүүнүн жана эс алуунун өз убагы бар

Эмгектенүүнүн жана эс алуунун өз убагы бар

«Ээн жерге барып, бир аз эс алып алгыла» (МАРК 6:31).

143-ЫР: Кудайдын эркин аткаралы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Көптөрдүн эмгекке карата көз карашы кандай?

СИЛЕР жашаган жакта көптөр эмгектенүүгө кандай карашат? Учурда көп өлкөлөрдө адамдар таң аткандан каш карайгыча кара жанын карч уруп иштешет. Жумушка баш-оту менен малынгандардын эс алганга, үй-бүлөсү менен чогуу болгонго же рухий муктаждыктарын канааттандырганга убактысы калбай калат (Нас. 2:23). Ал эми айрымдар болсо иштегиси келбейт жана иштебестин амалын издеп, ар кандай шылтоо айтышат (Накыл 26:13, 14).

2, 3. Жахаба менен Иса эмгектенүү жагынан кандай үлгү көрсөтүшөт?

2 Бул дүйнөдөгү көптөгөн адамдардын эмгекке карата көз карашы тең салмактуу эмес. Анда Жахаба менен Исанын эмгекке кандай караары жөнүндө ойлонуп көрөлү. Жахабанын эмгекчил экени талашсыз. Бул Исанын: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— деген сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат (Жкн. 5:17). Жахабанын бардык иштери, алсак, сансыз периштелерди жана кең ааламды жаратканы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Биз жашаган кооз Жер планетасы да анын чыгармачыл экенинен кабар берип турат. Забурчу: «Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба! Сен баарын акылмандык менен жараткансың. Жер сенин колуңан бүткөн нерселерге толгон»,— деп таамай айткан (Заб. 104:24).

3 Иса Атасынан үлгү алган. Кудай «асманды даярдап жатканда», акылмандык катары сүрөттөлгөн Уулу ага жардам берген. Ал Жахабанын жанында «чебер уста» болгон (Накыл 8:27—31). Кийинчерээк жерде жүргөндө маанилүү ишти аткарган. Ошол иш ал үчүн тамагындай эле болгон жана жерде жүргөндө кылган иштеринин баары аны Жахаба жибергенин далилдеп турган (Жкн. 4:34; 5:36; 14:10).

4. Эс алууга карата Жахаба менен Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

4 Жахаба менен Исанын күжүрмөн эмгектенгени биздин таптакыр эс албашыбыз керектигин билдиреби? Жок. Жахаба эч убакта чарчабайт, андыктан эс алууга муктаж эмес. Бирок Ыйык Китепте асман менен жерди жараткандан кийин Жахабанын «эс ала баштаганы» айтылат (Чыг. 31:17). Бул, кыязы, анын жаратуу иштерин соңуна чыгарып, колунан бүткөн нерселерден ырахат алганга убакыт бөлгөнүн билдирет. Иса жерде жашап жүргөндө тыным албай эмгектенсе да, достору менен эс алууга жана тамактанууга убакыт бөлгөн (Мт. 14:13; Лк. 7:34).

5. Көптөр кандай кыйынчылыкка туш болот?

5 Ыйык Китеп Кудайдын элин рахаттанып эмгектенүүгө үндөйт. Алар жалкоо болбой, эмгекчил болушу керек (Накыл 15:19). Балким, силер үй-бүлөңөрдү багыш үчүн иштейттирсиңер. Андан сырткары, Машаяктын бардык жолдоочуларына жакшы кабар айтуу ишине катышуу жоопкерчилиги артылган. Бирок жетиштүү эс алышыңар да керек. Кээде убактыңарды жумушка, кызматка жана эс алууга тең салмактуулук менен бөлүштүрө албай кыйналган учурларыңар болобу? Канча иштешибиз же канча эс алышыбыз керектигин кантип аныктасак болот?

ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

6. Марк 6:30—34-аяттардан Исанын эмгекке жана эс алууга тең салмактуу караганы кандайча көрүнүп турат?

6 Жумушка карата тең салмактуу көз карашта болуу аябай маанилүү. Сулайман падыша ыйык рухтун жетеги менен: «Бардык нерсенин өз убагы бар»,— деп жазган. Ал отургузуу, куруу, ыйлоо, күлүү, бийлөө жана башка нерселер тууралуу сөз кылган (Нас. 3:1—8). Ооба, жашоодо маанилүү эки нерсе бар: эмгектенүү жана эс алуу. Иса эмгекке да, эс алууга да тең салмактуу караган. Бир жолу элчилер кабар айтуу кызматынан кайтып келишкен. Алардын колу такыр бошобогондуктан «тамак ичкенге да убактысы болгон» эмес. Алар кайтып келгенде, Иса: «Мени менен ээн жерге барып, бир аз эс алып алгыла»,— деген. (Окугула: Марк 6:30—34.) Өзү жана элчилери дайыма эле каалагандай эс ала алышпаса да, Иса баарынын эс алууга муктаж экенин билген.

7. Ишемби тууралуу мыйзамды карап чыгуу бизге кайсы жагынан жардам берет?

7 Кээде баарыбызга эле эс алышыбыз же күн тартибибизди өзгөртүшүбүз керек болот. Бул Кудайдын байыркы убактагы элине берилген жума сайын Ишембини белгилөө жөнүндөгү мыйзамдан айкын көрүнүп турат. Биз Мусанын мыйзамы боюнча жашабасак да, Ишемби күн жөнүндө айтылгандарды карап чыгуу пайдалуу болот. Бул биздин эмгекке жана эс алууга карата көз карашыбызды текшерүүгө жардам берет.

ИШЕМБИ — ЭС АЛУУГА ЖАНА СЫЙЫНУУГА АРНАЛГАН УБАКЫТ

8. Чыгуу 31:12—15-аяттарга ылайык, Ишемби эмнеге арналган күн болгон?

8 Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, Кудай алты «күн» * бою жараткандан кийин жердеги жаратуу иштерин соңуна чыгарган (Башт. 2:2). Бирок Жахаба эмгектенгенди жакшы көрөт жана азыркыга чейин башка жолдор менен «эмгектенип келатат» (Жкн. 5:17). Ал алты «күн» эмгектенип, жетинчи «күнү» эс алган жана ысрайылдыктарга да ар бир жетинчи күнү эс алууну буйруган. Жахаба Ишемби күн аны менен ысрайылдыктардын ортосундагы белги болорун айткан. Ал күн «толугу менен эс ала турган... Жахаба үчүн ыйык» күн болгон. (Окугула: Чыгуу 31:12—15.) Ишембиде баарына, анын ичинде балдарга жана кулдарга иштөөгө, атүгүл үй жаныбарларын жумушка салууга тыюу салынган (Чыг. 20:10). Бул элге рухий иштерге көбүрөөк көңүл топтогонго мүмкүнчүлүк берген.

9. Исанын күндөрүндө айрымдар Ишембиге карата кандай туура эмес көз карашка карманышкан?

9 Ишемби күн Кудайдын эли үчүн жакшы чара болгон, бирок Исанын күндөрүндөгү диний жетекчилер бул мыйзамга чектен чыккан, катаал эрежелерди кошуп салышкан. Алар Ишемби күнү буудайдын башын үзүү же оорукчан кишини айыктыруу мыйзамды бузгандыкка жатат деп эсептешкен (Мр. 2:23—27; 3:2—5). Бирок мындай көз караш Кудайдын ой жүгүртүүсүнө шайкеш келген эмес жана Иса муну анын сөздөрүнө кулак каккандарга айкын көрсөткөн.

Исанын үй-бүлөсү Ишембиде рухий иштерге көңүл топтогон (10-абзацты карагыла) *

10. Матай 12:9—12-аяттардан Исанын Ишембиге карата көз карашы тууралуу эмнени биле алабыз?

10 Иса жана анын жүйүт жолдоочулары Мусанын мыйзамы боюнча жашагандыктан Ишембини сакташкан *. Бирок Иса Ишембини сактоо акылга сыярлык болушу керектигин жана ал күнү башкаларга жакшылык кылып, жардам берсе болорун сөзү менен да, иши менен да көрсөткөн. Ал: «Ишемби күнү жакшылык кылууга болот»,— деп ачык эле айткан. (Окугула: Матай 12:9—12.) Ишембиде жакшылык кылууну, жардам берүүнү мыйзамды бузгандыкка жатат деп эсептеген эмес. Анын кылган иштери Ишембинин негизги максатын баса белгилеп турган. Анткени Кудайдын эли Ишембиде күнүмдүк түйшүктөн эс алып, рухий иштерге көңүл топтошу керек болгон. Иса өзү да Ишембини Кудайга сыйына турган күн катары көргөн үй-бүлөдө чоңойгон. Муну кайдан билебиз? Чоңоюп-өскөн шаары Назаретке келгенде анын эмне кылганы тууралуу: «Ишемби күнү адатынча синагогага кирди. Анан Ыйык Жазмадан окуп берүү үчүн ордунан турду»,— деп жазылган (Лк. 4:15—19).

ЭМГЕККЕ КАРАТА КӨЗ КАРАШЫҢ КАНДАЙ?

11. Эмгектенүү жагынан Исага ким жакшы үлгү көрсөткөн?

11 Жусуп асырап алган уулу Исага жыгач устачылык өнөрдү өздөштүргөнгө жардам берип жатканда Кудайдын эмгекке карата көз карашын да үйрөткөнү шексиз (Мт. 13:55, 56). Иса Жусуптун чоң үй-бүлөнү багыш үчүн күн сайын кара жанын карч уруп иштегенин көрсө керек. Кызыктуусу, кийинчерээк ал шакирттерине: «Эмгектенген адам акысын алууга татыктуу»,— деп айткан (Лк. 10:7). Ооба, Иса өзү да оор эмгек деген эмне экенин жакшы билген.

12. Күжүрмөн эмгектенүү жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин кайсы аяттардан билүүгө болот?

12 Элчи Пабыл жөнүндө да ушуну айтууга болот. Исанын ысмы жана анын окуулары жөнүндө башкаларга айтуу анын эң негизги иши болгон. Ошентсе да ал жанын багыш үчүн иштеген. Тесалоникалыктар Пабылдын эч кимди «чыгым кылбаш үчүн күнү-түнү эмгектенип», «кара жаны[н] карч уруп иштегенин» жакшы билишкен (2 Тес. 3:8; Элч. 20:34, 35). Пабыл аларга чатыр тигип иштеген жумушу жөнүндө жазса керек. Корунтта жүргөндө ал «жасаган иши бирдей болгондуктан» Акила жана Прискила менен «чогуу жашап, чогуу иштеп» жүргөн. Пабылдын «күнү-түнү эмгектенгени» баш көтөрбөй иштегенин билдирген эмес. Ал Ишемби күндөрү иштечү эмес. Ошол күндөрү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Ишембиде иштебеген жүйүттөргө кабар айта турган (Элч. 13:14—16, 42—44; 16:13; 18:1—4).

13. Пабылдын үлгүсүнөн эмнени үйрөнө алабыз?

13 Элчи Пабыл бизге жакшы үлгү калтырган. Ага иштегенге туура келсе да, «Кудайдын жакшы кабарын жарыялап», «бул ыйык ишке» үзгүлтүксүз катышкан (Рим. 15:16; 2 Кор. 11:23). Ал башкаларды да ушуга үндөгөн. Акила менен Прискила Пабылдын «Машаяк Исанын жолундагы кызматташтары» болгон (Рим. 12:11; 16:3). Пабыл корунттуктарды «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенүүгө» үндөгөн (1 Кор. 15:58; 2 Кор. 9:8). Жахаба ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабылды: «Ким иштегиси келбесе, ал жебесин»,— деген сөздөрдү жаздырууга да шыктандырган (2 Тес. 3:10).

14. Исанын Жакан 14:12деги сөздөрү эмнени билдирген?

14 Кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши — азыркы акыркы күндөрдө эң эле маанилүү иш. Иса шакирттеринин аныкынан да чоң иштерди жасай турганын алдын ала айткан. (Окугула: Жакан 14:12.) Бирок ал, ага окшоп, керемет жасай турганыбыз жөнүндө сөз кылган эмес. Исанын сөздөрү жолдоочуларынын ага салыштырмалуу көбүрөөк жерлерде кабар айтарын, көбүрөөк адамдарды окутарын, бул ишке узагыраак убакыт катышарын билдирген.

15. Өзүбүзгө кандай суроолорду беришибиз керек жана эмне үчүн?

15 Эгер кайсы бир жерде иштесеңер, өзүңөргө мындай суроолорду берип көргүлө: «Мени жумушумдагылар эмгекчил киши катары билишеби? Жумушумду өз убагында бүтүрүп, жан-дилимден иштеймби?» Эгерде «ооба» деп жооп берсеңер, анда жумуш берүүчүңөрдүн ишеничине ээ боло аласыңар. Ошондой эле бул кесиптештериңердин Падышалык жөнүндөгү кабарга кулак кагышына өбөлгө түзүшү мүмкүн. Ал эми кабар айтуу жана окутуу ишине карата өзүңөргө мындай суроолорду берип көрсөңөр болот: «Мен кабар айтуу ишинде ынталуу кызматчы катары таанымалмынбы? Биринчи жолугууга жакшы даярданамбы? Кызыгып калган кишилерге көпкө создуктурбай дароо барамбы? Кызматтын ар кандай түрүнө үзгүлтүксүз катышып турамбы?» Эгерде «ооба» деп жооп берсеңер, анда кызматыңардан зор канааттануу аларыңар бышык.

ЭС АЛУУГА КАРАТА КӨЗ КАРАШЫҢ КАНДАЙ?

16. Иса менен элчилеринин эс алууга карата көз карашы бүгүнкү күндөгү көптөгөн адамдардын көз карашынан эмнеси менен айырмаланат?

16 Иса өзүнүн да, элчилеринин да кээде эс алышы керектигин билген. Бирок ошол учурда жашаган жана азыркы учурдагы көптөгөн адамдар Исанын мисалындагы бай кишиге окшош. Ал киши: «Эс ал, ичип-же, көңүл ач»,— деп өзүн-өзү жооткоткон (Лк. 12:19; 2 Тим. 3:4). Ал үчүн эс алуу, көңүл ачуу жашоодогу эң маанилүү нерселерден болгон. Ал эми Иса менен анын элчилеринин жашоосунда рахаттанып көңүл ачуу биринчи орунда турган эмес.

Эмгектенүүгө жана эс алууга тең салмактуу көз карашта болуу жан сергиткен жакшы иштерге көңүл топтоого жардам берет (17-абзацты карагыла) *

17. Жумуштан сырткаркы бош убактыбызды кантип колдонобуз?

17 Бүгүнкү күндө биз жумуштан сырткаркы бош убактыбызды эс алууга эле эмес, жакшы иштерди кылууга да, мисалы, кабар айтууга жана жыйналыш жолугушууларына катышууга жумшап, Исаны туураганга аракет кылабыз. Шакирт даярдоо ишин жана жыйналыш жолугушууларына катышууну абдан маанилүү деп эсептегендиктен, мындай ыйык иштерге үзгүлтүксүз катышканга бүт күчүбүздү жумшайбыз (Евр. 10:24, 25). Өргүү маалында да, каерде жүрбөйлү, рухий күн тартибибизге бекем карманып, жолугушууларга барабыз жана жолуккан адамдарга кабар айтканга мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз (2 Тим. 4:2).

18. Падышабыз Машаяк Иса биздин эмне кылышыбызды каалайт?

18 Падышабыз Машаяк Исага колубуздан келбегенди талап кылбаганы үчүн жана эмгекке, эс алууга карата тең салмактуу көз карашта болууга жардам бергени үчүн кандай гана ыраазыбыз! (Евр. 4:15). Ал биздин жетиштүү эс алышыбызды каалайт. Ошондой эле жаныбызды багыш үчүн күжүрмөн эмгектенишибизди, жан сергиткен шакирт даярдоо ишине катышышыбызды каалайт. Кийинки макалада Исанын бизди кулчулуктун катаал түрүнөн эркиндикке чыгаруудагы ролу талкууланат.

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

^ 5-абз. Ыйык Жазма бизди эмгектенүүгө жана эс алууга карата тең салмактуу көз карашта болгонго үйрөтөт. Бул макала эмгектенүүгө жана эс алууга болгон көз карашыбызды ысрайылдыктарга берилген жума сайын Ишембини сактоо жөнүндөгү мыйзамдын негизинде текшергенге жардам берет.

^ 8-абз. Бул алты күн кадимки алты күн эмес экени жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн jw.org сайтындагы «Жахабанын Күбөлөрү Кудай жерди алты күндүн ичинде жараткан дегенге ишенеби?» деген макаланы карагыла. (Жолу: БИЗ ЖӨНҮНДӨ>КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР.)

^ 10-абз. Шакирттер Ишемби жөнүндөгү мыйзамды терең урматтагандыктан Исанын сөөгүнө сүртө турган жыпар жыттуу чөптөр менен майларды даярдоо ишин ал күн өтүп кеткенге чейин кылышкан эмес (Лк. 23:55, 56).

^ 56-абз. СҮРӨТ. Жусуп үй-бүлөсүн Ишембиде синагогага алып баратат.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Үй-бүлөсүнө кам көрүш үчүн иштеген ата жумуштан сырткаркы бош убактысын, атүгүл үй-бүлөсү менен өргүүдө жүргөндө да теократиялык иштерге жумшоодо.