Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» 2019-жылы чыккан сандарына негизделген бул суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Кудайдын: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деген убадасы эмнени билдирет? (Ыш. 54:17)

Кудайдын бизди «зулумдардын деми» сыяктуу бүлгүнгө учураткан күчтөрдөн коргой турганына толук ишенсек болот (Ыш. 25:4, 5). Душмандарыбыз эч качан бизди орду толгус зыянга учурата албайт (w19.01, 6, 7-б.).

Кудайдын канаандыктарга жана тоң моюн ысрайылдыктарга кылган мамилесинен адилеттүүлүгү кандайча көрүнүп турган?

Кудай жийиркеничтүү адеп-ахлаксыз иштерди кылгандарга, аялдар менен балдарды кысымга алгандарга сот өкүмүн жарыялаган. Ал ага баш ийген, башкаларга адилеттүүлүк менен мамиле кылган элге батасын берген (w19.02, 22, 23-б.).

Жахабага ишенбеген киши тиленип жатканда эмне кылышыбыз керек?

Башкалардын көз карашын сыйлап, унчукпай турсак болот. Бирок «оомийн» дебейбиз, башкалар менен чогуу алакан жайбайбыз. Ичибизден өзүбүзчө тиленсек болот (w19.03, 31-б.).

Балага зомбулук көрсөтүү канчалык олуттуу күнөө?

Балага зомбулук көрсөтүү — жапа чеккен балага, жыйналышка, бийликтегилерге жана Кудайга каршы жасалган күнөө. Балага зомбулук көрсөтүлгөнүн бийликтегилерге билдирүү мыйзамда талап кылынса, аксакалдар мыйзамга баш ийишет (w19.05, 9, 10-б.).

Канткенде акылыбызды өзгөртө алабыз же жаңыланта алабыз?

Негизги кадамдар: Жахабадан тиленүү, өзүбүздү текшерүү максатында ой жүгүртүү, чөйрөнү акылдуулук менен тандоо (w19.06, 11-б.).

Куугунтукка даярданыш үчүн азыртадан эмнелерди кылсак болот?

Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдайбыз. Анын бизди сүйөрүнө, таштабай турганына ишенебиз. Ыйык Китепти күнүгө окуп, үзгүлтүксүз тиленебиз. Падышалык жөнүндөгү убадалардын аткарыларына ишенебиз. Жакшы көргөн аяттарыбызды, Жахабаны даңктоо ырларын жаттайбыз (w19.07, 2—4-б.).

Туугандарыбызга куткарылууга жардам бериш үчүн эмне кылсак болот?

Алардын сезимдерин эске алышыбыз, жакшы жүрүм-турумубуз менен күбөлөндүрүү беришибиз, чыдамдуу, сылык болушубуз маанилүү (w19.08, 15—17-б.).

Иса тапшырган ишти аткаруу бизди эмне үчүн сергитет? (Мт. 11:28)

Камкор көзөмөлчүлөрүбүз, жакшы досторубуз бар, эң сонун иш менен алекпиз (w19.09, 9-б.).

Кудай бизге иш-аракет кылууга кандайча каалоо да, күч да берет? (Флп. 2:13)

Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртсөк, Кудай бизди күчкө толтуруп, анын эркин аткарууга каалоо да, күч да берет. Анын руху жөндөмдүүлүктөрүбүздү арттырат (w19.10, 21-б.).

Олуттуу чечим чыгарганга чейин акылдуулук менен кандай кадамдарды жасоо керек?

Төмөнкү 5 кадамды жасоо керек: изилдөө жүргүзгүлө, акылмандык сурап тиленгиле, ниетиңерди текшергиле, айкын максаттарды койгула, өзүңөрдөн көптү талап кылбагыла (w19.11, 27—29-б.).

Шайтан Обого жандын өлбөстүгү жөнүндө айтты беле?

Андай эмес көрүнөт. Шайтан Обого өзү өлсө да, жаны өлбөй, жашай берет деп айткан эмес. Жалган диний түшүнүктөрдүн баары Топон сууда жок болгон. Жандын өлбөстүгүнө ишенүү Кудай Бабыл мунарасын кургандарды чачыратып жибергенге чейин пайда болгон көрүнөт (w19.12, 15-б.).